Силер билесиңерби?

Дүйнө, жаратылыш, табигат кызыктарга толо. Айрым, ажайып көрүнүштөрдү укканыбызда же китептен окуп калсак таң калып кайра кайталап окуган учурларубуз да болот. Бүгүн, дал ушул кызыктар жөнүндө сөз кылабыз.

Учуучу балык тууралуу уктуңуз беле?

Биз пингвинди канаты болуп туруп учпаган жалгыз канаттуу катары билебиз. Пингвиндер канаттарынын кадырын билбей, аларды суу астында сүзүү үчүн гана колдонуп жатса, тескерисинче, сууда сүзүү үчүн кызмат кылган сүзгүчтөрүн канат катары колдонгондор да бар экен. Булар – кадимки эле «Балта балыгы» деген балыктар. Балта балыгы кенен жайылууга жөндөмдүү сүзгүчтөрүнүн жана андагы күчтүү булчуңдарынын жардамы менен суу үстүндө узак жерге чейин учуп барууга жөндөмдүү. Ал гана эмес, учуу ылдамдыгын саатына 56 километрге чейин чыгара алышат.
Аары жегич канаттуулар – өз ишинин устасы

Аарынын уусу көп болсо, кээде адамды өлүмгө да дуушар кыларын билебиз. Ошондуктан, аары болгон жерден айланып өтөбүз. Ал эми биз сөз кыла турган салмагы болгону 40 грамм болгон канаттуу аарыдан качмак тургай, аны күнүмдүк тамагынын тизмесине кошуп алган. «Аары жегич канаттуулар канткенде анын уусуна чыдайт болду экен?» деген суроо туулары шексиз. Көрсө, 1000 жана андан да көп канаттуудан түзүлгөн колонияларда жашаган бул канаттуулар өз ишинин өтө чебер устасы экен. Алардын тумшугу да буга ылайыкташып 4,5 сантиметрге чейин болот. Алгач алар аарыны тумшугу менен тиштеп, кыймылдабай калганча силкет, андан кийин баш жагынан тиштеп, денесинин арткы бөлүгүн дарактын бутагына ары-бери сүртөт. Качан гана аарынын денесинин уу ташыган бөлүгү үзүлүп түшүп калганда, олжосун шашпай жеп алат. Аарылардын уулуу экенин, уусу кайда жайгашканын жана аны кантип тазалаш керектигин алар кайдан үйрөнгөнү азырынча табышмак.
Жүрөк – Эң кубаттуу, эң күчтүү, эң кичинекей насос

Дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң күчтүү, ошол эле учурда эң кичинекей насос биздин көкүрөгүбүздүн сол тарабында орун алган. Эч бир эс алууну билбеген бул насос – биздин жүрөгүбүз. Жүрөктүн булчуңдары эң күчтүү булчуңдардан турат. Болжол менен алганда, мүнөтүнө 70 жолу соккон жүрөк ар бир согушта 59 сантиметр 3 канды түртүп чыгарат. Адамдагы бардык кан тамырлардын жалпы узундугун ала турган болсок, 100000 километрге чейин барат да, жүрөк канды денебизде ушул жол аркылуу бир күндө 1000 жолу айлантат. 70 жыл жашаган адамдын жүрөгү, орто эсеп менен алганда, 2500000 жолу согуп, 152000000 литр канды өзү аркылуу өткөрөт. Бул ар жылы 10 даана «Боинг 747» учагынын күйүүчү май куйган багын толтурганга барабар болот. Ал эми «Боинг 747» учагынын багы 217000 литрге барабар. Ошентип, технология канчалык өнүгүүнүн туу чокусуна чыкпасын, Жараткандын бизге берген кереметтерин туурай ала турган техника азырынча ойлонуп табыла да элек. Болбосо, дүйнөдөгү эң чоң шаардын суу жана башка азыктар менен бир гана жерден тынбай камсыз болуп турганын элестетип көргүлө...
Дене булчуңдары өз-өзүнчө иштейби?

Спорттун кайсы түрү менен болбосун машыккан адамдар, ийгиликке жетиш үчүн, көптөгөн кыйынчылыктарга чыдашат. өзгөчө физикалык жактан жогорку даярдыкты талап кылгандар ар бир булчуң үчүн өзүнчө көнүгүү жасашат. Бир эсептен, бул туура эле, бирок, экинчи жагынан алып караганда, бир көнүгүү менен бир гана булчуң иштейт дегендин өзү туура эмес болуп калат. Себеби, бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, бир денени түзгөн булчуңдар өз-өзүнчө иштебейт. Мисалы, биз күлгөн убакта бир убакта бетибизде 17 булчуң бирдей иштейт. Ал эми бетте мимикага жооп бере турган 28 булчуң бар. Ошондой эле, биз басып бара жаткан учурда, бутубуздагы жана тулкубуздагы 54 булчуң өз кызматын аткарат. Ошентип, биз бир көнүгүү менен булчуңдардын белгилүү бир тобун иштетет экенбиз.

Комментарии

Комментариев нет.