14-БОЛУК. Аманды Ош шаары менен кундо тааныштырып жаттым. Ага озгочо Сулайман-Тоо башкача жакты. Музейдеги эски буюмдарга маани берип кайсы кылымдын буюмдары экенин сураштырып ал озунчо бир тарыхка кирип кетти. Ал куну биз менен Нуралы да чогуу болчу. Нуралы да коп билгендерин ага айтып берип журду. Ункурдогу таштагы белгилер Аманга ото кызыктуу корунду окшойт -Ош шаары чындап эле тарыхы узун, орто Азиядагы байыркы эски шаарлардын бири экен. Ордолуу Ош шаары деп бекерден айтылбаптыр деп озунчо соз кылып жатты. Тоонун башына чыгып шаарды копко чейин берилуу менен тиктеп турду. Ал куну тоодон тушуп туура чайханага келдик. Нуралы бугун Аманды озгочо сыйламак. Ал коптон бери эле айтып жургон болчу, -Бир куну аш демдетип отурабыз, атайын Ошко келип чайхананын ашын жебесен, анда Ошко келгенин бекер болуп калат деп. Келсек Айнагул Нуралынын жакын достору менен бизди кутуп калышкан экен. Бизди алар менен тааныштырып, тамаша создор менен кулдурушуп тез эле бака -шака болуп кеттик. Нуралы озу башынан эле ушундай уюштургуч бала. Россияда да дайыма болгон кыргыздардын баарын чогултуп жолушууларды уюштуруп калаар эле. Ошондуктан Нуралыны баары жакшы корушуп, аны сыйлашып келишет. Бугун да анын шаардагы жакын достору чогулуп, Нуралынын Ыссык -Колдон келген досун сыйлап коёлу деп атайын чогулушуптур. Аз аздан ичимдик ичилип бир аз кызып калышкандан кийин баары кызуу кепке кирип кетишти. Биз Айнагул экообуз сыртка чыгып бир аз суйлошуп туруп калдык. Ал айылдан кечээ келген. Эртен кайра кетмек. - Айнагул сен жок Нуралы менен Аман кандай жашап жатышыптыр деп сурап калдым. -Ой экоо, мен бардагыдан жакшыраак жашашыптыр. Аман аябай таза тыкан жигит экен. Келсем уйдун ичи жон эле мизилдейт. Менин Нуралымды билесин го, анын артынан дайым озум жыйнап журом. Ага Амандын козунчо эле айттым. Мен жокто кантип тазалыкта жашаш керектигин Амандан уйронуп алгын дедим. Айнагул бир нерсени эстеп кетти окшойт, мени карап эле -Айткандай Аманды Гулжан дагы деле кутуп жургон турбайбы. Бир куну Аман колдун жээгинде журсо Гулжан келиптир. Аманды кутуп жургонун, аны суйоорун айтып аябай ыйлаптыр деп калды. Мен аны тиктеген бойдон эле туруп калыпмын. -Ооба, Аман озу Нуралыга айтып бериптир. Амандын ата-энеси, Гулжан баары мектепте чогуу иштешет экен. Атасы мектептин директору, коммунист киши экен. Анан ал Аманды Гулжанга уйлоносун сени канча жылдан бери кутуп журот деп ачууланыптыр. Аман Колго уйуно барбай бул жакка келе бериптир. -Демек анын ата-энеси да каршы дечи, дедим мен ойлоно - Ооба да Алтынай. Озун ойлоп корсон мектептен баштап экоо суйлошуп журушсо...? Ал экоо жонундо айылдын баары, илгерттен эле билишчу экен. Мен ушул жерде Гулжандын мага жазган катын дагы бир жолу эстеп кеттим. 《Мен Аманды гана суйом. Мен суйгондой аны эч ким суйо албайт. Ал сага уйлонгон кундо да, мен аны куто берем . Себеби бир куну, анын мага созсуз кайтып келээрине ишенем! 》 Бугун жумушта журсом Тимур шашылыш келиптир. Тимурга да баягы куну суйлобой ыйлап, тетири карап анын бетине карабай да койбодум беле. Ошол бойдон бугун жуз коруштум аны менен. Ал Гуля Эштаевна менен кенешип, учообуз суйлошуп турдук. Тимурдун максаты учурдан пайдаланып аялын ажырашуу боюнча арызга кол койдуруп калуу эле. Ал ажырашууга арыз таштаганына коп болуптур. Аялы макул болбой жургон экен. Кечээ Тимурдун аялы апасы менен келишкен. Чынын айтсам аларды коргум да келген жок. Созун уккан да жокмун. Ордумдан туруп кабинеттен чыгып кеткем. Гуля Эштаевна айтмакчы ал артымдан жалынып копко чуркайт эми. Менин кок беттигим кармаса барбы, анын шору шорподой гана кайнайт ко! Бугун мынтип айласыз Тимурду ортого сала баштаптыр. Тимур эми чындап максатына жеткени калды окшойт. Гулмира айтмакчы бугун, чарпаяда чайпала бактын колокосундогу сорудо самса менен кок чай ичип отурабыз. Сорунун астындагы арыктан шырылдап суу агып турду. -Аман, кел бугун оз колум менен сага кок чайдан куюп берип отурайын деп Гулмира бизди кулдуруп отурду. Гулмира кандай гана кылыктарды кылбасын, ага баары жараша берет. Айрыкча ал озбекчени суйлогондо кандай гана адам болбосун ага жаркылдап кулуп, карап калаар эле. -Ваай Акажон, ыссык самсанызга кошуп, кок чайыныздан аччык гана кылып демдеп алып келинизчи дегенде -Хоп асал кыз! бир ооз созунуз деп аларда бир колун кокурогуно коюп, шыпылдап кызмат кылып калышат. Гулмира кашын кере созулуп, козун бизге карап бир чон алайта ачып коёт да, кайра кылыктана чайдан куюп отуруп калат. Булардын баары Аманга ото кызык эле. Ал бир созго тушунсо, бир созго тушунбой отурду. Анын создорун томпондоп Айбек бир орусча, бир кыргызча кылып бизди кулдуруп, Аманга которуп берип жатты. Биз ага куло берип ыкшып жатып калдык. Ошондо да Гулмира кулбойт. Колундагы пияласын чайпап коюп чайынан ууртап отурду. Айбекке Аман жагып калды корунот. Ал экоо тез эле тил табышып кетишти. Мен жумушта жургондо Аман кобунчо Айбек экоо ээрчишип журушту. Чындыгында Аманга шаардын корсотпогон жери да калбады окшойт. Мен бир жылдан бери коро элек жерлерди, ал коруп чыгыптыр. Анын эч качан бош убактысы болбоду. Озу айтмакчы конок боло берип, келгенден бери бир аз онолуп толуп да калгандай. Гулмира айткандай Аман экообуздун бактылуу кундорубуз канча кунго чейин созулаар экен? Бугун алтынчы кун. Эртенки кундон кийин, биринчи куну Алмаз Фрунзеден келет. Мен ал жонундо эч ойлобоптурмун. Аны мага бугун эрте менен Гулмира эскертти. Мен ушуларды ойлоп унчукпай чайдан уурттай Аманды тиктеп отурдум. Мен Гулмира менен канча сырдашып, канча сырымды айтсам да, ага Алмаз гана жагып туруп алды. Анын оюнча Алмаз чыныгы эркек экен. Анын мучосу келишимдуу, булчундары чыгып коп суйлобогондугу жагыптыр. А мен Алмазды чон адам болгондуктан дункуйюп журо берет деп калам. Алмаз бир да бийлебейт, бийге жок. Качан женил бий болгондо гана мени бийге чакырып белимен кучактап суйлошкончо жай бийлейт. Кокус башка менен бийлеп калсам барбы? Кызарып татарып, мени кызганганы билинип дункуюп отура берет. Ага Гулмира айтып калат -Жигитиндин сени кызганганы кандай гана бакыт! Мындай учурларда, кыздар оздорун ото бактылуу сезишип кетет деп. Мен ага карап - Мээнди жеп, Айбек томпокко окшогондордон кызганганда корот элем сенин бактылуу болгонунду дедим. Бул созумо Гулмира аябай кулду - Алтынай, сен Айбекти ким ойлоп жатасын? Айбек башкалар корбогонду коруп, сезбегенди сезип, туйбаганды туйган бала. Анын жан дуйносу такыр башкача. Ал сени суротко алып жатканда сага маани берип, сендеги башкалар туйбаган сулуукту издеп жатты. Алмаз сени катуу суйгондуктон ал нерсени тушунду? Ал Айбектен сени кызганганда, сени жан дуйносу менен кызганды. Болгону, сен аны тушунуп турсан да, тушунгун келбей жатат деди. Ошентип Алмаз дагы, Фрунзеден