Яхудий жана Христиандар «Биз менен мусулмандардын кыбыласы бир болуп туруп биз кандай эле азапка дуушар болмок элек»-деп айтышканда Аллах Таала алардын бул сөздөрүн жокко чыгарып бул аятты түшүрдү : «Жүзүңөрдү чыгышка же батышка бурууңар эле жакшылык эмес.
Жакшылык бул Аллахка, кыямат күнүнө, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү. Жакымдарына, жетимдерге, кедейлерге, жолоочуга, тилемчилерге, күң-кулдарга жакшы көргөнүнө карабай мал-дүйнөсүн бергендер, намаздарды толук окугандар, садака бергендер, эгер убада берсе убадасына тургандар, кедейликте, кырсыкта жана согушта сабырдуу болгондор. Ушулар - чынчылдар, мына ушулар Аллахтан корккондор». («Бакара»: 177). «Оо, адамдар! Аллах силерге берген жакшылыгын эстегиле: Силерге асмандардан, жерден ырыскы бере турган башка Жаратуучу барбы? Андан (Аллахтан) башка кудай жок. Аллахты таштап кайда бара жатасыңар?» (Фаатир 3) «(Ал) Асмандар менен жерди үлгүсүз жаратуучу. Аяын жары (жубайы) жок. Анан кайдан Анын баласы болсун?! Ал баарын жараткан жана бардык нерселерди билүүчү!» («Ан'аам»: 101). «Силер өзүңөрдүн куйган уругуңарды карабайсыңарбы. Аны силер жаратасыңарбы же жаратуучу Бизби?». («Ваакиа»: 58-59). «Силер эгип жаткан эгиндериңер тууралуу эч ойлоп көрдүңөрбү? Аны силер өндүрүп-өстүрөсүңөрбү же Биз өндүрүүчүбүзбү ?». (Ваакиа 63-64) «Ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү же түшүүрүчү Бизби? Эгер кааласак аны ачуу кылып коймокбуз. Эмнеге, шүгүр кылбайсыңар? Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү? Анын дарагын силер жараттыңарбы же жаратуучу Бизби?!» («Ваакиа»: 68-72). «Акыйкатта, Аллах урукту жана данекти жарып- өндүрүүчү, өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушул Аллах. Аны таштап кайсыл жака баражатасыңар? Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары - Мартабалуу, Билүүчүнүн өлчөп койгондору. Ал кургактагы жана деңиздеги караңгычылыктарда жол табууңар үчүн жылдыздарды жаратты. Биз аяттарыбызды (жакшы, жаманды) билген коомдор үчүн мына ушунтип баяндадык. Ал силерди бир жандан жаратты (силер үчүн жатынды) орун жана атаңардын белин жай (кылды) чынында түшүнгөн коом үчүн аяттарыбызды баяндадык. Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны мөнен өсүмдүктөрдөн баардык нерселерди чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктөрдү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана жалбырактары окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүм зарларды, зайтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар мөмөлөгөндө жана бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карагылачы. Акыйкатта мунун баарында ыймандуулар үчүн үлгү бар». («Ан аам»: 95-99). «Бардык мактоо - Эгебиз, асмандардын Эгеси, жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси - Аллахка таандык. Асмандарда да, жерде да улуктук - Ага таандык. Ал - Мартабалуу, Даанышман!» («Жаасия»: 36- 37). «Айткын: «Оо, Өкүмдарлык Ээси болгон Аллах! Сен Өзүң каалаган адамга бийлик берип, каалаган адамыңдан (кайра) тартып аласың, каалаган адамыңды ардактап, каалаганыңды кордойсуң. Жакшылык Сенин колуңда. Сен баардык нерсеге Кудуреттүүсүң!» Түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң, тирүүнү өлүктөн чыгарып, өлүктү тирүүдөн чыгарасың. Өзүң каалаганыңа, эсепсиз ырыскы бересиң». («Аали Имран»: 26-27).
Аллах жалгыз,Мухаммад анын элчиси!
:P R O )))
Яхудий жана Христиандар «Биз менен мусулмандардын кыбыласы бир болуп туруп биз кандай эле азапка дуушар болмок элек»-деп айтышканда Аллах Таала алардын бул сөздөрүн жокко чыгарып бул аятты түшүрдү : «Жүзүңөрдү чыгышка же батышка бурууңар эле жакшылык эмес.
