Кыргызстанда экинчи орунда турган ордолуу Ош жонундо маалыматты комментарий аркылуу окуп чыксанар болот

Комментарии

  • 14 дек 2016 21:43
    Ош – Кыргызстандын аймагындагы байыркы жана чондугу боюнча экинчи шаар. Шаар Кичи-Алай тоо кыркасынын тундук этиндеге Фергана ороонунун четинде дениз денгээлинен 1000 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан. Ош уч тарабынан бул тоо кыркасынын тарамдары менен курчалган, ал эми шаардын борборунда 100 метрден ашуун бийиктикте Сулайман тоосу бар. Анын чыгыш чокусунда дээрлик 150 м бийиктикте архитектура эстелиги жана шаардын эн кооз жерлердинин бири Сулайман Такты мечити курулган. Сонку он жылдыкта бул курулуш Темирдин (Тамерлан) урпагы Мухаммад Захириддин Бабурдун ысымы менен байланышкан жана Бабурдун уйу деп аталган. Ош шаарынын аксакалдары айткан элдик уламышта томонкудой айтышат.
    Бир жолу Сулайман пайгамбар Ош тоосунун чокусунда сыйынган. Ал тизеси ташка коюп, башы жерге тийгенге чейин кудайга сыйынган. Сулайман пайгамбардын чекесинин жана тизесинин таштагы издери кылымдар бою туболокко калган. Ошол мезгилден бери Сулаймандын таштагы издери ыйык жер болуп эсептелет жана элде Сулаймандын издери «Кадам-Жай» деп аталат, ал эми тоо болсо Сулайман пайгамбардын урматына «Сулайман Тактысы» деп аталып калган.
  • 14 дек 2016 21:45
    Ош облусу

    Ош облусу 1939-жылы 21-ноябрда уюшулган. Коптогон жылдардын аралыгында анын курамы дайыма озгоруп турган. Ош облусунун азыркы аймагы олконун туштук болугун ээлейт. Облустук борбор – Ош шаары – Орто Азиядары байыркы шаарлардын бири. Ал Кыргызстанда калкынын саны боюнча экинчи болуп саналат. Облустун курамына 7 район, 3 шаар, 2 шаарча, 79 айыл окмоту, 469 айыл кирет. Калкы – 1229,6 мин адам. Аянты – 29,2 мин кв. км. 
    Шаардын ортосунда мусулмандардын зыярат кылуучу жери – Сулайман тоосу бар. Тоо этегине динге ишенгендер мазарларды, мечиттерди курган, алардын бир болугу биздин убакка чейин сакталып калган. Тоодогу ункурдо музей бар. Оштон алыс эмес Озгон шаарында XI-XII кылымдардагы архитектуралык комплекс – Озгон мунарасы бар. Бул мунара 11 оймо-чиймелуу тилкени камтыйт. Анын бийиктиги 27,5 м.
  • 14 дек 2016 22:08
    Достор бул маалыматты интернет булагынан чогултуп сиздерге сунуштаган Алга Кыргызстан группасы болду
  • 14 дек 2016 22:08
    Биз менен бирге болун кызыктуу маалымат кааласаныз
  • 15 дек 2016 11:48
    Ордолуу Ош тууралууу 10 факт сунуштап кетейин интернет булактарынан чогулткан анда эмесе кеттик
  • 15 дек 2016 11:50
    1)Болжол менен 30 кылым мурун туптолгон.Кокон хандыгы кулатылгандан кийин,1876-жылы шаар деген расмий макамды алган
  • 15 дек 2016 11:51
    2) Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат
  • 15 дек 2016 11:56
    3) Ош шаары туурасындагы уламыштарда дуйнолук тарыхтын эки каарманы Сулайман(байыркы израилдик Соломон падыша)жана Искендер Зулкарнайн(грек башкаруучусу Александыр Македонсккий ) камтылат
  • 15 дек 2016 11:58
    4) Сулайман тоонун так жана толук аталышы  "Сулайман тактысы" Шаардын чок ортосунда жайгашып,экинчи Мекке деген бейрасмий аты бар.
  • 15 дек 2016 12:05
    5) Кааланын аталышынын жаралыш тарыхы туурасында окумуштууларда бир пикирге келише элек. Бирок эл арасында Сулайман падыша алгач келгенде "хош" шаар деп баалагандыгы ошондон улам Кыргызчаланып Ош деп аталып калгандыгы айтылат бул соз турк тилинде "кооз сонун"деген мааниде. Ошондой эле азыркы Ош шаары жайгашкан биздин доорго чейинки биринчи кылымда Даван мамлекетинин Гуйшан деген баш кааласы болгон Ош кааласы балким ошол аттын аталышында калышыда ыктымал
  • 15 дек 2016 12:08
    6)Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып,уч дарбазасы болгон. жер ортолук денизди, жакынкы чыгышты памир.тибет.кытай жана индия менен байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун ири соода борбору болгон
  • 15 дек 2016 12:09
    7) Дениз денгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан
  • 15 дек 2016 12:11
    8) Тургундардын расмий саны – 275 800. Калаанын чет жакасындагы тургундарды кошкондо 500 миңден ашат. Шаарга 11 айыл баш иет. Айтмакчы, байыркы Гуйшан шаары да эң жыш жайгашкан калаалардан болгон экен.

    9)Ош шаарынын ордени да бар. Мындан туура 16 жыл мурунку туулган күнүндө "Данакер" орденин "тагынган". Мамлекеттик сыйлык өлкөнүн экинчи борборуна 2000-жылдын 4-октябрында президенттин атайын буйругу менен берилген. 



    10)Ош шаарына "бир тууган" калаалар болуп Россиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Кытайдын , Синин, Ланчжоу, Фошан, Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Амасья, Самсун, Тажикстандын Худжанд жана биздин өлкөдөн Каракол шаары саналат.