34-БОЛУК Зыйнат атасы Эсенди тартып, жөн билги, колу ачык жоомарт келин болучу. Дүкөнгө киргенде, майда-барат көйнөк-көнчөккө көңүл бурбай, өңчөй эркектердин улуттук сырт кийимдери сатылган бөлүмгө келип карап туруп минтти: - Чепкениңердин баары бирдейби? - Жок, бирдей эмес. Товарына, анын жасалышына, көлөмүнө жараша баалары да ар түрдүү. Сизге кандайы керек эле? - Жакшысы керек. Тетигил четте өзүнчө илинип турганын көрсөтүңүзчү? - "Бакай чепкен" деген ошол. Келген кишилердин баары ошол чепкенди сурашат кызыгып. Бирок эч ким албайт. - Эмне үчүн? - Атына жараша баасы да кымбат. - Мейли кымбат болсо, бериңизчи көрөйүн. - Зыйнат колуна алып, ары салып, бери салып карап туруп, көздөрү жайнай түштү. - Тү-ү, аябай сонун экен. - Ал дароо эле таякесине да алгысы келип кетти. - Дагы барбы? - Бар болгону экөө болучу. Бирөөнү бир жазуучунун юбилейине деп бирөөлөр алып кетишти. - Кап, - деди Зыйнат акчасын берип жатып. Зыйнат мындан тышкары Асан менен Үсөнгө окшош костюм, Жанатка көйнөк, анан таттуу-паттуу алды. Эмелеки Мансурдукуна баруу жөнүндө оюнда анчалык этибарга албаган Зыйнат, чын-чынына келгенде эмне үчүндүр корккону же сүрдөгөнү экени билинбей өзүнөн өзү эле жүрөгү оозуна тыгылып, муундарын майда калтырак баса баштады. Машинада мурда ойлобогон ойду ойлоп, эстебегенди эстеп, эмне үчүндүр көр оозунда жаткан Мансурдун бул чакырыгы өзүнчө эле жандырмагы жок табышмак болуп келатты. "Мен Толкунбек менен эрди-катын болуп бир чамгарактын алдында жашап турганда, ата-бала сыяктуу бир жолу да бет алышпаган бул кишинин мени менен сүйлөшүп, мени менен бүтүрө турган кандай орчундуу жумушу чыгып калды экен?"- деген суроолор көңүлүндө миң кайталанып, башы маң болуп келатып, Мансурдун үйүнө кандай келип калганын Зыйнат жеткенде эле бир билди. Машинадан түшүп жаткан чоочун адамдарды көргөн Жанат түрүлүү турган боз үйдүн эшигин кылчая карап кыйкырды: - Эне-е-е, машина менен кишилер келди. - Келсин! - деген үн менен удаалаш үйдөн галошун оң-тетири кийип, шашып чыккан Кына машинадан түшүп жаткан адамдарды бир демге бүшүркөй тиктеп туруп, серпиле түштү. Саламды Зыйнат биринчи айтты. - Саламатсызбы, аяш эне! Кына калтаңдай түштү. Мурда оюнда Зыйнат келип калса, бул бейбактын жүзүн кантип көрөр экенмин деген аял, шашкалактап эмне кылаарын билбей калды. Дароо оюна Эсен менен Аккыз түшүп кетти. Анан оозуна эмне келгенин да байкабай калды. Айткандан эле: - Кагылайын, Зыйнатсыңбы? - деп жиберди. - Ооба, Зыйнатмын. Кына күтүүсүздөн Зыйнатты кучактап, кандай өөп жибергенин өзү да билбей калды. - Үйгө киргиле, бул киши ким? - Таякем. - Саламатсызбы, байбиче? - деди Токтогул. Булар ушинтип жаңы эле таанышып жатканда, аш үйдө Мансурду көргөнү келгендерге чай бергени жаткан Жайнагүл Зыйнаттын келгенин көрүп жүрөгү болк дей түштү. Ал отургандарга сыр бергиси келбей, өзүнө жардам берип жүргөн абысын келинге шыбырай сүйлөдү: - Тышка атамды көргөнү кишилер келди. Буларга жакшылап чай берип өзүң узата бер. - Жарайт, жеңе, бара бериңиз,- деди келин. Ал эми чайга отургандар Жайнагүлдүн эмне үчүндүр, өңү