"ЖАПАЙЫ РОЗАЛАР".

*4*
Заказ берген кийимдер да тез эле даяр болду.Мен буга чейин заказ берип көргөн эмесмин.Тим эле укмуш,тиктиргенибиздин баары боюм менен бой,чапчак.Жарашыктуу. Кубанычым койнума батпайт.Ошол күнү кечинде бүтүндөй жаңы кийимдеримди кийгизип алып,эжем менен жездем мени киного ээрчитип бармак болушту.Эжем чачымды мурдагыдай эле бир өрүп артыңа таштап койгун деп кеңеш берди.Өзүм жаткан бөлмөгө кирип буйдалып калдым.Кийимимди кийип,чачымды кайта өрдүм.Кайра- кайра күзгүгө каранам.Көңүлүмдү көккө сермеп,айнектин ары жагында сургулт жука лапсан аралаш шерстен тигилген костюм-платьяны кийип,ак капрон блузкалуу,чачы узун,кара-торусунан келген жылдыздуу кыз мени карап бактылуу жылмаят.Өз денем өзүмө өзгөрө түшкөнсүп,боюма кандайдыр бир келбет пайда болуп чыга келгендей сезилет мага.Батыш эжем эшикти акырын ачып кирип келатып сүйлөдү:
-Мыкат,даярсыңбы?
Жаныма келген эжемди кучактап,чекесинен өөп-өөп алдым.
-Рахмат,жездем экөөңүздөргө.
Эжем чачымдан сылады.Жакамды оңдоду...
-Кана эми ары карап,тигиндей басып көрчү.И,кайра мени көздөй.Көрктүү кыз болуп калыптырсың садага.Кийимиң морт болсун,жаның бек болсун.-Мени айландырып, костюмдун тигилишин дагы бир сыйра карап чыкты.-Жакшы тигилиптир. Эч жеринде өөнү жок.Бир гана оң жак жеңиңдин боору болоор-болбос тартышкансып турат.Алаарда кандайча байкабай калдым экенмин.Жүрү, калганы жездең сынасын.
Менин көңүлүмдө костюмдун эч бир жеринде өөнү жоктой,бардык тигиши да,тигилиши да сыдыргыга салгандай көрүнгөн болчу.Бирок Батыш эжемдин жок жерден кынтык таап турганына таңдандым.Жеңинин ич жагын тим эле ким шыкаалап карап туруптур деп ойлодум. Биз үйдөн чыкканда жездем короонун ортосунда тамеки тартып туруптур.
-Мына,мына кийим да жарашкан кишиге жарашат.Кут болсун.Эжең өзүңө да,өңүңө да жарашыктуусун тандаган тура.Кана алдыга басчы...
Мен уялган калыбымда башымды жерге салып,аягымды солгун таштадым.Жеждем бир демге артыман карап туруп,мага жете келип каруумдан кармап токтотту. -О-х-о-о,мени менен тең турбайсыңбы? Карасаң,Батыке сиңдиңдин боюн.
-Сиңдим өзүмдү тартып чалыш турбайьы.
Жездем колумду коё берди. Эжем менен жездемдин ортосунда келаттым...
Кинодо экрандан көзүмө биринчи урунган бой жетип калган жигит менен кыз болду.Жаш жигит көчөдөн өтүп баратып,алдынан чыккан бейтааныш кызга урунуп алды.Кыздын колтугундагы бош кыскан китеби ыргып кетти.Кыз жигитти ачуулуу карады.Жигит күлүмсүрөйт.
-Атың ким?
Кыз жооп бербестен мисирейип,көздөрүнөн от чачып турду.
-Атың ким деп сурап жатам.-Ал жерде жаткан китепти колуна алып,кол жоолугу менен сүртүп,артына кармайт.-Атыңды билмейинче бербейм.Таанышып жүрөлү.Менин атым болсо Арамис...
Кыз жумшара түштү.
-Менин атымбы?Атым Эмма!..
Эки жаштын ортосунда алгачкы тааныштык,алгачкы сүйүү мына ошентип башталат.
Экөөнүн өбүшкөнүн көргөнүмдө көңүлүм иренжий түштү.Кызык экен,эмне үчүн ай айланып апта өтпөй тез эле элжирешип калышты,-деп ойлодум жездемден уялганымдан башымды көтөрбөй.Картинанын орто ченинде Арамис менен Эмманын ЗАГСка барып никелешип жатканын бир билем...
-Мыкат,уктап жатасыңбы?-Эжем акырын сурады.Картинанын канчасын өткөрүп жибергенимди билбейм,көзүмдү ачып жаш колукту сотко арыз көтөрүп барганын көрдүм.
-Бул эмнеге арыз көтөрүп жүрөт?
