«ОЧПОГОН УМУТ «.

6.......
Таң эрте короодон машиненин бипилдеген үнү угулду. Жаш үй-бүлө таң сүрүлгүчө сүйлөшсө да эчен сөздөрү айтылбай калгандай. Экөө коштошту, босогодон артына кайрылып жалт караган жолдошунун көздөрү Айымдын жүрөгүнүн түпкүрүнө кирип кетти.
– Тез кайрыл, мен сени күтөм, эч жакка чыкпайм, дайыма үйдө болом -үнү каргылданып көзүнөн жаш акты.
– Кой ай, мен келем тез эле, сыртка чыкпай эле койчу – Тимур босогодон кол булгалап эшикти жаап чыгып кетти. Терезеден ал машинеге отуруп жатып дагы кол булгап койду, Айым жылмайып жооп берди.
Зуулдаган иномарка тез эле аэропортко жетип келди. Жанындагылар Тимурга билетти жана башка керектүүкагаздарды колуна карматып, ашык сөз айтпай кол беришип коштошту. Самолеттун салонуна кирип жатып арткы катарда отурган кишилерди байкады, «адаттагыдай эле шеф артынан аңдытып, баскан-турганын айтып бере тургандарды жибергенин түшүндү. Ошентсе да сыр алдырбастан өз ордуна барып отурду. Самолет шашпай жылып, уча турган тилкеге жеткенде бир топ жерге күүлөнүп барып асманга көтөрүлдү.
«Мага кайра жакшы – иштин натыйжасы кандай чыкса да далил бар, шеф эч кимге ишенбейт, ошондуктан бири-бирибиздин артыбыздан каратып коет, биз да эч кимге ишенбейбиз» – ушуларды ойлонуп түнү бою кирпик ирмебей чарчап отурган Тимур уктап кетти.
Бул ааламдагы бардык нерсе адам үчүн жаралгандай. Алыска жүрө турган машине жана поезд, уча турган самолет, адамдын керегине жараган ар түрдүү техника бар, ошонун баарын адам жашоо-шартын жакшыртуу үчүн ойлоп тапкан. Ошону менен катар эле адам адамдык улуу касиетин, сапатын жоготуп баратат. Адам байыган сайын байыгысы келет экен, даражасы жогорулаган сайын өссөм дейт экен, жетпегенине жетсем дейт экен. Ошонун баарына адал жол менен барабы же бирөөнү түртүп жиберип жетеби, бирөөнүн каны-жанын жеген арам жол менен барабы адам ойлонбой калгандай. Илгеркилердин «Бир күнчүлүк өмүрүң болсо түшкүңө жорго мин» – ылакабын азыр адамдар такыр эле башка мааниде колдонуп, бул дүйнөдөгү жашоосун ичип-жеп, байлык жыйып, жогорку кызматтарда иштегенге жетүү сыяктуу максаттарга арнап келишет… Адамдын дили башканы кабылдабаса, башка жашоону билип көргүсү келбесе, анда өмүрү ошону менен өтүп кетет. Мына Самар адаттагыдай эле дагы бир ирет бирөөнүн колу менен максатына жеткиси бар. Ал ойлогонун аткарбаса уятка калат, «калпычы», «казынага кол салган» деген атка конот, бул өлүмдөн да артык нерсе… Андан көрө изи табылганда аракет кылып көрөйүн – дегенин өзүнүн «кастары» да «достору» да туура түшүнгөндөй сезет.
Тимурду тосуп алчулар Барнаулдун аэропортунда күтүп тургандардын арасына кирген жок, алар сыртта көзгө анча урунбаган таксинин ичинде отурушат. Мына учуп келгендер аэровокзалдан чубап четинен чыга баштады. Тимурдун сүрөтүн колуна кармап отурган бала:
– Тигине боз курткачан, тамеки тартымыш болуп туруп калды – колу менен көрсөттү
– Шефи куйруктарын да жиберген экен – машинедегилер тигинде такси менен сүйлөшүп турган экөөнү Тимурду уламдан-улам карай бергенинен таанып коюшту.
– Наше дело маленькое, значит шеф так решил, иди встречай гостя– таксидеги айдоочу артындагы балага кайрылды.
Тимурдун артынан адыгандар калп эле таксиге сүйлөшүп, бири-бирине тамеки тутандырып туруп калышты. «Мени ким кайда алып кетерин көрүп алгыла, Алматыдагыдай болуп дайынсыз жоголбоюн, менин азыр үй-бүлөм бар – мен аман-эсен үйгө айтышым керек» – деген баланын оюн билгендей жанына бир жигит келип:
– Салам, брат, мени менен жүр – деп астыга басты. Тимур алыста турган машинеге жеткенде арткы эшик ачылды да алар отургандан кийин машине газ берип жүрүп кетти. Тиги экөө таксини артынан айдатып жөнөштү. Машинедеги балдар менен кол алышкандан кийин эч сөз болгон жок, тек гана айдоочу:
– Куралың болсо азыр ыргытып жибер, шаарга кире бериште ГАИ аэропорттон келе жаткан бардык машинелерди токтотуп «шмон» кылат – деди.
– Курал эмес консерва ача турган бычагым жок, кайда жүрсөк да мыйзам сыйлаган кишилербиз – Тимур жайбаракат жооп берди. Башкалар үн каткан жок.
