"ЧООЧУН КИШИ". - 874389227170

"ЧООЧУН КИШИ".

28-БОЛУК
Зыйнаттын ийгиликтери жонундо Толкунбек колдо отпускада жургондо газетадан окуду. Калп айткан менен болобу: " Жакшы болгон экен. Башкадан корбогон бак таалайды,эмгегинен таап,узурун корсун " -,деп ичинен кубанып койду . Анын баягы отпускага кетээр алдында олорчо сабап,конулун калтыра согуп койуп,абалын сурап кайрылып койбой,кете бергенин эстеп,журогу ооруп калды. Анын ооруканага жатканын да,Москвага кеткенин да уккан жок. Эмдигиче тузагына башка бироолорду тушуруп алгандай ойлоп,ичин ит тырмап журду
Толкунбектин отпускасы бутуп,уй булоосу мн кочуп келип,
СМУнун кызматкерлери учун курулган озунчо уйго киришти. Кына балдары мн кошо келип,уй ичин жыйыштырып, баш аяктарын жыйнап алганча,неберелерине каралашып,бир топ куну туруп,Жанатты алып кайра тартты.
Жубайлардын турмушу оз нугу мн,оз денгээлинде ото баштады. Толкунбектин мунозу мурунку калыбына тушкон. Жайнагул жаш балдары мн коркот деп жумушуна убагында кетип,убагында келет. Уйдо болгондо колуктусу мн тен жарышып ,женилин жерден,оорун колдон алышат. Толкунбек аялы мн балдарына калганда мээрбан,камкор ата болуп чыга келди. Дем алыш кундору Асан мн Усонду окшош кийиндиришип, атайын эгиздер учун жасалган эки балалык коляскага салып алып,Жайнагул экоо жарашыктуу жасанып,кочого чыгып таза абада сейилдоону онокот кылып алышты. Ак гулдой улбурогон сулуу кели нчегин,бири бирине окшош эки уулун корбогондорго корсотуп,билбегендерге билдирип,мактангысы келет.
Толкунбек кундордун биринде Зыйнаттын командировкадан келгенин угуп журоксуй тушту. Эмне кылаарын билбей да калды. Ага атайылап,уйуно барып учурашуудан эркектик намысы жол бербей,бутуна тушкон кишен болуп турду. Зыйнат да Толкунбекти биротоло конулунон очуруп салган сыяктуу ын жынсыз жок болду. Ошол учурда Толкунбекти аялы мн чогуу,али толук тааныша элек коншуларынын бирт конокко чакырып калды. "Чакырган жерден калбагын,озун басып барбагын" дегендей,жаны кочуп келип жолдош жоро,тамыр тааныш,кошуна колон козуно учуп турган келин бул чакырыкты жандили мн кабыл алды. Буга Толкунбек да суйунду. Асан мн Усонду окшош кийинтип, бири Усонду,бири Асанды которуп чакырган уйду коздой басышты. Уй ээлери жаны коншусунун келатышканын корушуп,алдынан тосо чыгышып уйго баштап киришти.
Уй ээлери токтолуп калган адамдар экен.
Бойго жеткен кыз-уландар, келиндер, оспурумдор менен майда балдарды коруп, этек-жени жайылган жакшы адамдар экен деп ойлоду Толкунбек менен Жайнагул.
Кирген-чыккан адамдардын бардыгы, Жаны очуп келген кошунасын кайра-кайра карап, коздорунон балбылдатып мээрим тогушот. "Тобо, ушундай да биринен-бири откон суйкумдуу адамдар болот экен ээ. Жаратылыш буларды бирине-бирин атайын ылайыктап жасаган перинин тукумунан беле" дегендей кыялдар жуздоруно ойноп тургансыды.
Бир кезде келин болмо ээндей тушкондо куйосуно аста шыбырады:
-Биз чакырыкты угалбай тургансып , эрте келиптирбиз. Столдун жасалышына, бычак, вилка, тарелкалардын коюлушуна караганда коп адам чакырылган болуу керек.