-Күйөөсү таштап кетпедиби.Кызды баланын ата-энеси кабыл албай койду.Эми минтип же окуудан жок,же күйөөдөн жок арабөк калды.
-Кыздын ата-энеси бар бекен?Үйүнө кетип калбайбы?
-Такыр эчтеке көргөн эмес турбайсыңбы? Алар кызынын күйөогө чыкканын да,окубай калганын да билишкен жок да.Эмма мурункусундай эле күйөөгө барганын жашырып,окуп жатам деп кат жазып,жардам алып жатпадыбы.
...Эмма соттун үстүнөн ыйлап чыкты.
Ал көчөнүн жээгине коюлган бир скамейкага олтуруп алып,ары-бери өткөн кишилердин эч кимисине назар салбай,кош алаканы менен бетин бек басып алып тынымсыз солуктап өпкө кагат...
Бул чет элдик киного мени эжем атайын ээрчитип келгенин түшүндүм.Сыягы, сабак болоор деген окшобойбу.Чынында эле жаштарга тарбия берүүчү картина экен...
Институтка келгенден бери,эжем жөнүндө студенттердин арасында ооздон түшпөй айтылып жүргөн көп сөхздөргө күбө болдум.Анын окуган лекциясы,берген сабагы ар-дайым көңүлдүү өтөт.Батыштын сабагында аудиторияда чымын учса угулгандай жымжырттыктын өкүм сүргөнү сүргөн.Эмики пар Батыш Иманалиевнаныкы дешип,студенттер алдын-ала бир сыйра дуулдап алышат.Анан алеки саатта бөлмөнүн ичин тартипке салып,жасап- түзп жиберишет.Өз бойлорун түзөгөн ар-бир студент,менин эжемдин алдында өздөрүн салабаттуу кармоого тырышышат.Өңгөчө кыз балдар каш кирпиктериндеги боёкторун сүртүнүшүп, прическаларын оңдоп,табигый өңдөрүнө чыга келишет.Батыш эжем окуган лекциясынын арасында,студенттердин жүлүнүнө тие турган күлкүлүү сөздөрдү кыстара сүйлөп,көңүл көөрүүнү да унутпайт.Көпчүлүктүн көөдөнүнөн фонтандай атылып бир заматта чыккан күчтүү күлкүнүн эпкининен аудиториянын чоң терезелери шарактай түшүп басылат.Кайра баштан Батыш эжемдин кулакка сиңип калган коңур үнү бөлмөнүн ичинде калгый баштайт.
Студенттердин бардыгы тең эжемди төгөрөгү төп келген акылдуу,жайдары аял дешет.Батыш Иманалиевна менен Эламан Орозович издешпей табышыптыр. Ушундай жакшы жарга туш болгон жигиттердин арманы болот болду бекен дешип,суктана сүйлөшөт.
Бирок Батыш эжем алган билими,иштеген иши,адамгерчилиги жагынан жогору бааланып,турмуштан өз ордун тапканы менен,анын түпкүрүндөгү жашыруун өкүнүчүн эч ким билүүчү эмес.Анын жетпеген кемчилиги,толбогон дүйнөсү башка аялдарга окшоп бала төрөп,бала сүйбөгөндүгү болчу.
Кошунабыз бала-чакалуу, жаш аялмет адамдар болучу. Он бир бала бир казандан аш ичип,биркишинин көзүн карайт.Эгер өкмөт жагынан жардам берилбеген болсо кантип күн көрушөөр эле,билбейм.
Биринчи жарым жылдыкты аяктап,каникулдан кайра келип,окуу башталардын алдыңкы күнү болучу. Үйдөн келгени жездемди көрө элек болчумун.Мончодон келип,ирегеден эркектин өзүмө тааныш болуп калган кышкы ботинкасын көрүп,өтүгүмдү акырын чечип,өз бөлмөмө өтүп кеттим.Жаңы эле күзгүнүн алдына жеткенимде: Мыкат-деп чакырган эжемдин үнүн угуп шашып калдым.Суусу тоборсуй элек узун чачымды тарабай туруп ыгы менен бир өрүп,бир байлам кызыл ала гүлдүү штапель жоолукту артыма байлап,бөлмөдөн чыгып келатсам бак жактагы терезенин ачык форточкасынан аялдын жаны ачыган ачуулуу үнү бөлмөнүн ичин аралап өтүп,диванда сүйлөшүп отруган эжем менен жездемди селт эттирди.Мен токтоп калдым.
-Кырылып кеткен топ мололор ай.Бир жагынан жыйнасам,бир жагынан үйдүн ичин үч көтөрүшөт да турушат.Силер чоңоюп мени жыргатканча, карыбастан мурда карып,жоголбостон мурда жоголом го. Жок дегенде бир-экөөң кыз болуп калсаңарчы. -Балдар ызы-чуу түшүп,ыйлап жатышат.
