Жаңыртуулар тизмеси

Мурунку версия

3.2.9
«Сайттагы иш-аракетиңиздин натыйжасында алынган маалымат (атап айтканда, топко кошулуу же андан чыгуу, достор тизмесине колдонуучуларды кошуу, сүрөттөрдү жайгаштыруу, жыйналыштарга катышуу же аларга катышуудан баш тартуу, чалуулар таржымалы, видео кошуу, эскертүүлөргө класстарды коюу). Сиздин маалыматыңыз, анын ичинде «Башкы баракча» бөлүмүндөгү маалыматыңыз жөндөөлөргө ылайык, сиздин бардык досторуңузга жана башка колдонуучуларга жеткиликтүү болушу мүмкүн».

4.2.
«Биз «МГЛ МАЙ.КОМ (КИПР) ЛИМИТЕД» компаниясына (MGL MY.COM (CYPRUS) LIMITED), «ВКонтакте» ЖЧКга жана башка биздин аффилирлеген жактарга сиздин маалыматтарыңызга жетүү мүмкүндүгүн бере алабыз. Кээде биздин Сервистерди берүү же Сайтты башкаруу үчүн, мисалы, эгер сиз социалдык тармактарда өз маалыматтарыңызды бөлүшүүнү чечсеңиз, сиздин маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга берүү керек болушу мүмкүн».

Учурдагы версия

3.2.9.
«Сайттагы иш-аракетиңиздин натыйжасында алынган маалымат (атап айтканда, топко кошулуу же андан чыгуу, достор тизмесине колдонуучуларды кошуу, сүрөттөрдү жайгаштыруу, жыйналыштарга катышуу же аларга катышуудан баш тартуу, чалуулар таржымалы, видео кошуу, белгилерге класстарды коюу; кайыр-садага берүү/алуу). Сиздин маалыматыңыз, анын ичинде «Башкы баракча» бөлүмүндөгү маалыматыңыз жөндөөлөргө ылайык, сиздин бардык досторуңузга жана башка колдонуучуларга жеткиликтүү болушу мүмкүн».

3.9.
«Сайттын фукционалдуулугун камсыздоо үчүн, маалым маалы менен сизге калыбына келтирүү коддорун жана түзүлүштөр үчүн башка ушуга окшош билдирүүлөрдү жөнөтүшүбүз керек. Бул максат үчүн биз сиздин телефон номериңизге SMS-билдирүүлөрдү жана Сайттын тиркемелери аркылуу, ошондой эле биздин башка тиркемелер жана өнөктөштөрүбүздүн тиркемелери аркылуу push-билдирүүлөрдү жөнөтөбүз. Биз кабардар кылуу боюнча жеке методдорубузду жана башка тиркемелерди колдонобуз же Өнөктөштөр дайындарыңызды алышпайт».

4.2.
«Биз «МГЛ МАЙ.КОМ (КИПР) ЛИМИТЕД» компаниясына (MGL MY.COM (CYPRUS) LIMITED), «ВКонтакте» ЖЧКга жана башка биздин аффилирлеген жактарга сиздин маалыматтарыңызга жетүү мүмкүндүгүн бере алабыз. Кээде биздин Сервистерди берүү же аларды башкаруу үчүн, мисалы, эгер сиз башка социалдык тармактарда өз маалыматтарыңызды бөлүшүүнү чечсеңиз, мындай контрагенттер алынган маалыматтын купуялыгын сактоого милдеттенген шартта, сиздин маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга (ошондой эле кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөргө) берүү керек болушу мүмкүн».

Мурунку версия

1.1.
«Биз – «Мейл.Ру» ЖЧК (Mail.Ru LLC), төмөндөгү дарек боюнча катталган компания: 125167, Россия Федерациясы, Москва ш., Ленинград пр-ти, 39-үй, 79-курулма. Ушул саясаттын максаттары үчүн төмөндөгү дарек боюнча катталган, «МГЛ МАЙ.КОМ (КИПР) ЛИМИТЕД» (MGL MY.COM (CYPRUS) LIMITED) компаниясы тарабынан көрсөтүлөбүз: 28 Oktovriou, 365 VASHIOTIS SEAFRONT, office 402 Neapoli, 3107, Limassol, Cyprus (Лимасол, Кипр)».

3.2.2.
«Сайтта катталууда сиз көрсөткөн маалыматтар, анын ичинде атыңыз, фамилияңыз, туулган күнүңүз, жынысыңыз жана мобилдик телефон номериңиз.
Биз бул маалыматты Сайтты башкаруу үчүн, анын ичинде сизге кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонобуз. Бул маалыматтар бизге Сайттын сервистерине карата сиздин алдыңыздагы милдеттенмелерибизди аткара алышыбыз үчүн керек (мисалы, сиз мобилдик телефон номерине байланыштырылбаган, эсепке алуу жазууңузду калыбына келтирүүгө суроо-талапты жөнөткөн учурда). Кеңири маалымат алуу үчүн ушул Купуялык саясатынын 9.3-бөлүмүн караңыз. Мындан тышкары, сизге контентти жана топторду сунуштоо үчүн бул маалыматты, ошондой эле биздин компаниянын жана биз тандаган, сизди кызыктырышы мүмкүн болгон, четтик уюмдардын-өнөктөштөрдүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматты жана жаңылыктарды колдонобуз. Сунуштарды түзүү жана Сайтта ылайыктуу жарыялоолорду тандоо жана жакшыртуу үчүн, бул маалыматты колдонобуз».

3.2.4.
«Сайттагы өз баракчаңызды түзөтүүдө сиз көрсөткөн кошумча маалыматтар, анын ичинде үй-бүлөлүк абал, туулган шаар, жашаган шаар, туугандар, иштеген жери жана билим жана аскердик кызмат өтөө тууралуу маалымат. Тескөөлөрдү редакциялоодо сиз көрсөткөн кошумча маалыматтар (мисалы, электрондук почта дареги)».