келип калды. Келип эле башка эч жакка бурулбай туура мага келип, мени жумуштан чыгышымды кутуп туруптур. Чынын айтсам Алмазды коргондо, эмне кылаарымды да билбей калдым. Айлам кетип калды. Кандай кылганда ал мени тынч коёт? Мен ушул минуталарда Алмазды коргум да келбей кетти. Эмне десем? Аманды келди деп айтамбы? Жок болбойт. Силер болгондо эмне кылат эленер? Сен каалабаган адам кундо сени коргусу келип, суйлошкусу келип чогуу басып келели деп турса? Мен озум Аманым менен жолукканга шашып турам. Амандын дагы отпускасы бутушуно аз, саналуу гана кундор калды. Аны ойлогонумда Аман менен куну да, туну да, бирге болгум келип кетет! Мен ал куну Алмаз менен жолдон эле кыскача суйлоштум. Ал мени башкача коз менен карап турду. Тынчсыздангандай. -Алмаз, болду башка мага келбе. Мени тынч кой дедим. -Сенин коздорун бугун башкача, сага бир нерсе болгондой деди Алмаз. -Ооба болду Алмаз, дедим. Ошондуктан мени тынч кой, мага келбе! Чындап эле менин коздорум, ага башкача болсо болгондур. Ал мени унчукпай эле артымдан карап кала берди. Мен Аманга келдим. Ал да менин коздорумо тигилип -Алтынай сага эмне болду? Сага бир нерсе болгондой деди. -Аман, мени каттуу бекем кучакта, мени коё бербе! дедим аны белинен кучактап кокурогуно башымды жолой. Ал мени бекем кучактап турду да. -Алтынай мени коркутпа эмне болду сага ?деди. -Эч нерсе болгон жок . Болгону мен сени жоготуп алуудан корком дедим. Алмаз эки кундон бери жок. Мага келбей калды. Бирок эмнегедир Алмазды коргондон бери журогум тынч эмес. Алмаз мага жондон жон келбей коюшу мумкун эмес. Ал мага жолугуп дагы эмне дейт экен деп, ичимден ойлоп коюп журом. Аман экообуз жумуштан кийин кундо жолугабыз. Анын кетээрине аз калды. Экообуз эми чындап кандай жолду тандаарыбызды билбей ойлонуп калдык. Ал мени, ата-энен менен тааныштыр, мен алар менен жакшылап суйлошойун дейт. Мен ага болбойм. Сен эмес, азыр уйго озум баралбай журом дедим. Аманга апам менен болгон таарынычты ачык айттып бердим. Ал копко катуу ойлонду. Акыры анан -Алтынай жур Фрунзеге барып, экообуз ошол жерде жашайбыз деди. Мен июль айында отпускага чыгышым керек болчу. Шартыма байланыштуу августка калып кеткем. Чындап эле отпуск алсам Фрунзеге барып келсемби деп турдум. Чынын айтсам мен Амандан эч айрылгым жок. Мен аны кундон кунго катуу суйуп баратам. Мурда Аманды Гулжанга уйлонушун керек деп журсом. Эми аны азыр кадимкидей Гулжандан кызганып калдым. Жумуштан кийин Аманды адатымча колунан жетелеп алып базардын ичинде кетип бараттым. Шашылышпыз. Озбек эжелерге жолугуп кайра бат чыгып кетишишибиз керек болчу. Алар базардын этегинде отурушат, бир кыйла басышыбызга туура келет. Чачымды жазып таштап койгом. Устумдо жука кофта. Узун юбкамдын этегин желбиретип, колубуз кармашып артымдан келеткан Аманыма улам утур кайрыла карап коюп келе жаттым. Товарларын жазып коюп отурган сатуучулар да, ары бери отуп жургон адамдар да бизге суктаныша карашкандай. Отуп барып артына бурулуп алып карагандары да бар. Аларды коруп Аман экообуз бири бирибизге карап кулуп коёбуз. Бир убакта эле -Уу Кыз! Кыы-ыз ! деп чакырышкан унду угуп, кандай ал жакка башымды буруп караганымды озум да билбей калдым. Карасам Апамдын жакыныраак эле эки абысыны бизди карап жолдон четирээк чыгып турушкан экен. Бироону кутуп турушкан окшойт. Экоонун апамдан жаштары бир топ эле жаш, менин женелерим болушат. Мен ичимен - Мына сага, эми чындап туштум дедим. Барып учурашканга туура келип калды. Алар менен учарышып ал- акыбал сурашып туруп калдык. Женелерим каштарын кере утур Аманга карап коюп турушту. Акыры чыдабай бир женем -Кыз жакында той жейт окшойбуз, кол кармашып жетелешип жургонунузго караганда деди тамашалай кулуп. Эмне дээримди билбей шашып калдым. - Таанышып алгыла бул Аман. - А булар менин женелерим дедим Аманга карап. - Ии жакшы экен дешти сын коз менен тиктеше кулумуш этишип женелерим. -Кыз коптон бери айылга да барбай койдунуз? - Ооба азыр жумуштарыбыз коп болуп жатат. Жакында барып калам го! дедим да мен кеткенге шаштым. Алардан эптеп кутулуп чыгып жоноп кеттим. Бирок бул жанылык апама, женелерим айылга бараары менен жетээри бышык болчу. Бугунку кун мага эмнеге мындай болду билбейм. Базардан чыгып Гулмира машинасын койгон жерге келдик. Келсек Гулмира базардан чыга элек экен. Ал озунун жумуштары менен базардын башка тарабына кирип кеткен болчу. Аман экообуз жолдун боюндагы чынар теректин жанына келип, аны кутуп туруп калдык. Жайдын куну Ошто кун кечкирсе деле, кундун аптабы кетпей ысык болуп тура берет эмеспи. Суусап тургандыктан Аман суу алып келем деп басып кетти. Андан коп отпой эле мени коздой басып келаткан Алмазды коруп калдым. Эч жакка жылып кеталмак эмес элем . Эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Ал келип учурашып эле -Кимди кутуп турасын? деди -Гулмираны - Аа, ал озу кайда журот? деди ал катар тизилип коюлган машиналарга коз жугурто. - Базардан эми чыгат, дедим мен жай гана. Ал бир азга унчукпай турду да - Алтынай, кечээ айылга барып келдим. Сага бугун жолуксамбы деп жаткам. Макул десен азыр... Анын созун акырына чыгарбадым -Эмнеге жолукмак элек экообуз! Экообуз суйлошо турган соз буткон дедим мен Алмазга. Ал соз таппай, менин козумо тигилип эле туруп калды. Мен аны карабадым, башка жакты карап туруп алдым. Амандын бизди коздой келатканын карап тура бердим. - Сага эмне болду Алтынай? деди ал. Мен бизге жакындап калган Аманды карап туруп -Эч нерсе! дедим. Аман жаныбызга келип эле колундагы сууну мага карматты да, колун Алмазга сунуп экоо кол алышып учурашып коюшту. -Гулмира дагы деле чыкпадыбы? деп Аман сурап калды. -Тигинде келе жатат дедим, алыстан бизди коздой келе жаткан Гулмираны корсотуп. Алмаздын ону бир азга озгоро тушконсуду. Ал бизди тушунбой эле карап туруп калды. Мен ага карап -Алмаз таанышып алгыла бул Аман болот дедим. Ал Амандын атын укканда селт дей тушту да коздорун чон ачып эле бир мени, бир Аманды тиктеп туруп калды. Эртеси куну жумушта отурсак, Алмаз туура кабинетибизге кирип келди. Алмаз бир кундун ичинде эле кыйла жудой тушконсуптур. Козумо башкача корунуп кетти. Ал баарыбыз менен саламдашкан сон Гуля Эштаевнадан суранып калды, -Алтынайда зарыл жумушум бар эле, жарым саатка мени менен сыртка чыгып келсин деп. Айласыз чыкканга туура келди. Алмаз да айласы кеткенден ушинтип атайын кабинетке кирип келгени баарына эле тушунуктуу болуп турду. Экообуз сыртка чыгып суйлошуп турдук. Алмаздын ошондогу абалын силерге тушундуруп бере албасам керек. -Алтынай, сен, сен бир нерсени тушунуп жатасынбы ? деди Алмаз буулуга мага карап туталанып -Сенчи? дедим мен, анын коздоруно тик карап. Ал унчукпай мени тиктеп тура берди -Эгер сен тушунгон болсон, мага келбейт элен Алмаз! дедим - Жок Алтынай, мен