"ДУБАЛ".

13-БОЛУК*@
Акимбай шаарга келди. Кечээ эле ал эшигинин алдында кемпири менен коштошуп турган, тигил көзүнүн жашын аарчып ага какшанган:
— Жаштар шаарга качса жөнү бар, ал ами сага мине бар экен? Адашып-адашып эле кайра келесиң да... Анда Акимбай күлүп аны
соороткон:
— Койсоңчу андай кебиңди. Мен мине биротоло качып кетип aтыптырмынбы, уулубузду көрүп эле келем. Ага биз барбаганда, анан башка бирөө бармак беле? Андан көрө шыдыр жол тилесең боло,— ал короосун карап, нараагыракта аштоодо байланып турган атын көрүп эмнегедир бул жерден кеткиси келбей кетти. Бирок бир аздан кийин кайра андай ойлорун кууп, чөнтөгүнөн белгисиз бир шаардын сүрөтү бар кагазды алып чыгып тиктеп калды. «Качаңкыга чейин эле ушерде чирип жата беребиз?» — деп ойлоп ал сүрөттү кемпирине көргөздү. — Мына көрдүңбү?
Кемпири сүрөттү карап алып абдан таңгалды:
— Ушу бири бирине окшош тамдардын минесине кызыгасың? Акимбай ага макул болбой койду:
— Жо-ок, аякта жакшы болушу керек, болбосо уулум аерде калбайт эле... Мейли, анда месе, жакшы тур! Болду эми, мен мине согушка баратыптырмынбы, оп-пой!.. Шаарды көрүп, уулум менен учурашып келем, анын минеси бар экен? Кой эми көз жашыңы төгө бербе... Жакшы кал!.. Ал эми бүгүн болсо ал шаарда. Бардыгын тоскондой эле шаар Акимбайды да заводдорунун түтүнү, машинелеринин ызы-чуусу, кыжыган эли менен тосуп алды. Бирок эч нерсе эмес, ал шаардын бул жактарын бүт кечирди. Анткени менен ал азыр минтип таксиде жымыңдап учуп баратат. Жылтыраган кара «Волга» түптүз, эндүү жолдо сызып асфальтты килемдей гана дөңгөлөктөрүнүн астына түрүп жатты. Ой, тобо! Шаарың тим эле бир укмуш турбайбы! Акимбай кубанычын көкүрөгүнө батыра албай таксичиге кайрылып тамашалады:
— Уулум! Бу тулпарың күнүнө канчадан жем жейт, я? Унчукпай келаткан айдоочу күлүп калды.
— Он сомду жеп коёт. Экөө тең күлдү.
— Уулуңуз биерде
иштейби?
— Ооба, иштейт.
— Ким болуп иштейт?
— Билбейм, бир чоң болсо керек го, дайыма ле колум бошобойт, отпускага чыгууга чолом жок деп келет. Мына, мен аны көргөнү баратам.
—Ким деген? Мүмкүн, мен аны тааныйттырмын.
— Жусуп... Жусуп Акимбаев деген кара-тору жигит... Узун бойлуу.
Айдоочу эстөөгө аракет кылып ойлонуп калды, бирок бир пастан кийин башын чайкады.
— Жок, тааныбайт экемин. Көп болдубу иштегенине?
— Көп деле мес, жакында ле окуусун бүтүрдү... Таксичи машинесин тык токтотту.
— Мына келдик,— деди ал. Акимбай чапанына төйнөгүч менен кадалган капчыгын чечип алды.
— Канча төлөшүм керек? Айдоочу эсепти карады.
— Эки сом сексен тыйын. Акимбай үч сомдук кагазды сунду. Тигил майдa тыйын издеп калганын байкап машинеден чыгууга шашылды.
— Тим эле кой, уулум, жеткиргениңе рахмат! Таксичи сыртка чыгып Акимбайдын куржунун алып берди.
—Үйгө кирбейсиңби,
мейман болуп кетесиң. Уулум менен да тааныштырып коёюн, бирде болбосо бирде жардамыңар тийишип калаар..
