1- БОЛУК•● Бул окуу жайдагы экономика факультетинин айым мугалимдери ар убак түш оой жасанып башташат. Атайын жасанууга белгиленген убакыт бар сыяктуу. Жашы өтүп калган аялдар күзгүгө каранып кийимдерин түздөп, чачтарын тарап жасалгаламыш этишет. Ал эми жашыраактары кирпиктерин боёп, эриндерине эндик коюп, жыттуу атырларынан себинишет. Анан мугалимдер отуруучу бөлмө заматта жыпар жытка толуп калат. Мурда мындай эмес болчу. Бири-бири менен деле иши жок эле. Бирок быйыл жамаатка 25 жаштагы жапжаш Эрлан аттуу жигит келип кошулду. Анын мугалим болуп келгени бул факультетте өзгөчө окуя болду. Ананчы, жалаң жашы өтүп калган, үй-бүлөлүк көйгөйү, балдарынын маселеси башынан ашкан, "карып калдым" деген ойго алдырып койгон, эбак эле айымдарга комплимент айтууну унутуп калган агайлардын арасына жигиттик баралына келип турган кең далылуу Эрлан келип кошулганы байкалбай калмак эмес. Баарынан да бул жапжаш жигит жамаат менен таанышып жатып: "Ушунчалык сулуу айымдардын арасында иштеп калам деп ойлобоптурмун! Тагдырыма рахмат!" деп жылмайып койгондо отурган кыз-келиндердин баары уялыңкы жылмайышып, жашы өткөндөрү өздөрүнүн жаштыгын сагына улутунушса, али бойдок кыздардын жүзү албыра түшүп, маңдайларында турган Голливуд актёрундай бул жигитке суктанышкан болчу. Ооба, ооба, Эрланды дароо кайсы бир актёрго окшоштуруп башташкан. Мырзалар бөлмөдөн чыгары менен айымдардын бири, чачын сары түскө боёп алган, ар дайым жасанып жүрүүчү Назик Эркебаевна "Жанагы Жерард Батлер деген актёр бар го, ошого окшош экен, ээ, бул жигит?" деп ичтеги ойлонуп отурган оюн көпчүлүккө салган. – Жок,- деди арыда отурган Лира Эрматовна: – Жанагы түрк актёру бар го. Тиги султан Сулейманда Бали бейди ойнойт... Мына ошого окшош экен. – А менимче...- жамааттагы эң улуу Любовь Владимировна да сөзгө аралашкан: – Ален Делондун жаш кезиндегисинин эле өзү. Анан баары шарактап күлүп калышты. Кыязы ар бири сулуу деп тапкан мырзага Эрланды ичинен окшоштуруп жатышты окшойт. Бирок мындан башка да сезимдер айымдардын табиятынан романтикага жакын жүрөктөрүн аралап өткөн чыгар. Тилекке каршы, ал кандай сезимдер экени бизге белгисиз. Айымдар аны каткырган күлкүнүн аркасына жашырып коюшту. Күлкүнүн аркасына сезимдерди жашыра койгон негизи оңой го... А Эрлан чындап эле сымбаттуу болчу. Бою узун, дайыма спорт менен машыгып жүргөнгө далысы кең болуп, булчуңдары чыңалып турчу. Чачы, кашы, каректери капкара, жүзү агыш тартып нурлуу. Жадакалса кийген кийими да ар убак жарашыктуу. Айрыкча кара-көгүш түстөгү костюмун кийип алганда журнал бетинен түшүп келген жигиттердей эле көрүнөт. Бирок баарынан да Эрландын комплиментти туура убакытта, туура жайда айта билген сапаты айымдарга өзгөчө жагат. Жумушка чыккан күндүн эртеси эле комплименттерди жаадырып баштаган. Ал башкалар байкабаган нерсени айтып коё алат. Маселен, кимдир бирөөнүн чач жасалгасын, кимдир бирөөнүн атырын, дагы биринин колунда 10 жылдан ашык жүргөн шакегин да айтып мактоо сөзүн, укмуш сонун жараша турганын саймедиреп салат. Бул күнү комплимент уккан айымдын бир күн кечке ууртунан жылмаюу түшпөйт. Эрлан ар убак жумушка түш оой келет. Ага азырынча азыраак эле жумуш беришти. 