Жаштардын экоо бирдей ынгайсызданып олтурганын байкаган уй ээси минтип кулду:
-Анчалык деле коп коногубуз жок, кагылайындар. Негизгиси силерсинер. Кочуп келгенинерден бери уйдон даам бере албай уят болдук таза. Байбиче кете электе чакырсак деп, анда да шарт болбой клды. Силерден башка чакырылган ир кызыбыз бар. Фурунзедеги уулубуздун Эмил деген досунун карындашы ушул жерде суротчу болуп иштейт. Силер менен ошол бала болот. Анан озубуздун тегеректеги кошуналар.
Толкунбек Зыйнаттын кабарын укканда денеси муздай тушту. Ону озгоруп журогу болк этти. Бул уйдон Зыйнат келе электе, бир шылтоо тап качып кеткиси келип турду. Эгерде Жайнагул бул жерде болбогондо мынчалык апкарып тынчы кетпейт эле да. Анын санаасы-сандап, экоонун ортосунда кандай болуп чогуу, олтуруп тамак ичип, кимисине кандай мамиле кылаарын билбей, башы ман болуп чыкты. Оз аялынын токтоолугун билгендиктен, андан анчалык да кам санаган жок. Бирок Толкунбектин корккону Зыйнат болуп турду. Аны эстеген сайын журогу кабынан чыга каччуудай турсулдоп жатты. Ал ичип алган адамдын ажар-абийрине карабаган, озунон башканы тенсине бербеген, текебердуу жагы тендешсиз болучу. Ушуларды ойлоп чекесинен муздак тер чыгып кетти. Ал эми ичпегенде баягы эле жонокой. Боео журок Зыйнат болуп калуучу.
А Жайнагул болсо Эмилдин Зыйнат деген карындашынын бар экенин куйоосу аркылуу мурун эле юилуучу. Ал эмес Толкунбекке жазган катын окуган. Бирок куйоосу таанып юилгени менен Жайнагул ал кыз менен тааныштыгы жок болчу. Баягы кайненеси болуп, балдары менен биринчи келгенде мейманканадан Толкунбек менен биринчи коргон аял Эмилдин карындашы Зыйнат экенин ойлогон да эмес. Азыр Жайнагул Эмилдин карындашы келет дегенди угуп, анчалык этибарга алган жок. Бар болгону сыртынан угуп, билип жргон Зыйнат менен ушул уйдон таанышат экемин деп гана, жон салды ойлоп койду. Анан куйоосунон аста минтип сурады:
-Сен аяш карындашындын бул жерде иштээрин билчу эмес белен, мурда!
Аялынан мыдай суроо берерин ойлобогон жигит, Жайнагулго кандай деп жооп берерин билбей какап калды. Же билем, же билбейм деп шар айталбай, тээ бир окумга чейин, эчаккы эстен чыккан бир нерсени эсине тушуро албай жаткансып ойлуу туруп, манаттай кызарып тушуп "билем" деген созду кадайдыр олку-солку болгон кейпте эпсиз айтты. Ангыча берки ошуна кишилер да келип калышты. Алар мурунку келгендер менен кол алышып учурашып, орун алышты. Чай ичилип, ысылыктардын алды келип, алдыдагы кымыз куйулган чынылар кайрадан дагы толтурлду.
Жанагы боюнча Жайнагул куйоосунон Зыйнат жонундо башка эч нерсе да сурабады, жаныртып соз да суйлободу. Аялынын алдындагы жаны куйулган чайына Толкубек эки чакмак кант салып аралаштырып жатып, коз токтотуп жылмайынкы карап койду. Жигиттин бул карашы аялынын муноозун байкоо болучу. Бирок ал ойлогондой, озгоруу тигинде жок экенин коруп, ичинен аста улутунуп алды.
-Рахмат, -деп жарк этип, куйоосу менен тиктеше тушкон Жайнагул Толкунбектин карегинен кандайдыр
жалтактоону коруп, шектене бушуркоп, "капырай жылдызы тушуп кантет бу" деген ой журогун силкти.
Ушул убакта туура тушундагы болмодон балдарынын ыйлаган уну чыгар-чыкпастан эле Жайнагул ордунан октой атып турду.
-Олтура берчи, кагылайын, бул жакта балдарды карай турган кыздар бар.
-Биринин уну менен бири ойгоно электе, уктатып коейун ыйлаганын.
