ЧАТКАЛ БАЯНЫ

Болбосоң мурун Чаткалда
Алдыңа күлүк ат камда.
Ашыгып жеткин көрүүгө
Андай жер бизде аз санда.
Манастын жүргөн жайынан
Баштасаң Талас жагынан
«Келгин» — деп аркы Керме-Тоо
Көз кыса берет дагы улам.
Өзөндөн көрүп кыйланы
Өрдөсөң Кара-Буураны
Түшөсүң Кара-Кысмакка
Дүйүм чөп. жыпар жылгалуу.
Ашууга бир аз аялда
Айдарым соккон шамалга,
Алган бейм эки өрөөндөн
Аңкыган кош жыт бар анда…
Бул белден Талас жак калат
Бул белден Чаткал башталат.
Анан сен ылдый түшө бер
Ар төрүн карап акмалап.
Чаткалдын жазы — май айы
Жашыл көрк каптап талааны,
Канатын элеп боз торгой
Булбулдун жибийт тамагы.
Оң жагың деле былдырайт,
Сол жагың деле былдырайт,
Баладай бал тил булактар
Баардыгы ырдап, үн курайт.
Тунугун тиктеп карап ал,
Түбүндө ташын санап ал...
Ууртасаң жутсаң даамы анын
Ууз кымыз менен барабар.
Кай бири көбүк сапырып,
Капталдан төмөн шашылып
Камала түшүп корумга
Кайрадан чыгат атылып.
Жаткырып бирөө койгондой,
Жай келген кезди ойлонбой,
Көпүрө болуп көп сууга,
Мөңгүсү уктайт ойгонбой.
Сайлары, түзү шашыр чөп
Сары гүл ачкан жашыл чөп.
Бөрүнүн көзүн кашайтат
Бөлөккө дары асыл чөп…
Токойлуу, черлүү тоолору
Барганга татаал жолдору.
Башына булут чүмкөнүп
Магдырап уктайт зоолору.
Көбүнөн бийик, өзү дөө
Көрүнөт бир зоо көзүңө
Кор кылып кеткен сур эчки
Кожожаш түшөт эсиңе…
Бир жетсе жетип жел тиет
Көгүлтүр тартып мелтиреп.
«Эликтеп» сени тургансыйт
«Эр болсоң чыгып көрчү» — деп.
Куураган арча, дөңгөч көп
Кумайлуу төрдө, тектирде.
Курч көзүн кокус жаңылтып
Кулжалар жатат деп жүрбө…
Ансыз да аркар, кулжа арбын
Агарган таңда бир баргын.
Сак келет качкан алыстан
Санаймын десең дүрбү алгын.
Текеси жүрөт топ болуп
Тостойгон көзү чок болуп.
Ээрчишип жүргөн жанында
Эчкиси гана жок болуп.
Будурдан чуркап баратса
Бугжуңдап не бир ириси.
«Чыйк» — этип токтой калганда
Чычаңын жанат мүйүзү.
Аюусу жүрөт майпаңдап
Кожогат тандап, бал тандап.
Суурга кууп жетпесе
Ийинин казат шайтандап.
Түбүнө жетпей казгылап
Дүңкүйө карап акшыят.
Көлтөңдөп алып бир кезде
Көтөрүп ташты ташка урат.
Торсойтуп торопойлорун
Доңузу беттеп талааны,
Канжарын сынап, «корк» этип
Камышты чалат каманы.
Илбирси секин ийрилет
Илээси көбүн билдирет.
Байкабай улар, сак теке
Басканда гана бир билет.
Эт жегич кылбай мындайды
Чөп жегич эле кылбайбы...
Көзү өткүр чаар түгөнгүр
Көк зоонун көркү турбайбы…
Камандан кайра тартпаган
Карышкыр көзүн жаштаган
Кармаган жерин кой бербес
Бүркүтү шаңшыйт аскадан.
Канатын күүлөп алат да
Каалгып көктө заматта,
Калтары кандай экен— деп
Кааласа жөнөйт Таласка.