3.2.5.
«Биздин веб-баракчаларыбызды туруктуу жакшыртуу, колдонуучу катары сиз менен өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу, Сайтты колдонууда жаралышы мүмкүн болгон каталарды түшүнүү, сизге Сайттын өзгөртүүлөрү жөнүндө билдирүү жана аны колдонууну жекелештирүү үчүн, ички талдоо максатында сиздин маалыматтарыңызды колдонобуз. Сайттагы активдүүлүк жөнүндө маалымат сиздин баракчаңыздагы «Тескөөлөр/Кирүү тарыхы» бөлүмүндө жеткиликтүү. Мындан тышкары, сизге контентти жана топторду сунуштоо үчүн бул маалыматты, ошондой эле биздин компаниянын жана биз тандаган, сизди кызыктырышы мүмкүн болгон, четтик уюмдардын-өнөктөштөрдүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматты жана жаңылыктарды колдонобуз. Сайтта ылайыктуу жарыялоолорду тандоо жана жакшыртуу, бул жарыялоолордун натыйжалуулугун талдоо үчүн ушул маалыматты колдонобуз».

4.6.
«Биз, «Мейл.Ру» ЖЧК (Mail.Ru) компаниясы, ошондой эле «Мейл.Ру Груп» (Mail.ru Group) тобуна кирген башка компаниялар, биз тандаган четтик уюмдар-өнөктөштөр өзүнүн жарнама серверлерин колдонуп, биздин уруксатыбыз менен сизге жарнама көрсөтүшү мүмкүн. Сookie файлдары жөнүндө маалымат бар банерди чагылдыруу жана cookie файлдарын колдонуу максатында, анын ичинде колдонуучуларга жарыялоолорду көрсөтүү үчүн, биз колдонуудагы мыйзамдарга жана 2019-04-02.2c версиясындагы IAB айкыдуулук жана макулдук Европа алкактык саясатына ылайык, Jaohawi AB (Håltegelvägen 1b, 72348 Västerås, Sweden [Вестерос, Швеция]) компаниясы менен кызматташабыз».

7.2.
«Сиз жеке баракчаңыздан аларды алып салуу аркылуу жеке маалыматтарыңызды өчүрө аласыз. Мындан тышкары, сиз «Колдонуучу макулдашуусу» бөлүмүндө «Профилди өчүрүү» функциясынын жардамы менен өз баракчаңызды өчүрө аласыз. Сиз өз баракчаңызды аны өчүргөндөн кийин 90 күн ичинде калыбына келтирүүгө укуктуусуз».

Учурдагы версия

1.1.
«Биз, «ВК» ЖЧК, – төмөндөгү дарек боюнча катталган компания: 125167, Россия Федерациясы, Москва ш., Ленинград пр-ти, 39-үй, 79-курулма. Ушул саясаттын максаттары үчүн төмөндөгү дарек боюнча катталган, «МГЛ МАЙ.КОМ (КИПР) ЛИМИТЕД» (MGL MY.COM (CYPRUS) LIMITED) компаниясы тарабынан көрсөтүлөбүз: 28 Oktovriou, 365 VASHIOTIS SEAFRONT, office 402 Neapoli, 3107, Limassol, Cyprus (Лимасол, Кипр)».

1.3.
«Сервисте катталууда же VK ID жардамы менен системага кирүүнү аткарууда, Колдонуучу төмөндөгү дарек боюнча жеткиликтүү болгон VK экосистемасынын купуялык саясатынын шарттарын кабыл алат https://id.vk.com/privacy».

3.2.2.
«Сайтта катталууда сиз көрсөткөн маалыматтар, анын ичинде атыңыз, фамилияңыз, туулган күнүңүз, жынысыңыз жана мобилдик телефон номериңиз (анын ичинде VK ID каттоо эсебиниздин жардамы менен).
Биз бул маалыматты Сайтты башкаруу үчүн, анын ичинде сизге кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонобуз. Бул маалыматтар бизге Сайттын сервистерине карата сиздин алдыңыздагы милдеттенмелерибизди аткара алышыбыз үчүн керек (мисалы, сиз мобилдик телефон номерине байланыштырылбаган, эсепке алуу жазууңузду калыбына келтирүүгө суроо-талапты жөнөткөн учурда). Кеңири маалымат алуу үчүн ушул Купуялык саясатынын 9.3-бөлүмүн караңыз. Мындан тышкары, сизге контентти жана топторду сунуштоо үчүн бул маалыматты, ошондой эле биздин компаниянын жана биз тандаган, сизди кызыктырышы мүмкүн болгон, четтик уюмдардын-өнөктөштөрдүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматты жана жаңылыктарды колдонобуз. Сунуштарды түзүү жана Сайтта ылайыктуу жарыялоолорду тандоо жана жакшыртуу үчүн, бул маалыматты колдонобуз. Биз ошондой эле телефон китепчесинде сиздин номериңиз бар болгон башка колдонуучуларга мобилдик телефон номериңизди сунуштоо үчүн колдоно алабыз (сиз бул опцияны баракчаңыздагы «Жөндөөлөр» бөлүмүнөн өзгөртө аласыз)».

3.2.4.
«Сайттагы өз баракчаңызды түзөтүүдө сиз көрсөткөн кошумча маалыматтар, анын ичинде үй-бүлөлүк абал, туулган шаар, жашаган шаар, туугандар, иштеген жери жана билим жана аскердик кызмат өтөө тууралуу маалымат. Жөндөөлөрдү түзөтүүдө сиз көрсөткөн кошумча маалыматтар (мисалы, электрондук почта дареги же профилге шилтемедеги кыскартылган аталыш)».

