"КОЗ РИМЕМДЕ БИР ОМУР".

*10*
- Туура, баарыбыз көрүп-билип эле турабыз. Айтканда эмне, эсиң бар, ал жиндини тим кой, иши кылып үй колго тийсе эле болду, - деп бал тилге салып мени тынчтандырды. Деги эле Жаанбай байкенин Женялар менен чогуу экенин билсем да ызы-чуудан алыс болгум келди. Зеңги-Бабанын төрайымы Соня Тотонова келиптир. Мен бешинчи кабаттагы терезеден карап турдум. Касипа куйтуңдап кошо жүрөт. Женянын жасалма документ менен жүргөнүн айтып, минюсттан текшертип жаткам. Чогулуш болуп жатты. Бир убакта мени чакырып калды, түшүп барып Соня менен учураштым.
- Кандайсыңар, силер жөнүндө Женя мага айткан. Ишти жакшы баштапсыңар, ынтымак менен аягына чыгышыңар керек, - деди Соня мага.
- Ынтымактуу бололу деп бул ишти так токтогулдуктар баштаганбыз. Бирок наржагында баары бар, ишти өнүктүрүп кеткенге маш болуп бүткөндөр элдин ыркын бузуп экиге бөлө баштады. Менде күнөө барбы, айткылачы? - деп отургандарды карадым. - Керек болсо жалган документ менен жүрөт!
- Жо-ок, күнөө Женяда!
- Касипаларда, - дешти отурган эл.
Ошондо Касипа мага келип, калп күлө кулжуңдап:
- Биз теңтушпуз ээ, Миргүл? - деп кучактай өөп калды, - Койчу эми, - Женяга карады, - Женя, алып келчи, документти Миргүлгө көрсөтчү!
- Мына, Миргүл эже, көрсөңүз, мен баарын тууралагамын, - Женя Кызыл күбөлүктү алып келип мага ачып көрсөткөндө:
- Мага көрсөткөндө эмне, Жунусова Айгүлдүн колусуз эч нерсе кыла айбайсың! - деп карабай эл арасына өткөнүмдө Жумакан жасакерлене:
- Миргүл эжемин чесныйлыгын билебиз да, эжем ак көңүл, - деди мени кучактай.
- Канчадасың? - Соня мени карай суроо берди.
- Кырк алтыдамын.
- Оой кокуй десе, менден кичүү экенсиң. Эже деп койгонумду кара, кел сен мени Соня эле дей бер, таанышып жүрөлү, - деп ал офисинин телефонун берди.
Жыйын бүтүп, өз үйлөрүбүзгө кирдик. Женя Соняларды коноктомок болуп мени жүр дегенинен болбой койдум. Мизаркан эже жумушунда болчу, кечинде ага баарын айтып, Анара, Шакен, Гүлжан, Гүлмира, мен болуп эженикинде отурдук. Анара бизге да, аларга да кошулуп жүрдү. Билгизбейин дегени менен, билип эле жүргөнбүз. Кайсыл жагында жеңиш болсо, ошол жагына ооп кетмек болуп, эт менен челдин ортосунда жүргөндөрдүн ичинде болчу. Мен эмне болсо эле бетке айтып чыга калып бир тобуна жаксам, бир тобуна жакпай да жүрдүм. Ал жердеги үйү жок, эптеп күн өткөргөндөр үчүн бир гана максат болсо, ортодо элди эки бөлүп өз өкүмүн жүргүзгөндөр элдин ачуусуна тийип, бир жагынан жашоодон кыйналып үйлүү болсок дегенде эки көзү төрт болгондорду булар куйтуланып ар кайсыны бир айтып башын айланткандарын токтотподу.