Күрдөлдүү күздө, жаз, кайда
Кыдырсаң кызык Чаткалда.
Кумарын канбайт көрүүдөн
Кыйналып чарчап бассаң да.
Желписе сылап чачынды
Жели жел эмес атырбы...
Селкинин колу тийгенсип
Сергитип турат башыңды.
Аралап кирсең жол таппай
Арчасы аң-таң каратат.
Тереңдеп кирсең жол таппай,
Теректен башын адашат.
Ырдоого үнү жарактуу
Ырдашат куштар, салат чуу.
Унчукпай угуп сындап ал
Кайсысы кайсы канаттуу.
Өзүбү кыздын, саныбы...
Өзөндөп өскөн кайыны
Жаштыгың эске түшүрүп
Жалындап иет жаныңы.
Долоно, четин дегени
Шурусу, саргыч седеби
Желп эткен желге ыргалса
Суктанбай чыдап көр эми!...
Көз жоосун алат жер жемиш
Кол менен бирөө сепкендей.
Мин киши барса сейилдеп
Миңине кенен жеткендей.
Өрдөштө же бир кыранда
Эс алсаң жашыл тулаңда,
Обонго мени салгын деп
Өзү эле келет ыр анда…
Жаш селки куюп кымызын
Жаркылдап сунса чынысын,
Жанында бирге тургансыйт
Жаштыгың, таалай, ырысын.
Жыргалдан бүткөн ушул жай,
Жыпардан бүткөн ушул жай.
Кыздары Чаткал жыттанса,
Чаткалы кыздын жытындай.
Көгүлтүр майда көлү көп
Көрүп ал байкап мени — деп
Сулуунун сурма көзүндөй
Суктанта берет сени көп.
Ким билсин канча жашы бар
Гранит — асыл ташы бар
Сындасын коңшу-колонун,
Сындырып бир аз катып ал.
Мумия деген дарысы
Бул жерде анын нагызы.
Аскада турат боржоюп
А бирок кыйын барышы…
Чаткалдан бир чал салат кеп,
«Чыкчуулар чыгат, барат» —деп
Ортодон бирөө обдулат
«Ок менен атып алат» — деп.
Үстү эле кооз жер десек
Түпкүрүн түрлүү кен дешет.
Кең Чаткалдын байлыгын
Келечек өзү көргөзөт.
Кайберен менен жайылган
Камырдай семиз багылган
Коомдун тирүү байлыгын
Көр эми туш-туш жагыңдан.
Күңгөй да койлор ыңкыган,
Тескей да койлор ыңкыган.
Кай бири жуушайт ныксырап
Калгансып түнкү уйкудан.
Эрке өскөн эгиз козулар
Ээрчишип, ээмп апасын,
Бул дүйнөдө бар, жокпу
Билишпейт кочкор атасын…
Кыр, жонго тарта жайылган
Кыргыз байдын койлору,
Өзөнгө тарта жайылган
Өзбек байдын койлору.
Серүүндөп сергип бойлору
Семирип берсе болгону.
Келишкен мында курортко
Кең Чаткал болуп борбору.
Кыргыз байдын чабаны,
Өзбек байдын чабаны
Кезигип калса кээ бирде
Кебинин бүтпөйт аягы.
Эки элдин тили жакын да...
Энеси бир го башында...
Садырмат айтса сармерден
Ашырмат баштайт ашулла.
Экөө тең баатыр чабандар
Экөө тең малсаак адамдар.
Кой бербес ууру, бөрүгө
Экөө тең элдик «Сарасдар»
Келгенде кежир убагы
Чаткалдын чатак кыялы.
Туп тунук көгү бүркөлүп
Дулдуя түшөт ыраңы
Адегенде жамгыры
Аз-аздап сээп электеп.
Атылса албуут чагылган
Ал, анан куят көнөктөп.
Асманы деле күркүрөп
Аскасы деле күркүрөп.
