1-сентябрь - билим майрамы - 859313853586

1-сентябрь - билим майрамы

Кымбаттуу мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер!
Жаңы окуу жылынын башталганына байланыштуу Сиздерди чын ыкластан куттуктайбыз!
Бүгүнкү күн - биринчи сентябрь - биздин республиканын эң кичинекей жарандары үчүн алгач ирет мектеп босогосун аттап, биринчи коңгуроону угуп, партага отурган унутулгус күн болору анык. Кымбаттуу балдар, Силердин өмүр жолуңарда жаңы, абдан маанилүү мезгил башталууда. Бүгүнтөн баштап мектепте өткөргөн ар бир күнүңөр Силерге жаңы ачылыштар менен коштолуучу кубаныч тартуулайт. Мектепте ишеничтүү досторуңар, сүйүктүү мугалимдериңер көп болот деп үмүттөнөм.
1-сентябрь түйшүктүү кирүү сынактарынан өтүп, жогорку окуу жайына кирген, жашы жеткен куракта алгачкы өз алдынча кадамын шилтеген студенттер үчүн да өзгөчө майрам болот. Уландар жана кыздар, бүгүн мамлекет таланттуу, келечектүү, демилгечил жаштарыбыз катары Силерге ишенип отурат! Силер Кыргызстандын үмүтүсүңөр. Өлкөбүздүн келечектеги бакыбат турмушу Силердин күч-аракетиңерге көз каранды.
Кыргызстандын келечеги мектептеги билим берүү менен түптөлө турган пайдубалга негизделет. Ошондуктан мамлекет башчысы өлкөдөгү билим берүүнү өркүндөтүүгө зор маани берип келет. Билим берүүнү реформалоо концепциясын сунуштап жатып, Алмазбек Атамбаев: "Билим берүү биздин мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат", - деди. Бул документте билим берүү улуттун акыл-эс жана руханий каймагын калыптандыруу ыгы катары бааланган.
Соңку жылдар аралыгында мамлекет билим берүү тутумундагы абалды жакшыртуу үчүн көп иштерди жүргүзгөндүгүн: мамлекеттик бюджет эсебинен каржылоо 2 эседен ашкандыгын, бюджеттик чыгымдардын 21 %ына жакын бөлүгү билим берүүгө жумшалып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бирок алдыда дагы аткарыла элек иштер көп.
Балдарыбыз алып жаткан билимдин сапаты мугалимдерге байланышкан. Андыктан окуу жайлардын бүтүндөй профессорлор-окутуучулар курамына кесипкөй эмгеги жана жаш жарандарыбызга берип жаткан таалими үчүн зор алкыш айткым келет.
Ушул ажайып күн, 1-сентябрь баарыбыз үчүн: биринчи класска эми эле баргандар, студенттер, педагогдор жана ата-энелер үчүн билим күнү эле эмес, жаркын үмүттөрдүн майрамы, жаңы жашоонун башталышы болуп калсын!
Дорогие учителя, ученики и родители!
Примите мои самые искренние поздравления с началом учебного года!
Сегодняшний день, первое сентября для самых маленьких граждан нашей республики станет первым школьным днем в их жизни: прозвучит первый звонок, и они впервые сядут за школьные парты. Дорогие ребята, в вашей жизни начинается новый, очень важный этап. Отныне каждый день, проведенный в стенах школы, будет приносить вам радость новых открытий. Надеюсь, что в школе вы также обретете множество верных друзей, любимых преподавателей.
Особенным праздник 1 сентября будет и для тех, кто, пройдя нелегкие вступительные испытания в вуз, сделав первые шаги во взрослую, самостоятельную жизнь, стали студентами. Ребята, на сегодня государство делает ставку на Вас, молодых, перспективных, инициативных, талантливых людей! Вы являетесь надеждой Кыргызстана. От Вас будет зависеть благополучие нашего Кыргызстана в будущем.
Будущее страны зависит от фундамента, который закладывается во многом школьным образованием. Поэтому не случайно главой государства уделяется большое внимание развитию образования в стране. Представляя Концепцию проведения реформы образования, Алмазбек Атамбаев отметил, что "образование является приоритетом для государства". В данном документе образование представлено как способ формирования интеллектуальной и духовной элиты нации.
Нужно отметить, что за последние годы государством делается многое для улучшения ситуации в системе образования: увеличилось финансирование более в 2 раза за счет госбюджета, порядка 21% бюджетных расходов направляется на образование, однако многое еще предстоит сделать.
Качество образования, которое получают наши дети, зависит от учителя. В связи с чем выражаю огромную признательность всему профессорско-преподавательскому составу учебных заведений за их профессионализм и самоотверженный труд по воспитанию и обучению наших юных граждан.
Пусть этот замечательный день, 1 сентября, будет для всех вас: первоклассников, студентов, педагогов и родителей не только днем знаний, но и праздником больших светлых надежд, началом нового пути!
Kyrgyzstan Live.

Комментарии

Комментариев нет.