Эжем окуп жаткан китебинин бетин жаап,шалдая түшкөнүн ачык турган эшиктен байкап калдым.
-Баланын бары да балее,жогу да балээ дегени ушул экен да.Ушул бечарага берген көп баланын бирөөн мага берсе эмне болот?-Эжем терезе жакка мойнун созуп,улутунуп алды.Эламан жездем эжемдин көзүнө айлана түшкөн жашын байкап калды окшойт,мукактана сүйлөдү.
-Сага бала эле керекпи?Алып келип берейин.
-Кайдан?Балдар талаада жаткансып сүйлөйсүң да...
-Балдар үйүнө барсаң...
-Мага балдар үйүнөн эмес,сенин каныңдан,өз курсагымдан чыккан бала керек түшүндүңбү?
Жездем унчукпай калып,эжемди бир демге тиктеп ийнине колун арта салды.
-Картайып кеткен жокпуз.Али убакыт бар,Батыке.Буйруктуу бала болсо аны көрөөрбүз,буйругу жок бала болсо аны да көрө жатарбыз.Колдон келбей турган иш үчүн көңүлүңдү бузуп,санааркоонун кереги эмне.Жакшы адам бир жеринен кем болоорун билбейсиңби?
-Ким жакшы?Менби? -Эжем жездеме жүзүн бурду.
-Албетте,сен.
-Тапкан экенсиң.
-Тапкан үчүн сан кыздардын ичинен сени алганмын да.-Жездем аялын бооруна кысып,өөп жаткандай болду.-Мен сени төрөбөйсүң деп көңүлүңдү ооруткан жерим барбы?
Батыш эжемдин үнү ыйга муунгансып каргылданып чыкты.
-Эгер мен төрөбөсүмдү билсем такыр күйөөгө чыкмак эмесмин.
-Акылы жок.-деди жездем,колуктусун кучагынан коё бербей.-Экинчи мындай сөздү сүйлөбөй жүр.Өзүң айткандай балалуу болуу,албетте, жаман эмес дечи...
Балалуу болбой калуу да бир азап экен го дедим ичимден.Эгерде мен күйөөгө барып балалуу болсом,биринчи эле баламды Батыш эжеме алып келип берээр элем.Бирок эжеме асыранды бала эмес,өз курсагынан чыккан бала керек тура.Менин берген баламды алмак беледеген сыяктуу ойлор учуп келип жүрөгүмдүн башына тура калды.Өз оюмду өзүм кайрадан эсиме түшүргөндө бүткөн боюм чымырап,эки бетим албырып чыкты.Эчтекеден эчтеке жок тилеген тилегимди кара,дедим ууртумдан жылмайып.Бөлмөдөн жездемдин үнү угулду:
-Мыкат!
Кичүү кишилер улуулардан турмуштук багыт алуу деген сөз келечектен өз жолуңду табуунун ачкычы болот тура.Бул күнгө чейин Батыш эжеме окшоп эч кимден акыл-насаат уга элек болучумун. Өткөндөгү күндөргө кайра кылчайып,,Турсунай жөнүндө,турмуш жөнүндө, көргөн-уккандарым жөнүндө ойлонгонум болбосо,бардык багытым окуу менен коомдук иштер болуп калды.Күндөн- күнгө ойчул болуп баратасың,-дейт эжем менен жездем.Бирок өзүмө бул жөнүндө эч нерсе сезилбейт.Оюмдун баары окуу.Математикалык оор маселелер мээмдин ичине тереңдеп кирип,бүтүндөй каныма сиңип калгандай.Өзгөчө комсомолдун шаардык комитетине мүчө болуп шайлангандан бери иштей турган иштерим көбөйүп кетти.
Түндүн бир оокумунда институтта өткөн комсомолдун ачык жыйналышынан жаңы эле чыгып,щвейцар аялдан плащымды алып жатып,студенттердин кимдир бирөөгө жол бошотуп,сыпайыкерчилик көрсөтуп жатканын байкадым.
-Жыйнылышыңар аябай узак болду го.Бүттүңөрбү? Эмне,Махабат чыга элекпи?-деген жездемдин үнүн угуп жалт бурулдум.
Студенттер жооп бергенче,столун үстүндө жаткан портфелимди ала коюп,озунуп үн чыгардым:
-Жезде!
Жездем жалт бурулду.
-Оо,жолдош секретардын орун басары,бошодуңузбу? -деди жездем мени эркелете сүйлөп,алдымдан утурлай басып.-Орчундуу маселе карагансыңар го.Шаршембиеванын арызын да текшердиңерби?
