Апсамат Масалиевдин өмүр баяны!

1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.А. Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8-жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык дипому менен аяктайт. 1953-1956–жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институнун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдачу үч жылдык бөлүмүндө окуйт.

Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда «Кызыл-кыя көмүр» башкармалыгынын «Комсомольская» кенинде участка начальнигинин жардамчысы-тоо местери, участканын начальниги, «Комсомольская» кенинин орун басар башкы инженери, «Кыргыз көмүр» трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.

1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инспектору болуп которулат.

1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер советинин Партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн инспектору, Ош облустук элдик контрол комитетинин төрага орун басары болуп иштейт.

1966-жылы партиянын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1969-1971-жылдары партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, андан соң эки жылдай Кыргызстан КП Бксынын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары.

1972-1974-жылдары Фрунзе шаардык аткомунун төрагасы.

1974-1979-жылдар-Кыргызстан КП БКнын катчысы.

1975-жылдын январь 1985-жылдын июнь айлары партиянын Ысык-Көл областык комитетинин биринчи катчысы.

1985-жылы КПСС БКнын инспектору. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.

1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон.

1991-жылдын апрель-август айлары КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кңешчиси.

1993-96-жылдар Тоо кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин мүдүрү.

А. Масалиев 1995 - жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон.

КПСС БКнын мүчөсү (1986-1991), СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутаты, СССРдин эл депутаты(1989-1991), СССР Жогорку Советинин мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты.2000-2004-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбодук аткаруу комиетитинин төарагасы, СКП-КПССтин аткаруу комитетинин кеңеш мүчөсү, СКП-КПСС кеңешинин төрага орун басары болгон.
макала жактыбы? пикир билдириңиз.

Комментарии

  • 12 апр 2022 20:10

  • 12 апр 2022 20:13
  • 12 апр 2022 20:13
  • 28 апр 2023 07:28