Чын эле шаардын чет башында ГАИ токтотуп документ текшерип жатып Тимур эмне максат менен Барнаулга келгенин сураган милийсага:
– Тренер жалдап ушул жактан машыгайын деп келе жатамын, спорттун чебери болом, Тимур дыкаттык менен жасалган документтерди көрсөттү.
– Үч күндүн ичинде каттоого тур, кийин билген эмесмин деп актанба! – эч кыйкым таба албаган орус милийса кагаздарын колуна карматып колундагы чаар таякчасы менен жандады: «Айда!» –
– Ушулар тынбас болду, эптеп акча сокмой – жүргүнчүлөрдүн бирөөсү күнкүлдөдү
– Жан багыш керек, дос – таксист күлүп койду.
Барчу жерине жеткиче башка сөз айтылган жок. Шаардын четки көчөлөрүндөгү үстү пластикадан жасалган чатыр менен жабылган короонун алдына келген машинени үйдүн ичиндегилер камерадан көрсө керек, темир дарбаза шарт эле эки жакка жылып ачылды. Тимур өзүн кабелтең алып жүрүүгө көнгөн, ошол сапатын билген шеф аны бул жакка жиберген: тапшырманы аткара алса – жакшы, жок – иш оңунан чыкпай калса– анда Тимурдун жаны «кастарына» олжого түшөт. Тирешкен «пахандардын» кол алдындагы жигиттеринин өмүрү гана бааланат. Эгерде бир тарап жеңсе аты чыгып, илгери-кийин аларга оңой менен кол сала албай калышат. Жеңилген тарап болсо дагы бир кагылышууга чейин күч менен каражат топтоп намысын талашууга даярдана берет.
Келгендер машинеден түшүп буту-колун созушуп, үйдү көздөй чогуу басышты. Кире бериште тосуп чыккан килейген эки овчарка түз эле Тимурду качырып калды. Бала жалтанбастан асылган иттин жаагын эки колу менен кере баштады, баары селейип туруп калышты. Акыры каңшылаган ит жерге сулады, колундагы канды жүз аарчысына сүрүп жаткан Тимурду кошо келгендер жабыла:
– Эй, бул эмне кылганың, кире элек жатып кожоюндун жакшы көргөн итин жайладың! Билесиңби азыр сени эмне кылаарын?
– Силерди тааныйт экен, «Кет!» – деп койгон жоксуңар, мага кол салгандарга туруп бере албайм! – Тимур кескин жооп кайтарды.
Бул үйдүн ээси жаны келгендерди далай жолу ушинтип мазактап тамаша курчу, бирок итке алгачкы ирет адам баласы тап берип кол салды. Ал турсун өлтүрүп да салды. Экинчи кабаттан баарын көрүп туруп жинденди:
– Самардын жигити болуп атпайбы, болбосо ушул эле жерден атып салмакмын! Шашпа-а, иштериңди бүтүрсөң сенин да көзүңдү тазалап койгонго алым жетет…
– Ии, алыскы тоолордун баатыры, келе электе кан төгүп итимди өлтүрдүң, сенден бир нерсе чыгат, а бирок мага силер жактан бир мыкты тайгандын күчүгүн бересиң! – калп эле күпүлдөп койду.
– Жарайт! – Тимур алдыга басып кол сунду
– Салам! – Тыякта тынч элеби? –
– Ии, «шеф» – жиберди.
– Аны сенсиз деле билем, бүгүн эс ал, эртең балдар барчу жериңе жеткирет.
Экинчи кабатка көтөрүлүп Самарга чалды:
– Сват прибыл, злой, горячий. Я собак спустил, так он одной пасть порвал!
– Парень что надо, только головой мало думает, зеленый еще! Дело сладится, отправишь назад, а не получится – он твой!
– Лады, за тобой еще долг – найди щенка тайгана с отменной родословной!
– Без проблем, дос! – Самар жылмайып телефонду өчүрдү.
Өздөрүн жашоонун ээси катары эсептеген бул экөө кырчындай жигиттеринин өмүрүн бир иттин баасы менен баалаганы – дүйнө биз үчүн гана жаралган – деп көкүрөк кагып көнгөнү.
Тигинин балдары Тимурду мейманканга алып келип жайгаштырды. Эртең иштин жайы такталарын айттырбай билип, сууга түшүп жатып алды. Бишкекте калган келинчегин, атасын ойлоп жатып жол жүрүп чарчагандыктан уктап кетти.
Эртеси «кабар» бергендер менен жолугушуу үчүн эки машине менен күрмөлөрүнүн ичине тапанча каткан жигиттердин тобу башка шаардагы дарек боюнча жөнөп кетишти. Бул уюшулган топ бир канча жылдан бери Барнаулдун ири сода түйүндөрүн жана базарларын «тейлейт», ана башы Сумароков Петр өмүрүнүн жарымын түрмөдө өткөргөн. Эми ал жакка чакырса да барбас болгону менен тегерегине боз балдарды топтоп, арасында «карт бөрүлөрү» да бар эл ичинде «Сумрак» аталып, шаарды титиретип турган чагы.
Уюшулган кылмышкерлер менен күрөшүү оңой болбогону белгилүү эмеспи. Ошентсе да, бу саам тартип сакчыларынын иши оңунан чыгып «Сумрак» башка шаарга «стрелкага» кетти – деген кабарды угаар замат артынан спецназ менен опермилийсалар кетти. Алардын максаты – эки топ жолуккан маалда капысынан басып калып качып жүргөн бандитти кармап калуу эле.
