Комментарии
- 14 авг 2019 06:47Санжар Камилов
- 14 авг 2019 08:11Micki Nokati
- 14 авг 2019 22:03Салима Сталбекова (ЗАмужем)Особенно намазга чейин кылыш керек экен хузуу хушуу мн окуйт экенсинда намазды
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
МИГРАНТ кайрымдуулук фонду
ҮЧ МИНУТ АНЫ ӨТӨ ПАЙДАЛУУ КОЛДОНО АЛАСЫҢ
Бир жолу аксакал устаз Абдулазиз ат-Тужиринин үйүнө мейманчылап барып калдым.
Устат Касым чөлкөмүнө караштуу Бурайда деген жердеги чакан фермасында турчу.
Кечке чейин эл менен жолугушуу, баарлашуу, пикир алышуу болуп атып, такыр эле чарчап калдык.
Дигер маалында ал мени бөлмөсүнө жетеледи.
• Мага сенин үч мүнөтүң керек, -деди ал бөлмөгө киргенде, - Азыр болуп көрбөгөндөй эс алып аласың, бул, тиги Кытай табыпчылыгынан да ашып түшөт, - деп кошумчалады.
Убактымдын тардыгына карабай мейли деп, унчукпай туруп бердим.
• Көзүңдү жум, оозуңду да ачпа, көр-тирликтин баарын унут, -деди да, менден мурун өзү көзүн жумуп, тунжурай калды.
Мен да үндөбөй айтканын жасадым.
Анысы бул жарыктагы сени алагды кылчу бир да буюм көзүңө көрүнбөсүн, түпсүз туңгуюкка сиңип кет деген маани экен.
Сүкүт салып көр тирликти, дүйнөнүн көй-санаасын жадыңдан чийип ташта.
Үч мүнөткө бул жашооңдон ажырап, мейкиндикке төнүп кет.
Эмне, бул дүйнө жашоосун сен башкарып жаттың беле?
Аны Аллах Таала башкарат.
Түн бою уйкунун кучагында жатканда аалам өзгөрүп кеттиби?
Жок, аны Аллах Таала сактап турат.
Жарык дүйнөгө келгенде аалам өзгөрүп кеткен эмес, сен бул ааламдан кеткенде деле ошол тейде калат.
Сен азыр да өзүңдү бул жарыкта жоктой элестет.
Үч мүнөт баарын эстен чыгардым, эч нерсени ойлободум.
Көзүмдү ачканда жумшак мамыкта эки саат эс алгандай ырахатты сездим, буга бөркүңөрдөй ишенгиле!
Устаз жылмая карап:
- Муну атактуу табыптардан үйрөнгөм, жашоодон кыйналып, жаның кашайып кеткенде көзүңду жум да, баарын унут, көңүлүң тынчып, сергий түшөсүң, муну сен азыр жон териң менен сезип турасың,-деп далымдан таптады да, кебин андан ары жалгады:
- Ааламдагы көйгөй-машакаттын баарына санааркай бербе, сен буга жооп бербейсиң, ал тургай үй-бүлөңдүн маңдайына жазылганга деле сен ээлик кыла албайсың.
Балаңдын оорусун Аллахтан башка эч ким айыктыра албаса, кызыңдын көйгөйүн Аллахтан башка эч ким чече албаса, карыздан кутулууңа Аллахтан башка эч ким жардам бере албаса, анан неге башыңды оорутасың?
Мунун баарынын ачкычын Аллахка тапшыр да, үч мүнөт бүт унутуп, өзүңдү шамал каалаган жагына айдаган камгак сыяктуу элестет.
Сенин өйдө-ылдыйың Аллах Тааланын колунда.
Айтса-айтпаса төгүнбү, бардык иш Падышабыз Аллахтын каалоосу менен чечилет.
Биздин милдет - Падышанын буйругун так аткаруу.
Ошондо Аны ыраазы кылабыз, Ал ыраазы болсо, баардык ишти каалаганыңдай жайгарат.
“Кайда барсаң Мамайдын көрү дегендей, ансыз да жашообуз машакатка жык толгон.
“Баланы окутуш керек эле!..
Үй бүтпөй турат!..
Досумдан алганды кайтарыш керек эле!...
Баса, баланчанын тоюна эмне кылабыз?...
”Жаталашып күн кечиресиң...
Анда да көйгөйүңдүн чети оюлбайт...
Мен ошол Бурайдадагы үч мүнөттү такыр унутпайм.
Ошол көнүгүүнү андан бери эчен ирет жасадым.
Жасаган сайын жаным жай алып, ырахатка балкыйм.
Эс алган сайын муну үйрөткөн Устаз Абдулазизге ичимден ыраазы болом.
Эми муну сага да сунуштайм, анткени ичи тар эмесмин.
Мен сезген ырахатты сен да сезишиң керек.
Балким, азыр чарчап тургандырсың.
Жумуш кылгың келбей жатабы?
Ааламды аны жараткан Заттын Өзүнө бер.
Дароо көзүңдү жум, оозуңду да ачпа, анан дүйнөдо болуп жаткандын баарын унут.
Үч мүнөт...
Мына эми, сен эс алып калдың, тим эле уйкудан жаңы ойгонгондойсуң.
Эми сергек кыймылдап ишинди улант.
Ишиң илгерилегенин көзүң менен көрүп, анан мага ыраазылыгыңды айтасың.