Аксак күчүк

Кичинекей бала дүкөнгө кирип, күчүктөрдүн ойноп жатканын көрөт. Аларды көргөндө токтоно албай, дүкөндүн ээсинен канчадан сатып жатасыз деп сурайт. Сатуучу, 500 сомдон 1000 сомго чейин деп жооп берет. Менин 437 сомум бар, карап көрсөм болобу дейт. Дүкөн ээси жылмайып, күчүктөрдү чакырат.

Аңгыча, баары тырсылдап үрүп алдына келип калат. Алардын бири эң аркада келет. Бала артта келген күчүктү сурап, мунун эмнеси бар дейт. Дүкөн ээси, буту чыгып кеткенин жана өмүр бою аксап өтөөрүн айтат. Бала абдан толкунданып, мен бул күчүктү сатып алам дейт. Дүкөнчү, ал күчүк аксак болгонуна байланыштуу сатылбай турганын түшүндүрөт. Жаш бала көк беттенип чолок күчүктү алам деп туруп алат. Айласы кеткен сатуучу, анда аны бекер ала бер дейт. Бала мурункудан да ачууланып, аны бекер беришиңизди каалаган жокмун. Ал да башка күчүктөрдөй эле баалуу. Бирок мен азыр 437 сомумду берем, калган карызымды сөзсүз төлөйм деп ызылдайт. Дүкөн ээси баланы көндүрүүгө аракет кылып, бул күчүк эч качан башкалардай болуп чуркай албаарын, эч качан сени менен ойной албаарын билип жатасыңбы дейт. Аргасы кеткен бала, эңкейип шымын өйдө түрүп бутунун темир менен кошулган жерин көрсөтүп: Мен да катуу чуркай албайм, бирок бул күчүк да өзүн жакшы түшүнө турган ээсине барышын каалайм дейт...
Ач кадырын ток билбейт

Комментарии

Комментариев нет.