тушунуп турам, азырттан акылына кел. Кийин бул кундорун учун окуносун? Мен анын бул созуно кулкум келип кетти. -Эмнеге окуном? дедим ага коздорумду чон ачып суролуу тигиле. Ал менден козун албай туруп - Алтынай, акыркы убактарда ото ашыкча кетип жаткан жоксунбу? - Алмаз! сага дагы эмне керек? Озун кордун го! Менин журогумдо Аман бар экенин! Буга чейин аны сезип жургон болсон, кечээ ал менен тааныштын. Сен экообуздун жолубуз эки башка экени эми тушунуктуу болду го дейм! Бул создорумду угуп Алмаздын коздору чекчейе тушту да мага кыжырдана -Сен бул кылгандарын учун, убагы келгенде созсуз жооп бересин, сен эртенки кунунду эч ойлобой жатасын! деди. Мен аны мыскылдай кулуп - Кой Алмаз, мен кирейин деп жоной бергенимде, ал адатынча дагы колумдан кармап озуно мени бура тартты. Экообуз тиреше, унсуз тиктешип туруп калдык. Билегимден катуу кысып кармап тургандыктан - Алмаз колум,.. колумду коё бер дедим. Ал менин колумду бошотуп жатып - Алтынай эсинде болсун, сен баары бир менин катыным болосун! Озум катын кылам сени деди. Жиним менен Алмазды кантип жаактан ары тарс! деп бир чапканымды озум да билбей калдым. Ал ага капа деле болбоду, айткан созуно маашыркана мени мыскылдай кулуп жаагын кармап кала берди. Мен шарт бурулдум да басып келе бердим. Ал куну кечке Алмаздын созуно жиним келип журдум. Жумушумдан бошоорум менен белгилешкен жерге Аманыма жетип бардым. Жетип эле мойнунан асыла кучактадым. Экообуз канча тиктешсек да аздык кылаар. Аман мени эркелете соомойу менен мурдумдун учун сылап койду. Кол кармашып экообуз жай басып суйлошуп келатканбыз. Алдыбыздан Алмаз кантип каяктан кандайча пайда болду билбей калдым. Жалгыз эмес жанында Ороз бар экен. Аларды коруп коркуп кеттим. Алмаз Аманды - Журу экообуз озубузчо суйлошуп алалы деп калды. Аман жоногону калыптыр. Мен Амандын колунан бекем кармап коё бербей койдум. Коркконумдан Аманды коргой Алмазга кыйкырдым. -Кереги жок! Жакындаба бизге, сени менен суйлошо турган созубуз жок биздин! Ал унчукпай эле бизди карап туруп калды. -Алмаз эгерде Амандын бир жерине тийип кол которо турган болсон, менден эч качан жакшылык кутпо! Мен сени эч качан кечирбейм дедим ага. -Алтынай, мен сага соз берем. Менин андай максатым жок. Бир, эки гана ооз созум бар. Аманды коё бер, экообуз озубузчо суйлошуп алалы. деди Алмаз. Аман болбой атып менден бошонуп экоо бизден нары четирээк басып кетишти. Ороз мени жолумдан тосуп: - Алтынай коркпо. Алмаз андайга барбайт. Мен да сага соз берем, дегенде бир аз тынчтана тушконсудум. - Алмаз ансыз да сени жакшы тушунот. Аман менен мушташып сенин конулунду калтыргысы келбейт деди Ороз. Алмаз менен Аман экоо эмнелерди суйлошуп жатышты билбейм. Алыстан биз аларды карап турабыз. Менин тынчым кете баштады. -Ороз айтчы? Алмаз канткенде менден калат, мен андан чарчап кеттим дедим Орозго. - Ал сенден эч качан калбайт ко, Алтынай. Сен да Алмазды туура тушунушун керек. Сени ата-энен Колго бербесе да керек. Кичине ойлонуп иш кылсан озуно эле жакшы болмок деп койду. Алмаз Аманга эмне деди билбейм. Алмаз акыркы созун соомойун которо Аманга тик карап суйлоду да, анын жообун кутпостон бурулуп басып кетти. Аман аны артынан карап кала берди. Ороз да Алмазды коруп анын артынан жоноп калды. Мен да аларды тиктеген бойдон артынан карап турдум. Ошол кундон кийин Алмаз артымдан катуу тушуп калды. Менин ишенгеним эле Тимур болуп турду. Тимур менен бугун кечинде созсуз суйлошуп, бул ишти акырына чагарам деп озумо озум катуу ишенип жаттым. Аман Алмаз менен суйлошкондон кийин, мени созсуз Фрунзеге алып кетем, болду экообуз ушул бойдон эч качан айрылышпайбыз деп озунчо ал да катуу ойлонуп жатты. - Аман сен коп кыжаалат боло бербе! Алмаздын колунан эч нерсе келбейт! Тимур бизге созсуз жардам берет дедим мен Аманга ишенимдуу. Тимур жонундо ага айтып бердим. Бирок бизди ойлондурган дагы бир башка нерсе бар болчу. Анын ата-энеси да бизге каршы. Экообуздун Фрунзеде гана жашагандан башка айлабыз жок эле. Мен тобокелге салып Аман менен кетмей болдум. Бирок туурасын аяш энеме айтууга туура келди. Мен ошол эле куну уйго келип аяш энеме Аман экообуздун оюбузду ачык айттым. Аяш энем менин создорумду угуп алып копко чейин унчукпай ойлонуп отурду да -Алтынай, эки жактын тен ата-энеси каршы экен. Сенин козун жетеби? Аман менен омур бою жашап калышына? Турмуш деген кыйын нерсе, баары сен ойлогондой боло бербейт! деди -Мен Аманга ишенем аяш эне! Аман башкалардай эмес . Ал... ал деген билесизби?, ал бир да башкаларга окшобойт дедим мен коздорумду жайната . Аяш энем жалдырап эле эч нерсе дей албастан, мени тиктеген бойдон отуруп калды. Ошондон эки кундон кийин, кундогудой эле жумушта отурсак Дурус болом кирип келди. Баарыбыз менен саламдашып буткон сон мага карап -Алтынай сага эмне болду ? деп калды. Мен аны ичимден сезип турсам да тушунбогондой -Эч нерсе. Эмне болуптур? дедим. Ал мени бир азга карап турду да -Лайли менен Мажнун болуптур деди. Айласыздан отургандар бырс кулуп жиберишти. Ал Гуля Эштаевнага карап - Элдин баары угуп, ушул жерде журуп бир мен укпаптырмын. Же силер мага айтып койбопсунар деди. Менин жиним келип кетти. -Мен силерге жаш бала эмесмин,мен жонундо силерге айткыдай дедим. Ал мени бир азга унчукпай карап турду да - Жур Алтынай, сыртка чыгып суйлошолу. Айылдан эжен келди деп калды. Чыксам Дурус боломдун машинасында эжем отуруптур. Машинада учообуз суйлошуп отурдук. Эжем мага аябай капа болуп ыйлады. -Алтынай, эмне акылындан айнып калдынбы? Кыз баланын оз уйуно барбай журот дегени эмнеси? Уккандарга уят эмеспи. Апамды кичине аясан боло. Сенин айынан атам менен апамда да коп урушуп жатышат. Мынчалык мерез болбосон ......ушул сыяктуу создорду айтып жатты. Дурус болом унчукпай катуу ойлонуп эжемдин создорун угуп коюп отурат. Анын мындай кебетесин биринчи жолу корушум эле. -Мындай учурларда башкаларга соз бербей, акыл уйротуп Дурус болом быдылдап кыйын суйлочу эле, бул эмне унчукпай калган? деп ичимден ойлоп койдум. Эжемдерди жонотуп коюп кабинетке кирдим. Апама таарынып журуп уйумдогулорду бир да эстебей калган экенмин. Эжем ыйлап айтып отурса, чыдабай менин да козумдон жашым сызылып агып отурдум. Синдилеримди айрыкча инимди ойлоп сагынып кеттим. Мен учун ушунун баарына Алмаз кунолуу эле. Эмне учун мен бир жаралган жашоодо, бироолордун каалосу менен жашашым керек? Эмнеге мен озум каалагандай жашоого укугум жок? Эмнеге? Мен Эжеме - Макул, азыр эмес кийинчерээк барам уйго, дегенден башка эч нерсеге жарабадым. Жоноп баратып эжем -Алтынай акылына кел!. Эсин менен бол! Ата-энени нааразы кылып, сен эч качан бак таппайсын! Азыр сага кеч боло электе айтып коёюн, назардан калган болбойт деп кетти. Ошол куну жумуштан кийин Алмаз менен жолугушуум керек