Соня келип бир нече жолу эски кийимдерден жардам берип турду. Эки-үч жолу мен офисине барсам каалаганымды тандап алууга уруксат берип, жакшы мамиледе болуп калдык. Соня абдан мүнөзү жумшак, адамга мамиле кыла билген аял, балким көп эл менен иштешип жүрүп адамдардын психикасын терең түшүнүп калгандыкыдыр. Кыскасы ал бизге, Мизаркан эжеге абдан жакшы мамиледе болуп жүрдү. Соня менен иштеп жүрчү Зейнеп, Зуура дегендер да жакшы тааныш эле…
Жердешим Сайыпжамал да ошо биз жашап жүргөн үйдө турчу экен. Ал бизден мурда барыптыр аерге. Ал мени көрүп таанып, "эже" деп калчу. Баласы жети-сегиз жаштарда болчу. Көп ичип кетиптир. Эч кимге дагы кошулган жок. Женя аны:
- Ичип алып скандал кылгандардын кереги жок, чыгарабыз, - дегенде мен аны менен айтыша кеттим:
- Эмнеге чыгарасың? Ал дагы турмуштун оорчулугунан ушул абалга келген экен. Сен билсең, Женя, анын ата-бабасы жакшы болчу. Билбейм, эмнеге ушул абалда калганын, - деп урушуп жүрсөм, тиги байкуштун "күйөөм" деп жашап жүргөн жигитине Женянын көзү түшкөнбү, аны үйүнө киргизип алыптыр. Сайыпжамалдын баласы көчөгө чыгып өтүк майлап таап келгенин апасы аракка жумшап койот экен. Абалы өтө начар, көчөдөгү бомждордон айырмасы жок. Эмнеге адам баласы болоор-болбосту көтөрө албай өзүн таштап койоруна көзүм жетпей Сайыпжамалга таң калып, анын жаш кезиндеги жаркылдаган жакшынакай кезин көз алдыма келтирип: "Эмнеге? Жакшынакай эле кыз эле, төркүндөрү деле аттуу-баштуу. . 'Тынган кыз барктуу, тынбаган кыз кадыры жок' дегендей, карабай коюшкан экен да" деп ойлоп жүрөгүм зыркырап атты… Өзүмдү ойлойм: кыйын күндө жөлөк болоор эч ким болбогондо да намысымды кетирбегенге аракет кылып, өзүмдү өзүм сооротконмун. Балким мен да ичип кетмектирмин, бирок эмне тапмакмын?! Айткылачы адамдар, неге эркибизди башкара албай, ушунчалык абалга келебиз?! Жарыкчылыктын бир келген ырахатын көрбөй катардан чыгып калууга кантип өз жаштыгыңарды, кайран жанды курмандыкка чаласыңар?! Кудай берген бир үзүм бакыт - аманчылыгың эмеспи?!!
Ошондон кийин Сайыпжамалды көрбөдүм. Биринчи майда чогуу отуруп, анын мукамдуу үнүн угуп баарыбыз кубаттап шатырата кол чапкан элек. Ал ушу менден тартынып кетип калды окшойт. Кээ кээде баласынын жолдо өтүк майлап отурганын көрүп калам, апасын сурасам: "үйдө" деп гана башын жерге салып койот…
Биздин жашоо ошентип кылдырап өтө берди. Акимиаттан киши келип үйдүн эки жагын көрүп кетишти. Ого бетер үмүттөнүп калдык. Аңгыча менин китебим чыгып калды. Курдаштарым болуп майлап жатып калдык. Сүрөткө түштүк. Ар кимиси менин китебимди куттуктап улам бирден бөтөлкө алып келе берип үч-төрт күн катары менен көзүм ачылбай калыптыр. Жүрөгүм кармап валерианка менен эс алгандан кийин гана ичкенди токтоттум. Ичсе иче бере турганмын, өзүңө нысап бербесе кыйын экен да. Андан кийин дагы захватта жашап жатканымды билген тааныштарым, курбуларым куттуктап келип жатты. Аргасыз алардын көңүлүн кыялбай ичип, аларга кайра "ответ" кылып отуруп бир айга чамалап кетти. Өзүмө келүүгө аракеттенип мончого барып келдим да, сергип жумушка кириштим. Менин жумушум үйдөгү гана тиричилик, анан алюминий терип күнүмдүк оокатты таап, жан багуунун камы эле. Соода кылганга жолум болбоду. Самса, пирожки сатып да көрдүм, өтпөй калганын жеп алабыз. Китептерим жакшы өтүп, эл арасында, китеп базарында сөз болгонун угуп, Жаныбек Жанызак келип мен жөнүндө "Агым" гезитине чо-оң макала жазып, экинчи китебимди чыгарууга "Бийиктик" басмасына сүйлөшүп берди. Жарык жок, шам менен жазган колжазмамды ага бердим. Ал ортодо Айдананын айы-күнү жетейин деп калган, мен жокто ал тачкага темир жүктөп алса аны Фрунзе заводунун кызматкери кармап алыптыр, издеп барып алардын алдынан чыктым.
- Эмне болду? Үйдө эле отурбайт белең? - дедим мен аны көрө сала.
- Жөн отургуча… Анан төрөсөм акча керек болобу деп темирге чыккам, бир жерде үйүлгөн темирди жүктөп алсам кармап алды.
- Эми эмне болот, милицияга алып барса уят болобуз го?
- Өлүп кетсин, мен уурдаган жокмун, эмне кылып алат эле? - Айдана моюн бербей койду.
Тиги киши бизди болбой №1 ГОМго алып барды. Аны угуп мени сыйлагандар, коңшуларым менен курбуларым келип ажылдап жатты:
- Заводго киргенин көрүптүрбү?