Ар сайдан, кокту-колоттон
Агылат суулар диркиреп.
Түнөрүп алса кай бирде
Түн бою жаап чыпкалап,
Аягын кардап жиберип
Ачылат асман, туш тарап.
Кезеги күткөн келдиби...
Кээ бирде түшөт мөндүрү.
Ак мончокко айланып
Адыр, түз тоонун өндүрү.
«Чертишмей» ойну бул анын
Кетирип малдын чыдамын.
Эркечтин эсин оодарып,
Койгулайт койдун кулагын.
Кай бирде каптайт туманы
Капшаптуу неме бу дагы.
Алдыңда минген атыңдын
Көрүнбөйт көзгө кулагы.
Чак түштө басып караңгы
Кетирип айла-амалды,
Чоң сынактан өткөрөт
Мал баккан баатыр чабанды.
Тумандуу мындай күндөрдө
Түнөргөн сокур түндөрдө
Малчынын качат мазасы
Байыр албай ою бир жерге.
Мылтыктын үнү тарсылдап
Огунун оту жаркылдап,
Жулунуп үрөт иттери
Жыт алган жакка арсылдап.
Асманы кайсы, жер кайсы...
Адыры кайсы, бел кайсы...
Коктусу кайсы, жол кайсы
Короосу кайсы, кой кайсы…
Көрүшкө кыйын көз менен
«Көз танмай» болгон кез белем...
«Барбыз» — деп койлор маарашса
Бакылдайт чабан сөз менен…
Көк кезде Чаткал чатырап
Көңүлү чайыттай ачылат.
Туманы житип туш-тушка
Жамгыры жаабайт шатырап.
Күмүш таң менен бир туруп
Күлүңдөп тоодон Күн чыгып,
Кээде эрте, кээде жай туруп
Аскадан алтын Ай чыгып.
Колуңду сунсаң жетчүдөй
Кол жетсе кармап өпчүдөй
Көз кысат көктөн Чолпону
Койнуңа кирип кетчүдөй.
Абалтан сырдаш досу да
Асманга Чаткал кошуна.
Жылдыздар кээде чыйрыкса
Жылынат чабан отуна.
Туман жок көздү байлаган
Түп-түгөл, койдун баары аман.
Садырмат оңдоп калпагын
Сармердеп баштайт кайрадан.
Жамгыр жок арты кардаган,
Мөндүрдөн кулак калды аман...
Ашырмат оңдоп топусун
Ашулла баштайт кайрадан.
Эмгекти айтсак жердеги
Малчынын тоодой эмгеги.
Жайкысын жаны тынбаса,
Жаз, кышы нени көрбөдү..
Малчынын өсүп уул, кызы
Бактылуу болсун турмушу.
Аш болсун алган байгеси,
Кут болсун алтын жылдызы.
Бир кезде айтса Чаткалды
Бир гана малдын жери — деп,
Талаасын, оюн байкасаң
Дандын да жери көрүнөт.
Буурусун тиши чийбеген,
Чийсе да терең кирбеген.
Миң жылдар бою бул Чаткал
Буудайдын атын билбеген.
Баштаса мал деп сүйлөгөн
Бабалар өтүп дүйнөдөн,
Арпаны аздап айдаган
Ал күндөр өтүп миңдеген.
Коңурук тартып мурдагы
Кол тийбей жаткан дыңдары
Сообума соко калды — деп
Күн көзүн көрүп жыргады.
Трактор түтүн булатып
Тиштери арттан чубашып,
Бактысын ачты дың жердин
Балык жон кылып сулатып.
Бир-бирин араак болчу — деп
Бийлешет буудай бой тиреп.
Теңтуштай сырын желге айтат
Термелтип дагы койчу — деп.
Арпасы айдөөш жагында
Суйсалат сулу жанында.
Тоюткор болсок малга деп
Топтошуп көрөт камылга.
Ошентип Чаткал жайыгы
Өзгөрүп бүгүн калыбы,
Эчен миң гектар жер айдап
Эгинге эли марыды.