кубара түшкөнүн көрүп аңкая түшүштү. Тышка чыгар чыкпастан эле Зыйнатты көрүп, Жайнагүл калчылдап кетти. Анан оюна азыр эле Үсөндү машинага салып алып кетүүчүдөй болгон бир суук ойдон түз жерден бети менен кетүүчүдөй көздөрү алачакмак болуп келатты. Жайнагүлдүн келатканын көрүп, күнөөнүн эң оорун көтөрүп тургандай болгон Зыйнат капысынан ток басып алгансып бүткөн бою дүрт дей түшүп, маңдайынан муздак тер чыга түшкөндөй болду. Ушул саамда Зыйнаттын да, Жайнагүлдүн да оозуна сөз кирбей, бирин бири карап туттугуп калгандарын көрүп туруп Кына чыдабай кетти. Ошол саамда Жайнагүлгө "Меймандарыңды киргизбейсиңби" дейин дегенче болбой, ар жактан Мансурдун үзүл-кезил алсыз үнү чыкты. - Э байбиче, ким келди? - И, аяш кызың, Зыйнат келди. - Зыйнат келди дейсиңби? Келсе кирбейби? Жайнагүл кайда? - Мен мындамын, атаке!- Жайнагүл Зыйнат менен Токтогулга карады, - Сиз экөөбүз акыры ушундай күндө, ушундай трагедиялуу шартта кезикмек турбайбызбы. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген ушундай болучу неме турбайбы. - Үйгө киргиле, бул киши ким? - Таякем. - Саламатсызбы, байбиче? - деди Токтогул. Булар ушинтип жаңы эле таанышып жатканда, аш үйдө Мансурду көргөнү келгендерге чай бергени жаткан Жайнагүл Зыйнаттын келгенин көрүп жүрөгү болк дей түштү. Ал отургандарга сыр бергиси келбей, өзүнө жардам берип жүргөн абысын келинге шыбырай сүйлөдү: - Тышка атамды көргөнү кишилер келди. Буларга жакшылап чай берип өзүң узата бер. - Жарайт, жеңе, бара бериңиз,- деди келин. Ал эми чайга отургандар Жайнагүлдүн эмне үчүндүр, өңү кубара түшкөнүн көрүп аңкая түшүштү. Тышка чыгар чыкпастан эле Зыйнатты көрүп, Жайнагүл калчылдап кетти. Анан оюна азыр эле Үсөндү машинага салып алып кетүүчүдөй болгон бир суук ойдон түз жерден бети менен кетүүчүдөй көздөрү алачакмак болуп келатты. Жайнагүлдүн келатканын көрүп, күнөөнүн эң оорун көтөрүп тургандай болгон Зыйнат капысынан ток басып алгансып бүткөн бою дүрт дей түшүп, маңдайынан муздак тер чыга түшкөндөй болду. Ушул саамда Зыйнаттын да, Жайнагүлдүн да оозуна сөз кирбей, бирин бири карап туттугуп калгандарын көрүп турган Кына чыдабай кетти. Ошол саамда Жайнагүлгө" Меймандарыңды киргизбейсиңби" дейин дегенче болбой, ар жактан Мансурдун үзүл-кезил алсыз үнү чыкты. - Э байбиче, ким келди? - И, аяш кызың, Зыйнат келди. - Зыйнат келди дейсиңби? Келсе кирбейби? Жайнагүл кайда? - Мен мындамын, атаке, - Жайнагүл Зыйнат менен Токтогулга карады. - Сиз экөөбүз акыры ушундай күндө, ушундай трагедиялуу шартта кезикмек турбайбызбы. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген ушундай болучу неме турбайбы. - Сиз мени кечирип коюңуз, Жайнагүл Казиевна. Сизге өзүм жөнүндө, Толкунбек жөнүндө жазганмын. Бул да болсо тагдыр экен да. - Ооба, боолору болуп, өтөөр иш өттү. Эми аны эстешпей эле коелучу. Бул карыя ким? - деди Жайнагүл. - Таякем. - Момун, нускалуу киши көрүнөт жарыктык. - И, ырас Толкунбек да келатат, -деди Кына. - Эми үйгө киргиле. Абышка күтүп жатат силерди. Зыйнат Толкунбекти көрүп турса да көрмөксөн болуп көңүл бурган жок. Келгенден