болчу. Тимур менен кечээ кечинде баары суйлошулгон. Бугун жолугуп Алмазды экинчи жолобой турган кылам деп ишенимдуу отурдум. Себеби Тимур озунун айтуусу боюнча, мага коп нерсеге карыз болуп калган. Аялынын кылыгынан улам озун менин алдымда аябай кунолуу сезип, эмне кылаарын билбей журсо, кечээ аялы менен биро толо мыйзамдуу турдо ажырашып тынды. Албетте менин жардамым бул жерде ото чон болду. Ошондуктан Тимур мен учун бардыгына даяр эле. Максатым Алмазды экинчи мага жолобос кылсам! Анын айынан уйумо барбай журом, апам менен таарынышып эмнелер гана болбодум! Эми мени алып качмакчы болуп андып жургонуно не дейсин? Аманга эмне дегенин ал да такыр айтпай койду. Экоо эки жактан- Алтынайды кимибиз алар экенбиз? дешкендей. Амандын да акыркы кундору тынчы кетип, мени эртерээк кетели деп шаштырып калды. Мен ага Тимур жонундо айтып берип, аны да ишендирип койгом. Алмаз менден мындайды эч качан кутпосо керек эле. Уч уктап тушуно да кирбеген чыгаар. Белгилешкен жерге машина менен келдик. Тимур эки бала менен, анан Гулмира экообуз болуп бешообуз келгенбиз. Алмаз бизди коруп тушунбой эле туруп калды. Машинадан тушуп эле, Тимур Алмаз менен суйлошуп баштады. Биз Гулмира экообуз машинанын ичине кирип эшиктерин ачып коюп отурабыз. Алар бизден кыйла нары жылып кетишти. Создору жакшы угулбайт. Бирок биздин бул кылгандарыбыз Гулмирага бир да жакпай отурду. -Эх, Алтынай, Алтынай...деп Гулмира башын чайкап коюп отурду озунчо. Бир нерсе деп айталбайт. Алмазга конулум жок экенин озу коруп отурат. Баарынан да мага бугунку эжемдин ыйлап келип кеткени жаныма аябай батып кетти. Ушулардын баарына Алмазды куноолоп, андан бугун бир очумду албасам элеби деп жиним менен отурам. -Алмаз мени оюнда ким ойлоп журот? дедим ичимден. Жон койсо.., озу айтмакчы акыркы кундору ото эле ашыкча кетип калып, жатат. Сени бугун! оз ордунду таптыртам Алмаз! Мени коргондо, мага суйломок тургай менден айланып ото турган болосун! деп, ушундай ойлорду ойлонуп отургам. Бир убакта эле Алмазды ортого алып Тимурдун балдары ургулап тепкилеп киришти. Алмазда да аларга бош келбей жатат. Тимур башында Алмазды ичине талыштыра бир муштаганы менен, азыр унчукпай эле, бир чекеде аларды тиктеп коюп турат. Алар катуулап кетишти. Мен козумду чекчейтип эле отуруп калдым. - Э--э! Мындай болбойт! деп бир убакта Гулмира мени бир карап алды да машинадан тушуп, аларды коздой чуркап жоноду. Ал барып эле Алмазды коргой арачалап - Тимур! Болду! Токтоткула! жетишет! деп кыйкырып жиберди. Алар токтоп калышты. Гулмира Алмазды чыканагынан кармап алып жетелеп бери коздой машинага алып келди. Алмаздын оозу мурду канап кетиптир. Козунун чекеси да кызарып, устундогу ак койногу чан, кир болуп калыптыр. Машинадан кичинекей чачыгын, жуз арчуусун алып чыгып Гулмира Алмаздын бети башын тазалап кирди. Мен акырын машинадан туштум да Алмазга карадым. - Алмаз жакшы созго тушунбой, озун мени ушуга жеткирдин. Болду эми, мага башка жолобо дедим. Ал мени тиктеген бойдон жаныма басып келди да - Алтынай эсинде болсун!.... .. деп барып дагы бир нерсе айтайын деди окшойт, башка эч нерсе дей албай, бир аз буулуга тушту. Экообуз унчугушпай тиктешип калдык. Анын коздору бул жолу мени башкача тиктеп турган эле. Мен эч нерсе деп ага башка соз айта албай туруп калдым. Ал да башка соз айтпады. Унчукпай биздин алдыбыздан жоноп кете берди. Мен аны артынан тиктеген бойдон узатып кала бердим. Мен жолдо машинада арткы орундукта унчукпай катуу ойго тушуп келаттым. Алмаздын акыркы коз карашы журогумо барып такалып калгандай. Анын ошол тиктеши менин коз алдымдан эч кетпей туруп алды. Гумира рулда баратып мени утуру кузгудон карап коюп бара жатты. Баарыбыз унчукпайбыз. . Тимур эмнени ойлонуп жатты билбейм. Ал ичинен озу менен озу суйлошуп жаткандай туюлду мага. Мен жолдон Аман менен жолугушам деп тушуп калдым. Амандын жанына келсем ал мени кутуп отургучта отурган экен.Менин онумду коруп эле Аман мага тынчсыздана -Алтынай сага эмне болду? Эмне онун кубарып кеткен? деп ордунан тура калды. Мен бул жолу Амандын жузуно карай албай койдум. - Алтынай! деди Аман, мени ээгимден алып озуно каратты. Козубуз тиктешип турду. Мен ага - Кел Аман экообуз отуруп суйлошолучу дедим. Экообуз отурган сон --Аман мен сени менен азыр кете албайт окшойм. Сенин артындан кийинчерээк барсамбы деп ойлоп жатам. Бугун айылдан эжем келиптир.Чынын айтсам мен аларды аябай сагындым. Айрыкча инимди каттуу сагындым дедим мукактана. Аман бир азга башын жерге салып унчукпай отурду да, жузун колу менен суртуп- суртуп алды. Ал мага карап - Ооба Алтынай тушуном. Тушуном баарын деди. Озунчо бир нерсени айталбагандай болуп ойлоно тушту. Бир убакта ордунан туруп мени колуман тартып кучагына алды. -Алтынай, мен сени менен созсуз кабарлашып турам. Телефондон чалып экообуз суйлошуп турабыз. Эсинде болсун баары жакшы болот. Мен сени келип созсуз озум алып кетем! Уктунбу Алтынай? деди. Мен Аманга эмне болгонуна тушунбой жалдырап эле тан кала карап калдым. Сурайын деп барып оозум барбай койду. Ичимден Аманды, -Кызык Аманга эмне болгон? Же уйундогулор менен суйлошуп кабарлаштыбы? Ата -энеси тынч болсо экен? деп ойлоп кеттим. Ал куну Аман менен эрте коштошуп кеттим. Жайдын куну эрте дегеним мен уйго жеткенде саат он бирден отуп калган экен. Сууга тушуп чыгып эле жаттым. Жатып алып бир эжемдин ыйлаганын эстесем, бир Алмаздын бугунку мени тиктеген коздорун эстедим. Аркасынан Амандын суйлогон создоруно дагы деле тушунбой ойлонуп жаттым. Ошентип жатып уктап калыпмын. Туш кордум. Тушумдо баш аламан болуп эле баарыбыз аралашып журобуз. Жумушумдагы аялдардан тарта айылдагы жене эжелериме чейин аралашып журобуз. Арасында апам аяш энемдер да журушот. Дурус болом каткырып кулуп Аман экообуз кол кармашып алып, качканга жол таппай журобуз. Кайда качсакта алдыбыздан Алмаз чыгып калып жатты. Эртеси куну жумушта отурсам телефонго чакырып калышты. Алсам Аман экен. Эртен кечкиге саат тогуздарга Фрунзеге билет алдым. Сен жумуштан чыккандан кийин кенири суйлошконго деп атайын ошенттим деп калды. Бул созду укканда журогум кабынан чыгып кетейин деди. Суйлой албай бир кызыктай абалда турдум. - Жоок! Аман кетпе! деген созум оозумдан чыкпай тилимдин учунда калып кетти. Аман андан кийин да бир нерселерди суйлоп жатты аларды угуп укпай ойлорум башка жактарга кетип жатты. Шалдырап эле келип столумда отуруп калдым. Кайра дагы телефонго чакырды. Алсам Айнагул экен. -Бугун кечинде ресторанда жолугушабыз. Россиядан бизден кийинки окуп жургон балдар келишиптир, баарыбыз чогулуп отурабыз деп калды. Муну Амандын кетишине деп, атайын Нуралынын уюштурганын сезип эле турдум. #АяшАтамдынБаласы
ЧЫНЫГЫ ДОС ТАПКЫМ КЕЛЕТ!
"АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ".
14-БОЛУК.