-Күйөөсүн комсомолдон чыгардык.Ал эми институттан алыстатуу маселесин сиздерден сурап чечим чыгардык.Эртең таанышасыңар. -Жездем менен катарлаш бастым.-Бекер эле убара болуп келиптирсиз.
-Эмнеси убара.Жанарак келсем дем алыш жасап,кайра киришти дегенинен кетип калдым.Сен кечиккенде эжеңдин тынчы кетээрин билесин го...
-Түшүнөм жезде.
-Үйгө меймандар келди.Болгондо да жездеңдин жанындай көргөн жакын досу,тууганы.
Биз дарбазадан киргенде короонун орто ченинде турган мала Волганы көрүп,жанынан өтүп баратып,эңкейип номерин карап өттүм.
-Аны эмнеге карап жатасың?-Жездем өтө берип сурады.
-И-и,сиздин машинаңыз бекен десем...
-Жети түндө менин машинам бул жерде эмне кылып турсун.Үйдөкү коноктордуку.
Батыш эжем биздин дабышыбызды угуп,коридорго чуркап чыкты.
-Эми араң бошодуңбу?Чарчадың го?
-Чарчаганым жок,курсагым аябай ачты.-Эжем күйөөсүнө карады.
Ой,бай болгур,керилбей үйгө кирчи.Эламанды таап кел деп Акылбек жанымды сууруп ала жаздады. Мен Мыкатка тамак берейин.
Колума тийген бир чыны чайды ортолоп ичип келгенимде жездем меймандардын үстүнөн көңүлдүү чыкты.
-Э Батыке,балдызың менен тааныштырбайсыңбы деп меймандар сурап жатат.Кандай дейсиз,хозяйка? Руксатпы?
-Коё тур эми,чайын ичсин.
-Тигинден деле ичет да.Жүрү.-Мени каруумдан кармап жогору көтөрду.
-Уят эмеспи,меймандардын үстүндө эмне бар мага.-Салмагымды стулга сала жыйрылдым.
-Болуптур,жездең каалап калыптыр,кирип учурашып чык.Жана сен жөнүндө сөз болгон.
-Мен жөнүндөбү?Кандайча?
-Мына бул өпкөсүн колуна кармаган жездең менин мындай балдызым бар,тигиндей балдызым бар деп мактанып жаткан.
Күлүп жибердим.
-Жарайт.-Колумду сүртүп ордумдан турдум.Бөлмөгө киргенде көзүмө биринчи эле бейтааныш жигит урунду.Акылбек агайды тааныдым.Мени менен өзү туруп келип учурашты.
-Жогору өт.
-Жок,ушундай эле...-Диванга олтура кеттим.
-Столго кел.Эмне үчүн бул жерге олтурдуң?
Акылбек агай мага жол бошотуп,жанындагы стулду оңдоп койду.Меймандардын ортосунан орун алдым.Акылбек мени кайра-кайра карайт.Мени таанып жатабы же тааныбай жатабы?
-Эмне үчүндүр балдызыңдын өңү жылуу учурайт.Кайдан көргөнүмдүэсиме түшүрө албай койдум.
-Күзүндө силердин колхозго жардамга...
Башкарма жездемдин сөзүн аягына чыгарбай колун көтөрдү.
-Коё турчу...Ии-и эми эстебедимби. -Жигит мага бурулду.-во, во,во ушундай бир унутчаак итмин.Кээде өз айылымдын жаштарын да тааныбай калып уят болом.Өзгөрүп кетиптирсиң. Рахмат,окуудагы ийгиликтериңди угуп,кубанып олтурам.Батыштын сиңдиси турбайсыңбы?
Жездем тигил мен тааныбаган бейтааныш жигит менен да тааныштырууну унуткан жок.
-Махабат!Бул жигит менен таанышып кой.Мага ини болот.Бир айылдыкпыз. Аты-Майрамбек.
Башымды ийкедим.Жигит мага карап тамылжый түшүп,күлүмсүрөп койду.
Мен улуулардан уурданаөзүм менен оро-пара теке маңдайымда отурган Майрамбекти сынай тиктедим.ошол замат Майрамбектин жылдыздай жанган кош карегинен атылган ыссык жалын мени бир серпип өттү.Бири-биринен жалтана түшкөн кош каректер ошол замат тайгаланып жерди көздөй төгүлдү.
Олтургандардын кеп-сөзүнө аралашпаган жалгыз гана Майрамбек экөобүз болдук.Анын оттуу көздөрү көзүмө чагылыша түшкөндө жүрөгүм солк дей түшөт.
Сөз бир кезде Майрамбек жөнүндө болуп кетти.
Акылбек агай анын Жогорку Советке депутаттыкка кандидат кылып көрсөтүлүп жатканын сыймыктануу менен айтып олтурду.