- Боюнда бар аялды кармап отурганыңар кантип болсун?
- Койо бергиле, биз биерден кетпейбиз! - дешип ажылдашканына милициядагылар эч болбоду, ГОМдон чыгарбай коюшту. Камайбыз деп, бирок камай алышкан жок. Бир кезде оюма Жаныбек Жанызак келди да, анын үйүнө чалдым. Ал менден "китептериң калды беле?" деп сурады. "Бирөө эле бар" деп ачыгын айттым эле, "Эч кимге бербей тур, мен эртең менен эрте барам" деп, телефонду койду. Кайра милицияларга кирсем, айласы жок Айдананы "эртең кел" деп койо беришти. Эртеси эрте Жаныбек Жанызак, Мелис Арыпбек деген атактуу журналист-акыйкатчы жана Кудус Койчу деген жазуучулар келишип, мен Мелис Арыпбекке кечээги айткан жалгыз китебимди бердим. Саат тогузда ГОМдо болдук. ГОМдун начальнигине чогуу кирдик. Айдананы ээрчитип алгам.
- Атсалоому алейкум! - Мелис начальник менен учурашты.
- Аллеким салам! - Ал тура калып кол берди.
- Тууган, мени билесиңби?
- Тааныйм, - Ал күлө жооп берди.
- А бул кишини, эжеңдичи?
- Байкени да тааныйм, эжени да…
- Бул эжең.., - Мелис мени көрсөтө, китепти начальниктин алдына таштады, - Эжең мына мындай киши. Эмнеге кызын кармап атасыңар?
- Байке…
- Болбойт, уят, намыс керек. Кыргыздын мындай кыздарын сыйлашыңар керек!
- Болду-болду, байке, экинчи мындай болбойт, бара берсин!
- Карачы, бүгүн-эртең төрөгөнү турган келиндин балээсине калгыңар келип жүрөбү?
- Жок-жок, байке. Айттым го, бара берсин, экинчи мындай болбойт! - деп ГОМдун начальниги ордунан туруп Айданага карады. - Чоң кыз, бара бер, балдарга мен айтып койом.
Биз эшикке чыгып кеттик. Алар аны менен сүйлөшүп анан чыгышты. Мен ырахматымды айтып, коштоштум. Бул жолу кызым экөөбүз тең темир тербеске өз ичибизден тобо кылып баратканыбызда:
- Эже, тиги темириңиздерди ала кеткиле, - деп участковый менен эки-үч милиционер артыбыздан кыйкырып калды. Тачканы бошотуп алып кеттик.
Жазга маал болуп калган. Бурул келиптир, алюминий терели деп. Мен дагы акчадан кыйналып жаткан элем, дароо макул болдум. Жакында Нооруз майрамы келсе балдарды томсортпой эл катары болсун деген ойдо биз темир жолго жөнөдүк. Жаздын башталышы кыштын кетиши болуп бети-колду тызылдаткан суукка карабай, тоок жем издеп кар тепкилегендей биз дагы бузулуп ар жерде эшик-терезеси бириндеген поезддин сыныктарын кардын астынан тээп чыгарып алып, зымдарын, жарабай калган алюминдерин чыгарып жүрөбүз. Буту-колубуздун тоңгонуна кайылбыз, эптеп кечкиге чейин бирдеме табууга милдеттенгендей экөөбүз эки жерде иштеп жатабыз. Темирди көрсөк аны дагы чогултуп койом. Эки-үч күн жакшы иштедик. Кароолчусу көрүп калып урушканда:
- Эмне каралбай жерде жаткан немеңерди да кызганасыңар? Элдин ач-жылаңач, кароосуз өлгөнүнө дагы карабайсыңар, силердин кардыңар ток, биз менен ишиңер жок! - деп мен кыйкырдым.
- Кандай ишиңер бар? Иштегиле, соода кылгыла!
- Сен берчи соода кыла турган акчаны, - деди Бурул.
- Эй силер кызыксыңар го, мен бермек белем акчаны, таап алгыла! - деп ары карай басып кетти. Ары жактан дагы бирөө басып келди:
- Алюминий керекпи? Бириң жүргүлө, азыр мен берем, - дейт ал мылжыя күлүп.
- Өзүңө буйрусун, - дедим мен жиним келе. - Өз мээнетибиз менен таап алабыз.
- Чын айтам, силер жакшылап сүйлөшсөңөр мен көп берем!
- Эй, оозуңду жаап кал азыр, шакабаңды көрсөтүп койбойлу? Сүйлөшчүлүгүн кара мунун.
- Болбосо милиция чакырып туруп салып берип койом!
