Тогуз айда Кыргызстандын калкы дээрлик жүз миңге көбөйдү

2023-жылдын башынан берки тогуз айда Кыргызстандын элинин саны 92 800 адамга көбөйдү. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.
Улуттук статистикалык комитет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине шилтеме кылып маалымдагандай, быйыл тогуз айда 108 400 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган. Ошондой эле бул аралыкта 23 100 адам каза болгон.
Мындан тышкары быйыл январь-сентябрь айларында өлкөгө туруктуу жашоо үчүн 11 200 миң адам келсе, 3700 адам кеткен.
Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн.
Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. https://www.azattyk.org/a/32714516.html

Комментарии

Комментариев нет.