Тимур бараткан балдарга көз чаптырса, арасында өзүндөй болгон «тупой» эр жүрөктөр, далайдын башын көргөн «жаналгычтар» да бар экен. «Эмнеси болсо да шефтин алтынын колуна салып берип кутулсам экен…» – деген ойдо бара жатты. Барнаулдан анча алыс эмес жайгашкан чакан шаарчага келишип, бир автодромго токтошту. Аларды күтүп турушкан экен. Машинеден чыккандар экинчи тарап менен кол алыша учурашып, ал-жай сурап, тамеки түтөтүп туруп калышты.
– Наш человечек с новостями должен сейчас подойти, ждем? – тигилердин «Чоңу» беркилерди карады
– Лады, время терпит.
Жигиттер ары-бери басып колу-бутун созуп, анекдот айтып эрмектешти. Аңгыча эле алыстан катуу сигнал берген машина көрүндү да артка кайрылган бойдон «зуу» жөнөдү.
– Не понял юмора, в чем дело? – беркилердин улуусу шаар «ээлерине» суроо узатты.
– Сам не понимаю – тиги кол телефонун чала баштады, алган жообу абдан кооптуу окшойт.
– Вот блин, козлы, по машинам!-
– Эй, брат, так не годиться…– деп айтып келе аткан тигинин сөзүн жара кыйкырды:
– Менты вокруг, ехали!
Ошол замат үч тараптан сигналын катуу ызылдаткан милийсанын машинелери жолду тороп, бир эле учурда жамгырдан кийин жамыраган козу карындай болгон спецназдын автомат кармаган балдары айланта тороп калды.
– Ах ты, собака, ты специально все подстроил! – «меймандардын» улуусу ызырынды.
– Не глупи, я дурак че ли, самому ментам в лапы угодить! Это наш друг с новостью, наверное, удружил! Ну ничего, из-под земли достану!-
Эки «башкарма» бири-бири менен айтышып, кимди ким сатты болуп териштиргиче милийса карап турмакпы. Колго тийгендердин баарын «буска» ныгырып басып алып кетти. Кийин протокол жазганда «уруксатсыз курал алып жүргөн» – айыбын угузуп, ар бирин ар башка камерага СИЗОго салды. Тимур башка мамлекеттин жараны болгондуктан анын документтерин такташ үчүн Кыргызстанга суроо-кат жөнөтүлүп, өзүн прокуратуранын абагына алып кетишти. Ошол күндөн тартып суракка бармай: «Кандай максат менен келдиң, бул кримтоптун мүчөлөрүн жакшы тааныйсыңбы, автодромго эмнеге бардыңар эле, машине менен качып кеткен ким, «Сумрак» кайда?» – сыяктуу суроолордун баарына «билбейм» – дегенден башканы айтпаган Тимур далай таяк жеди. Бирок бирдеме десе сөөгү ушул жерден чыгарын сезип, акырына чейин турмакчы болду. Анын оюнда: «Самарга кабар жетсе, куткарганга аракеттенет болуш керек…» – сыяктуу өчпөгөн сокур үмүтү бар эле.
Воронцовкага келген Айымдан баласы командировкага кеткенин уккан Тынарбек эми жай таппай калды. Санаторийден эптеп кетүүнү көздөгөн ал өз эрким менен кетип жатамын – деп тил кат жазып, эртеси эле шаарга жетти.
– Ата, тынччылыкпы, ден-соолугуңуз кандай? – Айымдын суроосуна –
– Тынч эле, менин бир жумуштарым чыгып калды, Тимур келгиче күтпөй бүтүрө берейин –, чындыгында Тынарбек баласы менен жүргөн жигиттерди табуну ойлоду. Ал күнү кечке шаарды аралап, ар кайсы жерде көпкө чейин отуруп ары-бери өткөндөрдү аябай карады. Башка айласы жок, эч жакка даттанып бара албайт, баламды тааныйсыңбы, – деп сурай албайт. Болгону баягыда айылга барган балдарды жакшы таанып калганы, сокур үмүтүнө жетеленип ошолорго кезиксем, алар бирдеме билет, жок дегенде Тимурду кайда жибергенин билишер – сыяктуу божомол ой менен жүргөнө-жүргөн.
Таң эрте шаарга чыгып көчө шыпырып жүргөн келинди көрүп, мен да ушинтип таң эртеден кечке чейин көчөдө болсом, баягы балдарды көрүп калармын – деп ойлоду. Жанына басып келип:
– Садага, мен жумуш издеп жүрөм, көчө шыпырсам деле макул болом, кантип орноштуң эле?
– Билбейм, мен жолдошумдун ордуна шыпырып жүрөм.
– Иштеген канторуңдү айтчы, ошол жерге барайын – Тынарбек аксакал туура жооп алгысы келип суроосун башкача айтты.
– Ии, тиги автовокзалдын артындагы дубалдан өтсөңөр канторду көрөсүз, ал жерде кыздар бар – көчө шыпырган келин колун жаңсап өз билгенин түшүндүрүп берди.
Тынарбек: «Эмнеси болсо да барып көрөйүн, башка амал билбей калдым» – деген ой менен тигинин айткан жерине келди. Узун коридордо бир канча эшик, бирин ачып түз эле кирип барды.