- Киши өлтүрүп же жарактуу буюм албагандан кийин эмнеден коркобуз, чакыра бер! - дедим мен өчөшө. Ал дагы басып кетти. Эч ким келген жок, жараксыз темирлерди карап жүргөнүбүздү баары бир билет. Бизден башка да самсаалап жүргөндөр толо болчу. Отун терип, темир чогулткандар жүрөт. Кенебей кечке зым, майда алюминдерди чогултуп, кечинде үйгө келебиз. Ноорузга эки күн калганда деле жүрдүк ошол жерде. Нооруз күнү мен чогуу отурган курбуларымдан бөлүнүп кызуу абалда кечээги көргөн алюминийди чыгарып алууга жөнөмөк болгондо баары каршы болушту:
- Койсоңчу, бүгүн үйдө эле бол. Майрамдап эс алып, кийин барасың.
- Жо-ок, бүгүн сөзсүз барышым керек, бекитип койгомун.
- Барба, өзүң кызуу болсоң кантип иштемек элең? - Мизаркан эже мени жибербегенге аракет кылды. - Кой, эс алып майрамдап, көңүл ачып, бир-эки күндөн кийин деле барасың. Айланайын, кой дегенде коюп кал! - дегенине болбодум.
- Жок, эже, бүгүн барбасам бекиткенимди алып кетет!
Мен шашып чыгып кеттим. Көрсө ошондо мени шайтан айдап турса керек. Эч кимисине, ойноп-күлүп майрамдап отурууга да көңүлүм чаппай кызуулук менен кетип калдым. Бир топ жерге баргандан кийин үн чыкканынан карасам Бурул келе жатыптыр. Чогуу отурганбыз, бүгүн майрамда эч ким жок иштеп алалы деген ойдо токтоп экөөбүз бирге барып иштей баштадык. Эки-үч сааттай болуп калган, мен чогулткан алюминдеримди бир баштыкка салып бир жерге киши көрбөгөндөй кылып коюп кайра дагы эски сынып жаткан вагондун каалга-терезесиндеги алюминдерди чыгарып жатсам үч киши келип калды. Менин жанымда Бурулдун баштыгы турган:
- Эмне кылып жүрөсүңөр? - Алардын бири мени карай суроо узатты.
- Көрүп турбайсыңарбы, жердеги сынган эшиктердин алюминин эле чыгарып жатабыз.
- Ким уруксат берди?
- Эч ким. Жарабаган нерсеге деле тырыша бергениңер жаман. Эмне болуптур, башка эч нерсеге тийген жокпуз.
Бири баштыкты оодарып андагы кычкач, отвертка, балкаларды көрүп кайра мага бурулду?
- Булар кимдики?
- Биздики.
- Эмнеге алып жүрөсүңөр?
- Майда-чүйдө зымдарды кесебиз, - Мен чынымды айттым.
- Жүргүлө, бөлүмгө барып түшүнүк жазып бересиңер!
- Эч жакка барбайм. Мен эмне кылыптырмын? Жаңы нерсеге тийбегенден кийин жөн эле койбойсуңарбы?
- Болбойт, жүрүңүздөр биз менен, - деп ары жакта селдейе карап турган Бурулду таппай калды. Көрсө ал мени менен алаксып атышканда качып кетиптир. Анын баштыгын мага көтөртүп коюшту. Ичинде бир жарым мент келген жука алюмин бар эле, болгон шылтоосу ошо болду. Мен алар менен барып түшүнүк жаздым. Ошол бир жарым метр келген алюмин 100 грамм деле чыкмак эмес. Эгер андан көп таап алса эмне кылаарын ким билет. Ичкеним тарап калган. Бүгүн чыкканыма, тил албаганыма өкүнүп жаттым. Койо беришпей, кеч кирип кетти. Бекиткен алюминди баары бир Бурул алаарын билдим. Ал аны каерге койгонумду көргөн эле да. Ошентип күүгүм кирди, артымдан эч ким келбеди.
Күүгүм киргенде:
- Камерага алпарып кой, - деди начальниги мени. Бир милиционер мени:
- Жүрүңүз, - дегенинен:
- Мен кете берейин, эртең менен өзүм келем, - деп ыйласам да болбоду.
Тим эле контробандистти же киши өлтүргүчтү кармаган сымал койо бербейт:
- Эртең койо беребиз.
- Эмнеге? Мен силерге коркунучтуу бандит же киши өлтүргүч киллер эмесмин. Акыйкат деген бардыр, эмне мынчалыкка барасыңар? Койо бергиле! - десем, милиционер мени ийинден ала ордуман тургузуп алып жөнөгөндө тигил начальниги:
- Алтынчы камерага! - деп койуп кала берди.
