Комментарии
- 30 мая 2019 15:46adilbek parpievichсупер молодцы
- 30 мая 2019 15:47adilbek parpievichАлла разы болсун
- 30 мая 2019 16:10Азамат абазовАллах ыраазы болсун жигиттер.82лер алга.
- Санабар ХалматоваКомментарий удалён.
- 30 мая 2019 21:24Айгул ИсмаиловаАлла разы болсын
- 31 мая 2019 04:57Mr Erka
- 31 мая 2019 07:34Айнура Алымбаева
- Кера Мусаева ответила Санабару ХалматовойКомментарий удалён.
- 31 мая 2019 10:33Айсулуу МадылбековаИшинерге ийгилик ден соолугунар болсун эч качан орубагыла балдарынардын мандайында аман болгула Алла разы болсун оомин
- 7 июн 2019 08:53А Б
- Санабар ХалматоваКомментарий удалён.
- Санабар ХалматоваКомментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Ак-Сууда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр майып айылдашына үй куруп жатышат.
Айыл тургуну Рыскелди Жунушевдин айтымында, бул ишти жалпы 13 классташ биригип башташкан.
«Биз майрам өткөрүүнүн ордуна айылга пайдалуу иш жасоону чечтик. Айылга аялдама куруу же арка орнотуу сунуштары айтылды. Бирок кеңешип отуруп, жыйынтыгында айылдагы Сатыбалды Жумалиев агабыздын үй-бүлөсүнө үй куруп берүүнү чечтик. Агабыз 1972-жылы туулган, үч баласы бар, ушул эле айылда инисинин үйүндө жашайт. Тагдырдын буйругу экен, Сатыбалды агабыз, жеңебиз дагы сүйлөбөйт жана уга алышпайт.
Айылдын четинде бир туугандары куюп койгон үйдүн пайдубалы бар эле. Ошол курулушту ушул жылдын апрель айында улантып баштаганбыз. Азыр үй курулуп бүтүп калды. Бир жуманын ичинде толугу менен бүтүрүп, айылдашыбызга тапшырабыз», - дейт Р.Жунушев.
Анын айтымында, классташтар курулуш иштерин дагы өздөрү жүргүзүп жатышат.
«Үйдүн курулушун баштайбыз деп Сатыбалды агабызга айткан эмеспиз. Жөн эле өзүбүз иштеп баштадык. Өздөрү билгенден кийин бизге рахматын айтып, абдан кубанып жатышат. Учурда үч бөлмөлүү үйдүн ичин актап жатабыз. Туугандары дагы келип, тегерегин оңдоп жатышат. Орозо айы бүткөндөн кийин үйгө киришет», - деди ал
Алар бул үй Сатыбалды Жумалиевге мектепти бүткөнүнө 30 жыл болгонуна карата белек экенин белгилешти.
http://www.turmush.kg/news:367799