3.2.5.
«Биздин веб-баракчаларыбызды туруктуу жакшыртуу, колдонуучу катары сиз менен өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу, Сайтты колдонууда жаралышы мүмкүн болгон каталарды түшүнүү, сизге Сайттын өзгөртүүлөрү жөнүндө билдирүү жана аны колдонууну жекелештирүү үчүн, ички талдоо максатында сиздин маалыматтарыңызды колдонобуз. Сайттагы активдүүлүк жөнүндө маалымат сиздин баракчаңыздагы «Тескөөлөр/Кирүү тарыхы» бөлүмүндө жеткиликтүү. Мындан тышкары, сизге контентти жана топторду сунуштоо үчүн бул маалыматты, ошондой эле биздин компаниянын жана биз тандаган, сизди кызыктырышы мүмкүн болгон, четтик уюмдардын-өнөктөштөрдүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматты жана жаңылыктарды колдонобуз. Сайтта ылайыктуу жарыялоолорду тандоо жана жакшыртуу жана бул жарыялоолордун натыйжалуулугун талдоо үчүн ушул маалыматты колдонобуз. Эгер сиз телефон китепчеңиздеги байланыштарга кирүү мүмкүндүгүн берсеңиз, биз бул маалыматты сизге башка колдонуучуларды сунуштап жана жеке максаттарыңызга карай Сайтта телефон китепчесин түзүүңүзгө уруксат бере алабыз».

4.6.
«Биз, «ВК» ЖЧК компаниясы же биз тандаган четтик уюмдар-өнөктөштөр өзүнүн жарнама серверлерин колдонуп, биздин уруксатыбыз менен сизге жарнама көрсөтүшү мүмкүн. Сookie файлдары жөнүндө маалымат бар банерди чагылдыруу жана cookie файлдарын колдонуу максатында, анын ичинде колдонуучуларга жарыялоолорду көрсөтүү үчүн, биз колдонуудагы мыйзамдарга жана 2019-04-02.2c версиясындагы IAB айкыдуулук жана макулдук Европа алкактык саясатына ылайык, Jaohawi AB (Håltegelvägen 1b, 72348 Västerås, Sweden [Вестерос, Швеция]) компаниясы менен кызматташабыз».

4.8.
«Эгер сиз VK ID колдонсоңуз, сиз бул куралдын жардамы менен VK экосистемаларынын Сервистерине жана башка сервистерге кирүү мүмкүндүгүн алганда, биз сиздин маалыматыңызды четтик уюмдарга жөнөтө алабыз. Мындан тышкары, биз VK экосистемасынын колдонуучусу катары сиз менен түзүлгөн контрактты аткаруу максатында, VK экосистемасынын жеке эсепке алуу жазууларыңызда көрсөтүлгөн өлчөмдө ушул сервистерден сиздин маалыматтарыңызды ала алабыз.
Сизге кирүү мүмкүндүгүн, VK экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын берүү үчүн, мисалы, эгер сиз VK ID жардамы менен Сервистин системасына кирген учурда, VK экосистемасынын Сервистерине, VK экосистемасынын куралдарын колдонгон тышкы Сервистерге маалыматты беребиз. Мындай сервисти/куралды же алардын функцияларын колдонуп баштоо менен, сиз Сервистин/куралдын иштөөсү үчүн керектүү деңгээлде маалыматты мындай берүүгө макул болосуз. Ошондой эле сиз кандайдыр бир эскертүүлөрсүз же артыкчылыктарсыз, толук ченемде VK экосистемасынын мындай Сервисинин жана/же Куралынын колдонуучусунун Документтерин кабыл аласыз. Эгер сиз Сервистин/куралдын колдонуучусунун Документтеринин жоболору менен макул болбосоңуз, сиздин мындай Сервисти/куралды колдонууга укугуңуз жок. VK Экосистемасынын Сервистер тизмеги https://vk.com/vk_ecosystem_services шилтемеси боюнча жеткиликтүү. VK Экосистемасынын Куралдар тизмеги https://vk.com/vk_ecosystem_tools шилтемеси боюнча жеткиликтүү».

7.2.
«Сиз жеке баракчаңыздан аларды алып салуу аркылуу жеке маалыматтарыңызды өчүрө аласыз. Мындан тышкары, сиз «Колдонуучу макулдашуусу» бөлүмүндө «Профилди өчүрүү» функциясынын жардамы менен өз баракчаңызды өчүрө аласыз. Сиз өз баракчаңызды аны өчүргөндөн кийин 183 күн ичинде калыбына келтирүүгө укуктуусуз».

Мурунку версия

3.2.12.
«Четтик уюмдардан чогултулган маалымат, анын ичинде Facebook тармагында сиздин досторуңуздан жана Gmail`деги байланыштар тизмесинен алынган маалымат».

Учурдагы версия

3.2.12.
«Үчүнчү жактар тарабынан чогултулган маалыматтар, анын ичинде Gmail аккаунтун колдонуу менен Сайтта каттоодон өткөндө».

Учурдагы версия

3.10.
«Сайт шарттардын 8.27 пунктунда сүрөттөлгөндөй, API YouTube колдонот. Google’дун Купуялык саясаты https://www.google.com/policies/privacy дареги аркылуу жеткиликтүү».

Мурунку версия

3.2.
«Төмөндө биз Сиз Сайттын сервистерин колдонгондо кандай маалыматты чогултабыз, эмне үчүн чогултуп жана аны иштеп чыгаарыбыз тууралуу кеңири баяндайбыз, ошондой эле юридикалык негиздерди келтиребиз».

3.2.1.
«Жайгашкан жер жөнүндө маалымат».