Аманды Ош шаары менен кундо тааныштырып жаттым. Ага озгочо Сулайман-Тоо башкача жакты. Музейдеги эски буюмдарга маани берип кайсы кылымдын буюмдары экенин сураштырып ал озунчо бир тарыхка кирип кетти. Ал куну биз менен Нуралы да чогуу болчу. Нуралы да коп билгендерин ага айтып берип журду. Ункурдогу таштагы белгилер Аманга ото кызыктуу корунду окшойт
-Ош шаары чындап эле тарыхы узун, орто Азиядагы байыркы эски шаарлардын бири экен. Ордолуу Ош шаары деп бекерден айтылбаптыр деп озунчо соз кылып жатты.
Тоонун башына чыгып шаарды копко чейин берилуу менен тиктеп турду.
Ал куну тоодон тушуп туура чайханага келдик. Нуралы бугун Аманды озгочо сыйламак. Ал коптон бери эле айтып жургон болчу,
-Бир куну аш демдетип отурабыз, атайын Ошко келип чайхананын ашын жебесен, анда Ошко келгенин бекер болуп калат деп. Келсек Айнагул Нуралынын жакын достору менен бизди кутуп калышкан экен. Бизди алар менен тааныштырып, тамаша создор менен кулдурушуп тез эле бака -шака болуп кеттик. Нуралы озу башынан эле ушундай уюштургуч бала. Россияда да дайыма болгон кыргыздардын баарын чогултуп жолушууларды уюштуруп калаар эле. Ошондуктан Нуралыны баары жакшы корушуп, аны сыйлашып келишет. Бугун да анын шаардагы жакын достору чогулуп, Нуралынын Ыссык -Колдон келген досун сыйлап коёлу деп атайын чогулушуптур. Аз аздан ичимдик ичилип бир аз кызып калышкандан кийин баары кызуу кепке кирип кетишти. Биз Айнагул экообуз сыртка чыгып бир аз суйлошуп туруп калдык. Ал айылдан кечээ келген. Эртен кайра кетмек.
- Айнагул сен жок Нуралы менен Аман кандай жашап жатышыптыр деп сурап калдым.
-Ой экоо, мен бардагыдан жакшыраак жашашыптыр. Аман аябай таза тыкан жигит экен. Келсем уйдун ичи жон эле мизилдейт. Менин Нуралымды билесин го, анын артынан дайым озум жыйнап журом. Ага Амандын козунчо эле айттым. Мен жокто кантип тазалыкта жашаш керектигин Амандан уйронуп алгын дедим.
Айнагул бир нерсени эстеп кетти окшойт, мени карап эле
-Айткандай Аманды Гулжан дагы деле кутуп жургон турбайбы. Бир куну Аман колдун жээгинде журсо Гулжан келиптир. Аманды кутуп жургонун, аны суйоорун айтып аябай ыйлаптыр деп калды. Мен аны тиктеген бойдон эле туруп калыпмын.
-Ооба, Аман озу Нуралыга айтып бериптир. Амандын ата-энеси, Гулжан баары мектепте чогуу иштешет экен. Атасы мектептин директору, коммунист киши экен. Анан ал Аманды Гулжанга уйлоносун сени канча жылдан бери кутуп журот деп ачууланыптыр. Аман Колго уйуно барбай бул жакка келе бериптир.
-Демек анын ата-энеси да каршы дечи, дедим мен ойлоно
- Ооба да Алтынай. Озун ойлоп корсон мектептен баштап экоо суйлошуп журушсо...? Ал экоо жонундо айылдын баары, илгерттен эле билишчу экен.
Мен ушул жерде Гулжандын мага жазган катын дагы бир жолу эстеп кеттим.
《Мен Аманды гана суйом. Мен суйгондой аны эч ким суйо албайт. Ал сага уйлонгон кундо да, мен аны куто берем . Себеби бир куну, анын мага созсуз кайтып келээрине ишенем! 》
Бугун жумушта журсом Тимур шашылыш келиптир. Тимурга да баягы куну суйлобой ыйлап, тетири карап анын бетине карабай да койбодум беле. Ошол бойдон бугун жуз коруштум аны менен. Ал Гуля Эштаевна менен кенешип, учообуз суйлошуп турдук. Тимурдун максаты учурдан пайдаланып аялын ажырашуу боюнча арызга кол койдуруп калуу эле. Ал ажырашууга арыз таштаганына коп болуптур. Аялы макул болбой жургон экен.
Кечээ Тимурдун аялы апасы менен келишкен. Чынын айтсам аларды коргум да келген жок. Созун уккан да жокмун. Ордумдан туруп кабинеттен чыгып кеткем. Гуля Эштаевна айтмакчы ал артымдан жалынып копко чуркайт эми. Менин кок беттигим кармаса барбы, анын шору шорподой гана кайнайт ко! Бугун мынтип айласыз Тимурду ортого сала баштаптыр. Тимур эми чындап максатына жеткени калды окшойт.
Гулмира айтмакчы бугун, чарпаяда чайпала бактын колокосундогу сорудо самса менен кок чай ичип отурабыз. Сорунун астындагы арыктан шырылдап суу агып турду.
-Аман, кел бугун оз колум менен сага кок чайдан куюп берип отурайын деп Гулмира бизди кулдуруп отурду. Гулмира кандай гана кылыктарды кылбасын, ага баары жараша берет. Айрыкча ал озбекчени суйлогондо кандай гана адам болбосун ага жаркылдап кулуп, карап калаар эле.
-Ваай Акажон, ыссык самсанызга кошуп, кок чайыныздан аччык гана кылып демдеп алып келинизчи дегенде
-Хоп асал кыз! бир ооз созунуз деп аларда бир колун кокурогуно коюп, шыпылдап кызмат кылып калышат. Гулмира кашын кере созулуп, козун бизге карап бир чон алайта ачып коёт да, кайра кылыктана чайдан куюп отуруп калат. Булардын баары Аманга ото кызык эле. Ал бир созго тушунсо, бир созго тушунбой отурду. Анын создорун томпондоп Айбек бир орусча, бир кыргызча кылып бизди кулдуруп, Аманга которуп берип жатты. Биз ага куло берип ыкшып жатып калдык. Ошондо да Гулмира кулбойт. Колундагы пияласын чайпап коюп чайынан ууртап отурду.
Айбекке Аман жагып калды корунот. Ал экоо тез эле тил табышып кетишти. Мен жумушта жургондо Аман кобунчо Айбек экоо ээрчишип журушту. Чындыгында Аманга шаардын корсотпогон жери да калбады окшойт. Мен бир жылдан бери коро элек жерлерди, ал коруп чыгыптыр. Анын эч качан бош убактысы болбоду. Озу айтмакчы конок боло берип, келгенден бери бир аз онолуп толуп да калгандай.
Гулмира айткандай Аман экообуздун бактылуу кундорубуз канча кунго чейин созулаар экен? Бугун алтынчы кун. Эртенки кундон кийин, биринчи куну Алмаз Фрунзеден келет. Мен ал жонундо эч ойлобоптурмун. Аны мага бугун эрте менен Гулмира эскертти. Мен ушуларды ойлоп унчукпай чайдан уурттай Аманды тиктеп отурдум.
Мен Гулмира менен канча сырдашып, канча сырымды айтсам да, ага Алмаз гана жагып туруп алды. Анын оюнча Алмаз чыныгы эркек экен. Анын мучосу келишимдуу, булчундары чыгып коп суйлобогондугу жагыптыр. А мен Алмазды чон адам болгондуктан дункуйюп журо берет деп калам. Алмаз бир да бийлебейт, бийге жок. Качан женил бий болгондо гана мени бийге чакырып белимен кучактап суйлошкончо жай бийлейт. Кокус башка менен бийлеп калсам барбы? Кызарып татарып, мени кызганганы билинип дункуюп отура берет. Ага Гулмира айтып калат
-Жигитиндин сени кызганганы кандай гана бакыт! Мындай учурларда, кыздар оздорун ото бактылуу сезишип кетет деп. Мен ага карап
- Мээнди жеп, Айбек томпокко окшогондордон кызганганда корот элем сенин бактылуу болгонунду дедим. Бул созумо Гулмира аябай кулду
- Алтынай, сен Айбекти ким ойлоп жатасын? Айбек башкалар корбогонду коруп, сезбегенди сезип, туйбаганды туйган бала. Анын жан дуйносу такыр башкача. Ал сени суротко алып жатканда сага маани берип, сендеги башкалар туйбаган сулуукту издеп жатты. Алмаз сени катуу суйгондуктон ал нерсени тушунду? Ал Айбектен сени кызганганда, сени жан дуйносу менен кызганды. Болгону, сен аны тушунуп турсан да, тушунгун келбей жатат деди.