Тигиниси "кирбейм" деп аткан мени далыман сүйөй түртмөк болгондо колго бир чаптым:
- Тарт колуңду, өзүм кирем! Менден алыс бас, колуңду дагы тийгизсең жооп берип каласың. Мен коркунучтуу күнөөкөр эмесмин. Мыйзам деген бар! Билем, силер бирдеме тилеп жатасыңар. Үйдө төрөгөнү турган кызым, үч жашар неберем бар. Эгер мен жокто толготуп бирдеме болсо жооп бересиңер! - деп ачуум менен ага кыйкырдым эле, ал үндөбөй менден бир метрдей алыс калды да, камерага киришимди күтүп турду. "Шарк, шарк" деген темир эшиктерди ачып бирөөсү жол бошото калды эле, мен аргасыз камерага кирдим. Бир кишилик керебети бар бөлмөгө киргенимден кийин сыртыман "шарак-шурак" эттире кулпулап койуп, "тык-тук" эткен дабыш камеранын оозунан алыстап кетти.
Таң атканча кирпик какпадым. Мен ошондо болоор-болбос жүз граммга жетпеген алюмин үчүн ушунча азап тартаарымды сезбегем, анан да кылмышкер эмесмин да! "Оорукана менен милициядан сактасын" деп айтылган сөз экиме түштү. "Тоок уурдаган тутулат, киши өлтүргөн кутулат" деген чын тура. Жок дегенде килограмм чыкса да мейли эле. Эгер колдоруна бир тоголокту култуйтуп карматып койсом алда качан койо бермек. Бирок менде андай акча жок эле, күнүмдүк көр оокаттын айынан ушуну көрүп атпайымбы!
Эртеменен мени кайрадан кабинетке алып келишти. Көрсө он чакты кошуналарым кошо келишиптир, кызым, неберем дагы жүрөт. Кечинде келишкен экен, кетирип жиберишиптир.
- Бошотуп кой, балам. Эми болоор-болбос үчүн кармабай койо бергиле, - Мизаркан эже начальниктин маңдайында отуруп суранып атты. - Мынабу кызы бүгүн-эртең төрөйт, тиги небереси, көр оокаттын айынан болуп атат да.
- Эне, түшүнсөңүз, темир жолго кирүүгө болбойт.
- Элдин баары эле жүрбөйбү, балам. Бу да нан табайын деген го, койо берип кой!
- Ар бириң түшүнүк кат жазгыла. Эч жакка кетпейт деп кепил болгула. Бизге берки аял керек, аны таап келип бергиле.
- Ой аны биз тааныбайбыз да.
- Тааныйсыңар! Захваттагылар надоел болдуңар го. Ал аялды сөзсүз отургузам! - Босогодо турган Бурулдун чаап баштыгын көрсөттү. - Бул ошонуку экен, ал келмейинче бул аялды бошотпойбуз.
- Кой балам, ушуну үчүн кармаганыңар уят эмеспи. Мен дагы бир чоң нерсе экен десе… - Мизаркан эже баштыктагы алюминди көрүп таң калды. - Ботом, бул контрабандист эмес го, келе мен түшүнүк кат жазып берем. Ыштарабыңды төгөбүз!
- Штраф үч жүз сом, кепилдикке бошотобуз.
- Болуптур, - Мизаркан эже жазып берди дагы, мени колумдан алды. - Жүрү кеттик. Ээленип шайтан айдагандай тил албаганыңда кеп бар болчу, - деп эшикке чыгаарыбыз менен урушуп кирди. Бул 2003-жылдын 22-марты болчу…
Бирок иш муну менен бүтүп калган жок. Арадан он күн өтпөй кайра чакырды. Бурулду сураганынан:
- Анын жүрөгү оорукчан эле, коркконунан ооруп калып ооруканага жатып калыптыр, - дедим эле:
- Анда сиз соттолосуз, - деди менден жапжаш эле тергөөчү көзүнүн төбөсү менен карай.
- Эмнеге? Ушул таштандыда жаткан болоор-болбос алюмин үчүнбү? - Мен аны үрпөйө карадым.
- Темир жолдун территориясына киргендигиңиз үчүн!
- Силер дайым ушундайсыңар. Балким, коркконунан чөнтөгүмө култуйтуп бирдеме салат деп атасыңар го. Мен эч качан антпейм. Балдарымды багуу үчүн жараксыз нерсенин айынан камалса камалаармын, бирок бир бечараны ыйлатканыңар үчүн бир кезде жазаны силер тартасыңар. Алсыздын канын соргон зулумдар, кагазды оңду-солду шилтеген колуңардан келсе эле бей-бечарага чоңдугуңарды салганыңарды качан койосуңар?!
- Эне, тилди тарта сүйлөңүз!