3.2.2.
«Сайтта катталууда сиз көрсөткөн маалыматтар, анын ичинде атыңыз, фамилияңыз, туулган күнүңүз, жынысыңыз жана мобилдик телефон номериңиз (анын ичинде VK ID каттоо эсебиниздин жардамы менен)».

3.2.3.
«Зарыл болгондо сиздин өздүк күбөлүгүңүздүн же атыңызды, фамилияңызды, фотосүрөтүңүздү, сиздин өздүгүңүздү же өкүлүңүздүн өздүгүн күбөлөндүргөн негизги документтин көчүрмөсү зарыл болгон учурда. Муну негиздүү деп эсептеген учурларда сиздин эсепке алуу жазууңузду ырастоо үчүн кошумча чараларды көрө алабыз».

3.2.4.
«Сайттагы өз баракчаңызды түзөтүүдө сиз көрсөткөн кошумча маалыматтар, анын ичинде үй-бүлөлүк абал, туулган шаар, жашаган шаар, туугандар, иштеген жери жана билим жана аскердик кызмат өтөө тууралуу маалымат. Жөндөөлөрдү түзөтүүдө сиз көрсөткөн кошумча маалыматтар (мисалы, электрондук почта дареги же профилге шилтемедеги кыскартылган аталыш)».

3.2.5.
«Сиз Сайтка киргенде алынуучу кошумча маалыматтар, анын ичинде түзүлүш жөнүндө маалыматтар жана Сайт менен өз ара аракеттенүү жөнүндө техникалык маалыматтар (хост IP-дареги, операциялык система, браузер жөнүндө маалымат, географиялык жайгашуусу, кирген убакыт, макулдук жөнүндө маалымат, шилтеме булагы, Интернет-провайдер, телефон китепчесинен байланыштар, орнотулган тиркемелер (Android үчүн гана) камерага, микрофонго жана ушул сыяктуу түзүлүштөргө жетүү мүмкүндүгүн алууда алынган), ошондой эле Интернеттеги сиздин жүрүм-турумуңуз жана Сайттагы андан аркы иш-аракеттериңиз жөнүндө маалымат».

3.2.6.
«Сайтка киргенде cookie файлдарын колдонуу менен автоматтык түрдө алынган маалымат».

3.2.7.
«Сиз баракчаңызда жана Сайтта баракчаны редакциялоо бөлүмүнөн тышкары түзгөн маалымат (анын ичинде, статустар, микроблогдогу жазуулар, сүрөттөр, аудиожазуулар, видеожазуулар, комментарийлер, топтук талкуулардагы жазуулар)».

3.2.8.
«Сервистерди колдоо кызматына суроо-талаптарды жөнөтүүдө сиз түзгөн маалымат».

3.2.9.
«Сайттагы иш-аракетиңиздин натыйжасында алынган маалымат (атап айтканда, топко кошулуу же андан чыгуу, достор тизмесине колдонуучуларды кошуу, сүрөттөрдү жайгаштыруу, жыйналыштарга катышуу же аларга катышуудан баш тартуу, чалуулар таржымалы, видео кошуу, белгилерге класстарды коюу; кайыр-садага берүү/алуу). Сиздин маалыматыңыз, анын ичинде «Башкы баракча» бөлүмүндөгү маалыматыңыз жөндөөлөргө ылайык, сиздин бардык досторуңузга жана башка колдонуучуларга жеткиликтүү болушу мүмкүн».

3.2.10.
«Сайтта башка колдонуучулардын иш-аракеттеринин натыйжасында сиз жөнүндө алынган маалымат (атап айтканда, башка колдонуучулар жасаган, видео жана фотого эскертүүлөр)».

3.2.11.
«Сайтта төлөө функцияларын колдонуунун натыйжасында алынган маалымат (мисалы, колдонуучунун идентификациялык номери менен салыштыруу үчүн керектүү, карта омеринин биринчи жана акыркы төрт цифрасы)».

3.2.12.
«Үчүнчү жактар тарабынан чогултулган маалыматтар, анын ичинде Gmail аккаунтун колдонуу менен Сайтта каттоодон өткөндө».

3.3.
«Биздин мыйзамдуу кызыкчылыктар өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
(1) Сайтты тейлөө жана аны башкаруу;
(2) сизге Сайттын сервистерин берүү;
(3) Сайттын контентин жакшыртуу;
(4) сиз ачык түрдө жеткиликтүү кылган маалыматтарды иштеп чыгуу;
(5) сиздин эсепке алуу жазууңузду талаптагыдай коргоону камсыздоо; ошондой эле
(6) каалаган колдонуудагы мыйзамдардын алкагында келишимдик, укуктук же ченемдик милдеттенмелерди сактоо».

4.2.
«Биз «МГЛ МАЙ.КОМ (КИПР) ЛИМИТЕД» компаниясына (MGL MY.COM (CYPRUS) LIMITED), «ВКонтакте» ЖЧКга жана башка биздин аффилирлеген жактарга сиздин маалыматтарыңызга жетүү мүмкүндүгүн бере алабыз. Кээде биздин Сервистерди берүү же аларды башкаруу үчүн, мисалы, эгер сиз башка социалдык тармактарда өз маалыматтарыңызды бөлүшүүнү чечсеңиз, мындай контрагенттер алынган маалыматтын купуялыгын сактоого милдеттенген шартта, сиздин маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга (ошондой эле кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөргө) берүү керек болушу мүмкүн».