– Саламатпы кызым, короо шыпыргыч керек экен, угуп келдим-
– Жакшы, бирок байке бизге короо шыпыргыч эмес кароолчу керек, коридор менен барып экинчи кабинетке кириңиз – тосмонун артында отурган кыз баш көтөрбөй жооп берди.
Экинчи кабинеттеги орто жаштагы аял:
– Кечиресиз, бизге ичпеген кароолчу керек, таарынбаңыз, машине койгон стоянканы кайтарыш керек, ошондуктан сурап жатамын.
– Ичимдикти той-топурда ичебиз, ал эми жумуш убагында эч качан, мага көчө шыпыргычтын жумушу керек эле, балким бирдеме чыгып калаар, – Тынарбек жалдырады.
– Азырынча ушул жумушка чыга бербейсизби, кийин орун бошоп калса которуп коебуз, кызыксыңар, жумуш издейсиңер- табылса тандайсыңар – тиги аял жаман көрүп сүйлөндү.
– Болуптур, кароолчуга деле жаза берчи.
– Эртең документтериңизди алып келиңиз, бул жумуштун бир жакшы жери шаардык каттоону талап кылбайбыз, – аялдын көңүлү ачылгансып сүйлөдү.
– Макул, эртең келейин.
Тынарбек баласы жашаган квартирага келип Айымга эч нерсе билгизбестен кагаздарын даярдап алып, кечки тамакты ичкенден кийин эрте жатып алды. Иштери жакшы болбой жаткан го, – Айым кайнатасынын тынчын алган жок. Тынарбек күндүн нуру жерге тийгиче уктаган жок. «Кароолчу болуп отурсам кимди табам, бир аз күн иштеп турайын да айылга кетемдин шылтоосун айтайын» – болуп эртең менен ишке орношкону кетти.
Айымдын шаарда катталган жери баягы жатаканасы болгондуктан ошол райондогу поликлиникага барып болочок жаш энелер тизмесине катталды. Айына үч-төрт жолу келе турган болуп керектөө дары-дармектерди алып кетти. Кечинде кайнатасы келген жок, санаасы тынбай телефон чалса:
– Балам, эч кам санаба, мен иштерим менен таанышымдын үйүндө жүрөм, мында конуп калам, коркпо, эшиктерди жакшылап бекитип ал – деген Тынарбектин жообун угуп эмнегедир тынчсыздана баштады. Бу кишинин шаарда эмне иштери бар болду экен, ачык айтпайт, бирок бир нерсеге бушайман болуп жүрөт…
Баласынын артынан түшкөн атанын аракетинен майнап чыкпай аябай убара тартты. Айылга телефон чалып:
– Дагы эки жумага кармалып калдым, доктур башка процедура жазып берди – деп байбичесине калп айтып койду. Ушинтип ар кайсыны шылтоолоп шаарда көп жүрө албасын Тынарбек билет. Билгени менен дагы бар аракетин кылып Тимурдун изине түшүүнү көздөп жүрөт. Машине токтоткон стоянкада кароолчунун кичинекей төрт бурч бөлмөсүндө жата турган керебет жана электр плита бар экен. Бир күн бир түн турса аны башка киши алмаштырат экен, экөө иштейт. Бүгүн жумушунда алгачкы жолу түнөп калды. Ойлогону баласы…
Барнаулдан келген почтаны окуган Самар ызырынды: «Неңди урайындын баласы кайда барса чуулган салат, башында эле жок кылыш керек болчу, эми эмне кылдым? «Казынанын» изи ушуну менен табылбай калбасын, бир айла табыш керек. Тимурдун оозунан сөз чыкпасын деп «Сумрактын» балдарына кабарлап, аны көзөмөлгө алуу жоопкерчилигин бирөөнө тапшыруу зарыл. Кандай болгон күндө да казынаны издөө кайра башынан кете турган болду… Ушулардын баарын ойлогон Самар Тимурдун келинчегин эстеди. «Эгерде оозуңду ачсаң үй-бүлөң менин колумда» – деген кабарды айттырып, өзүнүн аты эч жерде чыкпас үчүн бардык аракеттерин колдоно турган болду.
Арадан бир аз убакыт өткөндө Тимурдун квартирасына балдар келип Айымды алып кетишти. Жаш келин эшик кагылганда чоочуп кетти, анткени алардыкына эч ким келчү эмес. Кирип келген балдар:
– Жаксыңарбы, жеңе биз Тимур байке менен иштейбиз, билесиз да ал азыр командировкада, силерди коопсуз жерге жеткирип койгула деп өзү кабарлады.
– Качан? Тимур мага телефон чалган жок. Тим эле койгула, мен эч жакка барбайм, байкеңерди ушул жерден күтөм.
– Кийин ал баарын өзү түшүндүрүп берет, андан көрө керектүү буюмдарыңызды чогултуңуз, убактыбыз тар.
– Деги ал өзү аманбы, ачык эле айтсаңар? – Айым бир нерсени сезгендей тигилердин жүзүнө үңүлдү.
– Ой, бир эзме киши экенсиз, все нормально, поехали быстрей – балдардын чыдамы кете баштады.
– Барбай койсом эмне болот, мен адегенде Тимур менен сүйлөшөйүнчү! – Айым үйүнөн чыкса эле жолдошу кирип келчүдөй болуп такыр кеткиси келбей жатты.