- Билгениңди кылып ал. Соттолгон күндө дагы туура эмес, ашыкча калп жазылганын көрсөм капа болбогула!
- Аны көрө жатаарбыз, - деген тергөөчү мага колума кагаз берип узатып койду. - Белгиленген күнү Ленин райондук сотунан жолугабыз.
- Болуптур, барам дагы, башка салганын көрөм. Дезертир же бандит эмесмин, эсиңерде болсун. Канчалык күнөөкөр болсом да силерден маданияттуу, өз ишине тыкандык менен караган, адам укугун тепсебей иш алып барган кызматкер катары мамиле күтөм. Эгер шакабалай турган болсоңор ал жазасыз калбайт, аны өзүңөр жакшы түшүнөсүңөр! - деп басып кеттим.
- Милдетибизди жакшы билебиз! - Тергөөчү бөлүмдүн эшигинде мени көпкө карап турганын узагандан кийин артыма бурула бергенде көрдүм.
Келатып көзүмдүн жашын шыпырып алдым. Колумда он сегизинчи апрелге чакырган кагаз. Аны бекем уучтай үйгө келдим да, анан Мизаркан эжеге бардым. Ал көнүмүш эле ордунда соода кылып жаткан экен.
- Эже, менин сотум болот экен. Бүгүн чакырганынан барсам кагаз берди. Өкмөттүн менчигине кол салгандыгым үчүн, мындайда тергөөнү узартпай дароо эле сотко өткөрүп коюшат тура.
- Атаны кокуй ай. Ошол күнү жөн эле ээликтиң да. Шайтан айдап тил да албай койбодуңбу. "Барба-барба" десем болбой кетип калып ушу болду, - Мизаркан эже кейип калды.
- Эмне болсо да көрдүм да, эже. Пешенеме ошону жазса кайда качмак элем, бул менин тагдырым…
Көзүмөн жаш айлана түштү. Эже товарын келинине табыштап коюп, мени ээрчитип кафеге алып барды. Ээн бурч жагына отуруп алдык. Мизаркан эже шашлык менен бирден шорпо, эки пиво, анан бир бөтөлкө аракка заказ кылды.
- Эми оозуң ачык эле, муну бир адамга айтпа. Сен, мен, Анара, Дүйшөн, Бурул гана билсин. Сен Бурул үчүн, аны аяп жаткандан кийин аны жакшы сот тап деп айталы. Болбосо анын өзү жооп берсин, кечинде айтамын, - Эже мага эңкейе столго өбөктөй шыбырады.
- Мен эч кимге айтпайм!
Менден андан башка сөз да, акыл да чыга албады бул учурда, анткени жан дүйнөмдө бурганактаган бороон улуп, жүрөгүм сыздап турган: "Эгер ата-энем мени жөлөп-таяса мен мынчалык абалда болмок эмесмин. Мен алар үчүн жокмун, жокмун, жокмун!! ! Алар үчүн мен эбак өлгөнмүн! " деп сыздаган жүрөгүмдүн дарысы азыр жакшы сөз менен ачуу арак болуп турду. Алдыбызга адегенде шашлык менен пиво, анан арак келди. Эже мага жүздү, өзүнө азыраак куюп, бокалдарга пиводон толтурду.
- Келегой, айланайын, анчалык чөкпө. Адам баласынын башынан нелер гана өтпөйт. Токтоолук менен жеңип келатасың, жагы жеңесиң, сага ишенем, сен башка адамсың. Жеңилдик кылсаң оор турмушуңду көтөрө албай эчак жолдо калмаксың. Сен андай эмессиң, бу да болсо тагдырдын сыноосу!
- Чөкпөйм, эже. Чөгө турган болсом сиз айткандай колумда тыйын жок, балдарымды гана ойлоп, ошолордун келечегине кам көрүп ачка-ток жүргөндө ким болот элем? Сыртымдан күлүп, ичимден сыздап баарын жеңгем.
Эже куйган жүз граммды алып жибердим. Артынан шашлыктан жеп, пиводон жуттум.
- Экинчи тербей эле койчу темирди. Эми сенин атыңды уккандарга уят, китебиңди мактап кеп кылып жатат, эл бир эже китебиңден билип калды, өзүңдү карма!
- Ооба, эже, өзүм да билем. Бассам-турсам тааныбагандар учурашып калат. Мен "биздин айылдык го, таанып атабы?" деп ойлогуча: "Эже, китебиңизди окудум, жагы жазып жатасызбы?" дегенде уяла түшөм. Мен бул китебимдин мынчалыкка жетээрин билген эмес элем.
- Айланайын, мартабаң аша берсин. Ошон үчүн кыйналган күндү сабырдуулук менен жеңишиң керек. Душманың табалабай турган бол!
