Ачылып сырын алар да айтпады, мен да сурабадым. Балким, оздорунчо турушса, ынтымактуу, жакшы жашап кетишээр деп ойлоп үй табылышына шашам. Акылбек “кулактандыруу” боюнча, бир топ уйлорго барып дагы жолу болбой келди. Наргүл бугун да адатынча уктап жатып, саат бирге жакын турду. Эки кабагы эки муштумдай болуп, ак шишик. Коздорунун чынысы канталап, каректери убайымдуу. -Эмне, ооруп калгансынбы? Аябай шишип-көөп калыптырсын, - Акылбекке жасаган мамилесинен конулум калса да сураган болуп койдум. Баари бир түбөлүктүү үй-бүлө болуша алышпайт го бул экөө, деген ойдо озумчо эле кейишке тушуп алдым. Наргүл менин созумо жооп берсемби, бербесемби дегенсип туруп, тээ бир оокумдан кийин: -жок, эч жерим деле оорубайт. Озум эле тундо тынчы жок уктап чыктым. –деп кабагы карыш тушуп сусайып койду. -Ай таң, корунушун жакшы эмес деги. Кабагын буркоо, сабырын суз. Иштеп алсан жакшы болот эле. Атайы жолдомо алып келген, иштөочү жериңе да бара элексин. Же бизге капасынбы? -Жок, жок, эжеке, сиздерге эмнеге капа болмок элем. Мен өзүм эле... Акылбек аялын жасамалдап, актай суйлоду. -Наргүл санаачыл, эжеке. Өз атасы да, менин апам да ооруканада болуп, келиниңиз ошолордон санаасы тынбай тынчсызданып журот. Болбосо, силерге капа болгудай кандай жөнү бар? “Аа, байкуш бала, -дедим ичимден, -Наргүлдүн жамандыгын чыгаргысы келбейт ээ. Мени эч нерсе билбейт, эч нерсе уккан жок деп турат го оюнда. Антпегенде кантсин анан, жамандыгын жашырып, жакшылыгын чыгаргысы келет да үй-бүлө болгондон кийин” деп ойлоп сыр билгизбей жымсалдадым: -Аа, ошондой де. Кайненесин аяп, кайненесинен санаасы тынбай журсо, колуктун анда жаман киши болбойт экен, Акыбай. Ылайым ошентип эле ата-энеге күйүмдүү болуп, ынтымактуу жашасанар экен. Билбейм айтор, кабагын бурколсо эле менде жан жок. Эмитеден ортонорду шайтан болуп кара мышык аралап кеткенби деп корккон элем. Корсо эне-атанардан тынчсызданып жургон балдардан турбайсынарбы. Жакшы болуп кеткиси бардыр. Наргүл биздин созубузго ак да деп, көк да деп аралашпай, бул создун ага эч бир тийешеси жоктон бетер, озунчо ой басып, тунжурап олтура берди. Акылбек колутусун бир карап коюп, кулгон болуп мени жооткотту: -Жок эжеке, кара мышык араласа болбойт го. Бардыгы жакшы. Бардыгы ойдогудай. Бир жаман жери келиниңиздин ушул жерге келгени, эмне учундур табы болбой ооруп журот. Акылбектин созунон улам, “экоо мурда аралашып жаштык кылып жаздым басып алышып, нрагүл кош бойлуу болуп, курсагына бирдеме туйүлүп калса, ошонун айласын таппай уялып жүрүшсө керек” деп ойлоп койдум. “Ууру кылсаң жалгыз кыл, экөө болсо бирөо айгак” дегендей жолдош болсо эле, бардык сырын айтта бермек беле. Кээ бир адам созго саран, сырга бек, кесип алса кан чыкпагандардан болот. Ошон учун Элал да, Касиет да булар жонундо эч нерсе билишпейт. Анан калса азыркы кыздар жедеп сары карын болуп, бойго жетип келип жатпайбы. Ай байкуш Акылбек, эч бир сыр билгизгиси жок. Анан антпегенде кантет. Ар бир адамда ар-намыс, уят-сыйыт деген улуу журт бар, -деп мурда эле ойлоп жургон оюмду кайталап ойлоп койдум. Биз ушинтип бирде суйлошуп, бирде урушкан нмедей дымып олтурган кезибизде институтка кеткен Касиет жадырап жайнап кирип келди. -Акыл! Сүйүнчү, үй таптым. Билесиңби, үй болгондо да кандай үй дейсин, момундай! - ал башбармагын корсотту. -Ырас болгон тура. Бая кунтодон эле үй издегени сени аттантсак болмок ээкен,- тамашалай суйлодум. -Жөн-жай айтчы, ким дегендин үйү экен? -“Берейин деген кулуна, белен кылат жолуна, бербейин деген кулуна, сатса чыкпайт пулуна” дегендей, институттан чыгып, тырмагымды оңдотоюн деп маникюрга баратсам, алдыман Алексей Андреевич менен Валентина Николаевна чыгып калса болобу. -Ии, ырас болгон тура, ал кишилерди мурда таанычу белең? -Эсиңиздеби, эжеке, мария Павловнанын Алексей деген мугалим баласы жонундо апамдын баякы сизге айтканы. -Ооба, ооба, эсимде. Жумагүл ал жонундо узун сабак соз айтпады беле. -И. Ошолор шаарда турушат. Элалга кете элегимде, алардыкына бат-бат барып туруучумун. Мен алардын ашык баш бош үйү бар экенин эсимден таза чыгарып коюптурмун. Бирок, алар үйүн патирге такыр беруучу эмес. Сыягы жайда болобу, куздо болобу, балдары отпускага келгенде бала-бакырасы менен кеңири турушсун деп атайы сакташса керек. Мен Акылбектин акыркы курста окуурун айтып, инститтуту буургонго чейин деп суйлоштум. Макул болушту. Кокустан балдары келип кала турган болсо, дароо бошотуп беребиз деп убада бердим. Мына ушундай кабар. -Жакшы кабарын бар экен, -деди Элал кулуп. –Ракмат сага Касиет. Суйунчудон кутулууга кудурет жетет -дей тамашалады. Касиеттин созун угуп, бирибиз эмес баарыбыз кубанып калдык. Бирок, суйунгон-суйунбогону билинбеген жалгыз Наргүл болду. Ал соз да суйлободу, конул да бурбады. Акылбектер ошол кундун эртеси кочушту. Озумдун өзөгүмдөн чыккан тун баламды болуп жаткансып, экөөнө зарыл керек идиш-аяк, чака-чайнек, стол, стул кылып кочуруп бардык. Биз келгенде дарбаза ачык экен. Сыягы үй ээси жаңы коңшусу келип калабы деген ой менен бекитпеген окшойт. Короого кирээрибиз менен огород жактан улгайып калган эрди-катын ээрчише чыгып бизди коздой басып келип, озуна салам айтышты. Биз да саламына салам менен жооп берип учураштык. Аңгыча Касиет ортого тушту: =Эжеке, таанышып коюңуз, менин аяш энемдин тун улуу Алексей Андреевич деген ушул киши. Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы. Кесиби боюнча педагог. А бул киши болсо Валентина Николаевна, Алексей Андреевичтин жубайы. Кол алышып коруштук. -Сен ырас бул кишилердин тек-жайын жкашы билет турбайсынбы, ыя Касиет, -деди Акылбек. -Ооба, ооба, ошондой жигит, касиеттин ата-энеси менен бир туугандай болгон жакын кишибиз. Жамандыгыбыз болбосо, жаттыгыбыз жок. Алексей Андреевичтин кыргызча таптаза сүйлөгөнүн угуп, таңдана тиктеп калыптырмын. Ошол маалда Касиет, бир нерсени унуткандай серпиле тушуп: -Оо, кечиресиздер, - деди үй ээлерине карап, -сиздер менен өзүбүздү, сиздердин көчүп келип жаткан коңшуңузду тааныштырган эмес турбаймынбы. Алексей Андреевич борс-борс кулду. -Мен дагы эмне болуп кетти десем, туугандарым менен тааныштырбай калдым деп күнөөлүү болуп жаткан турбайсынбы. Айтпасан деле, бул киши, кечээ өзүң айткан эжең экенин түшүнүп турам. А бул балдар менен өзүбүзчө, силер кеткенден кийин шашпай таанышып алабыз. Кана, эмне карап турасыздар, үйгө киргиле... "Адам өз жамандыгын өлгөнчө билбейт, киши жамандыгын кирип чыкканча билет” дегендей, үй ээлери Акылбекке да, мага да дароо жакты. Анан калса, экөө бирдей жүздөрүнөн мээримдүулүктүн нуру төгүлгөн, салабатуу адамдар экен. Үйо киргенден кийин биз менен көргөн-билген эски тааныштардай сүйлөшүп, байбичеси балпаңдады: -Мынакей, студенттердин жашай турган жайы. Таза, жарык, кенен. Тура беришсин. Балдар бойго жеткенде уядан учкан куштай болушчу неме тура. Үч уул, эки кызыбыз бар. Бешөө тең беш жерде шаар, акар-чакар. Кенже кызыбыз күйөөсү экөөбү бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жатышат. Улуу кызым Бишкекте. Уулдарыбыздын улуусу аскер кызматында иштейт. Экинчиси ата жолун жолдоп мугалим, дагы бирөө спортко мастер. -Этек-жеңи жайылып, өркөнү өскөн жакшы кишилер турбайсздарбы. Мен бир нерсеге түшүнбөй калдым, кичүү кызыңызды бөтөн эле, бөтөн жерде иштейт дегиниңиз кандай? – дедим чыным менен эле жакшы түшүнө бербей. -Аа,-деди Алексей Андреевич, күлүмсүөп суйлоп, -Алар Германияда иштейт. Бири мугалим, бири врач. Советтер союзунун территориясы болбогондон кийин бөтөн эле, бөтөн жер деген ошол да. Балдарыбыз жайда жыл сайын отпускага келип турушат. Анда небере-чобөрөлөрүбүз менен бака-шака түшүп бул короо кудум базар болуп кетет. Кемпир экөөбүз ошолордун деминен кайра бир жашка жашаргансып демдене түшөбүз. Бишкектеги кыз-күйөө балдары менен огородду гүлдөтүп турушат, кармап турушат. Жазда алма-өрүктөрдү уулап, дары чачып, айдалуучу жерлерди айдашып, жашылча-жемиштерди олтургузуп кетишет. Азыр малинаны терүүгө шаа жетпей, жерде төгүлүп жатат. Балдардын кыял-жоругу жарашса, дүкөнгө чуркашпай, базарга барышпайт. Анан чогууңар менен кирип, бакиын ичин көрүп, жер-жемиштен жеп, баштык-үштүгүңөрдү толтуруп кеткиле. -Силерде короо-жай барбы? -Бар, бар. Өзүбүздүкү өзүбүзгө жетет. -Жакшы экен анда. Жер үй го менчик. -И, өз үйүбүз. -Дурус, дурус... Булардын огородуна кирбей туруп эле, менин кыялымды кытыгылап, көз кумарды алып турган атыр жыты аңкыган, ак-кызыл розалар менен жоогазындар. Астра менен лилия гүлдөрү, короо-жайдын иреттүүлүгү, үй ичинин айнектей жаркыраган тазалыгы болду. “Канчалык тыңсынып тытынганыбыз менен короо-жайды күтүп, огородду иштетүүнү эмне үчүндүр буларчалык билбейбиз” деп ичимден, өзүмө-өзүм суроо берип турдум. Биз бөтөн үй, бөтөн адмдарга келбестен өзүбүз эң жакын адамдарыбыздыкынын бирине келгенсип, конулубуз толуп кайттык. Касиет экообуздун колубузда ар башка гулдон өз-өзүнчө гүлдесте. Атасыныкына торкулоп барып келеткансып, Касиеттин кубанычытан эки бети албырат. -Тигинден терип алгыла десе да болбодук, мындан терип алгыла десе да болбодук. Байкуштар тим эле берээрге эчтекесин таппай калышты. -еле элек жатып уят эмеспи. Өзүбүздүн алма-өрүк, өзүбүздүн жер-жемиштер өзүбүзгө жетет. Ач көздүктүн кереги не кызым. Дагы куру кол кеткен жокпуз. -И, гул алдык. Жакшы адамдар бекен, ыя эжеке! -үнүн мукам чыгарган Касиет кыбылжый сүйлөп. –Байкуш Акылбектин пейлине жараша, убактылуу болсо да жакшы үйгө, жакшы адамдарга туш болду. Байкадыңызбы, эжеке, Наргүл бүгүн да ыйлаптыр. -Байкадым. Жүйөөсүз жерден ыйласа көзүнө ак түшсүн. Кантип чыдайт Акылбек, бул шайтан кууратат экен го минтип отурса. Эч нерсеге тушунбойм. -Жалгыз эле Наргүл дейсизби, Акылбектин озундо да айыкпас дарты бар сыяктуу. Ачылып сыр айтышпаган да немелер экен. -Билбейм деги, эмнеси болсо да бир балекети бар бул экөөнүн. Акылбек суу ичкендей шапайып, өңүнөн азып жүдөп кетти. Өзүң айткандай сырга бек балдар экен. Бир-эки жолу чекмелеп “Эмне эле колуктуңдун кабагы ачылбайт. Өзүң дагы өзгөрүп кеттиң” десем, “Мен апмды ооруп жатканына тынчсыздансам эле, Наргул да сарсанаа болуп убайым тартат окшойт. Анын үстүнө анын өз атасы да ооруканада эмеспи” деп улутунуп койду. А балким, Акылбектин айтканы туура чыгаар. Чыны менен эле, жамандык башынан өтпөгөн немелер ата=энесинен санаалары тынбай жүрүшкөндүр, ким билсин. (Мен Касиетке, тигилерден уккан баягы уу тилдүү сөздөрдү жашырып айткан жокмун). -Жок эжеке, Наргүлдүн капасы кайнене менен атасы эмес. Көрөсүз го. (Наргүлдүн Акылбек менен урушуп жаткан жагымсыз сөздөрүн Касиет да угуптур. Бирок, эстүү келин бул жөнүндө мен эле эмес, күйөөсү Элалга да оозунан чыгарбаганын мен кийин өзүнөн уктум). Баякы биздикинен кеткен бойдон Акылбек да, Наргүл да каттаган жок. Алардын ишенимдүү, жакшы