4.3.
«Сайттын Тиркемелер платформасынан тиркемелерди колдогон учурда сиздин телефон номериңиз жана/же электрондук почта дарегиңиз жана/же атыңыз (тиркемеде авторизациялоодо/каттоодо маалыматтарга карата минималдуу талаптарга жараша) мындай тиркеме Сайттын Тиркемелер платформасында колдонулушу үчүн, тиешелүү тиркеменин ээсине (иштеп чыгуучуга) жөнөтүлөт. Мындан тышкары, тиркемелерди жүктөөдө сизге мындай маалыматтарды жөнөтүүгө макулдук берүү сунушталат. Мындан тышкары, сиздин атыңызды, фамилияңызды жана фотосүрөтүңүздү Сайттын Тиркемелер платформасындагы колдонмолордун ээлерине (иштеп чыгуучуларга) жөнөтө алабыз. Колдонмолор платформасында аларды колдонуп баштоодон мурун, сиз мындай үчүнчү жактардын (иштеп чыгуучулардын) колдонмолорду пайдалануу шарттары жана купуялык саясаттары менен таанышууга милдеттүүсүз».

5.1.
«Сиз 4.7-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөрдү сактаганда, бизге жөнөтүлгөн жана жогорудагы 2, 4 жана 7 максаттарында көрсөтүлгөн өзүңүздүн жеке маалыматтарыңыз үчүн төмөндөгү «купуялык деңгээлдеринин» бирин орното аласыз:
Сайттын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү маалымат;
Сайтта Колдонуучунун достору статусундагы колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү маалымат;
Колдонуучуга гана жеткиликтүү маалымат».

Учурдагы версия

3.2.
«Төмөндө биз Сиз Сайттын сервистерин колдонгондо кандай маалыматты чогултабыз, эмне үчүн чогултуп жана аны иштеп чыгаарыбыз тууралуу кеңири баяндайбыз, ошондой эле юридикалык негиздерди келтиребиз».

3.2.1.
«Каттоо эсептин алдында булар түшүнүлөт:
(а) Сайтта катталып жатканда Каттоо эсебин түзүү үчүн Колдонуучу камсыз кылган Колдонуучунун дайындары;
(б) Сайтты колдонуу учурунда Колдонуучу тарабынан каттоо барагын түзөтүп жаткандагы кошумча маалымат;
(в) Сайттын Администрациясынын Колдонуучунун алдында Сайттын функционалдуулугун камсыз кылуу келишиминен келип чыккан милдеттерин аткаруу үчүн Сайттын Администрациясынын талабы боюнча Колдонуучу тарабынан кошумча берилген дайындар».

3.2.2.
«Сайттын иштеши үчүн керектүү дайындар, тактап айтканда: (а) техникалык каражаттар (түзмөктөр) боюнча дайындар, Сайт менен технологиялык ара-катышы, (хосттун IP-дареги, Колдонуучунун операциондук системасы, серепчинин түрү, географиялык абалы, Интернет кызматынын камсыздоочусунун аталышы);
(б) Тиркемелерди (cookies) колдонуу менен автоматтык түрдө сайтка кирүү мүмкүндүгүн алууда;
(в) Колдонуучунун Сайттагы аракеттеринен улам алынган маалымат, мисалы кандайдыр бир мазмунду кошуу боюнча маалымат;
(г) Сайттагы башка Колдонуучулардын аракеттеринен улам алынган маалымат;
(д) Интернет-кызматтарын колдонууу тууралуу жалпы аналитикалык маалымат».

3.3.
«Төмөндө биз сиз Сайттын Сервистерин колдонгондо кандай маалыматты чогултабыз, эмне үчүн чогултуп жана аны иштеп чыгааарыбыз тууралуу кеңири баяндайбыз».

3.3.1.
«Сайтта катталуу учурунда каттоо эсебин түзүү үчүн Колдонуучу тарабынан берилүүчү дайындар, анын ичинде аты, фамилиясы, туулган күнү, жынысы, мобилдик телефонунун номери жана Колдонуучу менен келишимди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. Катталуу убагында Колдонуучуга ички номер берилет, ал Колдонуучуну Социалдык тармакта идентификациялоого жардам берет»;

3.3.2.
«Сайтты пайдалануу процессинде өзүнүн каттоо эсебин түзөтүүдө Колдонуучу толтурган кошумча маалыматтардын ичинде электрондук почта дареги, үй-бүлөлүк абалы, туулган шаары, жашаган шаар, билими жана карьерасы жөнүндө маалымат, аскердик кызмат өтөө орду, сүрөттөр жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат»;

3.3.3.
«Сайттын Администрациясынын суроо-талабы боюнча Колдонуучу тарабынан кошумча бериле турган дайындар (каттоо эсебинде Колдонуучу көрсөткөн маалыматтар, мисалы, аты жана фамилиясы, электрондук почта дареги, телефон номери, сүрөттөр; арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана мыйзамдуу өкүлчүлүк негиздери))».

3.3.4.
«Сайтты пайдалануу убагындагы Колдонуучунун активдүүлүгү жөнүндө маалымат, анын ичинде, Сайттын интерфейсинин алкагындагы басуулар жана өтүүлөр, топко кошулуу/топтон чыгуу, достордун тизмесине башка Колдонуучуларды кошуу, жолугушууларга катышууну кабыл алуу же катышуудан баш тартуу, кайрымдуулук кылуу/алуу жөнүндө жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат»;

3.3.5.
«Сайтта башка Колдонуучулардын иш-аракеттеринин жыйынтыгында алынган маалымат (атап айтканда, башка Колдонуучулардын видео жазууларында жана сүрөттөрүндө жасалган белгилер жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат)».

3.3.6.
«Интернет-сервистерди пайдалануу жөнүндө жалпыланган аналитикалык маалымат».

3.3.7.
«Сайтта төлөө функциясын колдонууңуздун натыйжасында алынган маалымат (мисалы, карта номеринин биринчи алты жана акыркы төрт цифрасы)».