- Сөзсүз да! Куралым калем, сырдашым кагаз. Ыйласам да, кыйналсам да колума калем кармап жүрөктөгү сырымды, бугумду кагазга төгүп көнгөм.
- Ошент, садага! Алтын кызым менин! Акылың бар, жетик кызсың, өзүңө өзүң бел бол!
Экөөбүз көпкө отурдук. Тамактанып бүтүп, эженин ордуна бардык. Саал кызуу болуп калгандыктан көпкө отуруп, анан эже товарын жыйганда кошо жөнөдүм. Келээрибиз менен Күкүнү киргизип жиберип: "Анараны чакырып кой" дедик дагы, Дүйшөндүн үйүнө кирдик. Алар экөөбүздү тосуп алып төргө өткөрдү. Эже жайланышып отуруп эч нерсе айтпай Анара келгенче сүйлөшүп отурдук. Анара бат эле келип калды:
- Тынччылыкпы? Чакырып атат десе эмне болду деп шашып келдим, - Ал отуруп жатып бежиреди.
- Тынччылык болсо жакшы болбойт беле. Сүйлөшчү сөз бар. Эми силер дагы ойлонгула, Дүйшөн. Миргүлдүн ишин сотко өткөрүп коюшуптур, эч ким укпасын, бала-чака айтып койбосун. Ушул жердегилер билели дагы, тааныш сот таап сүйлөшөлү. Ошону үчүн келип отурабыз. Бурулду ооруп жатат деп бул баарын өзүнө алып жатат. Силер дагы аракет кылгыла!
- Болду-болду, эже, Миргүлдү соттотуп ийип эмне тапмак элек, сөзсүз жардам беребиз, - Дүйшөн шашып калды. - Рахмат буга дагы, бирөөнү үйгө келтирбей коргоп атат. Деги Миргүл эркек эле болгондо болмок, абдан эрктүү!
- Эже, соту качан болот экен? - Анара экөөбүздү алмак-салмак карап кулак төшөп калды.
- Он сегизинде болот экен.
- Убакыт бар экен. Соттун жакшысын табыш керек. "Государственный мүлккө кол салды" деп дароо эле сотко ашырып жибериптир да.
- Мейли балам, жүрөксүбөй эле кой, эптеп сүйлөшөбүз. Анчалык оор деле болбойт чыгаар..
Эже мага көңүл жубатып сөз айтканы менен ички сезиминде эмнени ойлоп жатканын билип эле унчукпадым, бирок алардын сөздөрүнөн ыйлап жибере жаздап өзүмдү өзүм кармап зорго отурдум. Бурул эч нерсе деп айталбай шыпылдай тамак-ашын, колунан келгенин коюп көпкө отурдук. Дүйшөн эртеңден тартып тааныш издемек болду.
Көптө барып үй-үйгө тарадык. Мен кызыма эч нерсе айткан жокмун. Бирде-экиде милицияга ишим түшпөгөн жаным, ойго чөгүп, уйкум качып, түнү бою түйшөлүп чыктым. Калемимди кармоого көңүлүм чаппады: "Мени камап койсо булар эмне болот, төрөп калса кантет?" Күйөөсү ошол убакта менин чөнтөгүмдөгү акчамды уурдап качып кеткен эле. Оюм алда кайда кетип атып, таңдын атканын сезбей калдым. Көздөрүм шишип, башым ооруп чыкты. Досторум Гүлмира, Шакен, Гүлжандардан жашырууга дитим барбады. Эртең менен ордуман турбай, таң атканда үргүлөй баштаганымда Гүлмира баш бакты.
- Ушул убакка чейин уктайсыңбы? Тур ай! - деди ал кирип келип.
- Башым ооруп туралбай жатам, эй. Азандан кайда барат элем, турганда?
- Турсаң көрөбүз да, - Кызымды карап ымдай күлүп койду. - Тур! Эрте туруп жүрсөң, - деп мага колун жаңсады.
- Кыйнайсың да.
Мен ордумдан араң туруп кийиндим да, Гүлмира менен эшикке чыктым. Күн жадырап тийип калыптыр. Таза абага көңүлүм көтөрүлө терезеге жөлөнүп калганымда, ал:
- Тигилерди көрдүңбү, экөөбүздү күтүп атышат. Жүрү ылдый түшөлү, - деди жаныма келип.
Бешинчи кабаттан түшүп, алардын жанына келдик. Гүлжан менен Шакен, Бурул биз алардын жанына келээрибиз менен этажды айлана басып жөнөштү.
- Силерди күтө берип тажап кеттик, - Шакен бизди карады. - Тим эле Манастын уйкусун берген го?