– Барыш керек сөзсүз, текебердене берсең күчкө салабыз – келгендердин арасынан бирөө жинденип Айымга кайрылып катуу сүйлөдү.
Келгендердин айтканын аткара тургандыгын түрүнөн байкаган келин баш ийүүгө мажбур болду.
– Болуптур, силер бир аз күтө тургула.
Балдар телевизордун маңдайына диванга отуруп алышты. Айласы кеткен келин майда баратын бир сумкага салып жатып аркы үйгө кирип кайнатасына бир ооз кат жазганга үлгүрдү: «Ата, мени Тима менен иштеген балдар алып кетти, эчтекесин билбейм, мага телефон чалыңыз» – бүктөлгөн кагазды терезеге таштады. Эшигин бекиткен Айым сумкасын көтөргөн тигилерди ээрчий басып машинага отурду. Жүрөгү түпөйүл тартып: «Эмне болуп кетти экен, Тима аман болсо болду, менин башымдан азап кетпес болдум го…». Айым шаардын үстүндөгү айылдарга кетчү жолду тааныганы менен кайда баратканын биле алган жок. Жанындагы балдар унчукпай келе жатышты. Аңгыча бийик күрөң дарбазанын алдына келип токтогон машине сигнал бергенде ал эки тарапка ачылды, үстү шифер менен жабылган кенен короодо дагы эки машине туруптур.
– Келдик, жеңе, түш, суроону азыраак берсең эле баары жакшы болот. Тимур келгиче ушул үйдө жашайсың – эшигин ачып келинди түшүрүп жаткан сары бала кобурады.
– Ал качан келет? Мен эмнеге үйдөн эмес мында күтүшүм керек – деп суроосун бүтүрө элек Айымды тигиниси:
– Айтпадым беле, аз сүйлө – деп, керек болгондо баарын айтабыз – деп бек-бек айтып кагып койду. Булардан эчтеме чыкпасын түшүнгөн Айым ошол бойдон унчукпай калды. Колунда бар адамдар куруп жаткан үй экен, эшик-терезеси жыгач, ичине буюм толгон бөлмөлөрү кенен, жарык, жерге чоң-чоң килемдер салынган. Диван кресло коюлган, тамга илинген телевизору бар жарык зал Айымга бөлүнгөн экен, жуунчу жай жана даараткана коридордо чыга бериште. Сумкасын жерге коюп диванга отурган келин Самардын колуна барымтага түшкөнүн билбейт, тек гана Тимур экөө тең коркунучтуу акыбалга кабылганын сезгендей ойлору санга, санаасы миңге бөлүнөт. Телефонун болсо жанагы кире бериште эшик тоскон балдардын бири алып шыпта илинип турган кичинекей кутучага салып койгон. Ошентип Айым сырт жак менен эч байланыша албай калды. Жаткан жеринде телевизордон башка техника жок.
Барнаулдан суук кабар келгенден бери Самар депутат досуна канча ишеним артса да өз алдынча бир топ аракеттерди көрүп, чет өлкөлөрдүн бирине чыгып кетүүнүн жолун камдап жатты. Башка паспорт жана документтери менен Кыргызстандан аман-эсен чыгып кетип бара турган мамлекеттин аэропортунан эч ким токтотпой өтүп кетсе – иштин оңунан чыкканы. Калганын бара-бара бүтүрө берет, эң оболу бул жерден эртереек тымызын чыгып кетиш керек. Ошону менен бирге Россиянын жарандыгын мындан бир топ жыл мурда алганы да тынчын кетирип жатат, анткени жаш кезинде ал жактан бир топ шойкомдуу иштерди жасап качып кете берген. Эми Тимурдун оозунан бирдеме чыкса, анын арты менен «кызыл шапкелер» Самардын изине түшүп алышы мүмкүн. Ал тараптан издөө салына электе кыймылдаш керек. Телефон чырылдап калды. Балдар Тимурдун келинчегин алып келгендигин айтышты.
– Болуптур, жайгаштырып койгула, тынчын албагыла, – деп телефонду өчүрүп койду.
Интернеттен «Алтай аймагында белгилүү банда колго түшүрүлүптүр, аларды кармаган оперлердин бир тобуна алкыш жарыяланыптыр» – деген жаңылыкты окуп отурган Самардын көңүлү майда тамга менен жазылган текстке бурулду. Бул текстти оперлер атайын интернетке чыгарып салышкан. Себеби бүгүн бандит, уруулар да заманбап технология менен иштеп калганын жакшы билишет. Мына азыр да Самар Россиядагы жаылыктарды окуп жатып көзү башкага илинди. Журналисттин жазганына караганда жергиликтүү милийсалар мындан көп жыл мурда Россиядан качып кеткен бандит жаранын жакында кармалган кримтоптун башка мамлекеттен келген «коногуна» алмаштырууну сунуштаптыр. Муну окуган «шеф» кеп ким жөнүндө болуп жатканын албетте билди. Компьютерди тиктеп отуруп мындан канча жыл мурда Россияда уюшулган топтун мүчөсү болуп турганда бир ишкердин бизнесин тартып алышып, анысына ошол убакта «смотрящий» болуп турган «Сумрак» экөө ээ болуп алганын эстеди.