3.3.8.
«сиз баракчаңызда жана Сайтта баракчаны редакциялоо бөлүмүнөн тышкары түзгөн маалымат (анын ичинде, статустар, микроблогдогу жазуулар, сүрөттөр, аудиожазуулар, видеожазуулар, комментарийлер, топтук талкуулардагы жазуулар)».

3.3.9.
«Колдонуучу менен макулдашууну аткаруу үчүн талап кылынган башка маалыматтар жана Сайтка кирүүдө алынган техникалык каражаттар (түзмөктөр), ошондой эле Сайтка технологиялык өз ара аракеттенүү (анын ичинде хост IP-дареги, колдонуучунун операциялык системасынын түрү, браузер түрү, географиялык абалы, Интернет кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчү, түзмөктүн камерасына, микрофонуна ж.б. жетүү мүмкүндүгүнүн жыйынтыгында алынган маалыматтар)».

3.3.10.
«салмаларды (cookies) пайдалануу менен Сайтка киргенде автоматтык түрдө алынуучу маалымат».

3.3.11.
«Колдонуучу Колдонмону пайдалануу процессинде Сайттын Администрациясына жеткиликтүү болгон маалыматтар, анын ичинде түзмөктүн түрү (телефон/планшет/Wear), түзмөктүн аты, GAID, OpenUDID, ОС версиясы, түзмөктүн модели, Колдонуучунун телефон китепчесинен байланыштар (мобилдик түзмөктө жана колдонмолордо), саат алкагы, каалаган тил, телефон номерлеринин колдонуучуларынын эсепке алуу маалыматтарына айланыштырылган, Колдонуучунун каттоо эсеп маалыматтарынын тизмеги, Device ID For Vendor, Wi-Fi тармагынын аталышы, Wi-Fi жеткиликтүү MAC түйүндөрү, уюлдук байланыш операторунун аталышы, оператор тармагынын коду (MNC), User ID, ОС аты, колдонмонун версиясы, Колдонуучунун мобилдик тузмөгүнүн чыгарылган жыл, интернет кошулуу түрү, Apps Flyer UID жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат».

3.3.12.
«Колдонуучу Колдонмону пайдалануу процессинде Сайттын Администрациясына жеткиликтүү болгон маалыматтар, анын ичинде түзмөктүн түрү (телефон/планшет/iPod), түзмөктүн аты, IDFA, OpenUDID, Apps Flyer UID, ОС версиясы, түзмөктүн модели, Колдонуучунун телефон китепчесинен байланыштар (мобилдик түзмөктө жана колдонмолордо), саат алкагы, каалаган тил, телефон номерлеринин колдонуучуларынын каттоо эсебинин маалыматтарына байланыштырылган, Колдонуучунун каттоо эсебинин алуу маалыматтарынын тизмеги, Device ID For Vendor, географиялык координаттар, Wi-Fi тармагынын аталышы, Wi-Fi жеткиликтүү MAC түйүндөрү, уюлдук байланыш операторунун аталышы, оператордун тармагынын коду (MNC), Колдонуучунун түзмөгүндө орнотулган колдонмолор жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат».

3.3.13.
«OK Live колдонмосуна каттоо процессинде каттоо эсебин түзүү үчүн Колдонуучу берген Колдонуучу жөнүндө маалыматтар: мобилдик телефон номери».

3.3.14.
«Сайттын Администрациясынын суроо-талабы боюнча Колдонуучу тарабынан кошумча бериле турган маалыматтар (каттоо эсепте Колдонуучу көрсөткөн маалыматтар, мисалы, аты жана фамилиясы, электрондук почта дареги, телефон номери, сүрөттөр; арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты жана мыйзамдуу өкүлчүлүк негиздери) жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат)».

3.3.15.
«Колдонуучу Колдонмону пайдалануу процессинде Сайттын Администрациясына жеткиликтүү болгон маалыматтар, анын ичинде түзмөктүн түрү (телефон/планшет/Wear), түзмөктүн аты, GAID, OpenUDID, ОС версиясы, түзмөктүн модели, саат алкагы, каалаган тил, телефон номерлеринин колдонуучуларынын эсепке алуу маалыматтарына айланыштырылган, Колдонуучунун каттоо эсеп маалыматтарынын тизмеги, Device ID For Vendor, Wi-Fi тармагынын аталышы, Wi-Fi жеткиликтүү MAC түйүндөрү, уюлдук байланыш операторунун аталышы, оператор тармагынын коду (MNC), User ID, ОС аты, колдонмонун версиясы, Колдонуучунун мобилдик тузмөгүнүн чыгарылган жыл, интернет кошулуу түрү, Apps Flyer UID жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат».

3.3.16.
«Колдонуучу Колдонмону пайдалануу процессинде Сайттын Администрациясына жеткиликтүү болгон маалыматтар, анын ичинде түзмөктүн түрү (телефон/планшет/iPod), түзмөктүн аты, IDFA, OpenUDID, Apps Flyer UID, ОС версиясы, түзмөктүн модели, саат алкагы, каалаган тил, телефон номерлеринин колдонуучуларынын каттоо эсебинин маалыматтарына байланыштырылган, Колдонуучунун каттоо эсебинин алуу маалыматтарынын тизмеги, Device ID For Vendor, географиялык координаттар, Wi-Fi тармагынын аталышы, Wi-Fi жеткиликтүү MAC түйүндөрү, уюлдук байланыш операторунун аталышы, оператордун тармагынын коду (MNC), Колдонуучунун түзмөгүндө орнотулган колдонмолор жана Колдонуучу менен макулдашууну түзүү үчүн керектелген башка маалымат».