- Ой, бул алигиче уктап жатыптыр, араң тургуздум, - Гүлмира аларга актана сүйлөдү.
- Эмдигиче уктап аттың беле? - Гүлжан мага карады.
Алар менин сары санаа убайымда уйку көрбөй таң атырганымды кайдан билсин. Мени ээрчитип, камок жакка бараттык. Мен унчукпадым. Махабатка келип анын атайын бөлмөсүнө кирдик. Пирожки, самса, рулет бар экен, алардан алып, анан бир бөтөлкө арак суусу менен алышты да, отуруп калдык.
- Деги эмненин урматына чогулуп атабыз, билсе болобу? - Мен аларды суроолуу карадым.
- Булбу, - Гүлмира мени жылмая карады, - Бул башы ооругандардын башын жазчу отуруш!
- Сонун болгон тура, менин да башым ооруп турду эле, ушу-у, жонуңардан билген доңуз болуп калгансыңар го? - дедим мен.
- Ошону билгенбиз да, - Шакен кудуңдап койду.
Биз көпкө отурдук, ичке жүз грамм кирип калгандан кийин ичтеги сырымды аларга айтып калдым.
- Достор, курдаштар, мени аз күндөн кийин таппай калат болушуңар керек, - деп ойлуу отуруп калганымда баары үндөбөй бири-бирин карап отуруп калышты. Бурул гана мени жалдырай карап: "айтасыңбы? " дегендей көздөрү менен ымдап калды. - Мен соттолгону жатам, он сегизинде сотум болот!
- Эмнеге? - Шакен аңкая эч нерсени түшүнбөй сурады.
- Баягың бүткөн жок беле? - деп Гүлжан мени карады.
- Качан уктуң? Чакырбай калбады беле же повестка келдиби? - Гүлмира да такып сурап, үчөө тең жаалдап сурап жатышты.
- Ошол ишти мен бүттү го дегем, мындай болоорун кайдан билдим. Бирок бириңдин оозуңардан чыкпасын. Силер, Анара менен эже билет, силер чогуу катышасыңар, - дедим мен.
- Ой өлүгүңдү көрөйүн десе, сени тим эле контрабандистти кармагандай эле болушкан го?! Ошондо оолукпай биз менен отура бергениңде бул балээ жок эле…
- Ошону айтсаң, тим эле жоо куугандай шашып.. Шайтан азгырып жаткан да.
- Айтсак болбой койбодуңбу? - дешип үчөө тең карап жооп күтүп калышты.
- Эми эчтеке эмес. Болоору болуп, бойоосу канды. Кыскасы, кандай болсо да баарын көтөрүүгө тийишмин! - Мен колумдагы стаканды карап отура бердим. - Жок дегенде ошондой күнү силер жанымда болсоңор жакшы эле..
- Анан сени таштап коймок белек?
- Кантип таштамак элек, элестет…
- Жаныңда болобуз, оозубуздан жел чыкпайт, - дешти алар жарыша.
Чогуу отуруп бир бөтөлкө ичилгенден кийин дагы бир менен көңүлүм үчүн алып аны дагы ичтик. Аңгыча Жаанбай аке менен Жумакан келип калды. Аларга сыр билгизбей бөтөлкөдөгүнү бөлө тарттык. Жаанбай аке Жумаканга карады:
- Жумакан, сен эми бирди алып кел, карындаштарым чогуу отурган экен. Тиги энеңдурайындар балээ ичсин, ушерден эле ичебиз.
- Капырай, алар күтүп калышат да?
- Жумакан, Касипага айт "Гүлмира алып койду" деп, айтып кой. Акем экөөбүз ичебиз, апкеле бер, алардан коркпо! - деди Гүлмира көзүн кыса.
- Мейли-мейли, бирок алар атайы жөнөткөн да?
- Ош базарына барып таппай жүрдүк деп кой!
- Керек болсо өздөрү таап ичишет да, - деп каткырып калдык.
- Ой-ла-анайын карындаштарым десе, алтын кыздар да! - Жаанбай аке бизди карап ырдай баштады:
Сырдуу карап жылмайганың, карындаш,
Жүрөгүмө канжар болуп сайылат.
Эгер сүйсөң ачыгыңды айта гой
Кыйнап мени жүрө бербей кылактап.
- Азамат, байке!
- Ырыңыз укмуш экен! Жумаканды ушинтип жүрүп алгансыз го?
- Ой байке, ушундай түрүңүз менен кетирбей кармап жүргөн Жумаканга ырахмат. Бир аз жашыраак кезиңизде такыр жаман болсоңуз керек?
#КозИрмемдеБирОмур

Комментарии

Комментариев нет.