Арадан он чакты жылга чукул убакыт өткөнү менен тиги катуу кек сактап калыптыр. Өзү кордолуп, тапкан-ташынганын алдырган ишкер бандиттерге бир «чоң кошелек» сыяктуу сезилчү. Анын акыбалын, кийинки жашоосун ким ойлоптур. Ошентсе да ыза көрүп калган неме акыр аягы алдуу-күчтүү тааныштардын канатына кирип, илгеркини козгоп, жогору жакта чоң креслону майлап-шыбап жатып ар кайсы жакка чачырап кеткен «крышаларды» бирден-экиден таптырганга жетишип калган. «Өлбөй жүрүп өчүмдү-кетпей жүрүп кегимди алам», – деп өзүнө ант берген неме бандиттердин артынан сая кууп түшүп, ушу кезге чейин тирүү жүргөндөрдүн көбүн торго салыптыр. Булардын ичинен Мардан аттуу армян алыскы Канада мамлекетинин жараны болуп кетип ага жетпей калышты.ал эми Самарга шашылыш жасаткан россия жарандыгы кереке жарап отурат.
Кыргызстандын ички иштер министрлигине Россиядагы кызматташтарынан бандиттерди айырбаштоо жөнүндө келген суроо-катка биздин «кызыл шапкелер»: – экөө тең ууру, бизге айырмасы жок, талапка ылайык биздин жаран Кыргызстандын мыйзамы боюнча, ал эми силердин жаран Россиянын мыйзамы боюнча өз жазаларын алышы керек – деген жоопту жөнөтүштү. А бирок, эки кылмышкерди айырбаштоо үчүн адегенде башка өлкөдө жашынып жүргөн Самарды кармоого туура келет. Россиянын жараны жана кылмышкери катары биздин мамлекетте жашынып жүрөсүң – деп гана кине койо турган себеби бар милийсанын… Башка кылмышка катышуусун далилдей алышпайт, анткени кылыктарынын ик-жиги жок.
Компьютерди өчүргөн Самар катуу ойлорго чөмүлдү: «Неңди урайындар, туш-туштан тооруп атышат, Тимурду ошол жерден эле тындым кылбасам мени жайыма коюшпайт, Сумрактын такыр дайыны чыкпай калды, эртереек кыймылдаш керек», – ал кол телефону аркылуу кимдир-бирөөлөрдү издеп, тапшырма берип калды.
Бир түн кароолдо турган Тынарбек машине койгону келгендердин арасынан баягы балдар күрүнүбү деген ой менен ар бир айдоочунун жанына барып кол алышып, машинесин койгон ордун карап жүрдү. Эч майнап чыкпады. Ананчы, мындан беш-алты ай мурда көргөн балдарды ушул стоянкадан көрүп калышы миңдин ичинен бир боло турган божомол эле. Өзүн жаш баладай алдаганын Тынарбек билет, ошентсе да баласын табам дегени ишеними өчпөйт. Түш ченде ордуна башка кароолчу келди, экөө чыкпаган машинелердин санын тактап, төлөнгөн акчаны өткөрүп берип Тынарбек шаарга кетти. Жолдон келин балага деп жер-жемиш салып алган баштыгын жерге коюп эшикти какты. Эч бир дабыш чыккан жок.
– Ии, Айым бир жакка чыгып кеткен го – баласы берип кеткен ачкыч менен эшикти ачып кирди. Сууга чайканып алып айылга телефон чалды:
– Жакшы жатасыңарбы? Бала-чака кандай? Биз жакшы турабыз, Тима командировкада, мен бир жумадан кийин барып калам, буюрса, сарсанаа болбо, байбиче…
– Ай, абышка, балдар тынч элеби, түшүмө кирип атасыңар, аман болсоңор болду.
– Түш көрсөң эле бирдеме болуп кетмек беле, жакшы эле дедим го. Ар кайсыны ойлоп башыңды оорутпа, жакында барам. Болуптур жакшы тургула.
– Ии, жакшы, кайыр.
Кемпиринин түшү баласынын акыбалын айтып тургандай Тынарбектин санаасы күчөдү.
Ички бөлмөгө киргенде терезедеги бир бүктөм кагазды көрдү. Катты окугандан кийин ал эми келинден да айрыларынан коркуп кетти. Жер айлан көчөк болуп башы тегеренди. Эми кандай кылдым, кайда барам, кимге айтам…Атаңдын оозун урайындын баласы, балакеттин баары эми башталган го. Баласы менен келинин кайдан издеерин, эмне айла кыларын билбей жаткан ата терең ойго чөмүлдү. Таап алып камаса да мейли, жаны аман болсун, акыры милийсага барайын, башка аргам жок. Шаарда чоң кызматта иштеген баланчага барсам болмок дечи, бирок ал деле милийса аркылуу издетет. Баламдын абийирин төкпөйүн, мурдагысы деле жетиштүү, тууган-туушкан, айыл-апанын баары Тимурду «тентек, отуруп чыккан» – деп – билишет. Эми жоголгонун угушса кайра «…баягы дагы бирдеме кылган окшойт, дайны жок имиш…» сыяктуу кептер тарайт. Баламдын атын булгашат. Өз алдымча эле издетейин… Баласы табыла электе анын намысына шек келтиргиси келбеген курган киши акыры милийсага барууну чечти. Мындан бөлөк аргасы жок.
