Кара-Кулжалык бүтүрүүчүлөр майып классташына үй куруп беришти

Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты.

Кара-Кулжа районунда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына үй куруп беришти. Бул тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн бири Эрнис Кулназаров аймактык кабарчыга билдирди.
Кара-Кулжа айылындагы Эргеш Осмонов атындагы орто мектебинин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн классташы Өмүрбек Пусуровго 3 бөлмөлүү үй курушкан.
Эргеш мырзанын айтымында, жалпы 37 классташ 1 млн сомго жакын акча каражатын чогултушту.
«Биз бул үйдү курганга чейин "мектепке жардам берсекпи" деп ойлонуп жатканбыз. Бирок кийинчерээк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып досубузга үй берүүнү чечтик. Ал үй-бүлөсү менен буга чейин эски, шарты жок, кооптуу абалда турган 2 бөлмөлүү үйдө күн кечирип келген. Анын жубайы жана 2 баласы бар. Досубуз майып болгондуктан өз алдынча үй сала албайт болчу. Аны эске алып, заманбап үй куруп бердик. Андан сырткары бир досубуз өз каражатына кызыл кирпичтен дубал куруп берсе, дагы бир досубуз анын пайдубалын тургузуп берди. Үй курулуп бүткөндөн кийин сыналгы, килем, төшөк, идиш-аяк жана үй тиричилигине керектүү эмеректерди алып бердик. Азыр досубуз баарына ыраазычылыгын билдирип жатат», - деди Эрнис Кулназаров

 Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты. - 882033726222
 Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты. - 882033727502
 Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты. - 882033726990
 Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты. - 882033726734
 Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты. - 882033728782
 Кара-Кулжада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына 1 млн сомдук белек тартуулашты. - 882033733902

Комментарии