2-3-курстагы 3-4 группага эле сабак өтөт. Келет да, мугалимдер отуруучу бөлмөдөн айымдардын бир-экөөнө өзгөчө комплимент ыргытып коёт. Факультеттин айымдарынын түш оой жасанып баштаганынын жандырмагы ушул. – Кандайсыздар? Мм, биздин бөлмө Франция жыттанып калыптыр,- адаттагыдай шыңга боюна жарашыктуу кийинген Эрлан жылмайып кирип келди. – А Франция кандай жыттанат?- Лира Эрматовна чындап кызыга сурады. – Франция деген "Шанель" атырындай жыттанат. Кана айтыңыздар, кимиңиздер мындай жыпар жыттуу атыр колдонуп жүрөсүздөр? – Меники "Шанель",- толмочунан келген Гүлнара Кыдыровна тиштерин кашкайта жылмайды. Чынында Эрлан Гүлнара Кыдыровна "Шанель" атырын колдонуп жүргөнүн бир нече ирет көргөн. Калп эле билмексен болуп койду. – Абдан сонун экен. Тим эле маанай көтөрөт,- Эрлан бардыгын күлө карап алды да, журналды алып бөлмөдөн чыгып кетти. Ал чыгары менен эле жашы 50дөн өтүп калган Эркин Жапарович кирип келди да, алакандары менен желпип: – Фу, эмне жыттанып кеткен?!- деди кабагы салыңкы түрдө. – Франция жыттанып жатат, агай, Франция...- Гүлнара Кыдыровнанын маанайы көтөрүлө түшкөн экен. Моюнун койкойто, башын бийик көтөргөн абалында сыртка чыгып кетти. – Эмне дейт?!- Эркин Жапарович түшүнбөй эле туруп калды. А бөлмөдөгү калган айымдар үн чыгарышпастан эле жылмайып жатышты. – Салам баарыңарга! Кандайсыңар? Ордуңардан турбай деле койсоңор болот. Андан көрө баш ийкеп же оң колуңарды көтөрүп койсоңор, же "агай, салам" десеңер мага жагымдуураак болот,- Эрлан аудиторияга кирип келе жатып өзү отурчу столго жеткенче шашпай баса студенттерине кайрылып жатты. – Эмнеге? Ордубуздан туруп учурашкан жакшы го. Бул мугалимге болгон сый эмеспи?- студенттердин бири үн катты. – Сый болгону жакшы го, бирок силер ордуңардан туруп учурашып жатканда мен өзүмдү картаң сезе баштачу болдум. Өзүмдү тим эле тээ советтик маалдагы агай сезип кетем. А мен болгону жыйырма бештемин,- Эрлан баарын сынай карады. Эч бири үн катпады. – Демек, менин студенттерим мага жагымдуу нерсе жасагысы келбейт экен да! Түшүнүктүү!- Эрлан эрдин кымтып, башын чайкап койду. Дал ушул учурда арттан бир студент "Салам, агай!" деп кыйкырды. Анан башталды, бирөөлөрү "кандайсыз?", "салам" дешсе, айрымдары жөн гана оң колун көтөрө учураша башташты. – Мына эми мен өзүмдү кыйла жаш сезип калдым,- Эрлан баарын карап күлүп койду. – Эми болсо лекцияны баштайлы... Эрландын лекция окуганы да өзгөчө. Ал бир ордунда турбайт. Ары-бери басат, тынбай колдору менен жаңсап түшүндүрүп, жөнөкөй жашоодогу мисалдар менен дүйнөлүк экономика тууралуу берилүү менен сүйлөп берет. Ара чолодо студенттерине тамаша ыргытат. Аудиториянын жарымынан көбүн ээлеп отурган кыздар жаштыгы, энергиясы, билими ашып-ташып турган агайынан көз ала албай суктана гана отуруп беришет. Айрыкча Элиза Эрланды ушунчалык жакшы көрүү менен, берилүү менен тиктеп отурат. 