Орто Азия

Орто Азия Азиянын бир бөлөгү, батыштагы Каспий деңизинен кийин, чыгыштагы Кытай ортосуна чейин, жана түштүк Орусиядан кийин, түндүк Пакистанга чейин. Кээде Борбордук азия же Ичиндеги Азия деп аталат, жана Евразия континенттин ичинде жайгашат. Терминдин көп белгилери бар, бирок бир маанисине баары кошулбайт. Четтерин белгилөөнүн кыйынчылыктары менен, кээ бир негизги мүнөздөмөлөрү бар. Мисалы, тарыхы көчмөн элдерине жана Жибек жолуна жакында байланышкан. Натыйжасында, Европа, Батыш Азия, Түштүк Азия, жана Чыгыш Азия арасында соода, адам кыймылдары, жана ойлор кыймылдары көп болчу.

"Манас" эпосунда.
Орто Азия — топоним . Эпосто кыргыздардын жана аларга жамаатташ элдердин мекени. Сагымбай жана башкалар илимий чөйрө менен тааныш манасчылардын варианттарында гана жолугат. Анткени бул аталыш Европалык окумуштуулардын эмгектеринде 19-кылымдын 1-жарымынан тартып гана колдонула баштаган. Мисалы, «Орто Азия жерибиз Орчун кыргыз элибиз» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 26-б.).

Географиялык реалияда Орто Азия Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстандын бүт аймагын, Казакстандын түштүк, түштүк-чыгыш жана ортолук (Арал-Эргиш суу бөлгүчүнө чейин) бөлүктөрүн камтыган табигый аймак. Орто Азия түштүгү жана чыгышы Иран, Ооган жана Кытай мамлекеттери, батышы Каспий жээктери, Үстүрт жана Мүгалжар тоолору менен чектелет. Саясий-акимий жактан Орто Азия аталган 4 республика гана кирет, Казакстан кирбейт. Орто Азия 1924—25 жылдары чейин Түркстан деп аталган.
Макала жактыбы? пикир калтырыңыз.
#география #азия

Комментарии