13 авг 2014

(UCH KURBU) seri9l...

(Башталышы өткөн сандарда)
– Баш-аягымды жыйдыра койбой ушундай буйрук берди да, трубканы коюп койду. Көп эле жигиттер жолугууга чакырса керек. Бирок мынчалык сүрдөп, өзүмдү таппай кала элек элем. Улам бир кийимди кийип көрөм, баары эле жарашпагансыйт. Акыры көк түстүү узун көйнөгүмдү кийип, чачымды өйдө түйүп, күзгүнүн алдына келдим. Бети албырган, көздөрү жайнаган, бир кубанып, бир коркуудан апкаарыган жүз мени тиктеп турду.
Дастан болжошкон жерде машинасы менен күтүп туруптур. Дароо машинасынан түшүп арткы эшигин ачты да, кучагы толтура гүлдү кармай мага бурулду.
– Салам, Баян, бул сага!
– Ой-ий, мынча сонун гүлдөр... Рахмат!
Кучак гүлдү көтөрүп турган мени бир саамга тиктеп турду да, акырын гана чекемен сүйүп койду.
– Сенин кубанганыңдан, кубанып гана жүрчү көзүңдү жайнатып...
Ошентип биздин махабат түрмөгүбүз башталды. Ал жолугууга келгенде дайыма бир кучак гүл ала келчү. Анан кудум чоң аталарча чекемен сүйүп коёт. Андан ашык мамиле кылбайт, өпкө боорун чаап сүйөм-күйөм деп да айтпайт. Дастан мен билген, көргөн адамдардан таптакыр башкача эле. Бир караган адамга өзгөчөлүгү деле билинбейт, кадимки кыргыздын буудай өңдүү жигиттеринин бири. Балким, кээ бирөөнө таш боор, мерез жан туюлушу мүмкүн. Суз көз караш, муздак өң... Кээде мен аны кинодон көрүп жүргөн киллерге да окшоштуруп койчумун. Мендей жароокер, жайдары жан ошол муздак адамды кантип сүйүп калды деп таң калып жаткандырсыз. Бирок мен аны сүйүп калдым. Жан отумду берип сүйүп калдым. Бул кандайча болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым.
Ал ортодо Назик Азамат менен чет мамлекетке жөнөштү. Аэропортко эрте барып алган экенбиз, Назик менен Азамат али келе элек экен. Жанара адатынча күңкүлдөй нааразылана кетти.
– Тобо, булар учабы же биз учабызбы? Эрте келишпейби, ушунчалык да жоопкерчиликсиз болушабы?
– Келип калышар азыр, биздин Назик күзгүнүн алдында канча саат турарын билесиң го...
– Ошого күйүп жатпаймынбы?
Акыры биз күткөн адамдар да келишти. Алар менен кошо тааныш караанды көрүп, жүрөгүм чымырап алды. Дастан! Тобо, бул адамга жүрөгүм гана эмес, денем, мээм, аң-сезимимдин баары реакция кылганына таң калам.
Назик болсо кудум биринчи жолу конокко бара жаткан баладай сүйүнүп алган. Кантсе да эчен жылдан бери жүргөн жакын адамыбыз да, Жанара экөөбүздүн ичибиз туз куйгандай ачышып жатты.
Ошентип курбубуз чет өлкөгө кетти. Аны узаткандан кийин Жанара экөөбүз бир топ коңултуктап жүрдүк. Башында интернет аркылуу тыгыз байланышып турдук, кийин баары бир мезгил өткөндө арабыз алыстай баштады. Жарым жылдан кийин мен Жанараны жалгыз калтырганга аргасыз болдум. Анткени Дастан үйлөнүүгө сунуш киргизди. Үйгө сабактан кийин келсем, Жанара тамак жасап, мени күтүп отуруптур.
– Ичикий, суук кантет, ыя?
– Тоңуп калыптырсың, дагы бир топко сейилдеп жүрсөң керек. Кел эми, тез кирип ысык чайдан ич.
Жанаранын ушунчалык камкордугу жагат да. Катып койгон тамактарынын баарын жайнатып, чайды кайнатып алып күтүп отуруптур.
– Баян, сага жакшы кабарым бар, мени гезитке редактор кылганы жатышат.
– Кут болсун, бүгүнкү майрам бекер эмес экен да.
– "3-курстун студентин бизге редактор кылып коёсуңарбы?" деп бир топ эле жаңжал чыгарышыптыр. Бирок башкы редактор “баарыңар чогулуп, ушу кичине кыздай иштей албайсыңар” деп коюптур.
– Жанара, сен татыктуусуң. Сендей жанын үрөп иштегендер ийгиликти да эрте башташат. Ийгилик сага!
Чай ичип, рахаттанып сүйлөшүп отурганбыз, бир маалда телефонума СМС келди. Көз жүгүртөрүм менен бетим албыра түшсө керек, Жанара жактырбай тиктеп калды.
– Дастанбы?
– Мен азыр келем.
Шаша-буша кийимимди кийип, сыртка чыктым. Адатынча бир кучак роза көтөрүп Дастан турган экен. Бул жолу анын колунда шакек дагы бар эле. Өзгөчө толкундаткан учур... Канча кыздын башынан мындай толкундоо өттү экен, ээ?
Шакекти көрүп апкаарып калдым.
– Баян, кооз сүйлөй албайм, өзүң билесиң...- деди ал.
– Мен элдей болуп эмоциямды да чыгара албайм. Айтайын дегеним... Мен сени... Кыскасы, мага турмушка чыгасыңбы?
Мм, азыр көкүрөгүнө башымды коюп боорума кыса кучактай алсам, ээ. Бирок колумда гүл бар да... Акыры чыдабай кеттим, гүлдү жерге таштап жиберип, көкүрөгүнө өзүмдү таштадым. Көздөрү муздак жандын кучагы мынчалык ысык болобу?
Ал мени ээгимден көтөрүп, көзүмө тигилди.
– Бул макул болгонуңбу?
– Ооба, мен макулмун!
ххх
Тез эле тойго даярдык көрүлө баштады. Атам менен апама айттым.
– Балам, чоң болуп иштеген адамдын баласы экен, "Тең-теңи менен, тезек кабы менен" деген кеп бар эле. Бизди теңине албай турса кандай болот?- деди атам бир ооз гана.
– Эч нерсе болбойт, абышка, биздин кызыбыз ошондой бүлөгө татыктуу. Эмнеси бар экен?.. - деп апам мен тарапта болуп жатты.
ulandysyn erten okui alasyzdar..

Комментарии

Комментариев нет.