3.3.17.
«Колдонуучунун тиркемени пайдалануу процессинде Сайттын Аминистрациясына жеткиликтүү болгон маалыматтар, анын ичинде өлкө (код)/регион (код), тил (код), түзүлүштү өндүрүүчүнүн аталышы, түзүлүштүн түрү, түзүлүштүн моделинин аталышы, ката аныкталган убакыт белгиси, жабдуунун версиясы/ОС версиясы/тиркеме версиясы жана Колдонуучу менен макулдашууну аткаруу үчүн керектүү башка маалымат».

4.2.
«Биз «МГЛ МАЙ.КОМ (КИПР) ЛИМИТЕД» компаниясына (MGL MY.COM (CYPRUS) LIMITED), «ВКонтакте» ЖЧКга жана башка биздин аффилирлеген жактарга сиздин маалыматтарыңызга жетүү мүмкүндүгүн бере алабыз.
Кээде биздин Сервистерди берүү же аларды башкаруу үчүн, мисалы, эгер сиз башка социалдык тармактарда өз маалыматтарыңызды бөлүшүүнү чечсеңиз, мындай контрагенттер алынган маалыматтын купуялыгын сактоого милдеттенген шартта, сиздин маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга (ошондой эле кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөргө) берүү керек болушу мүмкүн. Биз Колдонуучулардын каттоо эсеби жана башка дайындарын учурдагы Саясаттында көрсөтүлгөн максатты көздөгөн жана укуктук негизи болгондо үчүнчүжактарга өткөрүп бере алабыз. Мындай үчүнчү жактарга булар кириши мүмкүн:
• колдонуучулар үчүн маалыматты жайгаштыруу жана көрсөтүү менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү менен алектенген адамдар (анын ичинде колдонуучулардын кызыкчылыктарына тиешелүү сунуштар) ушундай адамдарга таандык же көзөмөлдөнгөн программаларда, продуктыларда же кызматтарда (мисалы, сайттардын ээлери) жана арыздар, жарнак тармактары жана башка адамдар ж. б.;
• эсепке алуу жана башка маалыматтарды иштеп чыгууга мыйзамдуу негиздери бар жактар, мисалы, эгерде Эсепке алуу жана Башка маалыматтарды мындай жактарга берүү Колдонуучунун макулдугу менен жүргүзүлсө, аныничинде эгерде Эсепке алуу жана Башка маалыматтар Колдонуучуга тиешелүү сервисти берүү же Колдонуучу менен түзүлгөн, белгилүү бир макулдашууну же келишимди аткаруу үчүн зарыл болсо, атап айтканда, учурдагы Саясаттын 9 -беренсиндеги Лицензиялык келишимдин 6.4.7, 6.4.10 пункттарын аткарып жаткан уюлдук байланыш операторлору. Бул жактарга ошондой эле Сайттын Администрациясынын өнөктөштөрү жана аффилирленген жактары кирет, алардын маалыматтарын иштетүү ушул Саясаттын шарттарында каралган;
• тиешелүү келишим боюнча аларга карата укуктарды же милдеттерди өткөрүп берүү же жаңылоо жасалган үчүнчү жактар;
• колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тиешелүү суроо-талап боюнча Сайттын Администрациясы маалымат берүүгө милдеттүү болгон, каалаган мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы.
Сайттын Тиркемелер платформасынан тиркемелерди колдогон учурда сиздин телефон номериңиз жана/же электрондук почта дарегиңиз жана/же атыңыз (тиркемеде авторизациялоодо/каттоодо маалыматтарга карата минималдуу талаптарга жараша) мындай тиркеме Сайттын Тиркемелер платформасында колдонулушу үчүн, тиешелүү тиркеменин ээсине (иштеп чыгуучуга) жөнөтүлөт. Мындан тышкары, тиркемелерди жүктөөдө сизге мындай маалыматтарды жөнөтүүгө макулдук берүү сунушталат. Мындан тышкары, сиздин атыңызды, фамилияңызды жана фотосүрөтүңүздү Сайттын Тиркемелер платформасындагы колдонмолордун ээлерине (иштеп чыгуучуларга) жөнөтө алабыз. Колдонмолор платформасында аларды колдонуп баштоодон мурун, сиз мындай үчүнчү жактардын (иштеп чыгуучулардын) колдонмолорду пайдалануу шарттары жана купуялык саясаттары менен таанышууга милдеттүүсүз. Сайтта жеткиликтүү болгон Колдонмолор үчүнчү жактар (иштеп чыгуучулар) тарабынан жайгаштырылат жана колдоого алынат, алар Сайттын Администрациясынан көз карандысыз аракеттенишет жана Сайттын Администрациясынын атынан же тапшыруусу боюнча чыкпайт.
Сапаттуу, көп функциялуу, пайдаланууга ыңгайлуу жана Колдонуучулардын жеке муктаждыктарына жана кызыкчылыгына багытталган Сервистерди берүү максатында, Сайттын Администрациясы учурдагыны өнүктүрөт, өркүндөтөт, оптималдаштырат жана Сайттын жаңы функционалын (маалыматтык, коммуникациялык, жарнамалык, билим берүү, көңүл ачуу жанабашка мүнөздөгү) жаңы функционалды, анын ичинде өнөктөштөрдүн жана/же аффилирленген жактардын катышуусу менен киргизет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ошондой эле Сайттын Администрациясынын ушул Саясаттын 3-беренесинде көрсөтүлгөн иштетүү максаттарына ылайык келүүсүн эске алуу менен Колдонуучу Сайттын Администрациясына төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзүүгө макул болот жана тапшырат:
• Колдонуучунун Эсепке алуу жана Башка маалыматтарын иштеп чыгуу, анын ичинде чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), салыштыруу, алуу, пайдалануу, бөгөттөө, өчүрүү/жок кылуу;
• өнөктөштөргө жана аффилирленген жактарга Эсепке алуу жана Башка маалыматтарды берүү, жана Сайттын Администрациясынын атынан (ушул пунтта көрсөтүлгөн жолдор менен) тапшырманын негизинде аларды өнөктөштөрдүн жана аффилирленген жактардын иштеп чыгуусу, ошондой эле өнөктөштөрдүн жана аффилирленген жактардын тескөөсүндө турган маалыматтар менен бирге Эсепке алуу жана Башка маалыматтарды өнөктөштөрдүн жана аффилирлеген жактардын биргеликте иштеп чыгуусу;
• өнөктөштөрдөн жана/же аффилирленген жактардан Каттоо эсепти жана башка маалыматтарды иштеп чыгуунун натыйжаларын чогултуу (алуу) өнөктөштөр жана аффилирленген жактар үчүн жеткиликтүү, анын ичинде бүтүн жана/же тексттик маанилер жана идентификаторлор түрүндө.
Сайттын табиятын жана функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен маалыматтык ресурстун иши товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун изилдөөгө, анын ичинде суроо-талапты жана сунуштарды баалоого, товарларды илгерилетүү, маалыматтын натыйжалуулугун талдоо, жарнамалык жана маркетинг кампаниялары Сайтты пайдалануу боюнча маалыматтарынын негизинде жекелештирилген аналитикалык маалыматты түзүүгө жардам бере алат.
Биз жеке маалыматты Купуялык саясаттын 3.3.-бөлүмүндө көрсөтүлгөн өлчөмүндө жана Компаниянын өнөктөштөрүнөн алынган маалыматтарды жана Компаниянын өнөктөштөрү тарабынан мындай иштетүү үчүн мыйзамдуу негиздер менен камсыз кылынган, Компаниянын өнөктөшүнүн Купуялык саясатында көрсөтүлгөн көлөмдө, Колдонуучу кызматын(тарын) жакшыртуу максатында, Социалдык тармактын Администрациясы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты, тактап айтканда: Колдонуучунун кызыкчылыктарына ылайыктуу маалыматты көрсөтүү, так жарнаманы багыттоо (анын кызыкчылыктарына ылайыктуу маалыматты көрсөтүү), жалпыланган статистикалык / аналитикалык Социалдык тармакты жана өнөктөш кызматы(тарды) колдонууга негизделген маалыматтарды иштеп чыгабыз.
Сайттын администрациясы Маалыматтарды ушул Саясаттын 4.2 жана 4.3-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга ылайык минималдык көлөмдө, учурдагы Саясатка ылайык көрсөтүлгөндөй үчүнчү жактарга чек ара аралык бере алат.
Үчүнчү жактардын айрым веб-ресурстары жана тиркемелери Сайттагы Колдонуучунун профилиндеги маалыматтарды пайдалануу менен авторизациялоо аркылуу алардын функционалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн. Мындай авторизациялоодо үчүнчү жактын веб-ресурсу же тиркемеси Колдонуучудан Сайттагы Колдонуучунун профилинен маалыматтарды пайдаланууга макулдукту же уруксатты сурайт. Мындай макулдука вторизациялоодо колдонулган маалыматтардын көлөмүнө көрсөтмөнү жана аларды иштеп чыгуу тартибин камтышы керек. Сайттагы профилден маалыматтарды пайдаланып авторизациялоого макул болуу менен, Колдонуучу Сайттагы өзүнүн профилинен маалыматтарды веб-ресурс же тиркеме таандык болгон үчүнчү жакка мындай веб-ресурсже тиркеме сураган макулдукта/уруксатта көрсөтүлгөн көлөмдө берүүгө макулдугун берет».