Шаарга чыгып форма кийген биринчи жолуккан сержант баладан:
– Жанагы прокурорго кантип барам? – сурады
– Кайсы райондуку керек?
– Районду билбейм, балам жоголуп издеп жүрөм.
– Анда аксакал Фрунзе көчөсүндө темир кашаа менен тосулган беш кабат үй бар, ошол жерге барсаңыз болот.
– Болуптур, ал көчөнү кантип табам?
– Аксакал таксиге салып жиберейин, тыйыныңыз бардыр?
– Ошону ырас кыласы, акчам бар, такси тосуп бер айланайын!
Бир аздан кийин жанагы сержант айткан жерге жеткен Тынарбек куралын артынып эшикти кайтарып турган формачан жигиттен сурады:
– Баламды издеп жүрөм кайда кирем?
– Кое туруңуз, сурайын.
Тиги колундагы рация менен « Гражданин по потере родственника, куда направить?» – деп сурады. Жооп алган соң:
– Аке, тээтиги арткы короого барсаңыз ошолор киргизет – колун жаңсап көрсөттү.
– Макул, ырахмат.
Ошентип убараланып, тышта отуруп күтүп атып Тынарбек акыры кире турган кабинетке жетти.
Иштин чоо-жайын түшүндүрүп берген соң маңдайында отурган майор бала:
– Таак, балаңыз уюшулган топтун мүчөсү экен, азыр дайыны жок, өзү эле эмес келинчеги да жок болуп чыкты. А балким алар качып кетип бизди калп эле убара кылып жүрбөңүз, ошондой да учурлар болгон бизде. Бирок жанында тердеп-кургап шайы кетип отурган Тынарбекке боору ачыды.
– Эмесе аксакал, мындай кылалы, кайра башынан айтып бериңиз, мен баарын жазып алайын да кол койуп бересиз. Анан ушул арыз боюнча иштеп издөө салабыз, макулсузбу?
– Макулмун, эптеп баламды тапканга жардам эте көргүлө.
– Мына көрдүңүзбү тентектер канча кишини убара кылат, уулуңуз кайдан жүрүп ушул жолго түшүп калды ?
– Эми иним, бала төрөлгөндө ата-эне бардык жакшылыгын ыроолойт экен, анан турмуш момунтип бурмалап кетет турбайбы. Биз эмне балабыз криминалга кошулуп кетсин деп тилептирбизби, бу да бир шайтандын иши болуп жатпайбы, мадыра баш ойлонбостон ошолордун артынан ээрчиди да.
– Ии, балаңызга болушуп, аны сүттөн ак дегени жатасызбы? – майор жактыргабагандай сүйлөдү.
– Билесизби ошол мадыра баштар канча адамдын өмүрүнө, мүлкүнө кол салып, канчаларды сызга отургузуп кеткенин!
– Жок, баламды актаганым жок, ооба, күнөөсү болсо мойну менен тартсын, аман болсо болгону. А бирок Тимур адамга эч качан кол салбайт – атанын үнү каргылдана түштү.
– Болуптур аксакал, кайгырбаңыз, бирде болбосо бирде кабары билинер, телефондон чалып билип туруңуз.
– Баса, баламды издеп айылга келген балдарды мен таанып калгам, ошолорду да издедим…
– Кайсы балдар, токтой туруңузчу, шашпай айтып бериңиз!
Келген кишинин айткандарын кунт коюп угуп отурган майор телефондон:
– «Шефтин» тобундагылардын сүрөттөрүн алып келчи, бир ой бар! – деди.
Бир аздан кийин жаш лейтенант бала Тынарбектин алдына он чакты сүрөттү тизип койду.
– Шашпай карап чыгыңыз, сиз тааныгандар бар бекен?
Чачтары кыска кыркылган спортсмендей болгон жигиттердин фото сүрөттөрүнүн арасынан баягыда айылга келген бир баланы тааныды.
– Мобу бала келген.
– Жакшы тааныдыңызбы?
-Ооба, мен булар менен сүйлөшүп кайра кетирип жибергем.
– Таак, ну что же, будем работать – майор орусча сүйлөп жаш кесиптешин карады.
– Аксакал, эми бара бериңиз, кабарлашып турабыз.
Тынарбек дагы бирдеме айтайын деди эле, бирок унчуккан жок. Ал келини жөнүндө сурамак, кийинки келгенде – деген ою менен чыгып кетти. Тээ башында бирөөнүн чолпондой болгон кызын баласынын ордуна кун катары калтырууну ойлогон залим эми минтип уулун издеп калды. Адам баласы бирөөгө кыянаттык кылса акыры келип өз башына түшөрүн унутуп калат, пендечилик…
Ошентип Самардын кримтобу боюнча иштеген оперлерге дагы бир кабар келди. Ал топто жүргөн бирөө сүрөт боюнча аныкталып издөөгө салынды.
Өзүнүн аймагында кармалган кыргызстандык кылмышкерди Россия тарап колго түшкөн гана жаранына айырбаштай турганын баса белгилеген эле. Ал кылмышкердин аты-жөнү так белгиленип жөнөтүлгөндөн кийин опер менен тергөөчүлөр үчүн жумуш көбөйдү. Анткени Самардай болгон «карт бөрү» өтө сак болот жана мыйзам бузгандардан эмес. Анын кылыктарынын баары башкалардын колу менен көмүскө жасалат. Демек, анын кылмышкер экенин далилдеш кыйынга турат. Бирок элдин тынччылыгын сактап келген кызматкерлер өз ишине белсенип киришип, дагы «тоң моюнду» торго салуну көздөп турушат.
