Комментарии
- 7 апр 2018 08:44▫ ▫Курбун да сенин бактылуу болушунду каалаган дечи. Ошо куйоо сорой не сени алдап аял кыла албады десен. Тагдыр.
- 7 апр 2018 09:33Дарика )акмактар да бироонун тагдырын талкалаган.
- 7 апр 2018 22:13А КТушунук жок да
- 8 апр 2018 13:02жумакул сатылгановаКонулун жок адам менен жашаган ото кыйын,куйоон он жашка улуу болсо,конулунду таап суйдуруп албаган экен,окунучтуу
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
АЙТЫЛБАГАН АРМАНДАР
Салам урматтуу окурмандар.
Оз оюм менен сиздерге болушкум келет.Мумкун болсо кенеш берип койосуздарбы? Мектепти аяктап шаарга окууга тапшырдым окууда журуп ар кандай адамдарды коруп ар бирине озуно жараша мамиле тузууго аргасыз болот экенсин ошол эле кундордун биринде дос кызым мага айтып калды менин агам шаарга жумуштары менен келе жатат экообуз чогу тосуп келели деп мен эч оюмда жок эле макул болуп экообуз вагзалдан тосуп алдык агасы бизди кафеге киргизди кадимкидей эле учообуз тамактанып отуруп мени тааныштыра кетти менин эч оюмда жок эле эч нерсе анткени агасы бизден коп жаш улуу эле мен да аны агам катары коруп суйлошуп отуруп тамактандык биз антип минткенче эле саат 9-10 болуп калды тунку ошол менен мен курбум менен коштошуп уйго кайттым. Эжемкинде турчу элем ошентип сабак окуп уктайм дегенимче саат тунку 12-1болуп кетти. Эртеси сабакка келдим сабакта курбу кызым жок экен телефонуна чалсам очук ошол менен мен сабакты бутуп тушку 2-3то уйго кайтра жолумда курбу кызымды жолуктурдум анын сабакка неге келбегенин сурасам уктап калганын айтты мен эч нерседен бейкапар элем. Ошентип мен уйго кеттим дегенде курбум женесинин уйуно барып келели деп отунду оюмда эч нерсе жок макул бирок эрте кайталы эжем бугун конокко барат деп эскерттим ага макул деп жооп берип мага журу деди. Женесинин уйуно барсам элдер коп жургон экен оюмда жок сурай салдым неге эл коп деп? эртен конок тосот ошого даярдык коруп жатат деп койуп жур уйго кирели деди мен жок сени кочодон кутом десем ага конбой киргизди уйуно кирсем баары эле мени карайт мен да тан калдым эмнеге мени карашат деп курбума айттым журчу бол эртерек деп ал азыр дегенин койбоду ошо менен ал бир убакытта азыр сен отуруп тур мен келем деп эшикке чыгып кетти коп узабай кемпир кезектер келип мага жоолук салмай болду мен эч тушуно алган жокмун эмнеге эмне учун деп сен эми бизге келин болосун дегенде гана эсиме келе тушуп кыйкыра баштадым курбумдун аты Айгерим эле. Мен отурбайм деп ыйлап кирдим Айгерим болсо жок чакыртып жатсам да келбей койду аягында мага куйоо болуучу ким дегенимде мага куйо боло турган баланы чакыртышты эшикти аттап кирип келе жатканда эле мен аны карап эле туруп калдым Арген байке сизби десем башын ийкеп ооа дейт ошондогу менин абалымды бир да адам тушунбоду сиз менен 10жаш улуусуз мен сизди агамдай кором деп айтсам унчукпай турат мени карап. Корсо мени Айгерим агасы менен тааныштырыш учун кафеге чакырганын билдим. Ызы чуу копко созулду мен копко отурбай чан сала бердим ошентип арга жоктон конууго туура келди эжемдер да келишти мен тааныбайм десем Арген мен тааныйм экообуз таанышпыз кече кафеде бирге болдук деп эжеме жооп берип эшикке чыгып кетти ошо менен отуруп калдым. Жашоо деген ушунда болот экен деп отурдум кундор отоуп жатты баягы мага курбу болгон Айгерим жок корсо ал Аргендин жээни экен мен ошондо билдим. Жашообуз копко узаган жок 2-3айдан кийин ажырашууга туура келди аны менен омур бою жашай албасымды билдим анткени ал менин конулумдогу адам эмес эле канча жашайм деген ойу менен алек болду мен коно албай койдум анын ар бир кылган мамилеси кордугуна чыдабас элем. Ошентип ажырашып кеттик мен айтат элем азыр бироого бироо жаны ачыбайт экен анткени менин тагдырымды оз курбум талкалады ортого тушуп. Азыр ойлоп корсом ажырашканым жакшы болгон экен деп же болбосо анын кордугунан коз ача албай журо бермек экем.(азыр бироого ишенгенден да калдым) Ошондой саткынчылыктан ар бир кызды сактасынчы.