4.3.
«ОК жана OK Live мобилдик тузмөктөрүн колдонууда Башка дайындардын иштеп чыгылышы.
ОК колдонмосунун иштөөсү жөнүндө Башка маалыматтар myTarget («ВК» ЖЧК), VK Ads («ВК» ЖЧК), Yandex Ad (Яндекс), Сайтта Колдонуучуга жеткиликтүү жарнаманы жекелештирүү үчүн, ошондой эле Google CrashLytics’га (Google) тиркеменин иштөөсүндөгү каталарды талдоо үчүн, myTracker («ВК» ЖЧК), Google Analytics (Google), Google Firebase Analytics’га (Google) тиркеменин иштөөсү жөнүндө жалпыланган аналитикалык маалыматтарды алуу үчүн берилиши мүмкүн.
Сайттын айрым функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн иштөөсүн камсыздоо үчүн керектүү Башка маалыматтар Google Tag Manager (Google), VKontakte SDK’ге («ВКонтакте» ЖЧК) берилет.
OK Live тиркемесинин иштөөсү жөнүндө башка маалыматтар myTarget («ВК» ЖЧК) Колдонуучуга тиркемеде жеткиликтүү болгон жарнаманы жекелештирүү үчүн, ошондой эле Google CrashLytics’ге (Google) тиркеменин иштөөсүндөгү катаны талдоо үчүн, myTracker («ВК» ЖЧК), Google Analytics (Google), Google Firebase Analytics’ге (Google) колдонмонун иштөөсү жөнүндө жалпыланган аналитикалык маалыматтарды алуу үчүн берилет.
Социалдык тармактын айрым функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн иштөөсүн камсыздоо үчүн керектүү Башка маалыматтар VKontakte SDK’га («ВКонтакте» ЖЧК) берилет».

5.1.
«Сиз 4.7-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөрдү эске алганда, жеке дайындарыңыз үчүн төмөндөгү купуялык деңгээлдеринин бирин https://ok.ru/settings/privacy дарегинен жөндөй аласыз».