11 мая 2019

Бакыт эмне?

Бакыт ошол, жакшы болсо заманың,
Белиң бекем, күчтүү болсо абалың.
Каалашынча кере шилтеп арышты,
Чор болсо да басып жүрсө таманың.
Бакыт ошол, бүркөлбөсө кабагың,
Ырыскысыз бош калбаса табагың.
Ата эненин эмгегине кайтарар,
Ак сүтү үчүн адал болсо тамагың.
Бакыт ошол, бир тууганга аманың,
Кыйын күндө жөлөк болгон карааның.
Кайда болсун таламыңды талашып,
Эч билинбес кемчилигиң, жаманың.
Бакыт ошол, динге кылган амалың,
Жүзүң жайнап жаркып турган жамалың.
Акыретте ордуң болуп бейиштен,
Алма багы ийип турса сабагын.
Бакыт ошол, күлүп турса балдарың,
"Абышкам" деп сүйүп турса алганың.
Мына ушунун баары сенде бар болсо,
Не кыласың сурап алып калганын...???
Азим Сатымкулов

Комментарии