бери көңүлүндө издеп, эстегени да, ойлогону да Асан менен Үсөн болуп турду. Зыйнат үйгө кирери менен, түз эле өңүнө өлүктүн сыны кирип, кан-сөлү качып, арыктап эти кетип, сөөгү калып, жумган көзүн ачпай, сунган бутун тартпай көкүрөгү менен бат-бат оор дем алып чыкпаган жаны жаткан Мансурдун баш жагына келип чөгөлөй калып, карыянын маңдайынан жумшак сылап минтти: - Аяш ата, кандай жакшысызбы? - Жакшы, айланайын! - деди алсыз үн менен. - Сен кимсиң? - Мен Эсендин кызы Зыйнатмын, ата, келип кетсин деп чакырткан турбайсызбы. Мансур көзүн ачып, нуру өчүп, кареги жайылган тумандуу көзү менен Зыйнатты көңүл бура бир карап алды. - Ооба, чакырган элем. Ырас келиптирсиң. Атаң Эсен, энең Аккыз менен бир туугандай элек. Алар менден мурун кетти. Эми алар барган түбөлүк жайга мен кеткени отурам. - Кетпей эле коюңуз, ата. Ал жакка кеткендер эмне тааптыр. Уул-келиниңиздин чайын ичип, рахатын көрө туруңуз. Али карылыкка моюн сунуп, бакма болуп олтуруп кала элексиз, - Зыйнат карыянын абалынын оордугун көрүп, өзү көтөрө келген сумкасын ачып, ичинен "Бакай чепкенди" сууруп чыгып, жакасынан силке кармап минтти: - Аяш ата, мен сизди оору десе эле катуу деп ойлоптурмун. Карап турсам мен ойлогондой эмес экенсиз. ( Зыйнат бул сөздү оорулуунун көңүлүн көтөрүп коюу үчүн айтты ). Бир-эки күндө жакшы болуп калаарсыз. Аяш ата, "Жоолук да болсо жолго ийги" дейт. Мына бул чепкенди башыңызды куттуктаганым болсун. Аман-эсен сакайып дайым тойго кийип жүрүңүз. - Карыянын үстүнө жапты. - Ырахмат балам, аман бол. - Оо-у, бай, сонун чепкен тура, - деп жиберди Кына. - Аман-эсен сакайып, кийсең экен. - Кармалады. Таза баркыт тура, саймасын келиштириптир. "Бакай чепкен" деп атаганчалык баага татыктуу кийим туура. Жаның бек болсун, чепкениң морт болсун, бай. Зыйнат балдардын костюмун Жайнагүлгө сунду. - Бул уулдарыңыздыкы! - Өңү өчүп жылдызы жерге түшүп, көңүлү бөксөрүп, санааркап отурган Жайнагүлдүн кебетесин көрүп, Зыйнаттын денеси жыйрыла түштү. Канткен менен насилибиз аял экен да. "Күнүлөштүн күлү жоо" дегендей, менин келишим күнүлөшүмө жакпай калган экен, - деп ойлоду. Кийимден бошогон пакетти ичиндеги таттуу-паттуусу менен Жайнагүлдү көздөй түртүп койду. Анан бул жерден тез эле чыгып кетүүнү ойлоп, аркы дүйнө менен бул дүйнөнүн ортосунда, көргө буту салаңдап турган бул адамдын өзүн чакырткан себебин билгиси келип минтти: - Аяш ата, жаштык менен мастыктан, ортодо көп эле жагымсыз иштер болуп кетти, кечирип коёр бекенсиз?! "Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң" дегендей, азыр уулуңуз үйдө, кылыгыңыз түздө. Мен шашып турам. Касымбек кудага келгенмин. Сизди чакырып жатат деп угуп келип калдык, аяш ата. - Ырахмат балам, келгениңе. Көп сөздүн кереги жок. Ток этер сөздү сүйлөшөлү. Жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө аттанаарыма аз калды. Алланын алдына ыйманымды жеп калп айтып, карөзгөй сүйлөбөй, жамандык менен арамдыктан арылып, ыйманым менен кетейин деген эле бир тилек калды менде. "Дүнүйө жыйып нетесиң, бир күнү таштап кетесиң " дегендей, тирүүлүктө пенделик менен