-Жүн менен төлдөн областта үч жылдан бери алдына эч кимди сала элек.Өткөн жылы Ленин ордени менен сыйланды.Быйыл минтип депутаттыкка көрсөтүлүп жатат.Эр эмгегин жер жебейт деген ушул...
Мен өзүмө келген кат-кабарды такай институттун өзүнөн алучумун.Батыш эжем экөөбүз студенттер менен фойеде турсак артыбыздан өтүп бараткан студенттин үнүн угуп кылчайдым.
-Махабат,сага почтада телеграмма бар экен,алдыңбы?
-Телеграмма? Магабы?
-Ооба,сага.
-Кызык,мага кимден телеграмма келет?!-дедим эжемди карап.
-Алганда көрөсүң да.Анын эмнесине тынчсыздандың? 8-мартың менен куттуктап курдаштарың жибергендир.
-Жок,эжеке,алыста андай телеграмма жиберүүчү эч кимим жок.
Батыш эжем мени карап жылмайып койгондо көздөрү сүзүлө түштү.Институттан чыгып үйдү көздөй бет алдык.
-Кат жазган да эч кимиң жокпу?
Күлдүм.
-Жок.
-Кат жазган эч кимим жок дегениңе Батыш эжең ишене койбос.Кат жазгандар бар дечи.Бирок көңүлгө толгону көптүн ичинен көрүнбөйт десең бир жөн.Ачылып турган роза гүлүнө ким эле назарын салбасын.Жигиттердин сугун алып,суусатпаган кыз да кызбы.Ошондой артыкчылыгы үчүн кыз кыз болуп,жакшы жакшы болуп дүйнөгө жаралат окшобойбу.Туурабы?
-Туура,эжеке.
Жолдун айрылышына жеткенде эжем каруумдан кыса кармап койду.
-Мен бара берейин.Сен телеграмманы алып кел...
Батыш эжемден бөлүнүп жолдо келатып өзүм жөнүндө ойлондум.Ай, эжекем ай,чын эле сиңдиме назар салган эч ким жок болсо керек деп күдүктөнөбү, же мени кантер экен деп сынап жатабы.Ушул акылман ая болбогондо, беш эмес жыйырма бешке окусам да мындай болбойт элем деп ойлоп келаттым.Анан өзүмдүн 23-февральда Майрамбекке башка фамилия менен жөнөткөн открытканы эстеп кызара түштүм.Адамдын оюна келбей турган иш.Кимден деп ойлоду экен.Аны мен кандайча эстеп,эмне үчүн куттуктоо жибергениме да толук түшүнүгүм жетпеди.Кыздар укмуш экенбиз деги.Мени ушундай болот деп кимдин оюна келсин.Ошол мезгилде кимдир бирөө мени катуу жөөлөп өттү.Оюмду бирөө жулуп кеткенсип,сынган айнектей бычырап кетти.Ачуум келе түшүп,көзү жок кандай неме деп айтканы артыма бурулуп карадым.Менден анчалык алыс эмес жерде күлө карап турган Сандарбекти көрүп,күлүп жибердим.
-Мен да ким экен десемчи!
-Алдыңда келаткан кишини көрбөй,өзүңдү жогото кимди ойлоп бараттың эле.
-Сени ойлоп баратканмын.
Жигит шыйпактап тийише сүйлөдү.
-Шылдыңдайсың ээ.
-Эмнеси шылдың.Ырас айтып жатам.
-Жездең турганда,биздей майда-чүйдө кишилерди көзүңө илмек белең?
-Эмне,жездем жаман кишиби? -Жаман деп жаткан ким бар?
-Коё бер колумду.
-Жездеңди айтсам ачууланасыңбы?
-Кызык.Эмне эле кайта-кайта жездең-жездең дейсиң?
-Деги жездеңди жакшы көрөсүң ээ?
-Ооба,жакшы көрөм.Дагы айтаарың барбы?
-Жок.
-А болуптур жок болсо...
Мен почтага кирип кеттим.Сегизинчи март майрамына карата чыгарылган ак роза гүлдүү бланкага жазылган телеграмманы колума алып,ичин шашып ачтым. "Майрамбек" деген сөз көзүмө биринчи чалдыкты.Колумда турган кагаздан от чыгып кеткенсип,андан урган ысык жалын удургуй түшүп,жүрөгүмдү аралап барып,анан бүткүл денемди каптап өттү. Бул кайсыл Майрамбек болуп кетти,дедим көргөн көзүмө ишене бербей.Майрамбек аттуу өзүм тааныган кишилерди эсиме түшүрө баштадым. Бирок мен өзүм билген Майрамбектен башка,бир да кишинин атын канчалык издесем да таба албадым. Үйгө келгенде эжеме эчтеке дебесем да өзү сурады.
-Телеграмма кимден келиптир?
-Ким жибергенин өзүм да билбейм.
