~ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ЖУБАЙЛАРЫ~

📝Хадижа энебиз (р.а):
Расулуллахтын алгачкы жубайы. Өтө бай, илимдүү жана өтө акылдуу эле. Бүт мал-мүлкүн Расулуллахка арнаган. 24 жыл жакшы кызмат кылды. Хижраттан үч жыл мурда 65 жашында Меккеде көз жумган. Эң алгачкы ыйман келтирген аял. Расулуллахтын бардык кыздарынын жана эки уулунун энеси.
📝Айша энебиз(р.а).
Расулуллахтын жубайы. Абу Бакр Сыддыктын кызы. Өтө акылдуу, зейиндүү, илимдүү, адептүү, тартиптүү аял эле. Адабият билими өтө күчтүү эле. Эсте сактап калуу жөндөмдүүлүгү күчтүү болгондуктан сахабалар көп нерсени андан сурап үйрөнүшчү. Аят аркылуу макталган.
Хижраттан 8 жыл мурда туулуп, хижраттын 57-жылы Мединада кайтыш болгон.
📝Жувайрия (р.а)
Бани Мусталак уруусунун башчысы болгон Харистин кызы болчу. Хижраттын 5-жылы болгон "Мурайси”согушунда туткунга түшөт. Аталаш агасынын баласы болгон күйөөсү согушта өлтүрүлөт. Өзү 20 жашта, өтө сулуу болчу. Жувайрияны сатууга алып чыкканда атасы аны сатып алуу үчүн Мединага бир нече төө алып келет. Эки жакшы төөсүн кыйбай, шаардын сыртында бир жерге жашырып коёт. Расулуллах алейхиссалам:"Баягы жерге жашырып койгон эки төөңдү да алып кел” - дейт. Бул мужизага таң калган Харис эки баласы жана көптөгөн адамдары менен бирге ыйман келтирет. Расул алейхиссалам төөлөрүн алып, кызын кайтарып берет. Ошол кезде кыз да ыйман келтирген болчу. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Жувайрияны атасынан сурап, никесин кыйдырат. Жувайрия (радиаллаху анха) хижраттын 56-жылы (м.675) кайтыш болгон.
📝 Савда (радиаллаху анха)
Савда бинти Зам’а – Расулуллахтын жубайы. Күйөөсү менен бирге ыйманга келип, Хабашистанга көчүп барышкан эле. Меккеге кайтып келишкенде күйөөсү кайтыш болот. Расулуллах алгач Айшаны анан Савданы никесине алган. Хазрети Умардын халифалыгы кезинде дүйнөдөн кайткан.
Умму Хабиба (радиаллаху анха)
Ал Абу Суфян бин Харб бин Умаянын кызы эле. Хазрети Муавиянын карындашы. Апасы Хинд болгон. Күйөөсү Убайдуллах бин Жахш менен бирге мусулман болуп, Хабашистанга хижрат кылган эле. Күйөөсү ошол жердеги попторго алданып калып, динден чыккан. Кийин кайтыш болду. Умму Хабиба жалгыз калат. Жокчулукка дуушар болсо да "Расулуллахтын дининен айрылбаймын”, - деп айткан. Расулуллах аны кубантуу үчүн аны никесине алууну каалады. Нажашиге, б.а., Хабаш султанына кат жазат. Нажаши никесин кыйдырып, Умму Хабиба энебизди Мединага жиберет. Умму Хабиба 44-жылы (м.664) Мединада кайтыш болгон.
📝 Умму Салама (радиаллаху анха)
Чыныгы аты Хинд эле. Күйөөсү Абу Салама экөө Хабашистанга алгачкылардан болуп хижрат кылган. Абу Салама – Расулуллахтын тай эжеси Барранын уулу Убайдуллах бин Жахштын бир тууганы эле. Ал Мединада Ухуд согушунда алган жаракатынан кайтыш болгон. Умму Салама Абу Бакр менен Умардын никелешүү талаптарын кабыл албайт. Расулуллах менен никелешүү бакытына ээ болот. Х.59 (м.678) жылы Мединада 84 жашында кайтыш болгон. Пайгамбарыбыздын жубайларынын арасында эң акыркы кайтыш болгон энебиз ушул киши эле.
📝 Зейнеп бинти Жахш (радиаллаху анха)
Ал – Расулуллахтын тай эжеси болгон Умайманын кызы, Абдуллах бин Жахштын карындашы эле. Атасынын аты – Бурра. Исламды кабылдабагандыктан "Жахш” деп аталды. Зейнеп алгачкы ыйман келтиргендердин бири. Расулуллах алгач аны баласы сыяктуу болгон Зейд бин Хариса менен никелейт. Зейд Зейнептин укугун орундай албай турган болгондуктан экөө хижраттын 3-жылы ажырашат. Кийин Расулуллахтын өзү аны никесине алууну каалайт. Зейнеп аны укканда кубанганынан эки рекет намаз окуду. "Эй, Раббим! Сенин Расулуң мени каалайт. Эгер аны мени менен никесин жазсаң, мени ага Сен бер”, - деп дуба кылат. Дубасы кабыл болуп, "Азхаб” сүрөсүнүн:"Зейд аны менен ажырашкандан кийин биз аны сага жубай кылдык”, -деген 37-аяты түштү. Зейнептин никеси Аллах тарабынан кыйылгандыктан Расулуллах нике жөрөлгөсүн кылган жок. Хазрети Зейнеп (радиаллаху анха) ошол тууралуу ар дайым сыймыктанып, "Ар бир кызды атасы никелейт. Ал эми мени болсо Раббимдин өзү никеледи”, - деп айтчу эле. Ал кезде 38 жашта эле. Хижраттын 20-жылы 53 жашында кайтыш болгон. Кайрымдуулук иштерин, садага берүүнү жакшы көрчү. Кол өнөрчүлүктө кыйын эле. Жасаган нерселери жана колуна түшкөн нерселерин баарын туугандарына жана кедейлерге таратчу. Халифа Умар (радиаллаху анх) Пайгамбарыбыздын жубайларынын ар бирине он эки миң дирхамдан берчү эле. Ал болсо буларды алар замат баарын садага кылып берчү. Расулуллахтын өзүнөн кийин алгач кайтыш болгон жубайы болчу. Хазрети Айша Зейнеп энебизди көп мактаган."Жубайларымдын арасында мага эң алгач жете турганы колу ачык (жоомарт) болгон жубайым”, - деген хадиси шариф аны биринчи болуп кайтыш боло тургандыгынан кабар берген. Анткени, эң көп садага берген жубайы ошол болчу.
Уландысы бар...
🌿ЫЙМАН НУРУ

Комментарии