199) Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар

(саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: «Имам: «Гойрил магзууби
'алайхим валаз-зооол-лиин» дегенде, «Амиин» дегиле. Анткени кимдин «Амиин» деген сөзү, периштелердин «Амиин» деген сөздлрүнө (туш) келсе, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет». (Бухари).
200) Абу Муса Аш'ари (разияллооху анху)дан риваят:
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) (узун хадисте минтип айткан): «Имам: «Гойрил магзууби, 'алайхим валаз-зооол-лиин» дегенде, (силер): «Амиин»-дегиле, (ошондо) Алла Таала дубаларды кабыл кылат».
(Муслим).
201) Абу Хурайра (разияллоху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: "Үйүңөргө кайтып барганда, короодо бооз, үч семиз төөнүн турганын кимиңер каалайсыңар?»
-деди эле, Баарыбыз жапырт: «Баарыбыз каалайбыз»,-дедик.
Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Ар бириңердин намазда туруп окуган үч аят-бооз, семиз үч төөдөн жакшыраак». (Муслим).
Түшүндүрмөсү: Араптар өркөчү семиз төөнү абдан баалашат. Ошол үчүн Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) төө менен салыштырып мисал келтирген. Намазда Куран окуу, бардык жандык (байлыктан) абзел.
202) Абу Зар (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уктум: «Ким бир рүкү же бир сажда кылса, анын даражасы бир (тепкичке) көтөрүлөт да, бир катасы кечирилет». (Муснад Ахмад, Баззар, Табарони, Мажмаy завааид).
Одноклассник➡ https://ok.ru/group/52447045550166

Комментарии

Комментариев нет.