адамдардын ордосунан орун тапкандарына кубанганым менен баякыдай эле ичимди ит тырмап жатты. Акылбек менен Наргүлдү ар дайым күтөм. Тамак жасаган сайын ошолорду ойлоп, келип калчуудан бетер кылчаңдай берем. Акылбекти, тишинин кирин соруп кезээрип ачка жүрөбү деп аям. Анан, алар бизден алыстап каттабай баратканынан улам, “биздикинен кете алышпай эле, мойнунан байланган итттей болуп жүрүшкөн экен” деп да кетем. Кундөр өтүп жатты. Күркүрөгөн күз өтүп, кылычын алып кыш келди. Жер бетин ак кар, көк муз каптады. Наргүл менен Акылбек баякы каттабаган бойдон, бизден алыстап караан узуп баратышты. -Э Касиет! - дедим окуудан келип, чечинип жаткан кызга. –Деги сен Акылбекти көрүп жүрөсүңбү? Колуктусу экөө кандай жашап жатышат болду экен? -Мен деле баякы Алексей Андреевичтикине барып, акыркы жолу гүлдүн уругун алып келүучүдө көргөн бойдон Наргүлду такыр көрө элекмин. А, Акылбекти болсо көруп калам кээде. Алардын окуу корпусу башка эмеспи. Билбейм, жакшы эле жашап жатышса керек. -Ай таң, ошол экөөнүн жакшы жашап жатканынан күмөмүн. Күндө болбосо да, анда-санда келип турушса боло. Чынымды айтсам мен Акылды сагындым. Аларды келбейт деп, биз да барбай койдк. Деги ушулардын кабарын уксам жакшы болоор эле. -Барып келейинби үйүнө? -Ата, кагылып кетейин, барсаң кана, мен аны сага айталбай жатпаймынбы. Үйүлөрүндө болсо эжем чакырып жатат деп айт. Колуктусу экөө келип кетишсин. Же, Элал жок деп келгилери келбейби. Элал болбосо сен барсың. Сиз менен эч качан кол үзбөйм, эжеке дечү эле, анысын унутту ал бала. -Эмнеге Элал жок дешсин. Мен эмес, сизди ойлошпойбу. Мениче ушулардын убактысы болбосо керек. Басы, аялы жумуштан кеч келет экен деп, бир группалашы айткан. Суу алган да, от жаккан да, тамак жасаган да Акылбек имиш. -Мейли, жасаса өздөрү үчүн жасайт дечи. Бири-бирине жардамдашпаса болобу. Деги эмнеси болсо да, экөөнүн кабарын алчы барып... Касиет ошонун эреси үйгө кеч келди. Аябай үшүп кетиптир. -Акылдыкына бардым, -деди мээлейин чечип, колун үйлөп. Көздөрүм ачыла түштү. -И, бар бекен үйүндө? -Жок экен. Алексей Андреевичтикинде бир саатча күтүп отурдум. Келишпей кечигип баратышканынан кете бердим. Баса, эжеке, сизди Валентина Николаевна келип кетсин деи. -Мени эмне кылат экен? Балакет болгон турбайбы, мени ошолор жөнүндө чакырып жок бекен? -Билбейм, эмнеге чакырып жатасыңар деп сураган жокмун. -Деги, ошолор үйдө жашап жатышыптырбы? -Ооба, ошондо эле жашап жатпаганда кайда барышмак эле. Акылга, эжем силерди келип кетсин деп, чакырып жатат деп кат жазып калтырдым. Окуса келээр. -Ырас болуптур, кат таштаганын. “Мени эмнеге чакырышты экен? Же Акылбек менен Наргүлдүн ортосунда чыр-чатак болуп, үй ээлеринин тынчын алып жатышты бекен?” деген сыяктуу сан түркүн ойлорду ойлой берип башым шишиди. Өздөрү келип калса, угам го деп ойлоп, Акылбек менен Наргүлдү күтө берип чыдамым кетти. Тыштан ит урсө да, дабыш чыкса да, эшик ачылса да, жүрөгүм алкынып, күтүүдөн көздөрүм чачырайт. Качан гана мен күткөн адамдар эмес эле, өзүбүздүн бала-чака же кошуна-колоң болуп калса, супсунум сууп, ынданым өчө түшөт. А балким, аларды мен өзүм таарынтып алдым бекен?! Мындай болушу да мункүн. Алардын биздикине келип, бирге жашап, бирге турган күндөрүн минут-саатына чейин эстеп, ойлоно берип, кадыр-көңүл калышкандай кайсыл жагынан күнөө кетирип, жаздым басып алганымды таппай убара боло берем. Мен эми Наргүлгө таарынбай, акылбекти күнөөлөп, Акылбекке таарына баштадым. Атаңдын көрү-ү, “Бөрү баласы ит болбойт” деген ушул болсо керек деп ойлодум. Эртеси күнгө дем алыш болчу. Акылбек менен Наргүлдү үйүнөн чыгып кетелекте басайын деп эрте жөнөдүм. Ошол түнү шаарга тушардан кар жааган. Мен келгенде үй ээси күрөлүп бүткөн карлардын күрөккө келбей, короонун булуң-бурчунда калган бүртүктөрүн төө куйруктан жасалган барпайган чоң шыпыргысы менен мизилдетип шыпырып жатыптыр. Мени көрүп эле, иштеп жаткан ишин дароо токтотту. -Саламатсызбы! Кутмандуу кунүнүз менен Алексей Андреевич! -Саламатчылык, саламатчылык. Келиңиз. Башыңызга чөп сындырып койсом бекен дейм. Бир келген бойдон келбей кеттиңиз го. Балдардан кабар алайын деп бүгун эртелеп чыгынган экенсиз. Бирок, жаздым басып алганыныз жаман болбодубу. Уул-келининиз эртең менен эрте үйүнө кетишти. Кечээ кандайдыр экөөнө тең телеграмма аркылуу соттон чакырык кагаз келген. Сотту угуп чочуп кеттим. -Чакырык дейсизби? -Ооба, чакырык. Эмне деп айтаарымды билбей тилим буула түштү. Ушул кезде ар жактан Валентина Николаевна салм айтып, биздин жаныбызга басп келди. -Эмне чакырык, эмне сот экенин айтышкан жокпу? - Жок, айтышкан жок. Биз да сураган жокпуз такып. Чакырыкты кол коюп берип биз алып калганбыз. Кечинде Акылбекке берсек, өңү өчө түштү окуп көрүп. Эринин сөзүн байбичеси бөлдү. -Бала түзүк бала экен. Аялынын чырайы менен тилинен башка касиети жок неме көрүнөт. Нагүл турмушка даярдыгы жок чыккан кызбы, билбейм. Үй кармаганды, күйөө сыйлап, эр күткүндү билбеген келин экен. Балким, көргөн өскөнү, тарбиясы ошондойбу, ким билсин. Бойго жеткен кара далы кыздын даамдуулап тамак жасап,идиш-аякты жаркыратып таза жууп, таза кармаганды, чатыратып кир жууганды билбегени жакшы эмес. Порошокту көп салса эле кир жакшы жуулуп, жакшы чыгат деп ойлосо керек. Мактанганы эле эже-жезделеринин иштеген иши, ээлеген орду, мансабы. “Атаны арман күн айе, буларга сыры белгилүү болгон