«Атаганат, убактым бир аз көбүрөөк болгондо…» ушинтип өкүнгөн учурларыңар көп болобу?

Сааттын жебеси бардык жерде бирдей айланат. Күчтүүлөрдүн, мансаптуулардын убактысы карапайым, жакыр адамдардыкынан көбүрөөк болбойт. Ошондой эле байы да, кедейи да убакытты топтоп коё албайт.
Убакыт — зымырап учкан куш, аны артка кайрый албайсың. Андыктан убакытты туура пайдалануу акылдуулукка жатат. Келгиле эмесе, убакытты өкүнүп калбагыдай кылып жумшаганга жардам берген айрым эрежелерге кулак төшөйлү.
1. Майда- барат, керексиз, пайдасыз иштерге көп убакыт жумшайсыз
Сыналгы, видео оюндар, интернет, көп тамактануу, пайдасы жок иштерге көбүрөөк убакыт кетиресиз. Жашооңузга сергек акыл- эс менен карап көрүңүз. Кайда, качан жана ким менен кандай убакыт өткөрүп жатасыз?!.. Булар сизге канчалык деңгээлде пайдасын тийгизип жатат?!… Сизди жакшы жашоого жетелеп жатабы?!…. Ойлонуп көрүп, туура жыйынтык чыгарыңыз.
2. Даттануу менен гана алексиз
Жасаган жумушуңузга, жетекчиңизге, айлыгыңызга, кошунаңызга жана түгөйүңүзгө нааразысызбы? Эгер мындай болсо, демек, сиз жашооңуздан эч нерсени өзгөртө албайсыз. Болгону айлана- чөйрөңүзгө терс энергия жыйнайсыз. Андыктан, сизге эмне жага тургандыгын жана бактылуу көз ирмемдер тууралуу көп ойлонуп, ошол нерселер тууралуу гана сүйлөшүңүз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй жакшы натыйжа менен көрсөтүлөт.
3. Акыл –эсти иштетүүгө аракеттенбейсиз
Бир калыпка салынган жашооңуздун чырмалган торунан чыга албай жүрөсүз. Жаңы идеяларды ойлоп табуу, жаңыча көз караш менен жашоону сүйүп кароо деген сизде жок…. Андыктан бир орунда турбай издениңиз, бир орунда турбаңыз. Пайдалуу маалыматтар менен акылыңызды азыктандырыңыз.
4. Терс энергияны өзүңүз чыгарасыз
Өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшкөндө ар дайым эле көйгөйлөр тууралуу сүйлөшө берүү туура эмес. Анткени, алардын көпчүлүгү жашооңузда ийгиликсиз маселелерди пайда кылат. Андыктан өзүңүз менен өзүңүз дагы жагымдуу маанайда сүйлөшүүгө аракет жасаңыз. Ойлоруңузду чар- жайыт кармабай ар дайым тизгинди катуу кармаңыз.
5. Эргүү алганды билбейсиз
Сизде кайсы бир нерсеге болуп көрбөгөндөй кызыгуу барбы? Ар бир акыл- эси бар адамда кызыккан, ошону менен алектенгиси келген жумушу болот. Эгер мындай нерсе жок болсо, анда аны өзүңүздөн издеп табыңыз. Аны менен алектеүүдөн эргүү алыңыз.
6. Келечегиңиз туман….
Келечекке максат койбогон адам, океанда багыты жок бара жаткан кемедей. Күнүмдүк жашоо кызыкчылыгына маашырланып жүрө бересиз. Мунун жыйынтыгы албетте белгисиздикке такалат. Андыктан келечекке максат коё билиңиз жана ага жетүү үчүн талбай аракет жасаңыз.
7. Пайдасыз досторуңуз көп…
Эптеп эле убакыттын өтүшүн көздөп, туш келди адамдар менен убакыт өткөрүү, пайдасыз жолугушуулар, пайдасынан зыяны көп достор сизге эч качан ийгилик алып келбейт. Мындай адамдар энергиялык кан соргучтар катары бааланат. Сиз эч качан жакшы жакка өзгөрбөйсүз, болгону алардын катарын гана толуктаган болосуз. Андыктан өзүңүзгө пикирлеш адамдар менен мамиле түзүүгө алар менен пайдалуу жолугушууларды өткөрүүгө аракет жасаңыз.
8. Телефонуңузга көз карандысыз
Бир саамга ойлонуп көрүңүзчү, бир күндө канча саат телефонуңузга убакыт кетиресиз?!… Балким, ага кетирген убакыттын ордуна үй бүлөңүз менен сейилдеп, же туугандарыңызга зыяратка барганыңыз оңдур…. Ойлонуп, туура чечим чыгарыңыз…..
9. Керексиз буюмдарга көп каражат коротосуз
Кайсы бир буюмду сатып алууда чындыгында керектүү жана жөн эле алууну каалайм деген эки нерсе бар. Кээ бир адамдар дос, кесиптеш, тааныштарына атаандашып кайсы бир буюмду сатып алуу үчүн карызга белчесинен батат же пайызга акча алат. Анын натыйжасында карыздан кутулуу үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтөт. Нерв чыңалат, ден- соолуктун абалы солгундайт… Ушунун сизге кереги барбы?! Андыктан колдо бар нерсенин баркын билип, бар нерсеге топук кылганды үйрөнүңүз.
10. Уйкуңуз канбайт
Ден- соолуктун чың болуп, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн деңгээли бийик болуп, ийгиликке жетүү үчүн туура жана сапаттуу уктоо керек. Уйкусуздук жогорудагы айтылган нерселердин бардыгынан жабыр тарттырат. Андыктан талапка ылайык жакшы уктоого көнүңүз.
11. Денеңизге кам көрбөйсүз
Сергек жашоо образын алып жүрүү эң маанилүү маселе экенин дагы бир ирет эсиңизге салабыз. Андыктан, спорт менен алектенип, туура жана пайдалуу азыктар менен азыктанып денеңизди толук кандуу психологиялык туруктуу абал менен камсыз кылыңыз. Ал сизди бардык терс энергиялардан сактайт.
12. Коркоксуз
Калыпка салынган күнүмдүк жашоону өзгөртүп тобокелчиликке баруудан коркосуз. Андыктан жашооңуз кызыксыз сезилет. Ойлонуп, жети өлчөп бир кесип, кээ бир тобокелчиликке бара турган пайдалуу иштерди жасаңыз. Коркуу сезиминен арылып, жашооңуз жакшыра баштайт.
13. Өзүңүзгө жакпаган жашоо менен жашайсыз
Азыркы жашап жаткан жашооңузга ыраазысызбы?! Өзүңүздү толук кандуу бактылуу сезесизби?! Эгер жок деп жооп берсеңиз анда, жашоңузга сарасеп салып, жаңы жашоо баштаганга аракет жасаңыз. Ар бир жасаган ишиңиз сизге бактылуу сезимдерди гана тартуулап турушу керек.

Комментарии