Кадыр Тун-2018 качан болот?

📣 Көңүл бургула! Рамазан-2018 дин акыркы он күндүгү 05-июНь (шейшемби), күн батаар менен башталат.
🌙 Бул он түндүн бирөөндө миң айдан жакшы болгон түн — Ляйляту-ль-Кадр (Кадыр Түн) катылган.
❗️ Кадыр Тун качан болот?
Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: «Аны Рамазандын акыркы он түнүндө күткүлө, так түндөрүндө күткүлө» (Бухари: 1986)
🔻 Эң көп боло турган ыктымалы — Рамазан айынын 27-түнү. Бирок башка түндөр болуп калуусу да ажеп эмес. Аалымдар айткандай Кадыр Түн ар жылы алмашып, так числосу алдын ала белгилүү эмес. Акыркы он күндүктүн бирөөндө экени гана так маалым. Хадистерде келген баяндарга караганда акыркы он күндүктүн жуп (так эмес) түндөрү да болуп калуусу ыктымал. Андыктан, Кадыр Түндү издеп, акыркы он түндүн баарында ибадат кылган киши — эч жаңылышпайт.
ℹ️ Кадыр Туну эмне кылынат? Кадыр Тунду кандайча тосуу керек?
-Ибадаттын бардык түрлөрү менен:
* намаз окуу, анын ичинде таравихке катышуу.
* зикрлер.
* Аллахтан кечирим суроо (истигфар) жана тооба кылуу (тауба).
* Куран окуу.
* жана көп-көп дуа жасоо, себеби Кадыр Туну бир жылдык тагдыр чечилет. Сүннөттө Кадыр Түн үчүн бул дуа келген: «Аллаһумма! Инна-кя ‘Афуввун Карим, тухиббуль ‘афва, фа’фу ‘анни (О Алла, Сен өтө көп Кечирүүчүсүң, Берешенсиң, кечирүүнү жакшы көрөсүң, менин күнөөлөрүмдү кечир!)»
Аллах баарыбыздын кармаган орозо, кылган садака, окуган намаздарыбызды кабыл кылган болсун! Оомиин!
🌎 Кадыр Түн темасына байланышкан макалалар:
✨ islamjolu.kg/?p=1617 – «Кадыр Түн жуп түндөрү да болуп калышы ыктымал» - Шейх аз-Зофирий.
✨ islamjolu.kg/?p=1579 – Кадыр Түн дуасы.
✨ islamjolu.kg/?p=3175 – "Кадыр Түн" сүрөсү жана анын тафсири.
✨ islamjolu.kg/?p=3183 - Итикаф деген эмне?
© ИсламЖолу
➖➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar

Комментарии

Комментариев нет.