экен” деп ойлоп, ичимден бушайман болуп, эсимден кетпеген иш соттон келген телеграмма болуп турду. Анан булардын “келип кетсин” деп мени чакыртканын эстей коюп, сурадым: -Кечээ мени келип кетсин деп Касиеттен айттырган экенсиздер. Деги тынччылыкпы? -Ооба, ооба, келип кетсин дегенбиз. Өрт күйгөн деле эч несе жок, тынччылык эле. Бир жаман жери экөөнүн ынтымагы жок экен. Колуктусунун тили бир кулач тура. Мындай жактууга жай бербеген тажаалды кыргыздан да, орустан да көргөн жок элем. Сөзду ыр жаттагандай айтып, калпты чындап сүйлөгөн неме экен. Пай, пай, пай, мындайды ким көрүптүр. Келин бизди көзүнө илбей калды. Эрин тытып, короого сүйрөшүп чыгышчу болду. Тынчтык бербей баратат бизге бизге. Эки күндүн биринде, кетем деп качып Акылбектин жазасын колуна берет. Же кетсең кете бер деп анысы тим койбойт. Эркек өңдөнүп кайраты жок, жашык бала экен. -Андайларын деле байкабаптырмын. Келин тилдүү экен деңизчи. -Мен кыргыздар менен аралаш, бир тууганча жашаган адаммын. Ошон УчУн кыргыз жаштарынан тартып карыларына чейин мүнөздөрүн жакшы билемин. Кичүүлөрү улууларын сыйлап, тартынып турушат. Аялдары эрлерин кудайындай көрүшөт, айтканын айткандай аткарып сыйлап турушат. Ошон үчүн “Эр сыйлаган эшикке жатпайт, ат сыйлаган жөө баспайт” деген сөз атадан балага, укумдан тукумга сакталып калган. Бул келин андай абийир сактаган ыймандуу келиндерден эмес. Кошуналар укса уят деп ийменүүнү билүүчү неме көрүнбөйт. Акылбек колуктусунун азабын тартып, беймаза болуп жүргөнүнөн, сизге бир ооз айталы дегенбиз. Сотко чакырыла турган булардын эмне иши, кандай чатагы бар экенин сиз деле билбейт турбайсызбы, -деп Алексей Андреевич кейиштүү күрсүнүп койду. -Булар ынтымактуу үй-бүлө болуп, бул турпаттары менен түбөлүк жашай алышпайт. Акыры көрөсүз го. Менимче, аялы күйөөсүн теңсибейт. Баарыбыз эле аялбыз, эгерде сүйлөшпөй үйлөнүшсө, экөөнө тең кыйын, -деп сөзгө аралашты Валентина Николаевна. .. Мен үйгө маанайым пас келдим. Акылбектерди угуп Касиет да таң калды. Ошол бойдон Акылбек менен Наргүлдөн кабар болбой, арадан ай өттү. Мен үйгө жаңы келген газета, журналдарды карап олтурат элем. Тыштан келген Касиет колуна бир калың конвертти кармаган калыбында көкөлөтө кармап силкилдетти. -Эже, мына бул каттын кимден экенин билесизби? -Жок, билбейм. Кимден экен? -Акылбектен килиптир. -Акылбектен дейсинби? -Кубанганымдан ордуман тура калганымды өзүм да билбей калдым. –Ал кайда экен өзү? -Адресин жазбаптыр. Ичинде болсо керек. Колума конверттен кат эмес эле, Акылбектин өзү чыга калчудан бетер, шашып ачтым. Чакмактуу дептердин беш-алты барагына мөлтүрөп, шурудай тизилген кол жазмага карегимди кадап, дем тартпай туруп калдым. -Узак жазылган, көп сөзэкен. –баракты санай баштадым. –Бул бизди сүйүнтө турган кубанычтуу кат болбой калды го, ыя, Касиет. -Окудуңузбу? -Жок, окуй элемин. Эмне үчүндүр окугум келбей турат. -Эмне үчүн антесиз, окуңуз. Балким жакшы каттыр. -Ким билет кагылайын, катта жагымсыз кабар барбы деп жүрөгүм эмне үчундүр даабай жатат. -Коюңузчу, кайдакы жаман кабар болмок эле. Же мен окуп берейинби? Бериңизчи көрөйүн. -Жок, мен өзүм эле окуйм. –(Көңүлүмдө кокус башка эч бир адмга айтылбай турган жагымсыз сөздөр болуп калса, Касиетке угузгум келбей кетти). –Креслого көчүк бастым. Каттын биринчи барагын ачып ичимден купуя окуй баштадым. Мен дароо эле, каттын баш жагын улам аттатып, Акылдын өзү жөнүндө жазылган саптарды издеп келип, “бая күнү барсам үйдө эч ким жок экен. Бир аз айланыпчыктап туруп кайра кеттим. Кайрылып экинчи баралбадым. Ишиңизге телефон чалсам, командировкага кеткен дешти. Убакыттын жоктугунан эмес, чынымды айтсам сизге көрүнгүм келбеди. “Уят өлүмдөн катуу” туура эжеке. Институтка барып академиялык отпусканы билдим. Отунучумду орундатып бир жылга беришиптир. Анан Алексей Андреевичтикине барып, анда калган көр-жерлерди, кийим-кечени алдым. Силердин оокатынарды Алексей Андреевич мен өзүм жеткирип беремин деген эле. Мен сизге өмүр бою ыраазымын жана милдеттүүмүн, эжеке. Өз бир тууган эжелеримден көрбөгөн камкордукту сизден көдүм. Ишенимиңизди актабай кетип баратам. Бардыгы мойнумда. Окууну бүтүп, ийгилигин көрөр алдында башымдан багым тайып, эл караган бетим ушинтип жеп карап калды. Биз Наргүл экөөбүз силердикине биринчи барган күнү эле, сиздин кыраакы, баамчыл көзүңүз биздин ортодогу олку-солкулукту айтырбай билип койгонун мен ошондо эле түшүнгөнмүн. Бирок, айбым араандай ачылып турса да, чындыкты айтууга жүрөгүм даабады. Анын үстүнө наргүлдү көрүп туруп “Өлгөндүн үтүнө көмгөн” кылбайын деп ойлодум. Анан дагы аялымдын “эч кимге айтпа” деген өтүнүчүн да эске алышым керек болду. Анткени, ар кимдин өзүнө туштук ар-намысы болот тура. Ошол убакта бирибиздин ар-намысыбыз бирибиздикинен күчтүү болуп, ичибизди ит тырмап жаткан мезгил болучу. Мен сүйүүдөн адмадын көңүлү калып, мизи кайт болбой, түбөлүккө жалындап күйүп турат го деп ойлочу элем. Көрсө ал жаштыктын ою тура. “Өтө кызыл бпт оңот, өтө ысык бат сууйт” экен. Наргүл экөөбүз мектепте окуп жүргөн кезибизде эле бири-бирибизди билчүбүз. Анткени, бир үргөн иттин үнү угулуп турган коңшу айылданбыз. Ал ошондо эле көздөрү жайнаган, сөөгү таза, татынакай сымбатту кыз болучу. Мен онунчуну андан мурда бүттүм бирок, ал жылы атамдын ден соолунуна байланыштуу окууга тапшыра албай калдым. Уландысы бар..
АЙТЫЛБАГАН АРМАНДАР
9-БӨЛҮМ.