колуң менен кылган күнөөңдү өлүм алдында мойнуңа алып, жандүйнөңдү тазартып Алланын алдында ак кетүүдөн башканы ойлобой калат экенсиң. - Мансур жаздыктан башын көтөрө албай, бир айтканын кайра-кайра айтып, көңүлү айнып онтоп жиберди. - Атаңдын көрү ай, дарманым болбой калган турбайбы. Баса, эстегенде айтып коёюн, байбиче. Илгээри баягы согуш жылы, кошунабыз Токтобай аскерге кетип, кызыл чиедей беш баласын багам деп жанын жанга уруп жүрүп, Асылкан кара тумоодон кайтыш болду. Балдары чоң энеси Баалкан байбиче менен калды. Анда менин бүгүн, эртең аскерге кетем деп камынып турган кезим эле. Бизде деле өлчөлүү турмуш болучу. Ошентсе да бир чыны талкан болсо да чогуу ичип, ачкачылык менен жокчулукту чогуу тартып, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн күндөр али эсте. Мага аскерге бүрсүгүнү жөнөйсүңөр, ар бириң беш күндүк азык аласыңар деген повестка келди. Үйгө келип энеме айтсам, үйдө азык камдоого эч нерсе жогун айтып ыйлап жиберди. "Азык албай кантип куру кетесиң. Биз эптеп суу ичсек да күн көрүп турабыз. Алыска кетип жаткан сеники кыйын болбодубу " - деп тегеренип турду. Анын үстүнө Баалкан чоң энемдин беш баласы беш жерде солуп жатканын көрүп, заманам куурулуп кетти. #чоочункиши4
ЧЫНЫГЫ ДОС ТАПКЫМ КЕЛЕТ!
"ЧООЧУН КИШИ-3***2".
34-БОЛУК
Зыйнат атасы Эсенди тартып, жөн билги, колу ачык жоомарт келин болучу. Дүкөнгө киргенде, майда-барат көйнөк-көнчөккө көңүл бурбай, өңчөй эркектердин улуттук сырт кийимдери сатылган бөлүмгө келип карап туруп минтти:
- Чепкениңердин баары бирдейби?
- Жок, бирдей эмес. Товарына, анын жасалышына, көлөмүнө жараша баалары да ар түрдүү. Сизге кандайы керек эле?
- Жакшысы керек. Тетигил четте өзүнчө илинип турганын көрсөтүңүзчү?
- "Бакай чепкен" деген ошол. Келген кишилердин баары ошол чепкенди сурашат кызыгып. Бирок эч ким албайт.
- Эмне үчүн?
- Атына жараша баасы да кымбат.
- Мейли кымбат болсо, бериңизчи көрөйүн. - Зыйнат колуна алып, ары салып, бери салып карап туруп, көздөрү жайнай түштү. - Тү-ү, аябай сонун экен. - Ал дароо эле таякесине да алгысы келип кетти. - Дагы барбы?
- Бар болгону экөө болучу. Бирөөнү бир жазуучунун юбилейине деп бирөөлөр алып кетишти.
- Кап, - деди Зыйнат акчасын берип жатып.
Зыйнат мындан тышкары Асан менен Үсөнгө окшош костюм, Жанатка көйнөк, анан таттуу-паттуу алды. Эмелеки Мансурдукуна баруу жөнүндө оюнда анчалык этибарга албаган Зыйнат, чын-чынына келгенде эмне үчүндүр корккону же сүрдөгөнү экени билинбей өзүнөн өзү эле жүрөгү оозуна тыгылып, муундарын майда калтырак баса баштады. Машинада мурда ойлобогон ойду ойлоп, эстебегенди эстеп, эмне үчүндүр көр оозунда жаткан Мансурдун бул чакырыгы өзүнчө эле жандырмагы жок табышмак болуп келатты. "Мен Толкунбек менен эрди-катын болуп бир чамгарактын алдында жашап турганда, ата-бала сыяктуу бир жолу да бет алышпаган бул кишинин мени менен сүйлөшүп, мени менен бүтүрө турган кандай орчундуу жумушу чыгып калды экен?"- деген суроолор көңүлүндө миң кайталанып, башы маң болуп келатып, Мансурдун үйүнө кандай келип калганын Зыйнат жеткенде эле бир билди.
