ЧЫЙРАЛГАН ЖАН !

Чындык деп ийилдиңиз, сынбадыңыз,
Чиригин билип кастык кылбадыңыз.
Чычалап терикпестен ар кай сөзгө
Чалынбай алга болуп жылганыңыз.
Өткөрүп көп азапты башыңыздан
Өлкөнүн келечегин сатпадыңыз
Өмүрүң кыл учунда турса дагы
Өлүмдөн Мекен үчүн качпадыңыз.
Баткан күн, атаарына ишенип сиз
Башыңды жаратканга тапшырдыңыз
Бейкүнөө экениңди түшүнгөндөн
Баа жеткис сый- урматты ашырдыңыз .
Үзбөстөн жакшылыктан үмүтүңүз
Үшкүрүп өрттөсө да күйүтүңүз.
Үстүңдөн жөлөп турган көрүнбөс зат
Үмүткө байлап турду үй ичиңиз.
Аш коюп , таш ыргыткан багыңызга
Алдыңыз душманыңды жакын кылып
Алланын түз жолунан кайып кетпей
Абийир , намысыңыз бийик тутуп.
Жараткан нурун чачып мына бүгүн
Жаңы жол, жаңы түйшүк мойнузда.
Жыл- жылдап чыдап келген элиңиздин
Жыртыгы Мекенимдин колуңузда.
Айкөлдүк, сабырдуулук, жөнөкөйлүк,
Аллахым берет сүйгөн пендесине
Алтындан кымбат Кыргыз эли - жерин,
Ардактап коюнуңа алаарсың э?
Отуз жыл онтоп жүргөн Кыргыз эли
Оңунан берип бүгүн колуңузда
Отторун өчүрбөстөн көзүндөгү
Оомиин Кыргыз уулу болуңуз а !
ШАКУ МОСКВА .

Комментарии