Ачылып сырын алар да айтпады, мен да сурабадым. Балким, оздорунчо турушса, ынтымактуу, жакшы жашап кетишээр деп ойлоп үй табылышына шашам. Акылбек “кулактандыруу” боюнча, бир топ уйлорго барып дагы жолу болбой келди.
Наргүл бугун да адатынча уктап жатып, саат бирге жакын турду. Эки кабагы эки муштумдай болуп, ак шишик. Коздорунун чынысы канталап, каректери убайымдуу.
-Эмне, ооруп калгансынбы? Аябай шишип-көөп калыптырсын, - Акылбекке жасаган мамилесинен конулум калса да сураган болуп койдум. Баари бир түбөлүктүү үй-бүлө болуша алышпайт го бул экөө, деген ойдо озумчо эле кейишке тушуп алдым. Наргүл менин созумо жооп берсемби, бербесемби дегенсип туруп, тээ бир оокумдан кийин:
-жок, эч жерим деле оорубайт. Озум эле тундо тынчы жок уктап чыктым. –деп кабагы карыш тушуп сусайып койду.
-Ай таң, корунушун жакшы эмес деги. Кабагын буркоо, сабырын суз. Иштеп алсан жакшы болот эле. Атайы жолдомо алып келген, иштөочү жериңе да бара элексин. Же бизге капасынбы?
-Жок, жок, эжеке, сиздерге эмнеге капа болмок элем. Мен өзүм эле...
Акылбек аялын жасамалдап, актай суйлоду.
-Наргүл санаачыл, эжеке. Өз атасы да, менин апам да ооруканада болуп, келиниңиз ошолордон санаасы тынбай тынчсызданып журот. Болбосо, силерге капа болгудай кандай жөнү бар?
“Аа, байкуш бала, -дедим ичимден, -Наргүлдүн жамандыгын чыгаргысы келбейт ээ. Мени эч нерсе билбейт, эч нерсе уккан жок деп турат го оюнда. Антпегенде кантсин анан, жамандыгын жашырып, жакшылыгын чыгаргысы келет да үй-бүлө болгондон кийин” деп ойлоп сыр билгизбей жымсалдадым:
-Аа, ошондой де. Кайненесин аяп, кайненесинен санаасы тынбай журсо, колуктун анда жаман киши болбойт экен, Акыбай. Ылайым ошентип эле ата-энеге күйүмдүү болуп, ынтымактуу жашасанар экен. Билбейм айтор, кабагын бурколсо эле менде жан жок. Эмитеден ортонорду шайтан болуп кара мышык аралап кеткенби деп корккон элем. Корсо эне-атанардан тынчсызданып жургон балдардан турбайсынарбы. Жакшы болуп кеткиси бардыр.
Наргүл биздин созубузго ак да деп, көк да деп аралашпай, бул создун ага эч бир тийешеси жоктон бетер, озунчо ой басып, тунжурап олтура берди. Акылбек колутусун бир карап коюп, кулгон болуп мени жооткотту:
-Жок эжеке, кара мышык араласа болбойт го. Бардыгы жакшы. Бардыгы ойдогудай. Бир жаман жери келиниңиздин ушул жерге келгени, эмне учундур табы болбой ооруп журот.
Акылбектин созунон улам, “экоо мурда аралашып жаштык кылып жаздым басып алышып, нрагүл кош бойлуу болуп, курсагына бирдеме туйүлүп калса, ошонун айласын таппай уялып жүрүшсө керек” деп ойлоп койдум. “Ууру кылсаң жалгыз кыл, экөө болсо бирөо айгак” дегендей жолдош болсо эле, бардык сырын айтта бермек беле. Кээ бир адам созго саран, сырга бек, кесип алса кан чыкпагандардан болот. Ошон учун Элал да, Касиет да булар жонундо эч нерсе билишпейт. Анан калса азыркы кыздар жедеп сары карын болуп, бойго жетип келип жатпайбы. Ай байкуш Акылбек, эч бир сыр билгизгиси жок. Анан антпегенде кантет. Ар бир адамда ар-намыс, уят-сыйыт деген улуу журт бар, -деп мурда эле ойлоп жургон оюмду кайталап ойлоп койдум.
Биз ушинтип бирде суйлошуп, бирде урушкан нмедей дымып олтурган кезибизде институтка кеткен Касиет жадырап жайнап кирип келди.
-Акыл! Сүйүнчү, үй таптым. Билесиңби, үй болгондо да кандай үй дейсин, момундай! - ал башбармагын корсотту.
-Ырас болгон тура. Бая кунтодон эле үй издегени сени аттантсак болмок ээкен,- тамашалай суйлодум.
-Жөн-жай айтчы, ким дегендин үйү экен?
-“Берейин деген кулуна, белен кылат жолуна, бербейин деген кулуна, сатса чыкпайт пулуна” дегендей, институттан чыгып, тырмагымды оңдотоюн деп маникюрга баратсам, алдыман Алексей Андреевич менен Валентина Николаевна чыгып калса болобу.
-Ии, ырас болгон тура, ал кишилерди мурда таанычу белең?
-Эсиңиздеби, эжеке, мария Павловнанын Алексей деген мугалим баласы жонундо апамдын баякы сизге айтканы.
-Ооба, ооба, эсимде. Жумагүл ал жонундо узун сабак соз айтпады беле.
-И. Ошолор шаарда турушат. Элалга кете элегимде, алардыкына бат-бат барып туруучумун. Мен алардын ашык баш бош үйү бар экенин эсимден таза чыгарып коюптурмун. Бирок, алар үйүн патирге такыр беруучу эмес. Сыягы жайда болобу, куздо болобу, балдары отпускага келгенде бала-бакырасы менен кеңири турушсун деп атайы сакташса керек. Мен Акылбектин акыркы курста окуурун айтып, инститтуту буургонго чейин деп суйлоштум. Макул болушту. Кокустан балдары келип кала турган болсо, дароо бошотуп беребиз деп убада бердим. Мына ушундай кабар.
-Жакшы кабарын бар экен, -деди Элал кулуп. –Ракмат сага Касиет. Суйунчудон кутулууга кудурет жетет -дей тамашалады.
Касиеттин созун угуп, бирибиз эмес баарыбыз кубанып калдык. Бирок, суйунгон-суйунбогону билинбеген жалгыз Наргүл болду. Ал соз да суйлободу, конул да бурбады.
Акылбектер ошол кундун эртеси кочушту. Озумдун өзөгүмдөн чыккан тун баламды болуп жаткансып, экөөнө зарыл керек идиш-аяк, чака-чайнек, стол, стул кылып кочуруп бардык. Биз келгенде дарбаза ачык экен. Сыягы үй ээси жаңы коңшусу келип калабы деген ой менен бекитпеген окшойт. Короого кирээрибиз менен огород жактан улгайып калган эрди-катын ээрчише чыгып бизди коздой басып келип, озуна салам айтышты. Биз да саламына салам менен жооп берип учураштык. Аңгыча Касиет ортого тушту:
=Эжеке, таанышып коюңуз, менин аяш энемдин тун улуу Алексей Андреевич деген ушул киши. Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы. Кесиби боюнча педагог. А бул киши болсо Валентина Николаевна, Алексей Андреевичтин жубайы.
Кол алышып коруштук.
-Сен ырас бул кишилердин тек-жайын жкашы билет турбайсынбы, ыя Касиет, -деди Акылбек.
