Орусиянын Москва шаарында жашаган тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон «Өзгөрүү, реформа жана өнүгүү» деген жаңы партия түзгөнүн жарыялады.

Ал партиянын башкы максаты чет жерде иштеп, жашап жүргөн мигранттарды Тажикстандагы саясий жашоого аралаштыруу, парламенттик жана президенттик шайлоого катышуу экенин билдирди.
Иззат Амон партияны жакында Тажикстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, аймактарда бөлүмдөрүн ачуу жагы караштырылып жатканын айтты.
Тажикстанда буга чейин да мигранттарды бир саясий уюмга бириктирүү аракеттери болгон. Бирок Дүйшөмбүдө мындай кыймылдын лидерлерине кылмыш иши козголуп, куугунтукталган учурлар катталган.
Айрым бир маалыматка караганда Орусияда иштеп, жашап жүргөн тажик жарандарыны саны эки миллионго чейин жетет.

Комментарии

Комментариев нет.