Борбору Жаңы-Базарда
Болуптур укмуш жасалга.
Заңкайган кооз көп үйлөр
Солдаттай турат катарда.
Көчөсү дайым көрктөнүп
Ал көркү түндө өзгөрүп.
Күлкүсүн коштоп жаштардын
Жымыңдайт жылдыз көздөнүп.
Сары аска окшош беттеги
Заңгырайт сүйкүм мектеби.
Бул жерде билим булагы
Бул жерде билим көктөмү.
Мугалим болгон агайлар
Бул жердин учкан кептери.
Айылына келип балдарды
Окутуп жатат өздөрү.
Чаткалдын ар бир айылы
Артылып күндө арымы.
Мал менен эмес бир гана
Бак-дарак жактан байыды.
Чарбакка музоо аркандап
Чабылчу чөбүн откоргон,
Чалды-куйду илгерки
Чарбасыздык жок болгон.
Кайсы үйгө барсаң түр жемиш
Калышпай өзбек достордон,
Картөшкө тургай эли эми
Капуста менен дос болгон.
Огород жагын карасаң
Оймоктой жер жок бош койгон,
Алма өрүк тургай эли эми
Анделек менен дос болгон.
Негизги Чаткал тоого бай
Тоосунда жүргөн койго бай.
Жыбырап аккан жылгалай
Жүздөгөн тунук сууга бай.
Ак мөңгү жактан созулуп
Ал суулар агып отуруп,
Алп дайра болот өзүнчө
Аягы бирге кошулуп.
Күрпүлдөп кирген кезинде
Күч бийлик анын өзүндө.
Күн-түндөп агат шашылып
Гүлстан жайга жетүүгө.
Дардайган буура кечсе да
Музоодой кылып агызган.
Буйлалуу болот акыры
Миңдеген канал, арыктан.
Чаткалдын суусу чапчаң суу
Өгүзчөн эмес атчан суу.
Өзбек досун сагынып
Өзөндү бойлоп чапкан суу.
Алкынган тентек дайраны
Алимжан акем байлады.
Туйлаган тентек дайраны
Тургунжан үкөм байлады.
Достуктун суусу бул дайра
Толтуруп жерин жыргалга,
Келтирип жатат пайданы
Кең пейил өзбек тууганга.
Кам көрүп өкмөт партия
Кайрат күч берип жалпыга:
Эл гана тургай ээн жаткан
Жердин да жетти баркына.
Чалараак айтып кабарлап
Чаткалды жаздым баяндап.
Бир дастан эмес кичине
Бир томго сыйбайт ал аймак.
Бабамдан калган кутман жер
Манастын үнүн уккан жер.
Кыргыздын кымбат Чаткалын
Кызыгып көрсүн уккан эл.
Чамынып аккан суусундай
Чаткалдын чапчаң мүнөзү
Эки ирет болду район
Эркелеп жүрүп бир өзү…

ЧАТКАЛ БАЯНЫ - 770928172714

Комментарии

  • Комментарий удалён.
  • Комментарий удалён.
  • 12 мар 2015 07:37
    автор Б Сарногоев калганы белгисиз. Кимде ким авторду билсе же ушул саптар меники дегендер болсо жазгыла мен деп
  • 10 мая 2015 15:34
    Жургун курбум оздоштуруп чаткалды
    Жол куралы кулатып,тээп таштарды
    Кенен жайып,жаны-базар кучагы
    Келгиле деп,ундоп жатат жаштарды
    Эх эх эх эй  жер сорусу чаткалым
    Оз ох ох оой жер чаткалым ,чаткалым.
    Чаткал торго чабан болуп барайын.
    Кыргызстандын эн сонун таза кооз,кереметтуу жери.

    Класс.      Ответить.
  • 28 мая 2015 17:34
    Чаткал КурулУш аЙыЛы
  • 20 июл 2015 15:25
    кандай соонун кереметтуу жерим бар!