(экинчи бөлүм)  - 858426998156

(экинчи бөлүм)

НАМАЗДЫН РҮКҮНДӨРҮ (ПАРЗДАРЫ).
📝Рүкүн – тамдын төрт устуну сыяктуу, алардын бирөөсү эле болбосо - там кулайт. Ошондой эле намаздын рүкүндөрүнүн бирөөсү эле аткарылбаса - намаз бузулат. Рүкүндү аткарбай таштап салуунун ар кандай акыбалдары бар:
♦️(1) Атайлап таштоо.
Кимде ким рүкүндөрдү аткарган болсо #сооп алат, ал эми кимде ким рүкүндөрдү атайлап таштаган болсо #күнөө'көр болот жана намазы туура эмес делет, намазын кайта окуйт.
♦️(2) Унутуп таштоо.
Ал эми унутуп таштаса күнөөкөр болбойт, бирок рүкүндү кайра аткаруусу талап кылынат.
♦️(3) Жахилдиктен (билимсиздиктен) таштоо.
Ал эми кимде ким рүкүндөрдүн өкүмүн билбегендиктен таштап койсо ал ошол намаздын убактысы чыга элек болсо намазын кайта окуйт, ал эми убактысы чыгып кеткен мурунку намаздар болсо -баардыгын кайта кайталайбы же кайталабайбы деген маселеде талаш бар. Туурасы кайталанбайт, буга Абу Хурайранын хадисин далил кылышат. Анда айтылат: Пайгамбарыбыз ﷺ #мечит'те намаз окуган адамды көрөт, ал намаздын рүкүндөрүн таштап окуган эле, кийин ал адамга Пайгамбар ﷺ ошол убактысы өтө элек #намаз' ын кайта окушун үч жолу буйруган, ал эми мурунку намаздарын кайта окушун буйруган эмес.
♦️(4) Үзүр (оруу) себептен таштоо.
Кимде ким рүкүндөрдүн бирин аткарууга чамасы келбестен, үзүрлүү себептен таштаса - намазы туура болот. Мисалы: шал же дудук же катуу оруудан улам намазды туруп (кыям) окуй албаса же башка рүкүндөрдүн бирин таштаса - үзүрү болгондугу үчүн анын намазы туура болот.
🔷Намаздын 14 рүкүну бар (тартиби менен):
🔸1. кыям
🔸2. такбииратуль ихрам (намазга кирүү)
🔸3. Фатиханы окуу
🔸4. рүкү кылуу
🔸5. рүкүдөн көтөрүлүү
🔸6. жети мүчө менен сажда кылуу
🔸7. саждадан көтөрүлүү
🔸8. эки сажданын ортосунда отуруу
🔸9. бардык рүкүндөрдү шашпастан, толук аткаруу
🔸10. баардык рүкүндөрдү тартиби менен аткаруу
🔸11. акыркы ташаххудка отуруу
🔸12. ташаххуд айтуу
🔸13. салават айтуу
🔸14. таслим (салам айтып намаздан чыгуу)
🔷 Жалпысынан рүкүндөр экиге бөлүнөт: тил менен айтылчу жана дене менен кылынчу болуп. Намазды бузуучу нерселерде экөөнүн айрымасы бар. Булар кийин келет.
🔹Тил менен айтылчу рүкүндөр:
1. такбиироту-ль-ихром.
2. фатиха.
3. акыркы ташаххуд.
4. #салават.
5. таслим.
🔹Ал эми дене менен кылынчу рүкүндөргө:
1. кыямга туруу.
2. рүкү кылуу
3. рүкүдөн көтөрүлүү
4. жети мүчө менен сажда кылуу.
5. саждадан көтөрүлүү.
6. эки сажданын ортосунда отуруу.
7. баардак рүкүндөрдү шашпастан, толук аткаруу.
8. баардык рүкүндөрдү тартиби менен аткаруу.
9. акыркы ташаххудка олтуруу.
