4 апр 2020

Жаз

Эшикте жаз, ичимде жаз, көңүл жаз,
Көөдөнүмдө бакыт балкыйт, көөнүм мас.
Жакшы күнгө сугарылып алайын,
Антпесем ов, билем өтөр өмүр аз.
Жаратылыш жаш сулуудай кийинип,
Жасаныптыр кашы-көзү чийилип.
Кирип келди, аны күткөн айлана,
Тосуп алды сыпаа гана ийилип.
Келгин куштар кайтып азыр келишкен,
Узак сапар суу ичишип деңизден.
Канаттуулар чыга түштү көркүнө,
Мурункудай жалгыз болбой көгүчкөн.
Кыргый жүрөт канаттуунун чатагы,
Күкүк келди ташты жарган атагы.
Бир жүрүшөт учуп-конуп, не бүгүн,
Чымчыктарда майрам болуп жатабы?
Өрүк гүлдөп, алма ачты жалбырак,
Жашыл кийип жаш сирендер албырат.
Бир башкача өмүрүңдү жашартып,
Суктанарлык көргөн көздү талдырат.
Сезимде жаз, жүрөктө жаз, көңүл жаз,
Айлананы карап туруп, көөнүм мас.
Ушул күнгө сугарылып калайын,
Айтпасам да билем өтөр өмүр аз.
Азим Сатымкулов

Комментарии