23 июл 2017

Сыйлап ал

Кучактагын эркелегин жыргап ал
Эсин болсо акыл насаат жыйнап ал
Өтүп кетет устун болбойт дүйнөгө
Атакенди көзү барда сыйлап ал
Ажал алса коё бербей ноктолоп
Бир күн келет жүрөк сокпой токтолот
Өкүнсөн да өкүрсөн баары бир
Ошол адам бул дуйнодо жок болот
Оройлонуп өйдө карап суйлобо
Жүзүн карап чылым соруп үйлөбө
Кыя албай жакшы көргөн аракты
Сенин атаң жалгыз эмес дүйнөдө
Ичсе ичсин башкалардан кем эмес
Сенин сөзүн эч нерсеге тең эмес
Өзүңдү бил сен ал жолго барбагын
Ал кишини тыйып койчу сен эмес
Бут алдына гүлдү төшөп токтургон
Оозун чоюп кыйын кылып көптүргөн
Элге кошуп бийиктерге жеткирип
Бополотуп ошол киши өстүргөн
Бир да мүнөт чыкпай сенин оюнан
Жатчы элең го карыш чыкпай койнунан
Ошол кезди элестетип бир жолу
Бар атаңды жыттап алчы мойнунан
Азим Сатымкулов

Комментарии

  • 23 июл 2017 09:32
    Фотография
    gif
  • 23 июл 2017 09:32
  • 23 июл 2017 10:44
    Эң тура кеч болуп калат кыйанат кылсак,бар,тирүү кезинде сыйлап алалы.
  • 23 июл 2017 14:56
  • 25 июл 2017 03:50
    атанын байлыгы балага кырк кунго жетет экен,атанын Кадыр баркы менен баласы кырк жылдан да ашык жашаптыр дейт кыргыз акылмандары
  • 5 ноя 2017 22:50
    Фотография
  • 1 янв 2018 12:38
    Атанын тендеш жок бул дуйнодо тааппайсын Атадай жок затты
  • 1 янв 2018 12:40
    Эненинда тендеши жок бул жашодо таппайсын андай зааты