Белгилүү коомдук ишмер, журналист Бейшенбек Бекешов каза болду
Бул тууралуу анын жакындары жергиликтүү ММКларга билдирип, соц тармактарга билдирүүлөрдү жазышууда. Алардын айтымында маркум кечээ эле жакындары менен жакшы жүргөн. Бүгүн түнү күтүүсүз дүйнө салды. Маркумдун жакындарына “Бактылуулук формуласы” сайтынын эмгек жамааты аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат. Бейшенбек Бекешов аксакал Кудайдын кулчулугун кылып, кыргыздын улуу наркы унутта калбасын деп, аксакалдардын асыл ойлорун жаштарга жеткирүүдө эмгеги ат көтөргүс эле... Кыргыз Телевидениесине биринчи жолу "Жума хутбасын" чыгуусуна себепчи болгон киши. Ал кезде динди КТР аркылуу жайылтуу чокту кол менен кармаганга барабар эле . Кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду.. Аллах Таалам бейишинен орун берсин! Жаткан жериңиз жайлуу болсун.
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Белгилүү коомдук ишмер, журналист Бейшенбек Бекешов каза болду
Бул тууралуу анын жакындары жергиликтүү ММКларга билдирип, соц тармактарга билдирүүлөрдү жазышууда. Алардын айтымында маркум кечээ эле жакындары менен жакшы жүргөн. Бүгүн түнү күтүүсүз дүйнө салды.
Маркумдун жакындарына “Бактылуулук формуласы” сайтынын эмгек жамааты аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.
Бейшенбек Бекешов аксакал Кудайдын кулчулугун кылып, кыргыздын улуу наркы унутта калбасын деп, аксакалдардын асыл ойлорун жаштарга жеткирүүдө эмгеги ат көтөргүс эле...
Кыргыз Телевидениесине биринчи жолу "Жума хутбасын" чыгуусуна себепчи болгон киши. Ал кезде динди КТР аркылуу жайылтуу чокту кол менен кармаганга барабар эле .
Кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду..
Аллах Таалам бейишинен орун берсин!
Жаткан жериңиз жайлуу болсун.