20 жаштын кырын эми гана ашкан бул селки экономика факультетинде араң эле экинчи курс. Арыкчырай, баёо көздөрү бакырайган назик кыз Эрлан биринчи лекция окумакчы болуп аудиторияга кирип келгенде эле аны "кичине" сүйүп калган. Андан бери бир топ убакыт өттү, Элиза агайынын ар бир лекциясын чыдамсыздык менен күтчү болду. Эрланды көрүп калса эле маанайы көтөрүлүп, асман көгүрөөк, дарактар жашылыраак, кабагы бүркөөлөргө караганда жылмайгандар көбүрөөктөй сезиле берет... Лекция аяктап калган, дал ушул учурда Элизанын телефонуна СМС келди. Кыз телефонунун үнүн басаңдатып койгонду унутуп калган экен. Кат түшкөнүн билдирген чырылдаган үн аудиторияга жаңыра түштү. Эрлан кол саатын бир карап алып: – Убакыт болуп калыптыр. Жигиттериңердин да чыдамы кетти окшойт. Баарыңар бошсуңар. Көңүл бурганыңарга чоң рахмат! – Жок, бул жигитим эмес. Менин жигитим жок,- деди кыз актанган түр менен. Эмнеге минтип айтты өзү да түшүнбөй калды. Айтканын айтып алып, уурулугун карматкан кишидей кызарып кетти. Эрлан болсо жагымдуу жылмайып коюп сыртка бет алды. Катты болсо чынында эле Элизанын жигити жиберген болчу. Ооба, кыз калп айтты. Анын кызарып кеткенинин себеби да ушунда болсо керек. Окуучулук кезинен тарта сүйлөшүп жүргөн Азамат аттуу жигити бар. Бирок Азамат эмнегедир Эрландын фонунда акыркы убакта көрүнбөй баштаган. Элиза ар убак Эрлан менен Азаматты салыштыра берет. Эрлан бою узун, чырайлуу, билимдүү, орду менен сүйлөйт. Азаматчы?.. "Эх, ал дагы эле жаш баладай" Элиза ичинен улутунуп койду. Жигити "сенин универиңе келдим. Чык" деп жазып жөнөткөн экен. Кыз көңүлсүз сыртка жөнөдү. ххх Эрлан жумушу бүтөр замат сейил бакка шашылды. Окуу жайдан чыгары менен такси тосту да, айдоочуга "Түштүк дарбазасына айдаңыз. Колдон келсе тезирээк" деп арткы орундукка жайгашты. Шаарда бул учурда тыгын башталат. Унаанын жүрүшү жайлап, айдоочулардын маанайы пас боло түшөт. Арткы орундукта бараткан Эрлан көчөдөгү адамдарга көз сала үнсүз келе жатты. Бир убакта өзүнө тааныш бир адамды көрүп калса болобу. Студенти Элиза экен. Кара-торусунан келген бир жигит менен жетелешип бара жатыптыр. Унаа ордунан козголуп барып дал ошол кыз-жигитке жанаша түшүп жол чыракты күтүп токтоп калды. Ары-бери жагын кыялдана тиктеп келе жаткан Элиза таксидеги таанышын, болгондо да акыркы кезде анын кыялын ээлеп алган Эрлан агайын көрүп чочуп кетти. Көздөрү тостоё түшүп ордунда туруп калды да, жигитинин колунан өз колун тездик менен тартып алды. Ал күнөөлүү кишидей бозоро түштү. Эрлан болсо аны карап алып жан дили менен жылмайып жаткан. "Көрдү!" деди Элиза ичинен. – Эмне болуп кетти? Ким?- жигити кыздын кылыгына түшүнбөй калды. – Байкем... – Кана? – Такси менен өтүп кетти... Эрлан күлкүсүн токтото албай баратты. Чын, ага Элизанын азыркы абалы абдан эле күлкүлүүдөй сезилди. Ал өз оюнда кыз агайынан уялып, өзүн күнөөлүүдөй сезе түштү окшойт деп ойлоп койду. Ананчы, ал азырынча Элизанын ага болгон сезимдерин биле элек да. Билгенде делечи? Анын өзүнүн Айдайы бар эмеспи. Айдай... Айдай Эрлан үчүн периште, өзгөчө жан, анын жүрөгүн, жүрөгүн эле эмес, бүткүл акыл-эсин ээлеп алган карагат көздүү селки. Жигиттин жашоодогу максаттары, тилектери мына ушул кызга байланган. Эгер кыз Эрландын жашоосунан жок