Ошентип Алмаз дагы, Фрунзеден келип калды. Келип эле башка эч жакка бурулбай туура мага келип, мени жумуштан чыгышымды кутуп туруптур. Чынын айтсам Алмазды коргондо, эмне кылаарымды да билбей калдым. Айлам кетип калды. Кандай кылганда ал мени тынч коёт? Мен ушул минуталарда Алмазды коргум да келбей кетти. Эмне десем? Аманды келди деп айтамбы? Жок болбойт. Силер болгондо эмне кылат эленер? Сен каалабаган адам кундо сени коргусу келип, суйлошкусу келип чогуу басып келели деп турса? Мен озум Аманым менен жолукканга шашып турам. Амандын дагы отпускасы бутушуно аз, саналуу гана кундор калды. Аны ойлогонумда Аман менен куну да, туну да, бирге болгум келип кетет!
Мен ал куну Алмаз менен жолдон эле кыскача суйлоштум. Ал мени башкача коз менен карап турду. Тынчсыздангандай.
-Алмаз, болду башка мага келбе. Мени тынч кой дедим.
-Сенин коздорун бугун башкача, сага бир нерсе болгондой деди Алмаз.
-Ооба болду Алмаз, дедим. Ошондуктан мени тынч кой, мага келбе! Чындап эле менин коздорум, ага башкача болсо болгондур. Ал мени унчукпай эле артымдан карап кала берди.
Мен Аманга келдим. Ал да менин коздорумо тигилип
-Алтынай сага эмне болду? Сага бир нерсе болгондой деди.
-Аман, мени каттуу бекем кучакта, мени коё бербе! дедим аны белинен кучактап кокурогуно башымды жолой. Ал мени бекем кучактап турду да.
-Алтынай мени коркутпа эмне болду сага ?деди.
-Эч нерсе болгон жок . Болгону мен сени жоготуп алуудан корком дедим.
Алмаз эки кундон бери жок. Мага келбей калды. Бирок эмнегедир Алмазды коргондон бери журогум тынч эмес. Алмаз мага жондон жон келбей коюшу мумкун эмес. Ал мага жолугуп дагы эмне дейт экен деп, ичимден ойлоп коюп журом.
Аман экообуз жумуштан кийин кундо жолугабыз. Анын кетээрине аз калды.
Экообуз эми чындап кандай жолду тандаарыбызды билбей ойлонуп калдык.
Ал мени, ата-энен менен тааныштыр, мен алар менен жакшылап суйлошойун дейт. Мен ага болбойм. Сен эмес, азыр уйго озум баралбай журом дедим. Аманга апам менен болгон таарынычты ачык айттып бердим. Ал копко катуу ойлонду. Акыры анан
-Алтынай жур Фрунзеге барып, экообуз ошол жерде жашайбыз деди.
Мен июль айында отпускага чыгышым керек болчу. Шартыма байланыштуу августка калып кеткем. Чындап эле отпуск алсам Фрунзеге барып келсемби деп турдум. Чынын айтсам мен Амандан эч айрылгым жок. Мен аны кундон кунго катуу суйуп баратам. Мурда Аманды Гулжанга уйлонушун керек деп журсом. Эми аны азыр кадимкидей Гулжандан кызганып калдым.
Жумуштан кийин Аманды адатымча колунан жетелеп алып базардын ичинде кетип бараттым. Шашылышпыз. Озбек эжелерге жолугуп кайра бат чыгып кетишишибиз керек болчу. Алар базардын этегинде отурушат, бир кыйла басышыбызга туура келет. Чачымды жазып таштап койгом. Устумдо жука кофта. Узун юбкамдын этегин желбиретип, колубуз кармашып артымдан келеткан Аманыма улам утур кайрыла карап коюп келе жаттым. Товарларын жазып коюп отурган сатуучулар да, ары бери отуп жургон адамдар да бизге суктаныша карашкандай. Отуп барып артына бурулуп алып карагандары да бар. Аларды коруп Аман экообуз бири бирибизге карап кулуп коёбуз. Бир убакта эле
-Уу Кыз! Кыы-ыз ! деп чакырышкан унду угуп, кандай ал жакка башымды буруп караганымды озум да билбей калдым. Карасам Апамдын жакыныраак эле эки абысыны бизди карап жолдон четирээк чыгып турушкан экен. Бироону кутуп турушкан окшойт. Экоонун апамдан жаштары бир топ эле жаш, менин женелерим болушат. Мен ичимен
- Мына сага, эми чындап туштум дедим. Барып учурашканга туура келип калды. Алар менен учарышып ал- акыбал сурашып туруп калдык. Женелерим каштарын кере утур Аманга карап коюп турушту. Акыры чыдабай бир женем
-Кыз жакында той жейт окшойбуз, кол кармашып жетелешип жургонунузго караганда деди тамашалай кулуп.
Эмне дээримди билбей шашып калдым.
- Таанышып алгыла бул Аман.
- А булар менин женелерим дедим Аманга карап.
- Ии жакшы экен дешти сын коз менен тиктеше кулумуш этишип женелерим.
-Кыз коптон бери айылга да барбай койдунуз?
- Ооба азыр жумуштарыбыз коп болуп жатат. Жакында барып калам го! дедим да мен кеткенге шаштым. Алардан эптеп кутулуп чыгып жоноп кеттим.
Бирок бул жанылык апама, женелерим айылга бараары менен жетээри бышык болчу.
Бугунку кун мага эмнеге мындай болду билбейм. Базардан чыгып Гулмира машинасын койгон жерге келдик. Келсек Гулмира базардан чыга элек экен. Ал озунун жумуштары менен базардын башка тарабына кирип кеткен болчу. Аман экообуз жолдун боюндагы чынар теректин жанына келип, аны кутуп туруп калдык. Жайдын куну Ошто кун кечкирсе деле, кундун аптабы кетпей ысык болуп тура берет эмеспи. Суусап тургандыктан Аман суу алып келем деп басып кетти. Андан коп отпой эле мени коздой басып келаткан Алмазды коруп калдым. Эч жакка жылып кеталмак эмес элем . Эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Ал келип учурашып эле
-Кимди кутуп турасын? деди
-Гулмираны
- Аа, ал озу кайда журот? деди ал катар тизилип коюлган машиналарга коз жугурто.
- Базардан эми чыгат, дедим мен жай гана.
Ал бир азга унчукпай турду да
- Алтынай, кечээ айылга барып келдим. Сага бугун жолуксамбы деп жаткам. Макул десен азыр...
Анын созун акырына чыгарбадым
-Эмнеге жолукмак элек экообуз! Экообуз суйлошо турган соз буткон дедим мен Алмазга. Ал соз таппай, менин козумо тигилип эле туруп калды. Мен аны карабадым, башка жакты карап туруп алдым. Амандын бизди коздой келатканын карап тура бердим.
- Сага эмне болду Алтынай? деди ал.
Мен бизге жакындап калган Аманды карап туруп
-Эч нерсе! дедим.
Аман жаныбызга келип эле колундагы сууну мага карматты да, колун Алмазга сунуп экоо кол алышып учурашып коюшту.
-Гулмира дагы деле чыкпадыбы? деп Аман сурап калды.
-Тигинде келе жатат дедим, алыстан бизди коздой келе жаткан Гулмираны корсотуп. Алмаздын ону бир азга озгоро тушконсуду. Ал бизди тушунбой эле карап туруп калды. Мен ага карап
-Алмаз таанышып алгыла бул Аман болот дедим.
Ал Амандын атын укканда селт дей тушту да коздорун чон ачып эле бир мени, бир Аманды тиктеп туруп калды.
Эртеси куну жумушта отурсак, Алмаз туура кабинетибизге кирип келди. Алмаз бир кундун ичинде эле кыйла жудой тушконсуптур. Козумо башкача корунуп кетти. Ал баарыбыз менен саламдашкан сон Гуля Эштаевнадан суранып калды,
-Алтынайда зарыл жумушум бар эле, жарым саатка мени менен сыртка чыгып келсин деп. Айласыз чыкканга туура келди. Алмаз да айласы кеткенден ушинтип атайын кабинетке кирип келгени баарына эле тушунуктуу болуп турду. Экообуз сыртка чыгып суйлошуп турдук. Алмаздын ошондогу абалын силерге тушундуруп бере албасам керек.
-Алтынай, сен, сен бир нерсени тушунуп жатасынбы ? деди Алмаз буулуга мага карап туталанып
-Сенчи? дедим мен, анын коздоруно тик карап. Ал унчукпай мени тиктеп тура берди
-Эгер сен тушунгон болсон, мага келбейт элен Алмаз! дедим
- Жок Алтынай, мен тушунуп турам, азырттан акылына кел. Кийин бул кундорун учун окуносун? Мен анын бул созуно кулкум келип кетти.