🔶 1. КЫЯМ
#Кыям – намазга турганда түз туруу.
Далилдер:
⏺️Аллах Таала айтты:
"Намаздарга жана орто намазга (Асрга) сак болгула. Аллахка мойун сунган абалда тургула"
📖(Куран, аль-Бакара 2:238).
⏺️Имран ибн Хусейнден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
"Намазды туруп оку, антип окуй албасаң отуруп оку, антип да окуй албасаң жамбаштап жатып оку!"
📚(Бухари 1117).
🔶2. ТАКБИРАТУЛЬ ИХРАМ
Такбирату-ль-ихрам – намаздын башындагы эң биринчи такбирди айтуу.
Бир гана "Аллаху Акбар " деп айтуу керек, башка сөз жарабайт. Аны да туура айтуу зарыл, мааниси өзгөрө тургандай ката айтылса – туура эмес болуп калат.
Мисалы: Ааалаху Акбар деп башындагы «а» тамгасын созуу же Аллаху Акбааар деп акыркы «а» тамгасын созуу - туура эмес, себеби ушунтип айту такбирдин маанисин өзгөртөт жана намаз дурус болбойт.
⏺️Такбир айтууга жогорудагы Абу Хурайранын хадиси далил: "...Намазга турсаң такбир айт..."
📚(Бухари6251, Муслим397).
🔶3. ФАТИХА
Ар бир рекетте фатиха сүрөсүн окуу - #имам'га, жалгыз окуган адамга, имамга уюган адамга – #парз (рүкүн). Кимде ким намазында Фатиха сүрөсүн окубаса - анын намазы намаз болуп саналбайт.
Далил:
⏺️Убадата ибн Сомиттен риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
"Кимде ким намазында Фатиха сүрөсүн окубаса - анын намазы намаз эмес"
📚(Бухари 756, Муслим 394).
Жария намазда имамдын артында турган адам үчүн Фатиханы окуу – рүкүн (парз): имамдын артындагы адам имам фатиханы бүткөндөн кийин фатиханы окуй берет, имам зам сүрөнү окуп жаткан болсо дагы.
⏺️Убадата ибн Сомит айтты:
“Расулаллах ﷺ биз менен үн чыгарып окулчу намаздарын окуду. Анын [окуганы менен артында тургандардын окуганы] аралашып кетти. Намаздан чыккандан кийин бизге бет буруп: «Мен сырттан куран окуганда силер да окуп жатасыңарбы?», - деп сурады. Кээ бирлерибиз: “Ооба, ошентүүдөбүз”, - дешти. Ал айтты: «Ошо да, эмне эле мен үчүн Куран окуу кыйын болуп жатат дейм. Мен сырттан куран окуганда силер эч нерсе окубагыла, бир гана Фатиханы [окугула, себеби кимде ким Фатиханы окубаса анын намазы намаз болбойт]» деди
📚(Тирмизий 247, Абу Дауд 823, Ахмад 22677. Имам Тирмизий, Байхакий хадисти сахих дешти).
Эгерде киши намазга кечигип келип, имам рүкү кылып жатканда кошулса, анда ал #такбир айтып имамдын артынан руку кылат жана ушул рекети рекет болуп саналат. Ушул учурда гана Фатиха сүрөсү окулбай калса жетишпей калгандыгы үчүн уруксат. Буга төмөндөгү Абу Бакратанын хадиси далил:
⏺️Күндөрдүн биринде Абу Бакрата мечитке кирсе Пайгамбарыбыз ﷺ рүкүдө болот. Абу Бакрата рүкүдөн кур калуудан коркуп, эшиктин оозунан такбир айтып, руку кылган акыбалында басып келип сапка кошулат. Намаздан кийин Пайгамбарыбыз ﷺ сапка жетпей намазга кирип басып келип кошулган ким дегенде Абу Бакрата мен деп жооп берет. Аллахтын элчиси ага «Аллах Таала сенин намазга болгон умтулууңду арттырсын, экинчи мындай кылба» деп айтат
📚(Бухари 783, Абу Дауд 683).
