✅ НАМАЗ ТУУРАСЫНДАГЫ АЯТТАР, ХАДИСТЕР ЖАНА НАКЫЛ СӨЗДӨР:

📖Аллах Таала Куранда: «Чындыгында, намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тосот» - деп айткан. (Анкабут. 45-аят).
📖Аллах Таала айткан: "Албетте намаз ыймандуу адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парз болду". (Ниса, 103-аят).
📖Аллах Таала Куранда: “Алар чыныгы динди таза, бекем кармап, бир гана Аллахка сыйынууга жана намаз окуп зекет берүүгө буюрулду” - деген. (Баййина. 5-аят).
📖Аллах Таала: “Намаз окугула, зекет бергиле...” - деп айткан. (Бакара. 43-аят).
📖Аллах Таала Куранда: «Оо, ыймандуулар, Жума күнү намазга азан айтылганда Аллахты эскерүүгө (намаз окууга) шашылгыла…» - деген. (Жума. 9-аят).
📖Аллах Таала айткан: «Бирок алардын артынан намаздарын таштаган жана кумарларына ээрчиген урпактар келди. Ошондуктан алар жамандыкка кабылышат». (Марьям, 59-аят).
📖Аллах Таала айткан: «Силерди (бул) сакарга (тозокко) эмне алып келди (дешет). Алар жооп беришет: Биз намаз окугандардан эмес элек». (Муддасир,42-аят).
📖Аллах Таала айткан: «Вайл (тозок) болсун намазды (начар) окуучуларга. Анткени алар намаздарын унутуп коюшкан. Алар (намаздарын) эл көрсүн үчүн окушат». (Маауун, 4-5-аяттар).
Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):
“Ислам беш нерсе менен негизделген: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат (илах) жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, ажылык кылуу жана орозо кармоо”– деп айткан.
👪 " Islam-today "

Комментарии

Комментариев нет.