Машинадан түшүп жаткан чоочун адамдарды көргөн Жанат түрүлүү турган боз үйдүн эшигин кылчая карап кыйкырды:
- Эне-е-е, машина менен кишилер келди.
- Келсин! - деген үн менен удаалаш үйдөн галошун оң-тетири кийип, шашып чыккан Кына машинадан түшүп жаткан адамдарды бир демге бүшүркөй тиктеп туруп, серпиле түштү.
Саламды Зыйнат биринчи айтты.
- Саламатсызбы, аяш эне!
Кына калтаңдай түштү. Мурда оюнда Зыйнат келип калса, бул бейбактын жүзүн кантип көрөр экенмин деген аял, шашкалактап эмне кылаарын билбей калды. Дароо оюна Эсен менен Аккыз түшүп кетти. Анан оозуна эмне келгенин да байкабай калды. Айткандан эле:
- Кагылайын, Зыйнатсыңбы? - деп жиберди.
- Ооба, Зыйнатмын.
Кына күтүүсүздөн Зыйнатты кучактап, кандай өөп жибергенин өзү да билбей калды.
- Үйгө киргиле, бул киши ким?
- Таякем.
- Саламатсызбы, байбиче? - деди Токтогул.
Булар ушинтип жаңы эле таанышып жатканда, аш үйдө Мансурду көргөнү келгендерге чай бергени жаткан Жайнагүл Зыйнаттын келгенин көрүп жүрөгү болк дей түштү. Ал отургандарга сыр бергиси келбей, өзүнө жардам берип жүргөн абысын келинге шыбырай сүйлөдү:
- Тышка атамды көргөнү кишилер келди. Буларга жакшылап чай берип өзүң узата бер.
- Жарайт, жеңе, бара бериңиз,- деди келин.
Ал эми чайга отургандар Жайнагүлдүн эмне үчүндүр, өңү кубара түшкөнүн көрүп аңкая түшүштү. Тышка чыгар чыкпастан эле Зыйнатты көрүп, Жайнагүл калчылдап кетти. Анан оюна азыр эле Үсөндү машинага салып алып кетүүчүдөй болгон бир суук ойдон түз жерден бети менен кетүүчүдөй көздөрү алачакмак болуп келатты. Жайнагүлдүн келатканын көрүп, күнөөнүн эң оорун көтөрүп тургандай болгон Зыйнат капысынан ток басып алгансып бүткөн бою дүрт дей түшүп, маңдайынан муздак тер чыга түшкөндөй болду.
Ушул саамда Зыйнаттын да, Жайнагүлдүн да оозуна сөз кирбей, бирин бири карап туттугуп калгандарын көрүп туруп Кына чыдабай кетти. Ошол саамда Жайнагүлгө "Меймандарыңды киргизбейсиңби" дейин дегенче болбой, ар жактан Мансурдун үзүл-кезил алсыз үнү чыкты.
- Э байбиче, ким келди?
- И, аяш кызың, Зыйнат келди.
- Зыйнат келди дейсиңби? Келсе кирбейби? Жайнагүл кайда?
- Мен мындамын, атаке!- Жайнагүл Зыйнат менен Токтогулга карады, - Сиз экөөбүз акыры ушундай күндө, ушундай трагедиялуу шартта кезикмек турбайбызбы. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген ушундай болучу неме турбайбы.
- Үйгө киргиле, бул киши ким?
- Таякем.
- Саламатсызбы, байбиче? - деди Токтогул.
Булар ушинтип жаңы эле таанышып жатканда, аш үйдө Мансурду көргөнү келгендерге чай бергени жаткан Жайнагүл Зыйнаттын келгенин көрүп жүрөгү болк дей түштү. Ал отургандарга сыр бергиси келбей, өзүнө жардам берип жүргөн абысын келинге шыбырай сүйлөдү:
- Тышка атамды көргөнү кишилер келди. Буларга жакшылап чай берип өзүң узата бер.
