БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ.

86) Мyаз бин Жабал (разияллооху анху)дан риваят: «(Пайгамбар
саллаллооху алайхи ва салламдын түшүндө) Алла Таала: «Оо,Мухаммад!», -деди. (Ошондо Пайгамбарыбыз мындай деп айтканын
кабарлаган). «Оо, Роббим, мен даярмын» -дедим. Алла Таала: «Жакын периштелер эмне жөнүндө талашып жатышат?» -деп сурады.
«Кунөөлөрдү кечире турган амалдар жөнүндө»-дедим. Алла Таала: «Алар кайсы амалдар экен?» -деп сурады. Мен: «Жамаат менен намаз окуу үчүн ташталынган кадамдар, ыңгайсыз шартка карабай даарат алуу, бир намаздан кийин экинчи намазды күтүү»-дедим. Алла
Таала: «Дагы кайсы амалдар?»- деди. Мен: «Даам таттыруу, сылык сүйлөө, адамдар уктап жаткан маалда намаз окуу»-дедим. Алла Таала: «Сура!»,-деди. Ошондо мен төмөнкү дубаны окудум: «Аллаахумма
инни ас'алука фи-лал хайроти ва таркал мункароти ва хуббал.масаакиини ва антагфироли ва тархамани ва изаа аротта фитнатан фии каумин фатаваффани гойро мафтуунин ва ас'алука хуббака ва хубба майухиббука ва хубба а'малин юкоррибу илаа хуббика».
Котормосу: «Оо, Алла! Мен Сенден сураарым, мага жакшылык иштерди жасат, жамандыкты таштат, кедейлерди сүйөйүн. Мени
кечир, мага ырайым кыл. Кайсы бир коомду сыноого салып, азаптагың келсе, мени сыноосуз эле Өзүңө тартып ал. Оо, Алла!
Мен Сенден Сага болгон сүйүүнү сурайм. Сени сүйгөндөргө да болгон сүйүүнү сурайм. Сени сүйүүгөжакындата турганамалдарды
сурайм». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Бул дуба акыйкат, чындык, андыктан муну жаттап алгыла, анан башкаларга үйрөткүлө» деди. (Тирмизи).
КМДБ РФ
Катталуу үчүн WhatsApp⤵
Мырзалар:
+7 977 171-57-96
Айымдар:
+996776727404
+7 926 047-87-32
Одноклассник➡ https://ok.ru/group/52447045550166 Инстаграм➡️ https://www.instagram.com/p/B5n1hUboAlz/?igshid=1cuoxzui4llpb Фейсбук➡ https://www.facebook.com/groups/1009125752761152 Телеграм➡️ https://t.me/kmdbrf Ютуб➡️ https://www.youtube.com/channel/UC05Th7bcX430m3VjkXVT_bw

Комментарии