болуп кетсе, анда жигиттин түркүн түстүү боёкторго боёлгон ааламы заматта урап түшөрү турган иш. Бул бир караганда акылсыздык. Бир адамга мынчалык байланып алып, ал жоголсо кошо жоголуп кетүү деген акылсыздык эмей эмне?! Бирок сүйүү дегендин турпаты ушул эмеспи. Ал жүрөк менен акыл-эсти тирештирип туруп, бирок акыр аягында жеңишти баары бир жүрөккө берип салат. Сүйүү деген ушундай тентек сезим да. Таксиден түшүп, сейил бакты аралай басып келди да, күндө келчү отургучка отурду. Айдайы менен жолугушчу жер ушул. Кыз ар убак бир аз кечигип келет. Эрлан бир чекитти тиктеген калыбында аны күтүп отурду. Бир убакта ал кыздын колдору анын ийинине коюлганын сезди. – Берекем,- жигит кыздын алакандарынан шуу жыттап, өөп койду. Кыз адаттагыдай эле сулуу. Назик көйнөгү өзүнө куп жарашып, карагат көздөрү жадырап турат. – Бүгүн унчукпайбыз!- кыз сөөмөйүн эриндерине тийгизди... – Кыялданабыз... Анан ал жигитине башын жөлөй, көздөрүн жумду. "Кыялданабыз..." жигит да көздөрүн жумду... Ушул калыбында алар түн киргенче отурушту. Эмнелерди гана кыялданышкан жок. Үйлөнүү той, жөнөкөй турмуш, балдар, карылык... Кыялдарында бардык жерде экөө чогуу жүрүштү. – Мен сени жеткирип коёюн... – Жүр,- кыз жигитинин колунан алды. Анан алар бак аралай басып, жолго чыгышты. Жигит такси тосту. Жашы өтүп калган айдоочу эски унаасы менен келип токтоду. – Мен өзүм эле кетем, ээ?- кыз жигитине эскертип койду. Эрлан баш ийкей айдоочуга кайрылды. – Бул кызды айткан жерине жеткирип коёсузбу? – Кайсы кызды? Эрлан айдоочунун суроосун жоопсуз калтырды. Арткы орундукка кызды отургузду да, айдоочуга акча карматып басып кетти. Айдоочу дендароо болуп, бир колундагы акчаны, бир басып бара жаткан жигитти карап тура берди. Анан арткы бош турган орундукту карап койду. Эч ким жок болчу... Эрлан шаар көчөлөрүн аралай бактылуу жылмайып бара жатты. Ооба, азыр анын бактысында чек жок болчу. Жакында үйлөнөт... Андан соң аны Айдайы менен бактылуу жашоо күтүп турат. Ичинен ушуларды ойлоп келе жаткан Эрлан өзү жашаган көп кабаттуу үйгө кантип жеткенин да билбей калды. Апасы ашканада күйпөлөктөп жүргөн экен. Эрландын келгенин байкай калып: – Оо, менин профессор уулум келди,- деди жылмая. – Атам кайда? – Сыртка чыкты сейилдегенге. Кандай, иштериң жакшыбы? – Жумушум жагып жатат. Бул жагы жакшы. Студенттерим да сонун. Анан айлыгым аябай аз. Эч нерсеге жетпей жатат. Бул жагынан алганда иштерим анча эмес. – Балам, "дарак бир жерден көгөрөт" дейт. Иштей бер, азыр бойдоксуң. Бара-бара баары болот. – Ооба, бирок мен окуу жайда эмес, кайсы бир банкта же бир ишканада деле көгөрсөм болмок,- Эрлан ичтеги оюн сыртка чыгарып алды. – Албетте, анда сонун болмок. Бирок жумуш табылышы кыйын болду го. Эми болуп калар. Азыр баары жетиштүү. Кам санаба. Андан көрө үйлөнүүгө камдан. Кыздар менен сүйлөшүп жатасыңбы? Капыстан Эрландын телефону чырылдап калды. Белгисиз номур экен. Жигит апасынын акыркы суроосун жоопсуз калтырды. – Алло! – Саламатсызбы?- кыздын үнү угулду. – Саламатчылык. Ким? – Бул мен, Элиза. Студентиңиз. #БирИрмем
ЧЫНЫГЫ ДОС ТАПКЫМ КЕЛЕТ!
"БИР ИРМЕМ".
