Коомдук унааларда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери

Коомдук унааларда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери - 856455142220
Адам баласы жаныбарлардан этикет эрежелерин сактоосуу менен айырмаланат. Ал эми коомдук унаада адамдын чыныгы жүзүн көрүүгө болот. Анткени бардыгы эле турмуштагыдай өзүн алып жүрүү эрежелерин унутуп коюшат. Бирок, бул олуттуу жана начар сапатты жоюуга болот.

1- Эреже
Коомдук унаанын кайсы түрү болбосун кирип бара жатканда алгач, кары- картаңдарды, майыптарды, жаш балдарды жана айымдарды биринчи өткөрүп жиберүү керек. Мындан сырткары, өзүңүз кирээрге чейин чыгып келе жаткан адамга жол бошотушуңуз керек.

2- Эреже
Кээде коомдук унааларга түшүп жатканда кары- картаң же кош бойлуу адамдардын оор жүк менен жүргөнүн көрүүгө болот. Мындай шартта аларга көтөрүп жеткирүүгө жардамыңызды сунуш кылып жана жардам бериңиз.

3- Эреже
Кары- картаң, майыптарга жана кош бойлуу айымдарга, дегеле бардык аялзатына орун бошотуп бериңиз. Жөн эле туруп кетпестен, Келиңиз бул орундукка отуруп алыңыз- деп койсоңуз, ал адамдга жагымдуу маанай тартуулап, алкышына арзыйсыз. Эгер унчукпай эле шарт ордуңуздан туруп кетсеңиз, ал адам озүн ыңгайсыз сезип калышы ыктымал. Себеби, мага орун бошотуп бергенине кыжырланды деп ойлоп калышы мүмкүн. Эгер сизге орун берген жагдай жаралса анда жылмая карап ыраазылык билдириңиз.

4- Эреже
Унаага жетишпей чуркап келе жатканыңызда айдоочу токтогон болсо, ага сөзсүз ырахмат айтыңыз. Эсиңизде болсун, жөн эле ырахмат айтыңыз. Кээ бир учурда, ырахматка башка бир анча жагымдуу угулбаган сөздөрдү кошуп алышат, ал болсо маанайды бузат. Маселен, ырахмат братан деген сыяктуу сөздөр.

5- Эреже
Эрежеге ылайык орун бошотуп берүү керек болгон адамдар туруп турса, ал эми уктамыш болуп отурган өспүрүмдү көрсөңүз, аны акырын ойготуп орун берүүсүн сураныңыз. Үнүңүздү акырын чыгарып кайрылыңыз.

6- Эреже
Коомдук унаада башка бирөөлөр жол кире төлөбөй же бирөөгө орун бербей же отура албай талашып- тартышып кетишсе, ага кийгилишпей эле койгонуңуз дурус. Мында, өзүңүздүн ички терс сапатыңызды көрсөтүп алышыңыз ыктымал.

7- Эреже
Комдук унаада эч качан бир нерсе жеп же суу ичпеңиз. Биринчиден, өзүңүз чакап калышыңыз ыктымал. Экинчиден сиз башкалардын кийимин булгап алышыңыз мүмкүн. Ошондой эле боёнуу дагы адептүүлүккө жатпайт.

8- Эреже
Такыр эле чектен чыгып чуу салган жана эреже бузган адамга бир жолу эскертүү берип, тынчтанууга чакырыңыз. Адатта кары- картаңдар наалып калышат же ашыкча көпкөн жигиттер кызуу кандуулукка алдырышат. Андыткан жөн гана эскертүү берип коюу туура болот.

9- Эреже
Коомдук унаага чоң сумка жүгүңүз менен кирсеңиз, анда дароо эле аны колуңузга алып же тоскоолдук жаратпаган жерге коюп коюңуз. Башкаларга ыңгайсыздык жаратпасын.

10- Эреже
Эгер сиз алдыдагы аялдамадан түшпөй турган болсоңуз, анда артыңыздагы адамдарга жол бериңиз.

11- Эреже
Коомдук унааларда досуңуз же үй бүлөңүз менен телефондо катуу үн чыгарып же тынчтыкты бузуп катуу сүйлөшпөңүз. Кийинчерээк байланыша тургандыгызды билдирип коюңуз.

13- Эреже
Коомдук унаада отуруп китеп же гезит окуп жаткан болсоңуз, өтө абайлашыңыз керек. Башкаларга тоскоолдук болбосун.

14- Эреже
Музыка уккуңуз келсе, анда кулагыңызга атайын таккыч кийип алып угуңуз.

15- Эреже
Эң негизкиси этикет эрежелерин өзүңүз туура сактаганды үйрөнүңүз.

Комментарии

Комментариев нет.