АКЫЛДУУ БАЛА

(Жомок)
Бир куну акылман арабага тушуп келе жатты. Ал арабасын токтото калып энкейип караса, жолдо кичинекей бала шаар жасап, ойноп отуруптур. Акылман:
- Балам, арабага жол бербейсинби? - деди.
Бала акылмандын баш-аягына карап туруп:
- Чон ата, мен шаар салып жатпаймынбы? Шаар арабага жол бербейт. Араба шаарды айланып отушу керек го, - деди.
Акылман абдан тан калды. Арабадан тушуп келип:
- Балам, жашына караганда акылын коп экен, - деди.
Анда бала:
- Эмне учун андай дейсиз? Коёндун божогу уч кундон кийин жугуруп кетет. Жети жашка келгиче мен кантип бир нерсени билбейин, - дейт.
Акылман жылмайып:
- Мен сага бир суроо берейин. Жооп берсен, бир нерсе билерине ишенейин, - дейт.
- Жооп берууго даярмын, - дейт бала.
- Кандай сууда балык болбойт. Кандай дободо таш болбойт. Кандай жыгачта бутак болбойт?
Ушуларга жооп берчи, - дейт акылман.
- Булактын суусунда балык болбойт. Кум дободо таш болбойт. Чирик жыгачта бутак болбойт - деп бала жооп берет.
Балада акылманга суроо берет:
- Чон ата, асманда канча жылдыз бар? - дейт.
- Айланайын балам, бизден ыраак турган нерсени сураганын кандай? Бизге жакын турган нерседен сура.
- Андай болсо, сиздин кашынызда нече тал кыл бар? - деп сурайт.
Кичинекей баланын акылына акылман абдан тан калып:
- Балам, окууну коп оку. Акылын дагы арбыйт. Омурун узун болсун! - деп ак батасын берип, баланын шаарын айланып отуптур.
Ыраак - алыс
Арбыйт - коп болот, кобойот

АКЫЛДУУ БАЛА
 - 666747066051

Комментарии

  • 16 янв 2015 09:51
    Мынаке достор, "акыл жашта эмес башта" деген макал бекеринен айтылып калган эмес. Ошондуктан кичууго ызаат менен карап, жакшы суйлошубуз керек! Кичууго кичуу адамдай мамиле жасап, аларды дагы угушубуз керек.
  • 19 янв 2017 19:45
    Жакшы сонун жомок экен
  • 30 мар 2017 20:44
    Ен соонун жомок екен
  • 26 окт 2017 13:05
    перевод
  • 26 окт 2017 13:05
    можете отправить