Туш тарабынан жолдору торолуп жатканын сезген Самар Айымды жанына алып, эгерде «кызылдар» ачык эле кармаганга далалат кылса жаш келинди барымтага алып, керек болсо окко тосуп берип аман кутулуунун жолун издеди.
Эртеси Айым жеткирилген үйгө «шеф» келип:
-Тигинин аялын апкел! – деп өзү жумшак тери салынган диванга отурду. Бир аздан кийин бойлуу, арык чырай кубарган өңүнөн дени сак эместиги көрүнүп турган жаш келин кирип босогодо туруп калды.
– Кир бери, отур – Самар «майда-чүйдөлөрдүн» баарына ушундай мамиле кылат.
– Билесиңби Тимур Россияда кармалганын? – түз эле качырып кирди.
– Жок, эмне болуп, ал командировкага кеткен, ким кармаптыр? – Айым чоочуп кетти.
– Ким кармайт бизди? – Милийса! – тиги сөөмөйүн көккө кезеп койду
– Бирок сен коркпо, биз ага жардам берип куткарабыз – келинди жубатып калп айткан Самар тигини алдап өзү менен алып кетүүнү көздөйт да.
– Эгер кааласаң чогуу баралы?
– Ооба, барам! – Айым эч ойлонбостон жооп берди.
– Анда балдар менен барып документтериңди алып кел, билет алыш керек – сылык-сыпаа сүйлөгөн ушу киши жаш келинге үмүт отун тутандырды.
– Макул, качан кетебиз? –
– Шашылба, билеттерди алдыргандан кийин өзүм кабарлайм. Квартираңа барганда эч кимге телефон чалба, кошуналарга айтпа, сени менен балдар барат.
«Шеф» Айымды алдап узатып жанына эки баланы коштоп жөнөттү.
Үйүнө кирери менен ички бөлмөнүн терезесине калтырып кеткен каты жок экенин көрдү. Кайнатасы эми келинин издеп убара болбосун деп үйдөн телефон чалмакчы болуп номер терип жатканда келген балдардын бири колунан трубканы алып ордуна койду да, сөөмөйүн өзүнүн оозуна такады. Айласы кеткен Айым паспортун алып тигилердин коштоосунда чыгып кетти.
Тыш жактан эч кабарсыз жаткан Тимур күндөн-күнгө ичинен бугу толуп, урунарга тоо таппай кыжырданып жүрдү. А бирок кичине эле тартип бузса орустар эч аябастан «кыянаттык менен тартип бузду, качууга аракет кылды» – сыяктуу толгон шылтоо менен көзүн тазалап коеру айдан ачык. Ошондуктан баарына чыдап, эптеп бир нерсе дайын болгуча өзүн карманат. «Балким биз жактагылар куткарар» – деген баягы эле өчпөгөн үмүтү менен туруштук берип келүүдө. А бирок канчага чыдайт өзү да билбейт.
Өзүнүн жасалма паспорту менен Айымдын паспортун жардамчысына берип чет мамлекетке чыгуу үчүн виза ачтырып Эмиратка билет алууну тапшырган Самар тез арада Кыргызстандан кетүүнүн камын көрө баштады. Алыскы Россияда калган «казынасына» кейигени эле болбосо, анын артынан жиберген «изкубарын» ойлогон да жок. Ал тургай азыркы абалына ошол себепкер болгондой эстеген сайын кыжыры кайнайт.
Өзүнүн ишин так жана туура аткарып көнгөн майор Мусаев Кайрат Кыргызстандын бардык чек ара постторуна, темир жол жана аэропорттун күзөт кызматына Самардын сүрөтүн жөнөтүп, жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылышы мүмкүн, өтө дыкаттык менен бардык документтери текшерилсин – деген буйрукту ички иштер министрлигинин атынан таратат.
Тынарбек эки күндөн кийин жумушуна келип:
– Айылга чакыртып жатат, мен эми бул жерде иштебейм, башка киши алгыла– деп чыгып кетти.
– Кандай немесиз, бир смен иштеп эле кетип каласызбы, башка бирөө келгиче иштеп турбайсызбы? – тиги эс албай калганына жини келе сүйлөндү.
– Иним, сен таарынба, шартым ушундай болуп калды.
Баягы барган канторуна өткөргөн документтерин алууга барганда бир топ жеме укту, бирок көгөрүп атып айтканын аткарды.
– Сизге акча жазылбайт! –
– Мейли, мейли – Тынарбек колуна документтери тийгенине ыраазы. «Кайдан да ушул жумушка келе койдум, тиги чунактарды ушунча килейген шаарда табам деген мен келесоо – өзүн ичинен сөктү. Айлам жоктон кылган иш да… Канчадан бери баласынын артынан жүрүп убара тарткан атасы акыры чарчаптыр, жүрөгү оорупо санаасы тынбаганы менен айылга кетүүнү ойлоду. «Алар да билип калса кандай болот, андан көрө милийса бала менен кабарлашып турайын да үйдөгүлөрдү дүрбөтпөй жанына барайын» – деп чечти.
#ОчпогонУмут

Комментарии