-Тааныбаган киши жибериптирби? Аты-жөнү жок бекен?
-Бар.-Майрамбек деп айтууга даай албай,телеграмманын өзүн сундум эжеме.
-Майрамбек дейби?Охо,Жетөгүздөн жиберилиптир.
Жети-Өгүз деген сөздү окуган эмесмин.Эжемдин айтканынан улам Майрамбектин телеграммасы экенине эми анык көзүм жетти. Чындыгында андан мындай телеграмма алам деп ойлогон эмесмин. Батыш эжемдин алдында айыбым ачылып бараткансып, жаңы байланган фартугумдун этегин чогулта кармап,кош колдоп мыжый бердим.
Эжем биздин жаныбызга,бир газетаны жая кармап келаткан жездеме кайрылды.
-Эламан,сен билесиңби,Жетөгүздө канча Майрамбек бар?
Жездем көз айнегин чыгарып колуна алды.
-Канча Майрамбек деген эмнеси?Мен бир эле Майрамбекти билем.Өзү деле биздикине келип-кетип жүрбөйбү.Гүлай абысыныңдын инисин билбей калдыңбы?
-Ии,аны билем дечи.Андан башка Майрамбек жок дедиңби?
-Мына,бул баланы таанычу белең?
Жездем газетаны эжеме сунду.Эжем сүрөткө тигилди.
Ии,катыгүн,Макеним турбайбы! Мен дагы ким экен десем.
Тамак ичип жатып көзүмдүн кыйыгы менен столдун үстүндө жаткан газетадагы Майрамбекти эжем менен жездеме байкатпай уурдана карайм...
Ал түнү тамактан кийин эчтеме окугум да,эчтеке жазгым да келбеди.Эс алуудан башка иштей турган иш жоктой сезилет. Телевизор да көрбөдүм.Бөлмөмө келип төшөгүмдү салып,жатууга камындым.Халатымды чечип,жарыкты өчүрдүм.Ой,бул эмнеси!Үйдүн ичинде ары-бери жылып мени ээрчий тийген шооланы көрүп,жалт бурулдум.Жарык мага таамай түшүп турду.Ары бассам ары,бери бассам бери ээрчийт.Эжем менен жездеме айтсамбы деп ойлодум.Эшикке жаңы жеткенимде терезе акырын тыкылдады. Айнектин ары жагынан Махабат деген эркек кишинин добушу кулагымды сайып өттү.
-Сиз кимсиз?
-Мен,Айдармын, Мыкат.Сенде бир эле ооз сөзүм бар эле.Ал терезенин ачык форточкасына жете көтөрүлгөндө далдайган зор дене терезени бүт жаап калды.Ачууга буулдум.
-Эмне болгонсуз,түн жарымында бирөөнүн терезесине асылып.Кетиңиз азыр сыйыңыз менен.Болбосо эжем менен жездемди ойготом.Милицияга биздин үйдүн жанында бир хулиган жүрөт деп телефон чалам.Сизге жагабы ушул?
-Адамдын убал-сообунан коркпосоң каматып сал азыр.Же Айдарга убал жок деп турасыңбы?Кечтен бери сени сыртка чыгар бекен деп күтүп туруп тоңуп калмак болдум.
-Эмне келдиңиз?Күдөрүңүздү менден үзүңүз деп канча айттым.Же эр-жигитте ар-намыс болбойбу?
-Кийин бекер эле аша чаап,катуу айткан экенмин деп өкүнүп жүрбө,кечирип кой байкеси деп суранып калба.
-Аны убагында көрө жатаармын.
Эжемдер жаткан бөлмөнүн эшиги ачылгандай болду.Чуркап барып төшөгүмө кирип чүмкөнүп алдым.
-Ким менен сүйлөшүп жатасың?
Эжем лампочканы күйгүздү.
-Айдар!
-Айдар?Ал кайда жүрөт?
-Терезенин ары жагында турат.
-О-о-й,куураган бала десе.Түңүлбөгөн кандай неме эле,катыгүн. Көрсөң,жети түндө темтеңдеп,кеттиби?
-Билбейм.
-Жатып эс ал эми.Эртең эрте турасың.Саат да бирге жакындап калды.Э кокуй,терезенин пардасын тартып койбойсуңбу анан.
Батыш эжем парданы тартып,жарыкты өчүрдү.Мен көпкө чейин уктай албай жаттым.Көзүм илинип баратса эле терезе чертилип кеткенсийт. Айдардын үнү угулгансыйт. Мени чакырат.Чочуп ойгоном.Айдар терезе менен терезе болуп дагы эле баякы бойдон тургансыйт. Уйку-соонун ортосунда кулагымды басып,жууркандын жакасын тартып,башымды катам...