1- БОЛУК•●
Бул окуу жайдагы экономика факультетинин айым мугалимдери ар убак түш оой жасанып башташат. Атайын жасанууга белгиленген убакыт бар сыяктуу. Жашы өтүп калган аялдар күзгүгө каранып кийимдерин түздөп, чачтарын тарап жасалгаламыш этишет. Ал эми жашыраактары кирпиктерин боёп, эриндерине эндик коюп, жыттуу атырларынан себинишет. Анан мугалимдер отуруучу бөлмө заматта жыпар жытка толуп калат. Мурда мындай эмес болчу. Бири-бири менен деле иши жок эле. Бирок быйыл жамаатка 25 жаштагы жапжаш Эрлан аттуу жигит келип кошулду. Анын мугалим болуп келгени бул факультетте өзгөчө окуя болду. Ананчы, жалаң жашы өтүп калган, үй-бүлөлүк көйгөйү, балдарынын маселеси башынан ашкан, "карып калдым" деген ойго алдырып койгон, эбак эле айымдарга комплимент айтууну унутуп калган агайлардын арасына жигиттик баралына келип турган кең далылуу Эрлан келип кошулганы байкалбай калмак эмес. Баарынан да бул жапжаш жигит жамаат менен таанышып жатып: "Ушунчалык сулуу айымдардын арасында иштеп калам деп ойлобоптурмун! Тагдырыма рахмат!" деп жылмайып койгондо отурган кыз-келиндердин баары уялыңкы жылмайышып, жашы өткөндөрү өздөрүнүн жаштыгын сагына улутунушса, али бойдок кыздардын жүзү албыра түшүп, маңдайларында турган Голливуд актёрундай бул жигитке суктанышкан болчу.
Ооба, ооба, Эрланды дароо кайсы бир актёрго окшоштуруп башташкан. Мырзалар бөлмөдөн чыгары менен айымдардын бири, чачын сары түскө боёп алган, ар дайым жасанып жүрүүчү Назик Эркебаевна "Жанагы Жерард Батлер деген актёр бар го, ошого окшош экен, ээ, бул жигит?" деп ичтеги ойлонуп отурган оюн көпчүлүккө салган.
– Жок,- деди арыда отурган Лира Эрматовна: – Жанагы түрк актёру бар го. Тиги султан Сулейманда Бали бейди ойнойт... Мына ошого окшош экен.
– А менимче...- жамааттагы эң улуу Любовь Владимировна да сөзгө аралашкан: – Ален Делондун жаш кезиндегисинин эле өзү.
Анан баары шарактап күлүп калышты. Кыязы ар бири сулуу деп тапкан мырзага Эрланды ичинен окшоштуруп жатышты окшойт. Бирок мындан башка да сезимдер айымдардын табиятынан романтикага жакын жүрөктөрүн аралап өткөн чыгар. Тилекке каршы, ал кандай сезимдер экени бизге белгисиз. Айымдар аны каткырган күлкүнүн аркасына жашырып коюшту. Күлкүнүн аркасына сезимдерди жашыра койгон негизи оңой го...
А Эрлан чындап эле сымбаттуу болчу. Бою узун, дайыма спорт менен машыгып жүргөнгө далысы кең болуп, булчуңдары чыңалып турчу. Чачы, кашы, каректери капкара, жүзү агыш тартып нурлуу. Жадакалса кийген кийими да ар убак жарашыктуу. Айрыкча кара-көгүш түстөгү костюмун кийип алганда журнал бетинен түшүп келген жигиттердей эле көрүнөт. Бирок баарынан да Эрландын комплиментти туура убакытта, туура жайда айта билген сапаты айымдарга өзгөчө жагат. Жумушка чыккан күндүн эртеси эле комплименттерди жаадырып баштаган. Ал башкалар байкабаган нерсени айтып коё алат. Маселен, кимдир бирөөнүн чач жасалгасын, кимдир бирөөнүн атырын, дагы биринин колунда 10 жылдан ашык жүргөн шакегин да айтып мактоо сөзүн, укмуш сонун жараша турганын саймедиреп салат. Бул күнү комплимент уккан айымдын бир күн кечке ууртунан жылмаюу түшпөйт.
