Ошто эшек союп сатууга шектелгендер текшерилүүдө

Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда жайгашкан эски имараттын короосунда жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандарынын үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерди иштетип жаткандар союлган эшектердин эти чет жакка жөнөтүлөрүн билдиришкен. Бирок жергиликтүүлөр эт Ошто эле сатылышы мүмкүн деп тынчсызданышууда.
Шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, эшек баккан жер кытайлык Сун Гуо Жанга таандык. Анын колунда 132 эшек бар экени такталды.
Быйыл жыл башында Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана аныкталып, андагы союлган эшектердин эти борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып турган деген маалымат тараган.
Касапкананын ээлери эшек эти чет өлкөлүк зоопарктарга жиберилерин билдиришкен. http://www.azattyk.org/archive/ky-news/latest/828/828.html?id=27262220

Комментарии

  • 22 сен 2015 14:47
    Атын чыкбаса жер орто
  • 22 сен 2015 15:51
    Адамдарга такыр тушунбой келем кечее эле бул чуулга болуп отту эле эми да кайра ушул шумдук башталдыбы бул даагы бир депутат бактырып жатаго анын бизнеси да адамдар да эшектен эч айрыма жокко окшоп баратпайбы корсо эшек этин жедирип элдин пейили бузулдубу кандай гана урой учурган окуялар катталып жатат баары эшек макур сыягы кутулуп кетип жат го оо пенделер эсинерге келгилечи :-(:-(
  • 22 сен 2015 16:34
    Менимче мында окуяларды массалык маалымат каражаттарына чыгарбай эле айыптуулардын жазасын берсе болот, эми бизди башка элдер эмне деп ойлойт.:-(