- Жарайт, жеңе, бара бериңиз,- деди келин.
Ал эми чайга отургандар Жайнагүлдүн эмне үчүндүр, өңү кубара түшкөнүн көрүп аңкая түшүштү. Тышка чыгар чыкпастан эле Зыйнатты көрүп, Жайнагүл калчылдап кетти. Анан оюна азыр эле Үсөндү машинага салып алып кетүүчүдөй болгон бир суук ойдон түз жерден бети менен кетүүчүдөй көздөрү алачакмак болуп келатты. Жайнагүлдүн келатканын көрүп, күнөөнүн эң оорун көтөрүп тургандай болгон Зыйнат капысынан ток басып алгансып бүткөн бою дүрт дей түшүп, маңдайынан муздак тер чыга түшкөндөй болду.
Ушул саамда Зыйнаттын да, Жайнагүлдүн да оозуна сөз кирбей, бирин бири карап туттугуп калгандарын көрүп турган Кына чыдабай кетти. Ошол саамда Жайнагүлгө" Меймандарыңды киргизбейсиңби" дейин дегенче болбой, ар жактан Мансурдун үзүл-кезил алсыз үнү чыкты.
- Э байбиче, ким келди?
- И, аяш кызың, Зыйнат келди.
- Зыйнат келди дейсиңби? Келсе кирбейби? Жайнагүл кайда?
- Мен мындамын, атаке, - Жайнагүл Зыйнат менен Токтогулга карады. - Сиз экөөбүз акыры ушундай күндө, ушундай трагедиялуу шартта кезикмек турбайбызбы. "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген ушундай болучу неме турбайбы.
- Сиз мени кечирип коюңуз, Жайнагүл Казиевна. Сизге өзүм жөнүндө, Толкунбек жөнүндө жазганмын. Бул да болсо тагдыр экен да.
- Ооба, боолору болуп, өтөөр иш өттү. Эми аны эстешпей эле коелучу. Бул карыя ким? - деди Жайнагүл.
- Таякем.
- Момун, нускалуу киши көрүнөт жарыктык.
- И, ырас Толкунбек да келатат, -деди Кына. - Эми үйгө киргиле. Абышка күтүп жатат силерди.
Зыйнат Толкунбекти көрүп турса да көрмөксөн болуп көңүл бурган жок. Келгенден бери көңүлүндө издеп, эстегени да, ойлогону да Асан менен Үсөн болуп турду. Зыйнат үйгө кирери менен, түз эле өңүнө өлүктүн сыны кирип, кан-сөлү качып, арыктап эти кетип, сөөгү калып, жумган көзүн ачпай, сунган бутун тартпай көкүрөгү менен бат-бат оор дем алып чыкпаган жаны жаткан Мансурдун баш жагына келип чөгөлөй калып, карыянын маңдайынан жумшак сылап минтти:
- Аяш ата, кандай жакшысызбы?
- Жакшы, айланайын! - деди алсыз үн менен. - Сен кимсиң?
- Мен Эсендин кызы Зыйнатмын, ата, келип кетсин деп чакырткан турбайсызбы.
Мансур көзүн ачып, нуру өчүп, кареги жайылган тумандуу көзү менен Зыйнатты көңүл бура бир карап алды.
- Ооба, чакырган элем. Ырас келиптирсиң. Атаң Эсен, энең Аккыз менен бир туугандай элек. Алар менден мурун кетти. Эми алар барган түбөлүк жайга мен кеткени отурам.
- Кетпей эле коюңуз, ата. Ал жакка кеткендер эмне тааптыр. Уул-келиниңиздин чайын ичип, рахатын көрө туруңуз. Али карылыкка моюн сунуп, бакма болуп олтуруп кала элексиз, - Зыйнат карыянын абалынын оордугун көрүп, өзү көтөрө келген сумкасын ачып, ичинен "Бакай чепкенди" сууруп чыгып, жакасынан силке кармап минтти:
- Аяш ата, мен сизди оору десе эле катуу деп ойлоптурмун. Карап турсам мен ойлогондой эмес экенсиз. ( Зыйнат бул сөздү оорулуунун көңүлүн көтөрүп коюу үчүн айтты ). Бир-эки күндө жакшы болуп калаарсыз. Аяш ата, "Жоолук да болсо жолго ийги" дейт. Мына бул чепкенди башыңызды куттуктаганым болсун. Аман-эсен сакайып дайым тойго кийип жүрүңүз. - Карыянын үстүнө жапты.