Эртең менен Батыш эжемдин муздак алаканы маңдайыма тийгенде ойгонуп кеттим.Ордуман учуп турдум...
Институтка жаңы жетип,эшикти ача бергенимде арт жагымдан мени чакырган үндү угуп,колумдагы каалганын туткасын кармап токтодум.Сандарбек экен.Менде кандайдыр зарыл жумушу бар немедей,тепкичтен чуркап чыгып келатканын көрүп,жумушу болсо келер деген ой менен ичкери кирип кеттим.
-Саламатпы,Мыкат.
-Саламатчылык.
Кол алыштык.
-Эмне көзүң киртийип калган?
-Киртийип калыптырбы? Кеч жаттым эле.
-Актанбай эле кой.Чыныңды айтчы жездеңби же Айдарбы?..
-Эмне деп жатасың?Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
Колун силкип жибердим.Пальтомду чечип,башымдагы кубанкамды гордеробкага өткөрүп,бет маңдайымда турган чоң күзгүнүн алдына келип жакаларымды түзөп,прическамды оңдогон болдум.Сандарбек ыржаңдап күлдү:
-Тамашаны билбейсиңби?
-Тамашанын тамашасы бар.Бирок жездем сага тамаша эмес да.Мындан ары ойносоң да ойлоп сүйлөп жүргүн жолдош.-Бурулуп бастым.Сандарбек мени колтуктап алды.
-Кечирип кой,бардыгы тамаша.Айдар сага записка берген,ошону берейин деп эле.
-Тарт колуңду.
-Урушпачы деги.
-Кана,Айдардын каты?
-Мынакей бийкеч.
Ошол замат колума тийген конверттиүч- төрт бөлүп ортосунан айрыдым да,урнага ыргытып жиберип басып кеттим.Сандарбектин оозу ачылды.Ар жактан колтугуна китеп кыскан жездем кабинетинен чыкты.
-Эмне кечиктиң?
Саатымды карадым.
-Кечиктимби?
Экөөбүз катарлаша бастык.Кылчайып артымды карадым.Сандарбек залдын ортосунда бизди тиктеп туруптур.Акмак дедим ичимден жийиркене.Аудиториянын эшигин жездем ачып, мага жол берди.Студенттер ордунан дүр деп турушту.
Кыз бала бойго жеткенде анын азабы да,асылы да көп болуучу неме окшобойбу. Айдардын ала качам деген сөзүн укканбы же башка бирөөлөрдөн шек санайбы,айтор, эжем менден тынчсызданып жүрдү. Институтта түнгө чейин кармалып калган учурларымда эжем келип,өзү келалбаса жездемди жиберип мен келгенде күтүп алыша турган болду. Жездемдин келишин каалабайм. Сандарбек айткан ушактан корком. Бирок бул жагымсыз сөздү канчалык чынчыл,канчалык ачык болгонум менен эжеме оозум батып айталган жокмун. Эстеген сайын ичимден сызып,купуя кайгыга түшөм да турам. Бул үйдөн кетип калууну да ойлойм.Бирок эмне деген шылтоону таап,өзүмдү бул жакшы адамдардан оолактатуум керек эле?Кантип?Же турмушка чыгып кетишим керекпи?Бир кезде ойлоп жүргөн опасыз ойлор кайра баштан көңүлүмдү бороондой сапырат.Мага сөз айтып жүргөн жигиттерди көз алдымдан өткөргөн болом,аларды сынайм.Мага кимиси ылайык болоор эле деп ойлойм.Жар болууга жарай турганын издейм.
Майрамбек эсиме түшкөндө шыбактын жаңы ачылган көктөмдөгү жалгыз түп жоогазынды көргөн сыяктуу көңүлүм эргий түшөт.Эмне үчүндүр ал бардык адамдан бийик тургандай, андай жигит кыргыз жергесинде жоктой болуп сезилет мага.Анын оттой күйгөн сурмалуу кой көзү көз алдымда жалдырайт да турат...
Агитпункта эртеңки шайлоого карата акыркы даярдыктар көрүлүп жатты.Эки күндөн бери тынымсыз жүгүрүп жүрүп,толук эс албагандыктанбы, иштен бошой түшкөндө диванда олтуруп көзүм илинип кетиптир.
-Махабат,-деп ийнимден тарткан окгругдук шайлоо комиссиясынын председателинин үнүнөн чочуп кеттим.-Сиз катуу чарчадыңыз окшойт.Түнкү саат үчкө чейин бошсуз.Үйүңүзгө барып эс алып келиңиз.
-Чарчаган деле жокмун,Николай Семенович,силер иштесеңер мен кетип калсам жакшы болмок беле?
-Сиз жасай турган эч нерсе деле калган жок.Дежурныйлар бир сыйра алмашкандан кийин баарыбыз кетебиз.Сиз бара бериңиз...
