Кыздардын кулагына кумуш сырга!

Эгерде келин чынында өз жолдошун жакшы көрсө,
ал менен өмүр бою бир болгусу келсе, анда көп
нерсеге көзүн жумуп, бир нече эрежелерди
колдонушу зарыл, ошондо гана кайнене менен бир
үйдө бактылуу өмүр сүрсө болот:
Биринчи эреже
«Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт» деген
макал бар элибизде. Эгер келин ар убак төркүнүнө
чуркай берсе, өзүнүн үйү жыйналбайт да, ошол
бойдон көрүнгөн нерсе көрүнгөн жерде калып,
үйүӊүздү ар убак чаӊ басып турат. Ошондуктан,
төркүнүӊүзгө расмий эле той-топурларда,
жакшылык-жамандыктарда, жолдошуӊуз, кайын
журтуӊуз менен чогуу конок болуп барганыӊыз
туура. Шалпаӊдап эле төркүнгө бара берсе өз ата-
энеӊизге деле кадырлуу, сыйлуу болбой каласыз.
Экинчи эреже
«Төркүнүңдөн сөз ташыбай, төш ташы».
Кызга кыргызда төш беришет, бул кыз баланын
устуканы. Өз үйүӊүздө болуп жаткан
кыйынчылыктарды, кайын журт менен болгон
түшүнбөстүк тууралу ата-энеӊизге айтып
барбаӊыз, өзгөчө кайненени апаӊызга жамандап,
ушак айтпаӊыз. Себеби апаӊыз сизге боору ооруп,
жан тартып, кудагыйын жаман көрүп калышы
ыктымал. Ар убак апаӊызга кайненеӊизди
мактаӊыз. Ошондо апаӊыз, кызым бактылуу
турбайбы деп көӊүлү ток болот.
Үчүнчү эреже
«Чыккан кыз чийден тышкары».
Балким сиздин ата-энеӊиздин үйүндө да келин
бар. Сиздин үйүӊүз бөлөк, турмушуӊуз да, жолуӊуз
да бөлөк. Ата-энеӊиздикине барып, өзүӊүздүн ой-
пикириӊизди билдирип, ал үйдүн көйгөйүн
чечпеӊиз. Сиз болгону ата-энеӊиздин үйүндө
коноксуз. Туугандарыӊызга жаман көрүнбөйүн
десеӊиз, анда келин менен апаӊыздын
ортосундагы мамилеге кирилишпеӊиз.
Төртүнчү эреже
«Уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага
айтам, келиним сен ук»
Кайнениӊиздин ар бир айткан сөзүнө маани
бериӊиз. Сизге караганда кайненеӊиз көп жашап,
көптү билет. Анын акыл-кебин туура кабыл алганга
аракет жасаӊыз. Балким сизге, ар дайым сиз
кандай жумуш кылбаӊыз, баары бир кайненеӊизге
жасаган ишиӊиз, кыймыл-аракетиӊизди
жактырбагандай, сизде жакшы келин болууга эч
кандай стимул жок болгондой сезилеттир. Ошонтсе
да, эч качан үмүтүӊүздү үзбөӊүз, акыры бир күнү
кайненеӊиз сиздин аракетиӊизди байкайт.
Бешинчи эреже
«Сабырдын түбү - сары алтын»
Кайнениӊиз деле адам да, анын деле жүрөгү бар,
ал деле ушул келиним турмуша тыӊ болсун дейт.
Ар бир эне өз уулун жакшы көрөт. Ошондуктан
уулуна татыктуу келин алып бергиси келет. Анан
эле келиним жакшы болсун деп өз тажрыйбасы
менен бөлүшөйүн десе эле, келини кайыша айтып
турса кимге жаксын. Ошондон улам ар кандай
түшүнбөстүктөр пайда болот. Келиндин максаты
баарына көзүн жумуп, оӊ колунун ачуусун сол колу
менен басып жашаса, ошондо гана кайнене менен
мамилеси келишет, жолдошу менен сиздин
ортоӊузда да чыр-чатак жоголот

Комментарии

  • 9 авг 2014 14:45
    Эгер чыныгы мусулман болсо,кайынэнесинен коргонун келинине кылбайт,озуно каалаган жакшылыкты ага да каалайт.
  • 9 авг 2014 15:27
    Биз мин туркун созду жаза беребиз. Бирок бир гана АЛЛАХ буйруганын коробуз ИН ША АЛЛАХ...
  • 9 авг 2014 21:43
    Ин ша Аллах буйруганын коробузда пенденин колунан Аллахсыз эч нерсе келбейт туугандар...!
  • 13 авг 2014 20:33
    Бирок омур боюу кучтон кеткиче бир жакшына келиндерин сабаган энелерди жашоодон кооп кордум. Мисал бир эне келинин  суйлобогон дудук жерден ун  чыкса чыгат сенден чыкпайт деп озуна ак ит кирип кок итти чыгарып каргайт келини эч соз айтпайт коз жашында коргозбойт баласы окууп калды али кунго урат мындай кайын энеге кантип чыдаса болот байкуш аял затына боорум ооруйт оз уйунон башка жерге барып ал жерде жашап анан устуно кайын эне кайын эже кайын синдилеринин кээ бир карйн ини кайын ага кайын аталарынын да кысымында жашап келишет бул шариятка туура келеби
  • Комментарий удалён.
  • 13 авг 2014 20:57
    кантип алат куйосу аялын аялы куйосун жакшы корсо ортодогу балдары эмне болот
  • Комментарий удалён.
  • 13 авг 2014 21:17
    эч ким калабаса керек мен бул создордун кээ бири ишке ашпашын кана айтайын дегем
  • 13 авг 2014 21:23
    Мында турбайбы энеси балага жамандык калабат деп албетте калабайт бирок оз конулуно жакпаган бирок баласына жакан келинди батырбайт Мисал бир эне баласына байдын кызын алып берем деди баласы ага конбой оз конулундогусуно уйлонду келин мн кайын эненин жанжалынан баласы болунуп чыгып кетти бирок анда да тынч жашатпады музоонун бошонуп жугоруну жеди деп кайын энеси бакан мн токмоктоп кулак жумшагын узуп алган кан токтобой больницадан аран сакайды кызды ата энеси алып кеттп калды атасы ичип кетти балдары кочодо калды бул оз козум менен коргонум
  • Комментарий удалён.
  • 20 авг 2014 03:08
    Ыймандуулар аз экен да козун жумуп чыдаган а ыймансыздар басып кетет, каалагандай жашайм деп. Бул жалган жашоонун жыргалын кором деп.
  • 21 авг 2014 10:54
    журоктогу ыйман баардык нерсеге формула боло алат. Ар ким озунун ордун билсе, сабырдуу болсо, ниетин туз алса, озун бактысыз сезбесе керек.
  • 23 авг 2014 07:25
    Туура айтылган соз
  • 4 сен 2014 07:29
    (Y)(Y)(Y)