Эрлан ар убак жумушка түш оой келет. Ага азырынча азыраак эле жумуш беришти. 2-3-курстагы 3-4 группага эле сабак өтөт. Келет да, мугалимдер отуруучу бөлмөдөн айымдардын бир-экөөнө өзгөчө комплимент ыргытып коёт. Факультеттин айымдарынын түш оой жасанып баштаганынын жандырмагы ушул.
– Кандайсыздар? Мм, биздин бөлмө Франция жыттанып калыптыр,- адаттагыдай шыңга боюна жарашыктуу кийинген Эрлан жылмайып кирип келди.
– А Франция кандай жыттанат?- Лира Эрматовна чындап кызыга сурады.
– Франция деген "Шанель" атырындай жыттанат. Кана айтыңыздар, кимиңиздер мындай жыпар жыттуу атыр колдонуп жүрөсүздөр?
– Меники "Шанель",- толмочунан келген Гүлнара Кыдыровна тиштерин кашкайта жылмайды. Чынында Эрлан Гүлнара Кыдыровна "Шанель" атырын колдонуп жүргөнүн бир нече ирет көргөн. Калп эле билмексен болуп койду.
– Абдан сонун экен. Тим эле маанай көтөрөт,- Эрлан бардыгын күлө карап алды да, журналды алып бөлмөдөн чыгып кетти. Ал чыгары менен эле жашы 50дөн өтүп калган Эркин Жапарович кирип келди да, алакандары менен желпип: – Фу, эмне жыттанып кеткен?!- деди кабагы салыңкы түрдө.
– Франция жыттанып жатат, агай, Франция...- Гүлнара Кыдыровнанын маанайы көтөрүлө түшкөн экен. Моюнун койкойто, башын бийик көтөргөн абалында сыртка чыгып кетти.
– Эмне дейт?!- Эркин Жапарович түшүнбөй эле туруп калды. А бөлмөдөгү калган айымдар үн чыгарышпастан эле жылмайып жатышты.
– Салам баарыңарга! Кандайсыңар? Ордуңардан турбай деле койсоңор болот. Андан көрө баш ийкеп же оң колуңарды көтөрүп койсоңор, же "агай, салам" десеңер мага жагымдуураак болот,- Эрлан аудиторияга кирип келе жатып өзү отурчу столго жеткенче шашпай баса студенттерине кайрылып жатты.
– Эмнеге? Ордубуздан туруп учурашкан жакшы го. Бул мугалимге болгон сый эмеспи?- студенттердин бири үн катты.
– Сый болгону жакшы го, бирок силер ордуңардан туруп учурашып жатканда мен өзүмдү картаң сезе баштачу болдум. Өзүмдү тим эле тээ советтик маалдагы агай сезип кетем. А мен болгону жыйырма бештемин,- Эрлан баарын сынай карады. Эч бири үн катпады.
– Демек, менин студенттерим мага жагымдуу нерсе жасагысы келбейт экен да! Түшүнүктүү!- Эрлан эрдин кымтып, башын чайкап койду. Дал ушул учурда арттан бир студент "Салам, агай!" деп кыйкырды. Анан башталды, бирөөлөрү "кандайсыз?", "салам" дешсе, айрымдары жөн гана оң колун көтөрө учураша башташты.
– Мына эми мен өзүмдү кыйла жаш сезип калдым,- Эрлан баарын карап күлүп койду.
– Эми болсо лекцияны баштайлы...
Эрландын лекция окуганы да өзгөчө. Ал бир ордунда турбайт. Ары-бери басат, тынбай колдору менен жаңсап түшүндүрүп, жөнөкөй жашоодогу мисалдар менен дүйнөлүк экономика тууралуу берилүү менен сүйлөп берет. Ара чолодо студенттерине тамаша ыргытат. Аудиториянын жарымынан көбүн ээлеп отурган кыздар жаштыгы, энергиясы, билими ашып-ташып турган агайынан көз ала албай суктана гана отуруп беришет.
Айрыкча Элиза Эрланды ушунчалык жакшы көрүү менен, берилүү менен тиктеп отурат. 20 жаштын кырын эми гана ашкан бул селки экономика факультетинде араң эле экинчи курс. Арыкчырай, баёо көздөрү бакырайган назик кыз Эрлан биринчи лекция окумакчы болуп аудиторияга кирип келгенде эле аны "кичине" сүйүп калган. Андан бери бир топ убакыт өттү, Элиза агайынын ар бир лекциясын чыдамсыздык менен күтчү болду. Эрланды көрүп калса эле маанайы көтөрүлүп, асман көгүрөөк, дарактар жашылыраак, кабагы бүркөөлөргө караганда жылмайгандар көбүрөөктөй сезиле берет...