-Эмнеге окуном? дедим ага коздорумду чон ачып суролуу тигиле. Ал менден козун албай туруп
- Алтынай, акыркы убактарда ото ашыкча кетип жаткан жоксунбу?
- Алмаз! сага дагы эмне керек? Озун кордун го! Менин журогумдо Аман бар экенин! Буга чейин аны сезип жургон болсон, кечээ ал менен тааныштын. Сен экообуздун жолубуз эки башка экени эми тушунуктуу болду го дейм! Бул создорумду угуп Алмаздын коздору чекчейе тушту да мага кыжырдана
-Сен бул кылгандарын учун, убагы келгенде созсуз жооп бересин, сен эртенки кунунду эч ойлобой жатасын! деди. Мен аны мыскылдай кулуп
- Кой Алмаз, мен кирейин деп жоной бергенимде, ал адатынча дагы колумдан кармап озуно мени бура тартты. Экообуз тиреше, унсуз тиктешип туруп калдык. Билегимден катуу кысып кармап тургандыктан
- Алмаз колум,.. колумду коё бер дедим. Ал менин колумду бошотуп жатып
- Алтынай эсинде болсун, сен баары бир менин катыным болосун! Озум катын кылам сени деди. Жиним менен Алмазды кантип жаактан ары тарс! деп бир чапканымды озум да билбей калдым. Ал ага капа деле болбоду, айткан созуно маашыркана мени мыскылдай кулуп жаагын кармап кала берди. Мен шарт бурулдум да басып келе бердим. Ал куну кечке Алмаздын созуно жиним келип журдум.
Жумушумдан бошоорум менен белгилешкен жерге Аманыма жетип бардым. Жетип эле мойнунан асыла кучактадым. Экообуз канча тиктешсек да аздык кылаар. Аман мени эркелете соомойу менен мурдумдун учун сылап койду. Кол кармашып экообуз жай басып суйлошуп келатканбыз. Алдыбыздан Алмаз кантип каяктан кандайча пайда болду билбей калдым. Жалгыз эмес жанында Ороз бар экен. Аларды коруп коркуп кеттим. Алмаз Аманды
- Журу экообуз озубузчо суйлошуп алалы деп калды. Аман жоногону калыптыр. Мен Амандын колунан бекем кармап коё бербей койдум. Коркконумдан Аманды коргой Алмазга кыйкырдым.
-Кереги жок! Жакындаба бизге, сени менен суйлошо турган созубуз жок биздин! Ал унчукпай эле бизди карап туруп калды.
-Алмаз эгерде Амандын бир жерине тийип кол которо турган болсон, менден эч качан жакшылык кутпо! Мен сени эч качан кечирбейм дедим ага.
-Алтынай, мен сага соз берем. Менин андай максатым жок. Бир, эки гана ооз созум бар. Аманды коё бер, экообуз озубузчо суйлошуп алалы. деди Алмаз. Аман болбой атып менден бошонуп экоо бизден нары четирээк басып кетишти. Ороз мени жолумдан тосуп:
- Алтынай коркпо. Алмаз андайга барбайт. Мен да сага соз берем, дегенде бир аз тынчтана тушконсудум.
- Алмаз ансыз да сени жакшы тушунот. Аман менен мушташып сенин конулунду калтыргысы келбейт деди Ороз.
Алмаз менен Аман экоо эмнелерди суйлошуп жатышты билбейм. Алыстан биз аларды карап турабыз. Менин тынчым кете баштады.
-Ороз айтчы? Алмаз канткенде менден калат, мен андан чарчап кеттим дедим Орозго.
- Ал сенден эч качан калбайт ко, Алтынай. Сен да Алмазды туура тушунушун керек. Сени ата-энен Колго бербесе да керек. Кичине ойлонуп иш кылсан озуно эле жакшы болмок деп койду.
Алмаз Аманга эмне деди билбейм. Алмаз акыркы созун соомойун которо Аманга тик карап суйлоду да, анын жообун кутпостон бурулуп басып кетти. Аман аны артынан карап кала берди. Ороз да Алмазды коруп анын артынан жоноп калды. Мен да аларды тиктеген бойдон артынан карап турдум.
Ошол кундон кийин Алмаз артымдан катуу тушуп калды. Менин ишенгеним эле Тимур болуп турду. Тимур менен бугун кечинде созсуз суйлошуп, бул ишти акырына чагарам деп озумо озум катуу ишенип жаттым.
Аман Алмаз менен суйлошкондон кийин, мени созсуз Фрунзеге алып кетем, болду экообуз ушул бойдон эч качан айрылышпайбыз деп озунчо ал да катуу ойлонуп жатты.
- Аман сен коп кыжаалат боло бербе! Алмаздын колунан эч нерсе келбейт! Тимур бизге созсуз жардам берет дедим мен Аманга ишенимдуу. Тимур жонундо ага айтып бердим. Бирок бизди ойлондурган дагы бир башка нерсе бар болчу. Анын ата-энеси да бизге каршы. Экообуздун Фрунзеде гана жашагандан башка айлабыз жок эле. Мен тобокелге салып Аман менен кетмей болдум. Бирок туурасын аяш энеме айтууга туура келди.
Мен ошол эле куну уйго келип аяш энеме Аман экообуздун оюбузду ачык айттым.
Аяш энем менин создорумду угуп алып копко чейин унчукпай ойлонуп отурду да
-Алтынай, эки жактын тен ата-энеси каршы экен. Сенин козун жетеби? Аман менен омур бою жашап калышына? Турмуш деген кыйын нерсе, баары сен ойлогондой боло бербейт! деди
-Мен Аманга ишенем аяш эне! Аман башкалардай эмес . Ал... ал деген билесизби?, ал бир да башкаларга окшобойт дедим мен коздорумду жайната . Аяш энем жалдырап эле эч нерсе дей албастан, мени тиктеген бойдон отуруп калды.
Ошондон эки кундон кийин, кундогудой эле жумушта отурсак Дурус болом кирип келди. Баарыбыз менен саламдашып буткон сон мага карап
-Алтынай сага эмне болду ? деп калды. Мен аны ичимден сезип турсам да тушунбогондой
-Эч нерсе. Эмне болуптур? дедим. Ал мени бир азга карап турду да
-Лайли менен Мажнун болуптур деди. Айласыздан отургандар бырс кулуп жиберишти. Ал Гуля Эштаевнага карап
- Элдин баары угуп, ушул жерде журуп бир мен укпаптырмын. Же силер мага айтып койбопсунар деди. Менин жиним келип кетти.
-Мен силерге жаш бала эмесмин,мен жонундо силерге айткыдай дедим. Ал мени бир азга унчукпай карап турду да
- Жур Алтынай, сыртка чыгып суйлошолу. Айылдан эжен келди деп калды.
Чыксам Дурус боломдун машинасында эжем отуруптур. Машинада учообуз суйлошуп отурдук. Эжем мага аябай капа болуп ыйлады.
-Алтынай, эмне акылындан айнып калдынбы? Кыз баланын оз уйуно барбай журот дегени эмнеси? Уккандарга уят эмеспи. Апамды кичине аясан боло. Сенин айынан атам менен апамда да коп урушуп жатышат. Мынчалык мерез болбосон ......ушул сыяктуу создорду айтып жатты. Дурус болом унчукпай катуу ойлонуп эжемдин создорун угуп коюп отурат. Анын мындай кебетесин биринчи жолу корушум эле.
-Мындай учурларда башкаларга соз бербей, акыл уйротуп Дурус болом быдылдап кыйын суйлочу эле, бул эмне унчукпай калган? деп ичимден ойлоп койдум.
Эжемдерди жонотуп коюп кабинетке кирдим. Апама таарынып журуп уйумдогулорду бир да эстебей калган экенмин. Эжем ыйлап айтып отурса, чыдабай менин да козумдон жашым сызылып агып отурдум. Синдилеримди айрыкча инимди ойлоп сагынып кеттим. Мен учун ушунун баарына Алмаз кунолуу эле. Эмне учун мен бир жаралган жашоодо, бироолордун каалосу менен жашашым керек? Эмнеге мен озум каалагандай жашоого укугум жок? Эмнеге? Мен Эжеме
- Макул, азыр эмес кийинчерээк барам уйго, дегенден башка эч нерсеге жарабадым.
Жоноп баратып эжем
-Алтынай акылына кел!. Эсин менен бол! Ата-энени нааразы кылып, сен эч качан бак таппайсын! Азыр сага кеч боло электе айтып коёюн, назардан калган болбойт деп кетти.
