Кыяматтын белгилери деп – Кыяматка чейин акыр заманда болуп өтө турган кээ бир окуяларга айтылат. Алардын болушу Кыяматтын өтө жакын калганынан кабар берет. Хулейми, рахимахуллах, айтты: «Бул дүйнө жашоосунун бүтөөрүнө жакын калгандыгынан алдын ала кабар берген кээ бир көрүнүштөр бар. Ал көрүнүштөр Акыр Кыяматтын белгилери деп аталат». Ал эми Байхаки, рахимахуллах, Кыяматтын белгилери деген сөзгө мындайча түшүндүрмө берген: «Кыяматтын жакындап калганын билдирген белгилер». Тактап айтканда, акыр замандын белгилеринин башталышы – Кыяматтын болоруна жакын эле калганынын белдирет. Ал эми аят-хадистерде келген Кыяматтын кичине белгилери менен чоң белгилеринин болуп бүтүшү менен эле Кыямат күнү башталат. КЫЯМАТТЫН БЕЛГИЛЕРИ ТУУРАСЫНДА КУРАНДА КЕЛГЕН АЯТТАР Кыяматтын качан болору кайып илимдерден. Аллах Таала ал илимди жеке Өзүнө гана өзгөчөлөп жана Өзүнө гана тийиштүү илимдерден кылып койгон. Аллах Таала айтты: «Алар сенден Кыяматтын качан болору жөнүндө сурашат. Айткын! Кыяматтын илими Раббимдин алдында жана анын болор убактысы тууралуу Андан башка эч ким кабар бере албайт. Бул илим асмандарга жана жерге оордук кылат. Ал күн силерге капыстан гана келет». (Аараф сүрөөсү, 187-аят) Чындыгында Аллах Таала Кыяматтын болор убактысын бардык маклуктардан жашырып койду. Бирок кээ бир белгилерди кылып койду. Ал белгилер аркылуу Кыяматтын жакын калганы билинет. Ошол Кыяматтын белгилерин билдирип келген аяттардан карай турган болсок, Аллах Таала айтты: «Алар капыстан келе турган Кыяматты эле күтүп калыштыбы? Анын кээ бир белгилери болуп өтпөдүбү». (Мухаммад сүрөөсү, 18-аят) Ал эми башка бир аятта: «Адамдарга эсеп кысап күнү жакындады. Алар болсо тоотпостон жүз бурушту». (Анбия сүрөөсү, 1-аят) Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын, пайгамбар болуп жөнөтүлүшү да Кыяматтын белгилеринен. Анткени ал – пайгамбарлардын эң акыркысы. Аллах Таала ошол пайгамбары менен динди толуктады жана аны ааламга ислам дининин жетишине себепчи кылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өзүнөн мурунку пайгамбарларга берилбеген мүмкүнчүлүктөр берилген. Ал акыр заманда келе турган Кыяматтын белгилерин баарысын айтып, өз үммөтүн эскерткен жана ал белгилерди ачыктап баяндап да кетен. Макаланын кийинки санында Кыяматтын белгилерине сүннөттө келген далилдерди айтабыз. Ин шаа Аллах! ИсламОнлайнKG
ИСЛАМ ДИНИ
«ИСЛАМ ДИНИ» медиа порталы:
группага жазылып жан-дүйнөңүздү байтыңыз!
ИСЛАМ ДИНИ
«КЫЯМАТТЫН БЕЛГИЛЕРИНЕ КУРАН-СҮННӨТТӨН ДАЛИЛДЕР»
Кыяматтын белгилери деп – Кыяматка чейин акыр заманда болуп өтө турган кээ бир окуяларга айтылат. Алардын болушу Кыяматтын өтө жакын калганынан кабар берет.
Хулейми, рахимахуллах, айтты: «Бул дүйнө жашоосунун бүтөөрүнө жакын калгандыгынан алдын ала кабар берген кээ бир көрүнүштөр бар. Ал көрүнүштөр Акыр Кыяматтын белгилери деп аталат».
Ал эми Байхаки, рахимахуллах, Кыяматтын белгилери деген сөзгө мындайча түшүндүрмө берген: «Кыяматтын жакындап калганын билдирген белгилер».
Тактап айтканда, акыр замандын белгилеринин башталышы – Кыяматтын болоруна жакын эле калганынын белдирет. Ал эми аят-хадистерде келген Кыяматтын кичине белгилери менен чоң белгилеринин болуп бүтүшү менен эле Кыямат күнү башталат.
КЫЯМАТТЫН БЕЛГИЛЕРИ ТУУРАСЫНДА КУРАНДА КЕЛГЕН АЯТТАР
Кыяматтын качан болору кайып илимдерден. Аллах Таала ал илимди жеке Өзүнө гана өзгөчөлөп жана Өзүнө гана тийиштүү илимдерден кылып койгон. Аллах Таала айтты: «Алар сенден Кыяматтын качан болору жөнүндө сурашат. Айткын! Кыяматтын илими Раббимдин алдында жана анын болор убактысы тууралуу Андан башка эч ким кабар бере албайт. Бул илим асмандарга жана жерге оордук кылат. Ал күн силерге капыстан гана келет». (Аараф сүрөөсү, 187-аят)
Чындыгында Аллах Таала Кыяматтын болор убактысын бардык маклуктардан жашырып койду. Бирок кээ бир белгилерди кылып койду. Ал белгилер аркылуу Кыяматтын жакын калганы билинет. Ошол Кыяматтын белгилерин билдирип келген аяттардан карай турган болсок, Аллах Таала айтты:
«Алар капыстан келе турган Кыяматты эле күтүп калыштыбы? Анын кээ бир белгилери болуп өтпөдүбү».
(Мухаммад сүрөөсү, 18-аят)
Ал эми башка бир аятта:
«Адамдарга эсеп кысап күнү жакындады. Алар болсо тоотпостон жүз бурушту».
(Анбия сүрөөсү, 1-аят)
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын, пайгамбар болуп жөнөтүлүшү да Кыяматтын белгилеринен. Анткени ал – пайгамбарлардын эң акыркысы. Аллах Таала ошол пайгамбары менен динди толуктады жана аны ааламга ислам дининин жетишине себепчи кылды.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өзүнөн мурунку пайгамбарларга берилбеген мүмкүнчүлүктөр берилген. Ал акыр заманда келе турган Кыяматтын белгилерин баарысын айтып, өз үммөтүн эскерткен жана ал белгилерди ачыктап баяндап да кетен.
Макаланын кийинки санында Кыяматтын белгилерине сүннөттө келген далилдерди айтабыз. Ин шаа Аллах!
ИсламОнлайнKG