15 июн 2018

Комментарии

  • 12 апр 2019 07:32
    САВ же САС деп Пайгамбарга (соллаЛлооху алейхи ва саллам) салават’ты кыскартуу болобу? Салават айтуунун пазилети (сообу) жана ага тиешелүү кызыктуу фактылар

    ⏺️ Мухаммед Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллям) атын жазганда САВ же С деп салават’ты кыскартуудан аалымдар кайтарышат, бул жакшы эмес.

    Бул кайры дин, мусулман эмес кээ бир илимпоздордун адаты. Бир дагы мусулмах мухаддис аалым: Бухари болобу, Имам Ахмад болобу ж.б. өзүлөрүнүн китептеринде салаваттарды эч кыскартышкан эмес.

    Мисалга алсак Бухаринин “Сахих” китебинде 7 миңдей хадис, имам Ахмаддын “Муснад”ында болсо 40 миң хадис бар, бирок кайсыл жеринде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) аты эскерилсе сөзсүз салаватты толук жазышкан.

    Пайгамбарыбыз (соллаллооху алейхи ва саллям!) айткан эле: «Чындыгында, ким мага 1 салават айтса Аллах ага 10 салават айтат» (Муслим 384).

    Аллахтын салаваты бул адамга илим-хидаят бергени, Туура Жолго чыгарганы: «Ал [Аллах] силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге салават кылып турган Зат! Ал момундарга Ырайымдуу!» (Куран, аль-Ахзаб: 43)

    Анан дагы, биз салаватты толук жазсак, аны бирөө окуп салават айтса – ага сооп жазылат, биз дагы анын сообуна шериктеш болобуз!

    САЛАВАТ’КА БАЙЛАНЫШТУУ КЫЗЫКТУУ МАСЕЛЕЛЕР:

    1. СУРОО. Медина шаарындагы Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллям) кабырына барып салават айткан менен бул жерде Кыргызстанда туруп айтылган салаваттын айырмасы барбы? ЖООП. Жок, айырмасы жок. Кайсыл жерде айтылбасын ал салаваттар бирдей. Хасан ибн Хасан Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллям) кабырынын жанында кечке чейин туруп салават айтып жаткан кишини көрүп ага эскертме берет: “Силер жана Андалусиядагы (мусулман Испаниясы) адамдар бирдейсиңер” (Абдурраззак “Мусаннаф”: 3/71, Альбани иснадын айтты: мурсал ковийй).

    2. Жума күнү айтылган салаваттар өзгөчөлүккө ээ. Хадисте келет: “Күндөрүңөрдүн ичинен эң абзели Жума күнү. Ошондуктан анын ичинде мага салаватыңарды көбөйткүлө” (Абу Дауд, сахих)

    3. Карапайым адамдардын арасында ажыга кетип жаткан кишиге «Пайгамбарга менин атымдан салам айтып кой» деш таркалып кеткен. Бирок, бул нерсеге муктаждык жок. Себеби бул нерсени сахабалар кылышкан эмес. Ал эми алар динди бизден жакшыраак карманышкан жана түшүнүшкөн. Пайгамбарыбызга (соллаЛлооху ъалейхи ва саллям) биздин салам-салаваттарыбызды жеткирип турчу атайын периштелер дайындалган: «Жер жүзүн кыдырып жүрчү Аллахтын ушундай периштелери бар — алар менин үммөтүмдүн саламдарын мага жеткизип турушат» (Насаи: 1282; Сахих Таргиб: 1664)

    4. MS Word программасынын ичинде салаватты кыскартпай, толук арабча жазып кеткенге атайын команда бар. Ал үчүн Word программасын ачасыз, U+FDFA деп жазасыз, аны тандайсыз (выделить кыласыз), жана сол жактагы Alt+X баскычын басасыз. ﷺ деген белги жазылып калат.


    Булак: ИсламЖолу

    Телеграм: @aalymdar
  • 17 апр 2019 09:54
    ош ЖУМУШ БЕРИЛЕТ  АЙЛЫК АКЫ 20,000СОМ  ГРАФИК 5/2    10:00/17:00 ЧЕЙИН ЖУМУШ     (СТУДЕНТТЕР БОЛОТ)  ТЕЛ;0776_66_96_32 / 0706_00_50_94 / 0553_33_06_69🇰🇬
  • 17 апр 2019 09:54
    Фотография
  • 12 ноя 2019 11:04
    Салам бул рекламаны 18+ окугула .Эгер акчадан кыйналып .Саякаттарга чыга албай жатсаңыз бизге кайрылсаңыздар болот . Место чектелүү !
    Ватсап:0550977078
  • 25 ноя 2019 18:20
  • 19 дек 2019 16:40
    ИНСТАГРАМ АРКЫЛУУ АКЧА ТАП
    Күнүнө 500сомдон 3000ге чейин акча тапсаңыз болот
    Казино, глобус, фаберлик эмес
    Кепилдик %
    Акча табуу %
    Суроолор боюнча 0700884656
    0222157158
  • 25 ноя 2020 17:14
    Саламатсыздарбы урматту достор‍♀️
    Онлайн жумушка чакырам.
    Анда сунушумду угуп корунуздор🤗🤗
    Катталуу бекер.🏻
    Оздук балл очпойт. Топтолот
    Эн негизгиси САПАТТУ продукция.
    Уйдо отуруп бизнес куруу. 🤩

    Болгону эки ветка м.н иштоо.
    Саякаттар
    Скидкалар 20% 26%.

    Эн негизгиси улут таандабайт. Диплом  таалап кылынбайт. Калаган олкодо иштесениз болот. Онлайн турдо иштейм десениздер болот. Кенениреек маалымат ватсап номерим +996709219309