Жыландардын кызыктуу жана кызыктай ааламы.

Жаратылыштын өзгөчө жаныбары:
Жыландардын кулагы жок, бир чети алар эң мыкты көрүшөт.
Жыландардын мурду жок, бирок жытты эң сонун сезишет.
Жыландардын азуулары ааламдагы табигый биологиялык куралдардын системасына кирет.
Таңкалыштуу ааламы:
Ар бир жаныбар ар түрдүү өзгөчөлүккө ээ болушат. Алардын негизги айырмалары да ушунда жана жашоолору, ааламы адамдарга дайыма кызык жаратып, көп жылдар бою изилдөөлөрүн токтотпостон улам кызыктуу фактыларды көрсөтүп келишет. Өзгөчө кебетеси, коркунучтуу сүрү бар жаныбарлар аталган жыландардын эң укмуштуу жана таң калыштуу жашоолору кызыктырбай койбойт.
Өзгөчө табити:
Жылан өзүнө окшош же өзүнөн узундугу боюнча чоң башка жыланды жей алат.
Жыландардын өздөрүнөн чоң жыландарды жеп коюшу көп жылдар бою сыр боюча калып, көпчүлүктү таң калтырып келген. Бирок Торонто университетинин кызматкери Кейт Джэксон менен анын кесиптештери аларды видеого тартып, окуяны изилдеп, баамдап көрүшкөн.
Ханышалардын тукумуна кирген жылан курмандыгына кол салгандан кийин аны аккордеондой болуп ороп алып, сыгып, жутат. Тамактанып, тойгондон кийин ичинде эрибей калган жыландын калган бөлүгүн кайра жерге кусуп салат.
Жыландар өздөрүнүн тукумдарын жешет:
Окумуштуулар 2009-жылдын февраль айында жыландар жөнүндө кызыктуу, бир чети кызыктай фактыларды аныкташкан. Көрсө, кемиргич жыландар өлүп калган балдарын жеп салышат экен. Аларда “тукумдан кийинки каннибализм” деген түшүнүк бар. Изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча жыландар өздөрүнүн 11% жумурткаларын жана өлүп калган балдарын жеп салышкан. Эмнеге? Мындай жол менен жыландар коротулган энергияларын калыптандырышат. Себеби алар азык табууда абдан кыйналышып, көп убактысын, көп энергиясын коротушат
Жыландар уча алышат:
Жыландардын сойлогондон башка, уча алган да түрлөрү бар. Мындай жыландар бир дарактан, экинчи даракка учкулары келишсе оңой эле жерге кулабай экинчи даракка секирип кетишет. Алар жерге кулап түшкөн учурда да зыянга учурашпайт.
Курмандыктарын бүтүн жеп, кальцийин сорушат:
Тажрыйбалуу жыландар бир айлап азыктанбай жашай беришет, бирок тамактанышканда эч нерсе калтырбай жеп салышат. Бул жыландар олжолорунун кальцийин соруп алганга көнүшкөн. Ушул себептен улам алар азыктандыруучу заттардын запасын көбүрөөк чогулутуп алышып, көпкө чейин тамактанбай жүрө беришет.
Кобралар:
Кобралар көзгө карап иш кылышат.
Кобралардын булчуңдары темирди сыгып, ууну иштеп чыгат. Мунун жардамы менен кобранын уусу 2 метрге чейин чачырайт. Эгер ал адамдын көзүнө тийе турган болсо, уудагы нейротоксиндер көздү сокур кылып коюшу толук ыктымал.
Кобранын уусу эреже боюнча, бир көзгө тийген учурда да эки көздү тең сокур кылып салышы мүмкүн.
Белгилүү жыландар:
Дүйнөдөгү эң кичинекей жылан тыйынга батат.
Бүгүнкү күндөгү эң белгилүү кичинекей жылан 2008-жылы Барбадосто табылган. Ал 10 сантиметрден кичинекей жана абдан ичке.
Тамактануусу:
Жыландар айлап тамактанышпай, бирок ушул эле учурда өсө беришет.
