Дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү

Өнүккөн бай өлкөлөр бир гана өзүнүн экономикасынын өсүшүн камсыз кылбастан кошуна мамлекеттеринин экономикасынын өсүшүнө да тасир берет. Кошуна мамлкеттер канча күтүү жана өнүккөн болсо аны менен кошуна жашаган өлкөлөрдө атаандаштык пайда болуп, өздөрүнүн мамлекеттерин бекемдеп, өнүктүрө алышат. Биз өткөн санда силерге дүйнөнүн эң күчтүү армиясы жана ядердик куралга ээ болгон өлкөлөрдү тартуу кылсак бул санда силерге дүйнөнүн эң бай өлкөлөрү менен тааныштырабыз.

№ 10. Нидерландия

Тарыхы бай бул өлкө аркылуу Европага баардык соода түйүндөр өтүп турат жана ошондой эле жаратылыш жагынын кооз келип өзүнө көптөгөн туристерди кызыктыра алат. Бул өлкө экономика жаатында жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп турат. Бул өлкөдө жашаган бир адамга болгон бир жылдык киреше 42 918 долларды түзөт. Мындай көрсөткүч менен 10 орунда турат.
№ 9. Швейцария


Швейцария бир гана таттуу шоколад жана сапаттуу саат менен сыймыктанбастан элдердин таза, тыкан жүрүшү менен сыймыктана алышат. Бул өлкөнүн жашоочулары билимдүү сабаттуу келишет жана ошондой эле Швейцарияда банктык сектор өнүккөн.
№ 8. Гонконг


Акыркы жылдары Гонконг өзүнүн ички эркин соодасы жана налогдун төмөндүгү менен инвесторлорду тартып эң бай мамлекеттердин арасында 8 орунду ээлеп келет. Бул өлкөдө Кытай жана Кореянын маданий каада салттары сакталып көптөгөн туристерди өзүнүн кучагына топтой алган. Ар бир калктын жылдык кирешеси 44 996 долларды түзөт.
№ 7. Америка Кошмо Шататтары


Бул мамлекетти баарыбыз билебиз. Көптөгөн элдер Америкага барып иштеп буттарына тургандары да маалым аны менен бирге дүйнөдөгү миллиардерлердин көбү ушул өлкөдө жашап жатканы да таң калдырбай койбойт. Бул мамлекетте көптөгөн ишканалар жана башка өнөр жайлар иштеп, мамлекеттин казынасын толтуруп турат. Америкада жашаган жарандардын жылдык кирешеси 46 874 долларды түзөт.
№ 6. Бириккен Араб Эмираты


БАЭ дүйнөдө нефти боюнча биринчи орунду ээлеп, мамлекеттик казынасы да мына ушул нефтини экспорттоо менен толот. Жана ошондой эле бул өлкөгө кызыгып барган туристердин саны да сан жеткис болуп саналат. Ар бир жарандын жылдык кирешеси 47 694 долларды түсүп дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүнүн ичинде 6 орунду ээлеп келет.
№ 5. Бруней


Бруней да БАЭдей эле нефти мамлекеттик казынанын 90% камсыздайт. Норвегиядай эле мамлекет элдин жашоо шартын оңдоп жакшы шарт түзүп берген. Бруней дагы жаратылышынын кооздугу менен мактана алат жана жаратылыш байлыгы да жарандардын жакшы шартта жашашына салымын кошуп келет.
№ 4. Норвегия


Норвегия дагы өзүнүн мамлекеттик казынасын нефтинин сатылышы менен толуктайт жана бул өлкөнүн элдери эмгекчил жана маданиятуулугу менен өзгөчөлүнүп турат. Шаардын тазалыгы башка өлкөлөргө сабак боло алат. Калктын жылдык кирешеси 51 959 доллар.
№ 3. Сингапур


Сингапур жаратылыш жагынан кооз жерлердин катарын толуктап келет. Бул өлкөдө жашаган адамдар өздөрүнүн эмгекчилдиги жана меймандостугу менен өзгөчө. Сингапурда технология тармагы абдан өнүккөн. Жарандардын жылдык кирешеси 56 498 доллар. Мындай көрсөткүч менен дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүнүн катарында 3 орунду камсыз кыла алат.
№ 2. Люксембург

Люксембург кичинекей өлкө болгону менен дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин арасында 2 орунду эч кимге бербей келет. Калктын жылдык кирешеси 85 432 доллардан 87 541 долларга чейин.
№ 1. Катар Араб Республикасы


Эң бай өлкөлөрдүн алдыңкы сабында мына ушул Катар Араб Республикасы турат. Бул мамлекет кичине болгону менен экономика жагынан эң кирешелүү келет. Катар өлкөсү кооз шарлары жана жаратылыш ресурстары менен таанымал жана ошондой эле бул өлкөдө жумушсуздук деген түшүнүк жокко эсе. Катар Газды экспорттоо боюнча дүйнөдө 6 орунда, нефтини экспорттоо боюнча 21 орунда турат. Калктын жылдык кирешеси 88 222 долларды түзөт.
"Бул өлкөлөр сизге жактыбы? кайсы өлкөдо жашагыңыз келди эле? ой-пикириңизди билдириңиз!"

Комментарии

  • 23 окт 2017 02:22
    Баарынан менин жерим менин мекеним кооз. Мен өз өлкөмүн жаратылышын, кооздугун элимин меймандостугун эч бир өлкөгө алмаштырбайм. Элим жерим Кыргызым Кыргызстаным менин!!!
  • 23 ноя 2017 16:43
    Жакты.. бирок туулган жердин топурагы алтында
  • 17 дек 2020 19:52
    Биз деле жетербиз илкий илкий жоо басып ушундай кооз шаар болоор алтын уям мекеним КЫРГЫЗ ОЛКОМ