Жайнагул олтургандардын арты менен аста басып, балдар жаткан болмого кирип кетти. Энесин корор замат ыйлап жаткан бала тып басылды. Жанагы созду уккандан бери Толкунбектин кайгысы Зыйнат болдуда калды. Анын тилегени да, ойлогону да "келбей калса экен" деген ниит болуп турду. Кокус келип калса Жайнагул экоону кандай тааныштырарын билбей айласы куруп жатты. Ал эмес озу Зыйнат менен учурашабы-учурашпайбы, бул дагы озунчо бир чечилбеген табышмак юолду. Ушундай са санаадан дасторкондо жайнап турган тамак-аштын чымчымы да журогуно баспай койду. Ушул саамда жарым-жартылай ачык турган эшиктин ары жагынан Толкунбектин кулагына аялдын тааныш уну угулду. "Шайтан алгыр, жыпылдап жетип келген тура. Жайнагул экообузду бар деп укса, келбейт го десем", -деп ойлогончо болбой, Зыйнат юолмого кирип келип, босогого токтоп калды. Анын ойноктогон шок коздору дароо Толкунбекке кадала тушту, тайыды,. Анан башка олтургандарды бир сыйра сыдыра тиктеп алып, эмелеки сумсайып: тоно тушкон жузу, ачык тийген кундун абтабына туруштук бере албай ээрип бараткан мууздай болуп, аздап оз онуно кирип баратты. Зыйнат экинчи жолу Толкунбекти коз отту менен жанып отту. Бул коз караштын тегерегинде таарыныч менен кусалыктын учу куну ойноп турганын жигит дароо байкады. Бирок аны менен учурашкан да, "жогору от" деп жанынан орун берген да, ордунан турган да жок.
-Эмне туруп калдын, жогору от, -деди уй ээси, орун бошотуп, турган кошуналар тарапты корсотуп.
А Зыйнат болсо ундобогон калыбында туз эле Толкунбекти коздой басты. Жигит аны тааныбаган немедей, мостое тиктеди. Зыйнат да аны киртийе бир тиктеп алды. Конулундо баягы бойдон жазыла элек экен деп ойлоду. Мунун уй-булоосу кочуп келди деди эле, эмне учун аялын таштап, озу жалгыз келди экен. Кермекаш эжеден кимдер болорун, чакырып барганда сурабаганын окунду. Эгер Жайнагл келсе балдарын корот элем, деген ой жуурогун чагылгандай аралап отту. Баягы эле "Экоонун бироо менин балам болуп калып журбосун" деген узулбогон умут азыр да журогунун тупкурунон кетпей турду. Болмонун ичинде жымжырттык окум суруп турган ушундай бир кылдар болгонсуп турду. Зыйнат озунун колуна тийген чайды жаныдан ууртай бергенде катардагы эшик акырын дабышсыз ачылып, бутунун учу менен аярдай баскан Жайнагул улбуроп чыга келди. Аялдар бирин-бири тиктеше тушту. Жайнагул жадырай тушуп, Толкунбектин жанына отту. Ал эми Толкунбектин аркы катарында олтурган Зыйнаттын ону адаттан тышкары анардай кызаоып, муундарын майда калтырак басты. Толкунбек Зыйнатын орунушунон чочулап, оозу кургап, озун озу алаксытып, Жайнагулду максатсыз карап койду. Ушул маалда Жайнагул да бир нерседен шектенген адамдан бетер, Зыйнатты бушуркоп тиктегенден тиктей берди.
Эмелки жадырап жайнап отурган жаны коншусунун аялы экоо бирдей, заматта конулдору чогуп, озгоруло тушкон муноздоруно, уй ээлери тынчыздана баштады. Андан дагы жаркылдаган Зыйнаттын сумсайып, кеп-соз жок тунуп, кабагы тушуп олтурушу, жандырмагы жок табышмактай болду. Балким, булар тааныш эмес чыгар деп келгендерди бири-бири менен тааныштыруу Кермекаш учун зарыл болуп тургансыды. Аял ордунан турду.