Бир нече ай тамак жебей, бирок ошол эле учурда өздөрүн жакшы сезип жүргөндөрдү элестете албасак керек.
Маршалл Макку жана анын кесиптештери 6 ай бою лабораториясындагы 62 ар түрдүү жыландарды азыктандырбай кармашкан. Жыландар дароо зат алмашуусун 72 пайызга түшүрүп жиберишкен. Таң калыштуусу алар майларын ээритип жатышып, узарып кетишкен.
Кызыктуу фактылар:
• Кара мамба – эң шамдагай жылан. Алардын ылдамдыгы бир саатта 20 км. АКШда жылына 8000 адам жыландардын уусунан жабыркашат.
• Уулу жыландардын ичинен уусу күчтүү жыландар булар – Австралиянын тайпан тукумундагы жыландары.
• Жыландардын көпчүлүк түрү өздөрүн тынч алып жүрүшөт жана себепсиз адамдарга кол салышпайт.
• Көпчүлүк учурда кобралар тиштегенде уусу чыкпай калат.
• Анаконда жыландарынын курмандыктары керек болсо таш бакалар дагы боло алышат.
• Кобралар адамдын белине же боюна чейин көтөрүлө алышат.
• Үңкүрлөрдө жашаган жыландар жарганаттарга көп мергенчилик кылышат.
• Эң көлөмдүү жыландардын жаагында 80 дей курч тиштери бар.
• Мамбалар адамдарга көбүнчө мөмөлүү талаалардан, дарактуу жерлерден кол салышат. Анткени алар дарактардын арасында сойлогонду жактырышат.
• Анаконда сдавливает жертву с силой более 360 кг на грудную клетку.
Ууга каршы каражат:
Жыландын уусунан ар кандай каражаттарды, биологиялык куралдарды, ал тургай тамактарды, арактарды, айтор, көп нерселерге колдонушат. Жыландардын уусуна каршы каражаттар да бар. Анын жардамы менен дүйнөдө азыр жыландын уусунан курман болгондордун саны азайып калган.
Уламыш:
Кытайдын кафе, ресторандарынан жылан салынган арактын идиштерин көрүп таң калчу болсок, кээ бирлери аны пайдалуу деп ичишээри белгилүү.
Уламыштар боюнча бул арактын жаралышы абдан кызыктай эле болгон.
Кайсы бир айылда арак саткан сатуучу бир күнү кардарлар көп болуп, даяр арактар түгөнүп калып, кожоюн Ли Бону складдан арак алып келүүсүн буйруйт. Ли Бо складга барса бир чоң жылан арак идишине жабышып алып арак ичип жаткан болот. Аны көргөн Ли Бо коркуп кайра кыйкырып эшикке качып чыгат. Анын кыйкырыгынан улам башка адамдар дагы анын жанына келип, жыланды көрүп коркуп, ичке кире албай качып кетишет. Бирок жылан бат эле мас болуп, арактын ичине кулап түшөт. Ли Бо аны байкап дароо идиштин капкагын жаап, үстүнө таш коюп салат.
Арадан билинбей эки жыл өтүп, тиги идиштен бир да жолу үн чыкпайт. Ли Бо жыланды эбак эле өлүп калса керек деп ойлоп, коркпостон капкакты ачып текшерип көрөт. Жылан албетте чындап эле өлүп калган болот жана арактын өңү өзгөрүп калат. Муну билген кожоюн аракты төгүп салуусун буйруйт.
Бул айылда дагы башка бейбаш адам жашачу. Ал дайыма Ли Бого арак ичкени келчү, бирок акчасы жок болчу. Ли Бо андан коркконунан ага арак берчү. Бир күнү ал адатынча арак ичкени келгенде Ли Бо баягы жылан салынган аракты эстеп, андан кутулуш үчүн тобокелге салып ага берип салат. Кызыгы, ал арак жагымдуу жыттанып, даамы өзгөрүп калганын айтат. Ошондон кийин жылан салынган арак белгилүү болуп кетиптир.

Комментарии

Комментариев нет.