-Ооба, ооба, ошондой жигит, касиеттин ата-энеси менен бир туугандай болгон жакын кишибиз. Жамандыгыбыз болбосо, жаттыгыбыз жок.
Алексей Андреевичтин кыргызча таптаза сүйлөгөнүн угуп, таңдана тиктеп калыптырмын. Ошол маалда Касиет, бир нерсени унуткандай серпиле тушуп:
-Оо, кечиресиздер, - деди үй ээлерине карап, -сиздер менен өзүбүздү, сиздердин көчүп келип жаткан коңшуңузду тааныштырган эмес турбаймынбы.
Алексей Андреевич борс-борс кулду.
-Мен дагы эмне болуп кетти десем, туугандарым менен тааныштырбай калдым деп күнөөлүү болуп жаткан турбайсынбы. Айтпасан деле, бул киши, кечээ өзүң айткан эжең экенин түшүнүп турам. А бул балдар менен өзүбүзчө, силер кеткенден кийин шашпай таанышып алабыз. Кана, эмне карап турасыздар, үйгө киргиле...
"Адам өз жамандыгын өлгөнчө билбейт, киши жамандыгын кирип чыкканча билет” дегендей, үй ээлери Акылбекке да, мага да дароо жакты. Анан калса, экөө бирдей жүздөрүнөн мээримдүулүктүн нуру төгүлгөн, салабатуу адамдар экен. Үйо киргенден кийин биз менен көргөн-билген эски тааныштардай сүйлөшүп, байбичеси балпаңдады:
-Мынакей, студенттердин жашай турган жайы. Таза, жарык, кенен. Тура беришсин. Балдар бойго жеткенде уядан учкан куштай болушчу неме тура. Үч уул, эки кызыбыз бар. Бешөө тең беш жерде шаар, акар-чакар. Кенже кызыбыз күйөөсү экөөбү бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жатышат. Улуу кызым Бишкекте. Уулдарыбыздын улуусу аскер кызматында иштейт. Экинчиси ата жолун жолдоп мугалим, дагы бирөө спортко мастер.
-Этек-жеңи жайылып, өркөнү өскөн жакшы кишилер турбайсздарбы. Мен бир нерсеге түшүнбөй калдым, кичүү кызыңызды бөтөн эле, бөтөн жерде иштейт дегиниңиз кандай? – дедим чыным менен эле жакшы түшүнө бербей.
-Аа,-деди Алексей Андреевич, күлүмсүөп суйлоп, -Алар Германияда иштейт. Бири мугалим, бири врач. Советтер союзунун территориясы болбогондон кийин бөтөн эле, бөтөн жер деген ошол да. Балдарыбыз жайда жыл сайын отпускага келип турушат. Анда небере-чобөрөлөрүбүз менен бака-шака түшүп бул короо кудум базар болуп кетет. Кемпир экөөбүз ошолордун деминен кайра бир жашка жашаргансып демдене түшөбүз. Бишкектеги кыз-күйөө балдары менен огородду гүлдөтүп турушат, кармап турушат. Жазда алма-өрүктөрдү уулап, дары чачып, айдалуучу жерлерди айдашып, жашылча-жемиштерди олтургузуп кетишет. Азыр малинаны терүүгө шаа жетпей, жерде төгүлүп жатат. Балдардын кыял-жоругу жарашса, дүкөнгө чуркашпай, базарга барышпайт. Анан чогууңар менен кирип, бакиын ичин көрүп, жер-жемиштен жеп, баштык-үштүгүңөрдү толтуруп кеткиле.
-Силерде короо-жай барбы?
-Бар, бар. Өзүбүздүкү өзүбүзгө жетет.
-Жакшы экен анда. Жер үй го менчик.
-И, өз үйүбүз.
-Дурус, дурус...
Булардын огородуна кирбей туруп эле, менин кыялымды кытыгылап, көз кумарды алып турган атыр жыты аңкыган, ак-кызыл розалар менен жоогазындар. Астра менен лилия гүлдөрү, короо-жайдын иреттүүлүгү, үй ичинин айнектей жаркыраган тазалыгы болду. “Канчалык тыңсынып тытынганыбыз менен короо-жайды күтүп, огородду иштетүүнү эмне үчүндүр буларчалык билбейбиз” деп ичимден, өзүмө-өзүм суроо берип турдум.
Биз бөтөн үй, бөтөн адмдарга келбестен өзүбүз эң жакын адамдарыбыздыкынын бирине келгенсип, конулубуз толуп кайттык. Касиет экообуздун колубузда ар башка гулдон өз-өзүнчө гүлдесте. Атасыныкына торкулоп барып келеткансып, Касиеттин кубанычытан эки бети албырат.
-Тигинден терип алгыла десе да болбодук, мындан терип алгыла десе да болбодук. Байкуштар тим эле берээрге эчтекесин таппай калышты.
-еле элек жатып уят эмеспи. Өзүбүздүн алма-өрүк, өзүбүздүн жер-жемиштер өзүбүзгө жетет. Ач көздүктүн кереги не кызым. Дагы куру кол кеткен жокпуз.
-И, гул алдык. Жакшы адамдар бекен, ыя эжеке! -үнүн мукам чыгарган Касиет кыбылжый сүйлөп. –Байкуш Акылбектин пейлине жараша, убактылуу болсо да жакшы үйгө, жакшы адамдарга туш болду. Байкадыңызбы, эжеке, Наргүл бүгүн да ыйлаптыр.
-Байкадым. Жүйөөсүз жерден ыйласа көзүнө ак түшсүн. Кантип чыдайт Акылбек, бул шайтан кууратат экен го минтип отурса. Эч нерсеге тушунбойм.
-Жалгыз эле Наргүл дейсизби, Акылбектин озундо да айыкпас дарты бар сыяктуу. Ачылып сыр айтышпаган да немелер экен.
-Билбейм деги, эмнеси болсо да бир балекети бар бул экөөнүн. Акылбек суу ичкендей шапайып, өңүнөн азып жүдөп кетти. Өзүң айткандай сырга бек балдар экен. Бир-эки жолу чекмелеп “Эмне эле колуктуңдун кабагы ачылбайт. Өзүң дагы өзгөрүп кеттиң” десем, “Мен апмды ооруп жатканына тынчсыздансам эле, Наргул да сарсанаа болуп убайым тартат окшойт. Анын үстүнө анын өз атасы да ооруканада эмеспи” деп улутунуп койду. А балким, Акылбектин айтканы туура чыгаар. Чыны менен эле, жамандык башынан өтпөгөн немелер ата=энесинен санаалары тынбай жүрүшкөндүр, ким билсин. (Мен Касиетке, тигилерден уккан баягы уу тилдүү сөздөрдү жашырып айткан жокмун).
-Жок эжеке, Наргүлдүн капасы кайнене менен атасы эмес. Көрөсүз го. (Наргүлдүн Акылбек менен урушуп жаткан жагымсыз сөздөрүн Касиет да угуптур. Бирок, эстүү келин бул жөнүндө мен эле эмес, күйөөсү Элалга да оозунан чыгарбаганын мен кийин өзүнөн уктум).