#Аалымдар айткандай, Абу Бакратаны Пайгамбарыбыз ﷺ бул рекетиң саналбайт кайта бир рекет кайтар деп буйруган эмес, эгер саналбаганда анда бир рекетти кайта окугун деп буйурмак дешип, ушул хадисти далил кылышат.
🔶4. РҮКҮ
Ар бир рекетте рүкү кылуу.
Далил:
⏺️Аллах Таала айтты: "Эй ыйман келтиргендер! Рүкү кылгыла, сажда кылгыла..."
📖(Куран, аль-Хажж 22:77)
Жана жогорудагы Абу Хурайранын хадиси, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Андан кийин толук ийилгениңче рүкү кылгын..."
📚(Бухари 6251, Муслим 397).
🔶 5. РҮКҮДӨН КӨТӨРҮЛҮҮ
Далил:
⏺️Абу Хурайрадан #риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Андан кийин толук көтөрүлгөнчө түз тургун..."
(Бухари 6251, Муслим 397).
🔶 6. ЖЕТИ МҮЧӨ МЕНЕН САЖДА КЫЛУУ
Далил:
⏺️Аллах Таала айтты: "Эй ыйман келтиргендер! Рүкү кылгыла, сажда кылгыла..."
📖(Куран, аль-Хажж 22:77)
⏺️Жана Абу Хурайрадан риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Андан кийин саждаңды толук жасагын..."
📚(Бухари 757, Муслим 397).
Сажда дененин жети мүчөсү менен болушу керек.
⏺️Ибн Аббастан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Мен жети мүчө менен сажда кылууга буйрулганмын: чекеге - деп туруп мурдун көрсөттү - эки алаканга, эки тизеге, эки буттун учтарына; о.э. кийим жана чачты жыйнабоого буйрулганбыз"
📚(Бухари 812, Муслим 490).
🔶7. САЖДАДАН КӨТӨРҮЛҮҮ
Далил:
⏺️Абу Хурайрадан риваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты «Андан кийин башыңды саждадан көтөргүн...»
📚(Бухари 757, Муслим 397).
🔶8. ЭКИ #САЖДА ОРТОСУНДА ОЛТУРУУ
Далил:
⏺️Жогорудагы Абу Хурайранын хадиси далил: Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Андан кийин толук тынчтанмайынча олтургун"
📚(Бухари 6251, Муслим 397).
🔶9.БААРДЫК РҮКҮНДӨРДҮ ШАШПАЙ ТОЛУК АТКАРУУ
Далил:
⏺️Абу Хурайранын хадисиндеги Пайгамбардын ﷺ "толук тынчтанмайынча рүкү кылгын", "толук тынчтанмайынча сажда кыгын" жана "толук тынчтанмайынча олтургун" деген сөздөрү – ар бир рүкүндү шашпай, толугу менен аткарууга далил болот.
🔶10. ТАРТИП
Баардык рүкүндөрдү тартиби менен аткаруу зарыл.
⏺️Абу Хурайранын хадисиндеги Пайгамбардын ﷺ "андан кийин рүкү кылгын", "андан кийин рүкүдөн көтөрүлгүн", "андан кийин сажда кылгын" деп тартиби менен буйруганы – ар бир рүкүндү бири-бирине аралаштырбай, тартип менен аткарууга далил болот.
🔶11. АКЫРКЫ ТАШАХХУДКА ОТУРУУ
Намазда эки жолу ташаххуд #дуа'сы айтылат жана аны айтуу үчүн эки жолу олтурулат. 1-ташаххуд: үч же төрт рекеттен турган намаздын экинчи рекетинен кийинки ташаххуд дубасын айтуу жана ошону айтуу үчүн олтуруу. Анын өкүмү: важип (намаздын важиптеринде далилдери менен келет). 2-ташаххуд: эки, үч же төрт рекеттик намаздардын акыркы ташаххудун айтуу жана ошол үчүн олтуруусу. Анын өкүмү: рүкүн.