Ошол куну жумуштан кийин Алмаз менен жолугушуум керек болчу. Тимур менен кечээ кечинде баары суйлошулгон. Бугун жолугуп Алмазды экинчи жолобой турган кылам деп ишенимдуу отурдум. Себеби Тимур озунун айтуусу боюнча, мага коп нерсеге карыз болуп калган. Аялынын кылыгынан улам озун менин алдымда аябай кунолуу сезип, эмне кылаарын билбей журсо, кечээ аялы менен биро толо мыйзамдуу турдо ажырашып тынды. Албетте менин жардамым бул жерде ото чон болду. Ошондуктан Тимур мен учун бардыгына даяр эле. Максатым Алмазды экинчи мага жолобос кылсам! Анын айынан уйумо барбай журом, апам менен таарынышып эмнелер гана болбодум! Эми мени алып качмакчы болуп андып жургонуно не дейсин? Аманга эмне дегенин ал да такыр айтпай койду. Экоо эки жактан- Алтынайды кимибиз алар экенбиз? дешкендей. Амандын да акыркы кундору тынчы кетип, мени эртерээк кетели деп шаштырып калды. Мен ага Тимур жонундо айтып берип, аны да ишендирип койгом.
Алмаз менден мындайды эч качан кутпосо керек эле. Уч уктап тушуно да кирбеген чыгаар. Белгилешкен жерге машина менен келдик. Тимур эки бала менен, анан Гулмира экообуз болуп бешообуз келгенбиз. Алмаз бизди коруп тушунбой эле туруп калды. Машинадан тушуп эле, Тимур Алмаз менен суйлошуп баштады. Биз Гулмира экообуз машинанын ичине кирип эшиктерин ачып коюп отурабыз. Алар бизден кыйла нары жылып кетишти. Создору жакшы угулбайт. Бирок биздин бул кылгандарыбыз Гулмирага бир да жакпай отурду.
-Эх, Алтынай, Алтынай...деп Гулмира башын чайкап коюп отурду озунчо. Бир нерсе деп айталбайт. Алмазга конулум жок экенин озу коруп отурат. Баарынан да мага бугунку эжемдин ыйлап келип кеткени жаныма аябай батып кетти. Ушулардын баарына Алмазды куноолоп, андан бугун бир очумду албасам элеби деп жиним менен отурам.
-Алмаз мени оюнда ким ойлоп журот? дедим ичимден. Жон койсо.., озу айтмакчы акыркы кундору ото эле ашыкча кетип калып, жатат. Сени бугун! оз ордунду таптыртам Алмаз! Мени коргондо, мага суйломок тургай менден айланып ото турган болосун! деп, ушундай ойлорду ойлонуп отургам.
Бир убакта эле Алмазды ортого алып Тимурдун балдары ургулап тепкилеп киришти. Алмазда да аларга бош келбей жатат. Тимур башында Алмазды ичине талыштыра бир муштаганы менен, азыр унчукпай эле, бир чекеде аларды тиктеп коюп турат. Алар катуулап кетишти. Мен козумду чекчейтип эле отуруп калдым.
- Э--э! Мындай болбойт! деп бир убакта Гулмира мени бир карап алды да машинадан тушуп, аларды коздой чуркап жоноду. Ал барып эле Алмазды коргой арачалап - Тимур! Болду! Токтоткула! жетишет! деп кыйкырып жиберди. Алар токтоп калышты. Гулмира Алмазды чыканагынан кармап алып жетелеп бери коздой машинага алып келди. Алмаздын оозу мурду канап кетиптир. Козунун чекеси да кызарып, устундогу ак койногу чан, кир болуп калыптыр. Машинадан кичинекей чачыгын, жуз арчуусун алып чыгып Гулмира Алмаздын бети башын тазалап кирди. Мен акырын машинадан туштум да Алмазга карадым.
- Алмаз жакшы созго тушунбой, озун мени ушуга жеткирдин. Болду эми, мага башка жолобо дедим. Ал мени тиктеген бойдон жаныма басып келди да
- Алтынай эсинде болсун!.... .. деп барып дагы бир нерсе айтайын деди окшойт, башка эч нерсе дей албай, бир аз буулуга тушту. Экообуз унчугушпай тиктешип калдык. Анын коздору бул жолу мени башкача тиктеп турган эле. Мен эч нерсе деп ага башка соз айта албай туруп калдым. Ал да башка соз айтпады. Унчукпай биздин алдыбыздан жоноп кете берди. Мен аны артынан тиктеген бойдон узатып кала бердим.
Мен жолдо машинада арткы орундукта унчукпай катуу ойго тушуп келаттым. Алмаздын акыркы коз карашы журогумо барып такалып калгандай. Анын ошол тиктеши менин коз алдымдан эч кетпей туруп алды. Гумира рулда баратып мени утуру кузгудон карап коюп бара жатты. Баарыбыз унчукпайбыз. . Тимур эмнени ойлонуп жатты билбейм. Ал ичинен озу менен озу суйлошуп жаткандай туюлду мага. Мен жолдон Аман менен жолугушам деп тушуп калдым.
Амандын жанына келсем ал мени кутуп отургучта отурган экен.Менин онумду коруп эле Аман мага тынчсыздана
-Алтынай сага эмне болду? Эмне онун кубарып кеткен? деп ордунан тура калды. Мен бул жолу Амандын жузуно карай албай койдум.
- Алтынай! деди Аман, мени ээгимден алып озуно каратты. Козубуз тиктешип турду. Мен ага
- Кел Аман экообуз отуруп суйлошолучу дедим. Экообуз отурган сон
--Аман мен сени менен азыр кете албайт окшойм. Сенин артындан кийинчерээк барсамбы деп ойлоп жатам. Бугун айылдан эжем келиптир.Чынын айтсам мен аларды аябай сагындым. Айрыкча инимди каттуу сагындым дедим мукактана. Аман бир азга башын жерге салып унчукпай отурду да, жузун колу менен суртуп- суртуп алды. Ал мага карап
- Ооба Алтынай тушуном. Тушуном баарын деди. Озунчо бир нерсени айталбагандай болуп ойлоно тушту. Бир убакта ордунан туруп мени колуман тартып кучагына алды.
-Алтынай, мен сени менен созсуз кабарлашып турам. Телефондон чалып экообуз суйлошуп турабыз. Эсинде болсун баары жакшы болот. Мен сени келип созсуз озум алып кетем! Уктунбу Алтынай? деди. Мен Аманга эмне болгонуна тушунбой жалдырап эле тан кала карап калдым. Сурайын деп барып оозум барбай койду. Ичимден Аманды,
-Кызык Аманга эмне болгон? Же уйундогулор менен суйлошуп кабарлаштыбы? Ата -энеси тынч болсо экен? деп ойлоп кеттим.
Ал куну Аман менен эрте коштошуп кеттим. Жайдын куну эрте дегеним мен уйго жеткенде саат он бирден отуп калган экен. Сууга тушуп чыгып эле жаттым. Жатып алып бир эжемдин ыйлаганын эстесем, бир Алмаздын бугунку мени тиктеген коздорун эстедим. Аркасынан Амандын суйлогон создоруно дагы деле тушунбой ойлонуп жаттым. Ошентип жатып уктап калыпмын. Туш кордум. Тушумдо баш аламан болуп эле баарыбыз аралашып журобуз. Жумушумдагы аялдардан тарта айылдагы жене эжелериме чейин аралашып журобуз. Арасында апам аяш энемдер да журушот. Дурус болом каткырып кулуп Аман экообуз кол кармашып алып, качканга жол таппай журобуз. Кайда качсакта алдыбыздан Алмаз чыгып калып жатты.
Эртеси куну жумушта отурсам телефонго чакырып калышты. Алсам Аман экен. Эртен кечкиге саат тогуздарга Фрунзеге билет алдым. Сен жумуштан чыккандан кийин кенири суйлошконго деп атайын ошенттим деп калды. Бул созду укканда журогум кабынан чыгып кетейин деди. Суйлой албай бир кызыктай абалда турдум.
- Жоок! Аман кетпе! деген созум оозумдан чыкпай тилимдин учунда калып кетти. Аман андан кийин да бир нерселерди суйлоп жатты аларды угуп укпай ойлорум башка жактарга кетип жатты. Шалдырап эле келип столумда отуруп калдым. Кайра дагы телефонго чакырды. Алсам Айнагул экен.
-Бугун кечинде ресторанда жолугушабыз. Россиядан бизден кийинки окуп жургон балдар келишиптир, баарыбыз чогулуп отурабыз деп калды. Муну Амандын кетишине деп, атайын Нуралынын уюштурганын сезип эле турдум.
#АяшАтамдынБаласы