" ТУР КЫРГЫЗЫМ !!!

Тур кыргызым тургула, ойгонгула!
Туңгуюка кетээрди ойлонгула
Отуз жылда ишенген кожолоруң
Орундалбай иштери ойрон мына.
Анык айтсам айтканым коштогула.
Араңарга ууруну кошпогула.
Улантуучу эрдигин улуулардын.
Урпагына Манастын окшогула.
Кендириңди кести го кайдигерлик.
Кабыргабыз кайышып шайды бердик.
Ата Журту жок өңдүү тентип тентип.
Ата-Баба көрбөгөн жайды көрдүк.
Бейиштей жер Кудайдан белек эле.
Берекесин кетирдик, себеп неге ?
Айкөл эрдин таштаган аманатын.
Арзан баалап сакташың керек беле?
Туна чөксөң тургузаар кунуң жокпу?
Туулган жер, турагың, тууруң жокпу?
Туңгуюка тукумуң кептелээрде.
Тура турган Журт үчүн уулуң жокпу?
Жигиттери Кыргыздын курч эле го ?
Жоо беттесе кайраттуу турчу эле го ?
Жанып кетчү жарыгы өчөөрүндө ,
Жанын азык , Эли үчүн кылчы эле го !
Бөтөн элде кулдукка көнүп бүттүк,
Бөйрөк боордон айрылдык өлүп бүттүк.
Келемиштер кемитип ырыскыңды,
Керегине кылды го көнүмүштүк .
Океандын бүтөөрү жээги болот !
Ойрондуктун артында кеги болот !
Сары алтын деп саргая күткөн менен ,
Сабырдын да аягы чеги болот !
Сары алтын деп саргая күткөн менен
Сабырдын да аягы, чеги болот !
Шаку . Москва .

Комментарии