- Ырахмат балам, аман бол.
- Оо-у, бай, сонун чепкен тура, - деп жиберди Кына. - Аман-эсен сакайып, кийсең экен. - Кармалады. Таза баркыт тура, саймасын келиштириптир. "Бакай чепкен" деп атаганчалык баага татыктуу кийим туура. Жаның бек болсун, чепкениң морт болсун, бай.
Зыйнат балдардын костюмун Жайнагүлгө сунду.
- Бул уулдарыңыздыкы! - Өңү өчүп жылдызы жерге түшүп, көңүлү бөксөрүп, санааркап отурган Жайнагүлдүн кебетесин көрүп, Зыйнаттын денеси жыйрыла түштү. Канткен менен насилибиз аял экен да. "Күнүлөштүн күлү жоо" дегендей, менин келишим күнүлөшүмө жакпай калган экен, - деп ойлоду. Кийимден бошогон пакетти ичиндеги таттуу-паттуусу менен Жайнагүлдү көздөй түртүп койду. Анан бул жерден тез эле чыгып кетүүнү ойлоп, аркы дүйнө менен бул дүйнөнүн ортосунда, көргө буту салаңдап турган бул адамдын өзүн чакырткан себебин билгиси келип минтти:
- Аяш ата, жаштык менен мастыктан, ортодо көп эле жагымсыз иштер болуп кетти, кечирип коёр бекенсиз?! "Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң" дегендей, азыр уулуңуз үйдө, кылыгыңыз түздө. Мен шашып турам. Касымбек кудага келгенмин. Сизди чакырып жатат деп угуп келип калдык, аяш ата.
- Ырахмат балам, келгениңе. Көп сөздүн кереги жок. Ток этер сөздү сүйлөшөлү. Жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө аттанаарыма аз калды. Алланын алдына ыйманымды жеп калп айтып, карөзгөй сүйлөбөй, жамандык менен арамдыктан арылып, ыйманым менен кетейин деген эле бир тилек калды менде. "Дүнүйө жыйып нетесиң, бир күнү таштап кетесиң " дегендей, тирүүлүктө пенделик менен колуң менен кылган күнөөңдү өлүм алдында мойнуңа алып, жандүйнөңдү тазартып Алланын алдында ак кетүүдөн башканы ойлобой калат экенсиң. - Мансур жаздыктан башын көтөрө албай, бир айтканын кайра-кайра айтып, көңүлү айнып онтоп жиберди. - Атаңдын көрү ай, дарманым болбой калган турбайбы. Баса, эстегенде айтып коёюн, байбиче. Илгээри баягы согуш жылы, кошунабыз Токтобай аскерге кетип, кызыл чиедей беш баласын багам деп жанын жанга уруп жүрүп, Асылкан кара тумоодон кайтыш болду. Балдары чоң энеси Баалкан байбиче менен калды. Анда менин бүгүн, эртең аскерге кетем деп камынып турган кезим эле. Бизде деле өлчөлүү турмуш болучу. Ошентсе да бир чыны талкан болсо да чогуу ичип, ачкачылык менен жокчулукту чогуу тартып, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн күндөр али эсте. Мага аскерге бүрсүгүнү жөнөйсүңөр, ар бириң беш күндүк азык аласыңар деген повестка келди. Үйгө келип энеме айтсам, үйдө азык камдоого эч нерсе жогун айтып ыйлап жиберди. "Азык албай кантип куру кетесиң. Биз эптеп суу ичсек да күн көрүп турабыз. Алыска кетип жаткан сеники кыйын болбодубу " - деп тегеренип турду. Анын үстүнө Баалкан чоң энемдин беш баласы беш жерде солуп жатканын көрүп, заманам куурулуп кетти.
#чоочункиши4