Тышка чыксам Зайра,Бермет, Эркингүл баш болгон бир топ кыз институттун алдынан жолугушту.Алар менен кажылдашып олтуруп,үйдөн өтүп кетиптирмин. Бирок эч кимге айтпаганым менен Майрамбек деген бир күч мени почт жакка жетелеп бараткан болучу.Шатыра- шатман болуп почтага чогуубуз менен кирдик.Кыздар менен кезекке турдум.Алдымда турган Турсун мага карап,күлүп койду.
-Сен кат-кабарды институттан алучу эмес белең.Же довостребованиеге кат жазуучу алыстан жигит күткөнсүңбү?
-Күтсө эмне экен?-студенттик книжкамды кат берүүчү кызга узатып.
Эми эле көөдөнүмдө жан-алакет түшүп,чабактай туйлап аткан жүрөгүм "Сизге кат жок" деген жоопту угуп солгундай түштү.
Кыздар менен тышка чыкканымда коштошпой кетип баратканымды эстеп,почтанын алдында токтоп калдым.Жолдошторумдун жапырт мен жакты карап турганын көрүп оң колумду көтөрүп,манжаларымды кыймылдатып койдум. Жолдо келатып эртең болуучу шайлоону эстеп көңүлүм жайлана түштү. Денемде кандайдыр бир белгисиз кубанычтын зери ойноп турганын билдим. Ырдагым келет.Кимдир бирөөнү сагынгансып, алда кимди күткөнсүйм. Ушлу таңдын атышы менен көптөн күткөн бакыт кушу учуп келип колума конуучудай болом.Сүйүнөм, кубанам.
Көчөнүн бурулушуна жеткенде эсиме күтүүсүз жерден бир ой түшүп токтоп калдым. "Ах,мен жинди.-дедим эрдимди тиштеп,-Эмне үчүн Майрамбекке куттуктап телеграмма жиберген жокмун?!" Артымды кылчайып карадым.Почтадан кыйла узап кеткенимди билип,кайра барсамбы,жиберсемби жибербесемби деп,эки анжы болуп турдум.Ансыз деле үйгө чукул келип токтоптурмун. Эламан жездем пиджамачан, жылаң баш дарбазанын алдында турат.Жанында атам,сүйүнүп кеттим.Чуркап келип мойнуна асылып,чекесинен, анан мурдунун учунан өптүм.Атам саамайымдан шуу жыттады. Экөөбүз көрүшүп бүтүп,бири-бирибизди карап токтодук.Көздөрүнөн да,уурттарынан да кубанычтын толкуну төгүлөт.
-Сени сагындым атаке.-Башымды ийнине жөлөдүм.
-Кичинекей королум.-Атам сол колу менен жаагымдан сылап,төбөмдөн жыттады.-Сенсиз мага өмүр да, жашоо да көңүлсүз экен.Эки жылдан бери көнө албадым го,кызым...
Пальтомду чечип жатсам атам аркы үйгө кирип баратып кылчая карады:
-Эжеңди жалгыз күйпөңдөтпөй жардамдашып жибер садага.
Эжем,жездем экөөбүз жакшы көргөн мантуну түйүп жатыптыр.Биринчисин эчак касканга салып,отко коюп коюптур.
-Эжеке,калганын мага бериңиз.
-Бүттүм,садага. Тарелка,вилкаларыңды коюп даярдай бер.
Тамак алдыга келгенде эки-жагымды карабай туруп,эки-үч мантуну катар жеп ийип көөдөнүмө тиреле түштү.Эжем табактагы мантудан алып,атамдын алдындагы тарелкага,анан менин тарелкама үйө салды.
-Жей кой,ашкабак мантуну жакшы көрүүчү эмес белең.Жайнак аба,алсаңыз.
Атам чалкалап көөдөнүн кере дем алды.
-Мантуң манту экен айланайын,ыкыя түштүм.Бара турган жер калбай калды...
Тамактын артынан малинадан кайнатпай тартылган варенье менен бир-эки чыныдан чай ичтик.Атам дасторконго рахмат айтып,эжем менен жездемден уруксат сурады.
-Качан болсо эле шашып жүрөсүз.Конуп кетиңиз.
-Махабатымды көрөйүн дегенмин көрдүм.Анын үстүнө эртең шайлоо.
Байкуш атам ар-дайым мени көргөнү,мени менен учурашканы келет.Чын эле сагынат окшойт.Атамы үчөөбүз тең узатып чыктык.Кайра келип,жездем экөобүз шахмат ойноого отурдук.
-Атаң өтө эле баласаак киши ээ,Мыкат.Бир сөз айтсам капа болбойсуңбу?
#ЖапайыРозалар

Комментарии