— Жок, аксакал, мен дагы иштешим керек. Рахмат сизге! — өзүңө рахмат, уулум, өмүрүң узун болсун! Акимбай машине ордунан жылып алыстаганча артынан узатып карап турду. Килейген, көп кабаттуу үйдү көрүп Акимбай кубанды. Бали, уулум, адам болуп чоңдор жашаган үйдөн орун алыптырсың! Тамдын эшиктери көп экен — ал эмне кылаарын билбей туруп калды. Жанынан өтүп бараткан бир кишиден сурады эле тигил: "Билбейм" ,— деп күңк этти. Таңгалган Акимбай артынан кууп жетти.
— Уулум, кантип эле бир үйдө жашап, Жусупту билбейсиң?
— Жүрүңүз, — деди тигил башын чайкап. Акимбай анын артынан ээрчиди. Эки-үч имерилгенден кийин жанагы киши бир эшикти көргөздү.
— Мына Жусуптун үйү,— ал каалганын боорундагы тегерек нерсени басып койду. Бир аздан кийин эшик ачылды, босогодо жаш жигит пайда болду. — Сизге ким керек?
— Жусуп ушу жерде
жашайбы?
— Ооба. Мен Жусуп.
Акимбай түшүнбөй калды.
— Мен уулуму издеп жүрөм. Аты Жусуп. Бул үйдө башка Жусуп жокпу?
— Жок. Жаңы ле көчүп келбесе... Бирок жакында эч ким деле көчүп келгендей болгон жок. Акимбай шылкыя түштү.
— Кечирип кой, уулум, мен жаңылып калсам керек...
Мейманканага келатып Акимбай ойлонду. Кандайча болуп жаңылып калдым экен? Жанагы такси айдаган жигитке уулум жазып берген кагазды бердим эле... Же ал башка үйгө көчүп кеттиби? Бирок анда кабарын берет эле го... Же жалган жаздыбы?.. Жо-ок, уулум андай кылбайт эле. Ал өз оюнан коркуп кетти. Мейманканада ал узакка чейин орун алалбай отурду. Жолдо жүрүп чарчаган Акимбай улам тура калып бөлмө берүүчү аялга жалынат:
— Түшүнчү, кызым, жети түндө мен каякка барам? Бир кишиге орун табылбайбы? Аял анын кебине көңүл бурбастан:
— Орун жок,— деп жооп берет. Акырында Акимбай чыдабай кетти.
— Кызым! Кыргызда ушу эки сөздөн башка эчтеке калган эмеспи? Анда «мейманкана» дегениңер кандай? Менин барар жерим жок, түшүнчү! Аял аны карап катуу үшкүрдү. — Келе паспортуңузду!
—Мына, айланайын,
мынакей! —Акимбай шашып-бушуп куржунунан пастортун алып чыкты. Аял көпкө бир нерсени жазып отуруп анан калемсабы менен көргөздү.
— Түз барып, оңго буруласыз. Сиздин бөлмөңүз он сегизинчи...
Акимбай сүйүнүп кетти.
— Рахмат, кызым, баяле ошентпейсиңби. ..
***
Бөлмөдө үч адам бар экен: экөө бакылдап сүйлөшүп ичип отуруптур, бирөө болсо жалгыз нары жакта китеп окуп жатыптыр. Акимбай киргенде жалгыз адам ордунан тура калды. Акимбай эки жагына көз жүгүртүп салам айтты.
— Аллейкум-ассалам! —китеп окуп отурган адам алик алып, тигинин ийнинен куржунун чечти.
Берки ичип жаткандар бир пас карап отурду да, анан кайра тескери бурулуп өз кебин уланта беришти. Акимбай үшкүрүп алдында турган орундукка отурду.
— Эс алсаңыз сиздин
жайыңыз бул,— деди жанындагы жигит. — Жатып эс алсаңыз болот... Акимбай томсоргон көздөрү менен аны карап жок деп билдирди. Анын оюнда эле Жусуп болчу. Ал эми каякта жүрөт? Аны каерден табам? Кантип табарымы ким көрсөтүп берет? Мүмкүн, бу жигит билип жүрбөсүн...