Баякы биздикинен кеткен бойдон Акылбек да, Наргүл да каттаган жок. Алардын ишенимдүү, жакшы адамдардын ордосунан орун тапкандарына кубанганым менен баякыдай эле ичимди ит тырмап жатты. Акылбек менен Наргүлдү ар дайым күтөм. Тамак жасаган сайын ошолорду ойлоп, келип калчуудан бетер кылчаңдай берем. Акылбекти, тишинин кирин соруп кезээрип ачка жүрөбү деп аям. Анан, алар бизден алыстап каттабай баратканынан улам, “биздикинен кете алышпай эле, мойнунан байланган итттей болуп жүрүшкөн экен” деп да кетем.
Кундөр өтүп жатты. Күркүрөгөн күз өтүп, кылычын алып кыш келди. Жер бетин ак кар, көк муз каптады. Наргүл менен Акылбек баякы каттабаган бойдон, бизден алыстап караан узуп баратышты.
-Э Касиет! - дедим окуудан келип, чечинип жаткан кызга. –Деги сен Акылбекти көрүп жүрөсүңбү? Колуктусу экөө кандай жашап жатышат болду экен?
-Мен деле баякы Алексей Андреевичтикине барып, акыркы жолу гүлдүн уругун алып келүучүдө көргөн бойдон Наргүлду такыр көрө элекмин. А, Акылбекти болсо көруп калам кээде. Алардын окуу корпусу башка эмеспи. Билбейм, жакшы эле жашап жатышса керек.
-Ай таң, ошол экөөнүн жакшы жашап жатканынан күмөмүн. Күндө болбосо да, анда-санда келип турушса боло. Чынымды айтсам мен Акылды сагындым. Аларды келбейт деп, биз да барбай койдк. Деги ушулардын кабарын уксам жакшы болоор эле.
-Барып келейинби үйүнө?
-Ата, кагылып кетейин, барсаң кана, мен аны сага айталбай жатпаймынбы. Үйүлөрүндө болсо эжем чакырып жатат деп айт. Колуктусу экөө келип кетишсин. Же, Элал жок деп келгилери келбейби. Элал болбосо сен барсың. Сиз менен эч качан кол үзбөйм, эжеке дечү эле, анысын унутту ал бала.
-Эмнеге Элал жок дешсин. Мен эмес, сизди ойлошпойбу. Мениче ушулардын убактысы болбосо керек. Басы, аялы жумуштан кеч келет экен деп, бир группалашы айткан. Суу алган да, от жаккан да, тамак жасаган да Акылбек имиш.
-Мейли, жасаса өздөрү үчүн жасайт дечи. Бири-бирине жардамдашпаса болобу. Деги эмнеси болсо да, экөөнүн кабарын алчы барып...
Касиет ошонун эреси үйгө кеч келди. Аябай үшүп кетиптир.
-Акылдыкына бардым, -деди мээлейин чечип, колун үйлөп.
Көздөрүм ачыла түштү.
-И, бар бекен үйүндө?
-Жок экен. Алексей Андреевичтикинде бир саатча күтүп отурдум. Келишпей кечигип баратышканынан кете бердим. Баса, эжеке, сизди Валентина Николаевна келип кетсин деи.
-Мени эмне кылат экен? Балакет болгон турбайбы, мени ошолор жөнүндө чакырып жок бекен?
-Билбейм, эмнеге чакырып жатасыңар деп сураган жокмун.
-Деги, ошолор үйдө жашап жатышыптырбы?
-Ооба, ошондо эле жашап жатпаганда кайда барышмак эле. Акылга, эжем силерди келип кетсин деп, чакырып жатат деп кат жазып калтырдым. Окуса келээр.
-Ырас болуптур, кат таштаганын.
“Мени эмнеге чакырышты экен? Же Акылбек менен Наргүлдүн ортосунда чыр-чатак болуп, үй ээлеринин тынчын алып жатышты бекен?” деген сыяктуу сан түркүн ойлорду ойлой берип башым шишиди. Өздөрү келип калса, угам го деп ойлоп, Акылбек менен Наргүлдү күтө берип чыдамым кетти. Тыштан ит урсө да, дабыш чыкса да, эшик ачылса да, жүрөгүм алкынып, күтүүдөн көздөрүм чачырайт. Качан гана мен күткөн адамдар эмес эле, өзүбүздүн бала-чака же кошуна-колоң болуп калса, супсунум сууп, ынданым өчө түшөт. А балким, аларды мен өзүм таарынтып алдым бекен?! Мындай болушу да мункүн. Алардын биздикине келип, бирге жашап, бирге турган күндөрүн минут-саатына чейин эстеп, ойлоно берип, кадыр-көңүл калышкандай кайсыл жагынан күнөө кетирип, жаздым басып алганымды таппай убара боло берем. Мен эми Наргүлгө таарынбай, акылбекти күнөөлөп, Акылбекке таарына баштадым. Атаңдын көрү-ү, “Бөрү баласы ит болбойт” деген ушул болсо керек деп ойлодум.
Эртеси күнгө дем алыш болчу. Акылбек менен Наргүлдү үйүнөн чыгып кетелекте басайын деп эрте жөнөдүм. Ошол түнү шаарга тушардан кар жааган. Мен келгенде үй ээси күрөлүп бүткөн карлардын күрөккө келбей, короонун булуң-бурчунда калган бүртүктөрүн төө куйруктан жасалган барпайган чоң шыпыргысы менен мизилдетип шыпырып жатыптыр. Мени көрүп эле, иштеп жаткан ишин дароо токтотту.
-Саламатсызбы! Кутмандуу кунүнүз менен Алексей Андреевич!
-Саламатчылык, саламатчылык. Келиңиз. Башыңызга чөп сындырып койсом бекен дейм. Бир келген бойдон келбей кеттиңиз го. Балдардан кабар алайын деп бүгун эртелеп чыгынган экенсиз. Бирок, жаздым басып алганыныз жаман болбодубу. Уул-келининиз эртең менен эрте үйүнө кетишти. Кечээ кандайдыр экөөнө тең телеграмма аркылуу соттон чакырык кагаз келген.
Сотту угуп чочуп кеттим.
-Чакырык дейсизби?
-Ооба, чакырык.
Эмне деп айтаарымды билбей тилим буула түштү. Ушул кезде ар жактан Валентина Николаевна салм айтып, биздин жаныбызга басп келди.
-Эмне чакырык, эмне сот экенин айтышкан жокпу?
- Жок, айтышкан жок. Биз да сураган жокпуз такып. Чакырыкты кол коюп берип биз алып калганбыз. Кечинде Акылбекке берсек, өңү өчө түштү окуп көрүп.
Эринин сөзүн байбичеси бөлдү.
-Бала түзүк бала экен. Аялынын чырайы менен тилинен башка касиети жок неме көрүнөт. Нагүл турмушка даярдыгы жок чыккан кызбы, билбейм. Үй кармаганды, күйөө сыйлап, эр күткүндү билбеген келин экен. Балким, көргөн өскөнү, тарбиясы ошондойбу, ким билсин. Бойго жеткен кара далы кыздын даамдуулап тамак жасап,идиш-аякты жаркыратып таза жууп, таза кармаганды, чатыратып кир жууганды билбегени жакшы эмес. Порошокту көп салса эле кир жакшы жуулуп, жакшы чыгат деп ойлосо керек. Мактанганы эле эже-жезделеринин иштеген иши, ээлеген орду, мансабы.