-Кечирип койгула, мен, мен силерди тааныштырганды, такыр унутуп калган турбаймынбы. Бирдемени андабаган киши куурап калсын. Бул столдун он бети менен сол бетинде мандайлашып олтурган аялдар менен эркектер болсо, биздин бул жердеги эле озубуздун коншуларыбыз. Тиги кызыл жапон жоолук саалынган келин , кайн синдим, жанындагы жигит куйоо бала. Совхоздо баш чабан болуп иштейт. Тигил кечигип келген келин Зыйнат Эсенова деген суротчу, Таланттуу адам таанымал болот тура калкка, билсенер керек баарынар эле. Менин уулумдун досу, Эмил деген аяш баламдын карындашы. -Аял олтургандарды бир сыйра карап алып, карегин кайра Толкунбек менен Жайнагулго кадады. -Тигил ортонордо олтурган жигиттин аты Толкунбек, жанында олтурган сулуу келинчеги колуктусу. Бизге кошуна болуп жаны кочуп келишти. А мына бул менин жанымда олтурган думурдой кара киши менин байым.
-Толкунбек менен Жайнаны тааныштырбасан деле билебизго. Айланып кетейиндер, силерди кошуна болгонунарга суйунуп жатабыз. "Жакшы менен жанаш, жамандан адаш" дегендей, жакшы адам менен даамдаш-туздаш болгонго не жетсин, -деди олтургандардын ичинен бироо.
Алдынардагы тамактан алып, кымыздан ичип олтурсанар дымырабай. Капырай, эмнеге эле баарынар конулсуз болуп калдынар, маанайынар пас тартып, -деди Кермекаш.
Курсакка батышынча ичип-жеп эле атабыз, -деди олтургандардын ичинен бироо., -дукондун кымызы эмес го ыя?
-Ии, тигил кайсиндим менен куйоо бала жайлоодон ала келишиптир. Дукондо мындай кымызды сатпай калсын.
-Баса дейм да, ичкен сайын тилетип, ичкен сайн ичкинди келтирип. Кымыз деген ушундай болсо. Дукондун кымызы кымызбы, суу тим эле.
Зыйнат юолсо кымызда ичкен жок. Чыныны колуна алып, эрдине тийгизип кайра койду. Муну коргон Кермекаш тынчыздана баштады.
-Э Зыйнаке, ошол чыныны туготуп койчу.
-Ичтим эжеке.
-Эмне, бир жерин ооруп турабы?
-Ооба, башым ооруп турат.
Жайнагул жер-жемиштен анда-санда оозна салып коюп токтоо. Балбылдаган коздору мандай-тескей олтурган Зыйнат менен улам чагылыша тушот. "Неси болсо да татынакай, келишимдуу аял экен", -деп коет ичинен,. Анан аны карабоого аракет кылып, анында жанаша олтурган коншу аял менен бир нерселерди суйлошкон болот. Бирок, конулунун кообу башка жакка алагдыланып, журогу дупойул. Бир кезде: "Зыйнат экоонду тааныштыра албай журом", -деп оозунан тушурбогон аяш карындашы менен минтип бир уйдо, бир дасторкондун устундо чогуу олтуруп, аялы менен ачык таныштыра албай, тайсалдап олтурушу Толкунбектин куноосуно айгак болуп турду.
Ушинтип ой басып олтрганда аркы болмодо уктап жаткан Асан менен Усон бири-бири кутуп тургансып, бирнин артынан бири бака-шака тушуп, барылдап ыйлап жиберишти. Жайнагул шашып ордунан трду.
-Айланып кетейиндер, ырыс-таалай балдар экен. Жанатан бери деги эле ыраса укташты. Бери алып чыкчы уулдарынды королу, -деп аялдар Жайнагулго карашты.
-Макул, азыр алып келем. Мурда курсактарын тойгузайынчы. ...