Лекция аяктап калган, дал ушул учурда Элизанын телефонуна СМС келди. Кыз телефонунун үнүн басаңдатып койгонду унутуп калган экен. Кат түшкөнүн билдирген чырылдаган үн аудиторияга жаңыра түштү. Эрлан кол саатын бир карап алып:
– Убакыт болуп калыптыр. Жигиттериңердин да чыдамы кетти окшойт. Баарыңар бошсуңар. Көңүл бурганыңарга чоң рахмат!
– Жок, бул жигитим эмес. Менин жигитим жок,- деди кыз актанган түр менен. Эмнеге минтип айтты өзү да түшүнбөй калды. Айтканын айтып алып, уурулугун карматкан кишидей кызарып кетти. Эрлан болсо жагымдуу жылмайып коюп сыртка бет алды. Катты болсо чынында эле Элизанын жигити жиберген болчу. Ооба, кыз калп айтты. Анын кызарып кеткенинин себеби да ушунда болсо керек. Окуучулук кезинен тарта сүйлөшүп жүргөн Азамат аттуу жигити бар. Бирок Азамат эмнегедир Эрландын фонунда акыркы убакта көрүнбөй баштаган. Элиза ар убак Эрлан менен Азаматты салыштыра берет. Эрлан бою узун, чырайлуу, билимдүү, орду менен сүйлөйт. Азаматчы?.. "Эх, ал дагы эле жаш баладай" Элиза ичинен улутунуп койду. Жигити "сенин универиңе келдим. Чык" деп жазып жөнөткөн экен. Кыз көңүлсүз сыртка жөнөдү.
ххх
Эрлан жумушу бүтөр замат сейил бакка шашылды. Окуу жайдан чыгары менен такси тосту да, айдоочуга "Түштүк дарбазасына айдаңыз. Колдон келсе тезирээк" деп арткы орундукка жайгашты.
Шаарда бул учурда тыгын башталат. Унаанын жүрүшү жайлап, айдоочулардын маанайы пас боло түшөт. Арткы орундукта бараткан Эрлан көчөдөгү адамдарга көз сала үнсүз келе жатты. Бир убакта өзүнө тааныш бир адамды көрүп калса болобу. Студенти Элиза экен. Кара-торусунан келген бир жигит менен жетелешип бара жатыптыр. Унаа ордунан козголуп барып дал ошол кыз-жигитке жанаша түшүп жол чыракты күтүп токтоп калды. Ары-бери жагын кыялдана тиктеп келе жаткан Элиза таксидеги таанышын, болгондо да акыркы кезде анын кыялын ээлеп алган Эрлан агайын көрүп чочуп кетти. Көздөрү тостоё түшүп ордунда туруп калды да, жигитинин колунан өз колун тездик менен тартып алды. Ал күнөөлүү кишидей бозоро түштү. Эрлан болсо аны карап алып жан дили менен жылмайып жаткан. "Көрдү!" деди Элиза ичинен.
– Эмне болуп кетти? Ким?- жигити кыздын кылыгына түшүнбөй калды.
– Байкем...
– Кана?
– Такси менен өтүп кетти...
Эрлан күлкүсүн токтото албай баратты. Чын, ага Элизанын азыркы абалы абдан эле күлкүлүүдөй сезилди. Ал өз оюнда кыз агайынан уялып, өзүн күнөөлүүдөй сезе түштү окшойт деп ойлоп койду. Ананчы, ал азырынча Элизанын ага болгон сезимдерин биле элек да. Билгенде делечи? Анын өзүнүн Айдайы бар эмеспи. Айдай... Айдай Эрлан үчүн периште, өзгөчө жан, анын жүрөгүн, жүрөгүн эле эмес, бүткүл акыл-эсин ээлеп алган карагат көздүү селки. Жигиттин жашоодогу максаттары, тилектери мына ушул кызга байланган. Эгер кыз Эрландын жашоосунан жок болуп кетсе, анда жигиттин түркүн түстүү боёкторго боёлгон ааламы заматта урап түшөрү турган иш. Бул бир караганда акылсыздык. Бир адамга мынчалык байланып алып, ал жоголсо кошо жоголуп кетүү деген акылсыздык эмей эмне?! Бирок сүйүү дегендин турпаты ушул эмеспи. Ал жүрөк менен акыл-эсти тирештирип туруп, бирок акыр аягында жеңишти баары бир жүрөккө берип салат. Сүйүү деген ушундай тентек сезим да.