Далил:
⏺️Абу Мусадан (Аллах андан ыраазы болсун) рияваят, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: "Эгерде силердин бириңер ташаххудка олтурсаңар айткыла: [Аттахият дубасы]...
📚 (Муслим 404).
🔶12. АКЫРКЫ ТАШАХХАДДУ АЙТУУ
Намазда акыркы ташаххудка олтуруу өзүнчө башка рүкүн жана акыркы ташаххуд дубасын айтуу өзүнчө башка рүкүн болуп эсептелет.
Далил:
⏺️Абдуллах Ибн Масъуддан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Расулаллах ﷺ айтты: "Эгер силердин кимиңер намазда ташаххудка олтурсаңар «Ат-тахиййаату ли-Лляяхи уа-с-соляуаату уа-ттоййибаат. Ас-саляяму ъалайка аййуха-ннабиййу уа рохматуЛлаахи уа барокаатух. Ас-саляяму ъалейнаа уа ъаля ъибадиЛлаахи-ссоолихин. Ашхаду ан ля иляяха илляЛлооху уа ашхаду анна Мухаммадан ъабдуху уа росуулюху» деп ташаххуд дубасын айткыла -деген"
📚(Бухари 831, Муслим 402).
🔶13. САЛАВАТ АЙТУУ
Намазда салават айтуу рүкүндөрдүн бири болуп саналат. Далил:
⏺️Каъб ибн Ужро айтат: биз Пайгамбарыбыздан ﷺ “Сизге кантип салават айтабыз?” деп сураганыбызда, ал ушинтип айтууну буюрду: «Аллоохумма солли ъаля Мухаммад уа ъаля аали Мухаммад, камаа соллейта ъаля Ибрахим уа ъаля аали Ибрахим, иннака Хамидун Маджид. Аллохумма баарик ъаля Мухаммад уа ъаля аали Мухаммад, камаа баарокта ъаля Ибрахим уа ъаля аали Ибрахим, иннака Хамидун Маджид»"
(Бухари 3370, Муслим 406).
🔶 14 . ТАСЛИМ - САЛАМ АЙТУУ
Намаздын акырында #салам_айтуу акыркы рүкүн болуп саналат. Пайгамбарыбыз ﷺ намаздан салам айтып чыккан.
Далил:
⏺️Абдуллах ибн Масъуд айтат: “Пайгамбарыбыз ﷺ оң жана сол жагына «ас-Салааму алайкум уа рохматуллоох», «ас-Салааму алайкум уа рохматуллоох» деп салам берчү эле”
📚(Абу Дауд 996, Насаий 1142, Ахмад 3699, Ибн Мажа 914. Хадис сахих).
-----------------------------
⬇️уландысы: үчүнчү бөлүм: НАМАЗДЫН СҮННӨТТӨРҮ http://ok.ru/group/53055961038988/topic/67198045664652 ➖➖➖➖➖➖➖➖➖
⬇️алтынчы бөлүм: НАМАЗДЫН МАКРУХТАРЫ http://ok.ru/group/53055961038988/topic/67211051152780 ⬇️бешинчи бөлүм: НАМАЗДЫ БУЗУУЧУ НЕРСЕЛЕР http://ok.ru/group/53055961038988/topic/67207783593356 ⬇️төртүнчү бөлүм: НАМАЗДЫН ВАЖИПТЕРИ http://ok.ru/group/53055961038988/topic/67202098279820 ⬇️биринчи бөлүм: НАМАЗДЫН ШАРТТАРЫ http://ok.ru/group/53055961038988/topic/67188979479948 ➖➖➖➖➖➖➖➖➖
⏺️Аалымдар сөзү
Инстаграм/Телеграм: @aalymdar

Комментарии

Комментариев нет.