Келин балдарынын устуно кирип кеткенден кийин олтургандар Толкунбекке карап минтишти:
-Жибектей созлган ак соок, мандайы жарык колуктун бар экен. Суйлогон создору орундуу, салган тошоктой болгон эстуу киши корунот. Биз дагы силерди орлуктой албай уят болуп жатабыз. Колуктун жаш болсо да жашаналуу келин тура. Эгизди аялдын баары эле торой бербейт. Озун да ырыскы шерик бала коруносун,Кудай Таалам тандап туруп табыштаган тура экоонду.Бая куну апанар менен чай ичип отуруп калдым.Бечара киши келинин аябай жактырат экен.Жаныма куйумдуу деп мактап отурду.Азыр кайнене менен кайнатаны сенин аялына окшоп кастарлап сыйлаган келиндер аз.Ылайым бактылуу болгула кагылайындар. Карыны да сыйлаган киши сыйлайт.-Рахмат эжеке,айтканыныз келсин.Ата-энени сыйлабасак болобу.Ушул маалда Зыйнат Толкунбек менен тигил аялды зааркана акырая карап башын чайкап минтти.Ушундай жасакерленип суйлогон адамды олгондой жаман кором.Бироону билбей туруп дайыны жок мактагандын кереги эмне.Аял суйлоп жаткан созун бироого жулдуруп жибергенсип. Зыйнатка тандана тиктеп,бир демге келип алып минтти:-О-м-е- е-й шумдук,сага эмне болду,куюшканга кыпчылып.Жакшыны жакшы,жаманды жаман дейт.Анын эмнеси бар экен.Бири-биринерге топ келген жубайлар экенсинер дегендин эмне жасакери бар.Кудая тообо"Тонгон майды ит жейт экен ээ"-деген имиш бир акылы кем.Анын сынарындай эмне дегени турасын мага?Зыйнат колун силкип алды.Жубай,жубай, Мындан башка суйлоор созунор,айтаар кебинер жокпу.Алдындагы баятан ичпей жаткан кымызды алып тартып жиберди.Зыйнат отурарын же отурбай кетип каларын билбей эки анжы болуп турду.
Толкунбек .Жайнагулдун козунчо озу менен ооз ачып суйлошо албасын да,аялын бардык аялдан жакшы корорун да билет.Ошон учун ага башкача мамиле кылуунун,бир жашыруун жолун таап алган болчу.Ал жол Жайнагулду мактоо менен Толкунбекти озуно тартуу эле,чындыгында бул жигиттин мунозу ошондой болчу. Аялы жонундо жанга жагымдуу, жакшы создорду укканда, конул кокко сермелип дуйносу тугол болуп, кабагы жаркып кете турган. Балдары менен аялынын ден-соолугу учун деп, канча жолу тос котортуп, ага ичтирбеди. Зыйнат кээде чыны менен эле., Жайнагулду коруп билбесе да, ал жонундо ар кимден уккан создору боюнча конулундо жогору бааласа, кээде чын дили менен ага кунолук кылып, жагымсыз создорду суйлоп Толкунбектин жанын кашайтып жиберчу. Али эч ким коруп, жарыкка чыга элек, Толкунбек менен Жайнагулдун портирети да ушундай айколдук менен жасакерленуунун ортосунан чыккан ажайып чыгарма юолчу. Зыйнат азыр, ошол толук тартылып буто элек эмгеги жонундо ойлонуп, бекер эле убара болгон экемин деп тымызын кейип олтурду.
Баятадан озунчо кыпылдап олтурган Толкунбек, тигил аялдын созуно сынып, ой басып олтурган Зыйнатты коруп, журогу боксоро тушту. Ангыча эки баласын эки колуна которуп туура тушундагы болмодон чыгып келаткан Жайнагулду коруп, аялдар менен эркектердин дуулдогону басылып, создору токтоп калды. Келин олтурган ордуна жетер-жетпестен эле Толкунбек ордунан учуп турду. Ал колуктусунун бир колунан Асанды алды. Ал эми Усонго берки аял колун суна берди. Эки баладан бошоно тушкон жайнагул куйосу менен баласын жадырай карап коюп ордуна келип олтурду. Асан Толкунбектин алдында алы-жаны калбай алжындап, оозу жабылбай, ун салып кулуп жатты. Ал эми Усон болсо тиги бейтаныш аялдан чоочуркагансып, бирде Жайнагулго, бирде Толкунбеке жетууго далалат кылып, эки колун тынымсыз серендетип талпына берди. Дасторкон устундо олтурган баардык адамдардын коздору Асан менен Усонго мээрим того карашат.
#чоочункиши

Комментарии

  • 12 фев 2019 00:43
    Уландысы качан чыгат?
  • 12 фев 2019 00:47
    Автор сизден сураныч, бир чыгарманы аягына чыгарып анан башка чыгарма жазыныз. Адашкан айымдар бутпой эле токтоп калды, эми бул чыгарма дагы казыгына келгенде уландысы кечигип атат