“Атаны арман күн айе, буларга сыры белгилүү болгон экен” деп ойлоп, ичимден бушайман болуп, эсимден кетпеген иш соттон келген телеграмма болуп турду. Анан булардын “келип кетсин” деп мени чакыртканын эстей коюп, сурадым:
-Кечээ мени келип кетсин деп Касиеттен айттырган экенсиздер. Деги тынччылыкпы?
-Ооба, ооба, келип кетсин дегенбиз. Өрт күйгөн деле эч несе жок, тынччылык эле. Бир жаман жери экөөнүн ынтымагы жок экен. Колуктусунун тили бир кулач тура. Мындай жактууга жай бербеген тажаалды кыргыздан да, орустан да көргөн жок элем. Сөзду ыр жаттагандай айтып, калпты чындап сүйлөгөн неме экен. Пай, пай, пай, мындайды ким көрүптүр. Келин бизди көзүнө илбей калды. Эрин тытып, короого сүйрөшүп чыгышчу болду. Тынчтык бербей баратат бизге бизге. Эки күндүн биринде, кетем деп качып Акылбектин жазасын колуна берет. Же кетсең кете бер деп анысы тим койбойт. Эркек өңдөнүп кайраты жок, жашык бала экен.
-Андайларын деле байкабаптырмын. Келин тилдүү экен деңизчи.
-Мен кыргыздар менен аралаш, бир тууганча жашаган адаммын. Ошон УчУн кыргыз жаштарынан тартып карыларына чейин мүнөздөрүн жакшы билемин. Кичүүлөрү улууларын сыйлап, тартынып турушат. Аялдары эрлерин кудайындай көрүшөт, айтканын айткандай аткарып сыйлап турушат. Ошон үчүн “Эр сыйлаган эшикке жатпайт, ат сыйлаган жөө баспайт” деген сөз атадан балага, укумдан тукумга сакталып калган. Бул келин андай абийир сактаган ыймандуу келиндерден эмес. Кошуналар укса уят деп ийменүүнү билүүчү неме көрүнбөйт. Акылбек колуктусунун азабын тартып, беймаза болуп жүргөнүнөн, сизге бир ооз айталы дегенбиз. Сотко чакырыла турган булардын эмне иши, кандай чатагы бар экенин сиз деле билбейт турбайсызбы, -деп Алексей Андреевич кейиштүү күрсүнүп койду.
-Булар ынтымактуу үй-бүлө болуп, бул турпаттары менен түбөлүк жашай алышпайт. Акыры көрөсүз го. Менимче, аялы күйөөсүн теңсибейт. Баарыбыз эле аялбыз, эгерде сүйлөшпөй үйлөнүшсө, экөөнө тең кыйын, -деп сөзгө аралашты Валентина Николаевна. ..
Мен үйгө маанайым пас келдим. Акылбектерди угуп Касиет да таң калды. Ошол бойдон Акылбек менен Наргүлдөн кабар болбой, арадан ай өттү. Мен үйгө жаңы келген газета, журналдарды карап олтурат элем. Тыштан келген Касиет колуна бир калың конвертти кармаган калыбында көкөлөтө кармап силкилдетти.
-Эже, мына бул каттын кимден экенин билесизби?
-Жок, билбейм. Кимден экен?
-Акылбектен килиптир.
-Акылбектен дейсинби? -Кубанганымдан ордуман тура калганымды өзүм да билбей калдым. –Ал кайда экен өзү?
-Адресин жазбаптыр. Ичинде болсо керек.
Колума конверттен кат эмес эле, Акылбектин өзү чыга калчудан бетер, шашып ачтым. Чакмактуу дептердин беш-алты барагына мөлтүрөп, шурудай тизилген кол жазмага карегимди кадап, дем тартпай туруп калдым.
-Узак жазылган, көп сөзэкен. –баракты санай баштадым. –Бул бизди сүйүнтө турган кубанычтуу кат болбой калды го, ыя, Касиет.
-Окудуңузбу?
-Жок, окуй элемин. Эмне үчүндүр окугум келбей турат.
-Эмне үчүн антесиз, окуңуз. Балким жакшы каттыр.
-Ким билет кагылайын, катта жагымсыз кабар барбы деп жүрөгүм эмне үчундүр даабай жатат.
-Коюңузчу, кайдакы жаман кабар болмок эле. Же мен окуп берейинби? Бериңизчи көрөйүн.
-Жок, мен өзүм эле окуйм. –(Көңүлүмдө кокус башка эч бир адмга айтылбай турган жагымсыз сөздөр болуп калса, Касиетке угузгум келбей кетти). –Креслого көчүк бастым. Каттын биринчи барагын ачып ичимден купуя окуй баштадым.
Мен дароо эле, каттын баш жагын улам аттатып, Акылдын өзү жөнүндө жазылган саптарды издеп келип, “бая күнү барсам үйдө эч ким жок экен. Бир аз айланыпчыктап туруп кайра кеттим. Кайрылып экинчи баралбадым. Ишиңизге телефон чалсам, командировкага кеткен дешти. Убакыттын жоктугунан эмес, чынымды айтсам сизге көрүнгүм келбеди. “Уят өлүмдөн катуу” туура эжеке. Институтка барып академиялык отпусканы билдим. Отунучумду орундатып бир жылга беришиптир. Анан Алексей Андреевичтикине барып, анда калган көр-жерлерди, кийим-кечени алдым. Силердин оокатынарды Алексей Андреевич мен өзүм жеткирип беремин деген эле. Мен сизге өмүр бою ыраазымын жана милдеттүүмүн, эжеке. Өз бир тууган эжелеримден көрбөгөн камкордукту сизден көдүм. Ишенимиңизди актабай кетип баратам. Бардыгы мойнумда. Окууну бүтүп, ийгилигин көрөр алдында башымдан багым тайып, эл караган бетим ушинтип жеп карап калды.
Биз Наргүл экөөбүз силердикине биринчи барган күнү эле, сиздин кыраакы, баамчыл көзүңүз биздин ортодогу олку-солкулукту айтырбай билип койгонун мен ошондо эле түшүнгөнмүн. Бирок, айбым араандай ачылып турса да, чындыкты айтууга жүрөгүм даабады. Анын үстүнө наргүлдү көрүп туруп “Өлгөндүн үтүнө көмгөн” кылбайын деп ойлодум. Анан дагы аялымдын “эч кимге айтпа” деген өтүнүчүн да эске алышым керек болду. Анткени, ар кимдин өзүнө туштук ар-намысы болот тура. Ошол убакта бирибиздин ар-намысыбыз бирибиздикинен күчтүү болуп, ичибизди ит тырмап жаткан мезгил болучу.
Мен сүйүүдөн адмадын көңүлү калып, мизи кайт болбой, түбөлүккө жалындап күйүп турат го деп ойлочу элем. Көрсө ал жаштыктын ою тура. “Өтө кызыл бпт оңот, өтө ысык бат сууйт” экен.
Наргүл экөөбүз мектепте окуп жүргөн кезибизде эле бири-бирибизди билчүбүз. Анткени, бир үргөн иттин үнү угулуп турган коңшу айылданбыз. Ал ошондо эле көздөрү жайнаган, сөөгү таза, татынакай сымбатту кыз болучу. Мен онунчуну андан мурда бүттүм бирок, ал жылы атамдын ден соолунуна байланыштуу окууга тапшыра албай калдым.
Уландысы бар..