Үйдүн эң жакшы жери үстүңкү кабаттагы бөлмөнүн терезеси болчу.

Ал жерден көчөнү, шаарды курчап турган тоолорду карап отурууга мүмкүн эле. Күн сайын түштөн кийин апасы балдары менен отуруп алып, чарчап келе жаткан күйөөсүн, окуудагы балдарын күтчү. Балдары жете элек жатып эле кыйкырып учурашышчу. Апалары коп жылдан бери ооруп, буттары басчу эмес. Бирок ага карабастан балдарынын кийимдеринин, бут кийимдеринин таза жана тыкан болушуна коз салар эле.
Балдары барган жерлерин, уккан ырларын, сабактарын айтып беришсе, кубанычтан көздөрү жадырап укчу. Баарынан да балдарынын кырлардан терип келген гүлдөрүн өтө жактырчу. Гүлдөрдү дароо бир вазага коюп, бир жума бою сыймыктана карап отурар эле. Кээде балдар ичи көңдөй үлүлдүн кабыгын, ки¬чинекей куш уясын алып келишчү. Эне буга кубанычы койнуна батпай абдан сүйүнчү. Бир күнү ата балдарына: «Кийинки базар күнү жакынкы бир кыштакка барам. Ал жерде иштерим бар. Эртең менен эрте поезд менен жолго чыгып, кечинде келебиз, силер да камынгыла» дегенде, балдар толкунданып, алакан чаап сүйүнүштү. Бул абдан кубанычтуу нерсе эле. Күн бою токойдо, суу жээгинде көңүл ачышмак. Дароо эле эмнелерди алып барышарын ойлоно башташты. Бир рюкзак, чыны, фут¬бол тобу, асматөшөк… Дагы бир канча нерселер… Балдар өз ара көңүлдүү сүйлөшүп, убакытты кандай өткөрө тургандарын элестете башташты.
Эне бир бурчта кайгыланып отурду. Анткени бир күн бою үйдө жалгыз калмак. Терезе түбүндө зеригип, жол карап, бир нерсе окуганга аракет кылса да, убакыт өтпөй турганын билет. Балдарынан бирөө жанында калса. Бирок балдарына унчуккан жок. Алардын кубанычтарына жолтоо болгусу келбеди.
Түштөн кийин Явуз энесинин жанында отуруп, китеп окуп жаткан эле. Энеси сөздү туура эмес окуган учурунда кайталатып, баласына жардам берип жатты.Бир аздан кийин Явуз окуп бүтүрүп, дароо энесинин төшүнө жазданып, мойнунан кучактап:
— Энеке… деп шыбырады. Базар күнү мен сени менен калгым келип жатат. Бирок эч кимге эч нерсе айтмай жок, макулбу? Энеси уулун өөп:
— Уулум, мени абдан кубандырбадыңбы. Базар күнү зерикпейм эми. Эртеси эртең менен кичинекей Айша ашканада иштеп жатканда бир кокустук болду. Ал жууган табагын кургатып жатып, жерге түшүрүп, сындырып алды.
Табактын сынганын энеси көрүп калды. Кызына мээрим төгө жакындап:
— Сен аман бол, кызым. Текчеде башка табактарыбыз бар. Энесинин мамилесине кичинекей кыз сүйүнүп кетти… Мектепке кетүүгө камынып, үйдөн чыгып бара жатып:
— Энеке, деди. Билесиңби, мен базар күнү үйдө калам. Чогуу отурабыз. Бирок эч кимге айтпа, макулбу.
Апасы кечинде бөлмөсүндө бир нерселерди тигип отурган эле, улуу уулу кирип, ары-бери карап, эмне кылаарын билбей, бир нерсе айта тургансып жатты. Энеси чыдабай суроого мажбур болду:
— Балам, эмне болду?
— Энеке, бир оюнчук учак жасап жаткам да… Базар күнү үйдө калып, ошонумду бүтүрсөм болобу? Башкалары кетишсин. Мен бул жерде сени менен калам. Бирок муну атама, бир туугандарыма айтпа. Мындай боорукер, түшүнүктүү балдардын энеси болгонун ойлоп, эненин көздөрү жашка толду. Кечинде күйөөсүнө болгондорду айтып берсе, күйөөсү:
— Базар күнү башка бир нерсе кылалы. Фабриканын ээси менен сүйлөшүп машина сурайын. Төрт киши отургудай орун бар. Явуз айдоочунун жанына отурса, батабыз. Сени дагы алабыз, кандай дейсин? Эне макул болду. Базар күнү чындап эле күндү көнүлдүү өткөрүштү. Ошол күндү жылдар бою унута алышкан жок.

Комментарии

Комментариев нет.