ЖАНЫ ЖЫЛДЫК САЛАТТАР!!! - 849916904680
ЖАНЫ ЖЫЛДЫК САЛАТТАР!!! - 849916905192
ЖАНЫ ЖЫЛДЫК САЛАТТАР!!! - 849916904936

ЖАНЫ ЖЫЛДЫК САЛАТТАР!!!

“Кара чыйырчык” салаты
Кандай азыктар керек?
Уйдун сулп эти: 200 г
Картошка: 1 даана
Жумуртка: 4 даана
Зайтун: 100 г
Кызыл болгар калемпири: 1 даана
Майонез: 200 г
Кантип жасалат?
Этти, картошканы, жумуртканы өз-өзүнчө бышырып аласыз да, муздаган соң эт менен картошканы кубик кылып, жумуртканын агын майда кылып өзүнчө, сарысын өзүнчө туурап аласыз.
Анан тарелкага чымчыктын формасы менен кабат-кабат кылып тизе баштайсыз:
1-кабат: эт+майонез
2-кабат: картошка+майонез
3-кабат: жумуртканын сарысы+майонез
4-кабат: зайтун, жумуртканын агы жана майда тууралган кызыл болгар калемпири.
“Кар үстүндөгү балатылар” салаты
Кандай азыктар керек?
Жумуртка: 7 даана
Шампиньон козу карыны: 250 г
Тооктун эти: 250 г
Бадыраң: 2 даана
Помидор: 2 даана
Алма: 2 даана
Мандарин: 2 даана
Лимон: 1 даана
Салат жалбырагы
Туз, калемпир
Кантип жасалат?
Тооктун эти, жумуртканы сууга бышырып аласыз.
Козу карынды майда кылып туурап, өсүмдүк майына кызарта кууруп аласыз.
Жумуртканын агын майда кылып туурап аласыз.
Тооктун этин узун-узун кылып туурайсыз.
Бадыраңдын сыртын кооздоо үчүн алып коёсуз да, ичин узун-узун кылып туурайсыз.
Алманы да узун-узун кылып туурап, карарып кетпеш үчүн лимон ширесин аралаштырып коёсуз.
Мандаринди, помидорду да узун-узун кылып туурайсыз.
Тууралган азыктардын баарын кошуп, майонез менен аралаштырасыз.
Тарелкага салат жалбырагын салып, анын үстүнө салатты саласыз. Дөңдү элестетүү үчүн салатты тарелкага үйүп салсаңыз болот.
Эң үстүнө тегиз кылып жумуртканын агып себелейсиз.
Даяр болгон салатты бадыраңдын сыртынан ар түрдүү формада кесилген балатылар, анардын дандары менен кооздойсуз.
“Календарь” салаты
Кандай азыктар керек?
Кайнатылган колбаса: 200 г
Помидор: 1 даана
Бадыраң: 1 даана
Жумуртка: 6 даана
Консерваланган жүгөрү: 1 калай банка
Каймак: 1 стакан
Кантип жасалат?
Азыктардын баарын узун-узун кылып туурайсыз.
Тууралган азыктарды биринин үстүнө экинчисин кабат-кабат кылып тизесиз.
1-кабат: кайнатылган колбаса
2-кабат: каймак
3-кабат: консерваланган жүгөрү
4-кабат: помидор, бадыраң
5-кабат: каймак
6-кабат: жумуртка
7-кабат: каймак
Кооздоо үчүн консерваланган жүгөрү, кызыл болгар калемпирин, сууга бышкан сабиз, укроп жана анардын дандарын пайдаланасыз.
Жаңы жылдык торт
Кандай азыктар керек?
Шпрот: 1 калай банка
Күрүч: 1 стакан
Картошка: 2 даана
Сабиз: 2 даана
Бадыраң: 2 даана
Жумуртка: 8 даана
Кетчуп, майонез
Салат жалбырагы
Кантип жасалат?
Күрүчтү бышырып аласыз.
Картошка, сабиз, жумуртканы да сууга бышырып, муздаган соң кубик кылып туурайсыз.
Бадыраңды да туурап, азыктардын баарын кошуп майонез менен аралаштырасыз.
Тарелкага салат жалбырагын салып, анын үстүнө тегерек формага келтирип тегиз кылып салатты саласыз.
Шпротту кашык менен жакшылап эзип, салаттын бетине жана капталдарына шыбайсыз.
Салат-торттун бетин майонез, кетчуп, салат жалбырагы, сабиз жана бадыраңдын кесимдери менен кооздоп коёсуз.

Комментарии

Комментариев нет.