Таксиден түшүп, сейил бакты аралай басып келди да, күндө келчү отургучка отурду. Айдайы менен жолугушчу жер ушул. Кыз ар убак бир аз кечигип келет. Эрлан бир чекитти тиктеген калыбында аны күтүп отурду. Бир убакта ал кыздын колдору анын ийинине коюлганын сезди.
– Берекем,- жигит кыздын алакандарынан шуу жыттап, өөп койду. Кыз адаттагыдай эле сулуу. Назик көйнөгү өзүнө куп жарашып, карагат көздөрү жадырап турат.
– Бүгүн унчукпайбыз!- кыз сөөмөйүн эриндерине тийгизди... – Кыялданабыз...
Анан ал жигитине башын жөлөй, көздөрүн жумду. "Кыялданабыз..." жигит да көздөрүн жумду... Ушул калыбында алар түн киргенче отурушту. Эмнелерди гана кыялданышкан жок. Үйлөнүү той, жөнөкөй турмуш, балдар, карылык... Кыялдарында бардык жерде экөө чогуу жүрүштү.
– Мен сени жеткирип коёюн...
– Жүр,- кыз жигитинин колунан алды. Анан алар бак аралай басып, жолго чыгышты. Жигит такси тосту. Жашы өтүп калган айдоочу эски унаасы менен келип токтоду.
– Мен өзүм эле кетем, ээ?- кыз жигитине эскертип койду. Эрлан баш ийкей айдоочуга кайрылды.
– Бул кызды айткан жерине жеткирип коёсузбу?
– Кайсы кызды?
Эрлан айдоочунун суроосун жоопсуз калтырды. Арткы орундукка кызды отургузду да, айдоочуга акча карматып басып кетти.
Айдоочу дендароо болуп, бир колундагы акчаны, бир басып бара жаткан жигитти карап тура берди. Анан арткы бош турган орундукту карап койду. Эч ким жок болчу...
Эрлан шаар көчөлөрүн аралай бактылуу жылмайып бара жатты. Ооба, азыр анын бактысында чек жок болчу. Жакында үйлөнөт... Андан соң аны Айдайы менен бактылуу жашоо күтүп турат. Ичинен ушуларды ойлоп келе жаткан Эрлан өзү жашаган көп кабаттуу үйгө кантип жеткенин да билбей калды.
Апасы ашканада күйпөлөктөп жүргөн экен. Эрландын келгенин байкай калып: – Оо, менин профессор уулум келди,- деди жылмая.
– Атам кайда?
– Сыртка чыкты сейилдегенге. Кандай, иштериң жакшыбы?
– Жумушум жагып жатат. Бул жагы жакшы. Студенттерим да сонун. Анан айлыгым аябай аз. Эч нерсеге жетпей жатат. Бул жагынан алганда иштерим анча эмес.
– Балам, "дарак бир жерден көгөрөт" дейт. Иштей бер, азыр бойдоксуң. Бара-бара баары болот.
– Ооба, бирок мен окуу жайда эмес, кайсы бир банкта же бир ишканада деле көгөрсөм болмок,- Эрлан ичтеги оюн сыртка чыгарып алды.
– Албетте, анда сонун болмок. Бирок жумуш табылышы кыйын болду го. Эми болуп калар. Азыр баары жетиштүү. Кам санаба. Андан көрө үйлөнүүгө камдан. Кыздар менен сүйлөшүп жатасыңбы?
Капыстан Эрландын телефону чырылдап калды. Белгисиз номур экен. Жигит апасынын акыркы суроосун жоопсуз калтырды.
– Алло!
– Саламатсызбы?- кыздын үнү угулду.
– Саламатчылык. Ким?
– Бул мен, Элиза. Студентиңиз.
#БирИрмем