Жакшылык бул Аллахка, кыямат күнүнө, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү. Жакымдарына, жетимдерге, кедейлерге, жолоочуга, тилемчилерге, күң-кулдарга жакшы көргөнүнө карабай мал-дүйнөсүн бергендер, намаздарды толук окугандар, садака бергендер, эгер убада берсе убадасына тургандар, кедейликте, кырсыкта жана согушта сабырдуу болгондор. Ушулар - чынчылдар, мына ушулар Аллахтан корккондор». («Бакара»: 177).
«Оо, адамдар! Аллах силерге берген жакшылыгын эстегиле: Силерге асмандардан, жерден ырыскы бере турган башка Жаратуучу барбы? Андан (Аллахтан) башка кудай жок. Аллахты таштап кайда бара жатасыңар?» (Фаатир 3)
«(Ал) Асмандар менен жерди үлгүсүз жаратуучу. Аяын жары (жубайы) жок. Анан кайдан Анын баласы болсун?! Ал баарын жараткан жана бардык нерселерди билүүчү!» («Ан'аам»: 101).
«Силер өзүңөрдүн куйган уругуңарды карабайсыңарбы. Аны силер жаратасыңарбы же жаратуучу Бизби?». («Ваакиа»: 58-59).
«Силер эгип жаткан эгиндериңер тууралуу эч ойлоп көрдүңөрбү? Аны силер өндүрүп-өстүрөсүңөрбү же Биз өндүрүүчүбүзбү ?». (Ваакиа 63-64)
«Ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Булуттан аны силер түшүрдүңөрбү же түшүүрүчү Бизби? Эгер кааласак аны ачуу кылып коймокбуз. Эмнеге, шүгүр кылбайсыңар? Күйгүзгөн отуңарды көрбөйсүңөрбү? Анын дарагын силер жараттыңарбы же жаратуучу Бизби?!» («Ваакиа»: 68-72).
«Акыйкатта, Аллах урукту жана данекти жарып- өндүрүүчү, өлүктөн тирүүнү чыгарат, тирүүдөн өлүктү чыгаруучу. Мына ушул Аллах. Аны таштап кайсыл жака баражатасыңар? Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары - Мартабалуу, Билүүчүнүн өлчөп койгондору. Ал кургактагы жана деңиздеги караңгычылыктарда жол табууңар үчүн жылдыздарды жаратты. Биз аяттарыбызды (жакшы, жаманды) билген коомдор үчүн мына ушунтип баяндадык. Ал силерди бир жандан жаратты (силер үчүн жатынды) орун жана атаңардын белин жай (кылды) чынында түшүнгөн коом үчүн аяттарыбызды баяндадык. Ал асмандан жамгыр жаадырат. Биз аны мөнен өсүмдүктөрдөн баардык нерселерди чыгардык. Андан жашыл өсүмдүктөрдү, тизмектелген данды, курма дарагынын мөмөсүнүн чанагын жана жалбырактары окшош, а мөмөлөрү окшош эмес жүзүм зарларды, зайтунду, анарды (өстүрөбүз). Алар мөмөлөгөндө жана бышып жетилип, түшүм бергенде мөмөсүнө карагылачы. Акыйкатта мунун баарында ыймандуулар үчүн үлгү бар». («Ан аам»: 95-99).
«Бардык мактоо - Эгебиз, асмандардын Эгеси, жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси - Аллахка таандык. Асмандарда да, жерде да улуктук - Ага таандык. Ал - Мартабалуу, Даанышман!» («Жаасия»: 36- 37).
«Айткын: «Оо, Өкүмдарлык Ээси болгон Аллах! Сен Өзүң каалаган адамга бийлик берип, каалаган адамыңдан (кайра) тартып аласың, каалаган адамыңды ардактап, каалаганыңды кордойсуң. Жакшылык Сенин колуңда. Сен баардык нерсеге Кудуреттүүсүң!» Түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң, тирүүнү өлүктөн чыгарып, өлүктү тирүүдөн чыгарасың. Өзүң каалаганыңа, эсепсиз ырыскы бересиң». («Аали Имран»: 26-27).