— Уулум, таанышып алалы,— Акимбай ага колун сунду. — Менин атым Акимбай, мен Музтөрдөн келдим.
— Мен Оштон болом, атым Акун. Бул жерге окууну улантайын деп келдим.
— Кайсы окуу? — Акимбайдын жүрөгү селт дей түштү.
— Аспирантурага окуюн дедим,— анан карыя киши түшүнбөй калганын байкап. —Илимпоз болоюн дедим.
— А-а, чоң болгону аткан турбайсыңбы, — Акимбайдын өңү сумсая түштү. Жатардын алдында ал Акунга дагы бир жолу кайрылды:
— Уулум, сен мага бир иште жардам бераласыңбы?
— Берейин колуман келсе, — деди Акун. — Жардам берейин, эмне деген иш?
— Мен өзүмүн уулуму издеп жүрөм...
— Ал бул жерде окуйбу?
— Жок бүтүргөн. Эми
каерде кенин билбейм.
— Сураштырабыэ, эртең сураштырабыэ, аксакал.
— Ошондой кылчы, уулум. Мен шаарды билбейт экем, түшүнбөйт да кем...
Алар жатты. Салпактап жүрүп чарчаган Акимбай дароо эле уктап калды. Ал түшүндө үйүн көрдү. Айланасында бир да үй-там жок, анын үйү эмнегедир талаада жалгыз эле туруптур. Ал талааны аралап келатты.Үйүнө жакын калганда алдынан тосуп аты чыкты, келип анын колун жыттады. Бир маалда ат үрккөн бойдон качып жөнөдү. Таңгалган Акимбай артын караса талаадагы чөптөр күйүп, такыр эле жер калыптыр, алыстагы тоолор көчүп, асманды кара булут каптап турат. Анан Акимбай буттары ысыганын сезди. Караса, астындагы жер да күйүп жатат. Ал үйүнөн да качып чыга турган болгондо бет алдынан тосун кулап түштү... Акимбай чоочуп ойгонуп кетти. Эки жагын караса караңгы, бардыгы уктап жатат. Акимбай бетиндеги муздак терин арчып башын кайрадан жаздыкка койду. Бирок бул түнү ал башка уктай алган жок.
***
Эртеси Акун аны көп жерге алып барды. Ал жактагылар баштарын чайкап: «Жок, билбейбиз», — деп жооп берип жатты. Акырында гана бир жайдан ага Жусуп тууралу айтып беришти, бирок айтканынан айтпаганы жакшы эле... — Жусуп Акимбаев эки жыл мурун окуудан чыгарылган, —дешти ал жердегилер. — Ал чоң чатак чыгарып, иши сотко берилген... Дагы бир нерселерди айтышты, бирок Акимбай калганын уккан да жок. Алеки заматта анын бардык тилек-үмүттөрү кыйрап түштү. Уулунун чоң болгону, чоңдор жашаган үй, уулу үчүн аталык сыймык, таяна турган ардак —бардыгы Акимбайдын алдында бир барак кагазга жазылып жалбырак сыңары учуп кетүүгө даяр турду. Ал баракта эмне жазылганын да карабастан, Акимбай сыртты карай умтулду. Акун анын артынан жөнөдү. Алар көпкө унчукпай келатты. Анан Акун аны сооротуп кирди.
— Кейибеңиз, аксакал,—деди ал. — Турмушта ар кандай боло берет. Мүмкүн, уулуңуз башка жерде окуп жаткандыр...
— Кайсы окуу? Ал кандай окуу? — деп кыйкырып жиберди Акимбай бардыгына Акун күнөлүү болгонсуп аңырайып тиктеп. — Дагы бир жерде темселеп жүргөндүр, иттин баласы! Эки жылдан бери мени алдап жүргөн экен да, акмак... Билем... Эми түшүндүм мен. Ал кичинекейинен эле үйүн жактырчы мес. Ал ошондо ле Музтөргө жашабайм деп жүрчү. Көрсө, ал биерде окубай ле, үйүнөн качып жүргөн турбайбы!..

Комментарии

Комментариев нет.