Комментарии

  • 14 мар 2023 21:23
    Фотография
  • 14 мар 2023 21:23
    Жооп:
    Ооба, белектердин чыныгы ээси болгон Аллах, ушундай кымбат баалуу белектери үчүн бизден үч гана нерсе каалайт.
    Бири - зикир, экинчиси - шүгүр, үчүнчүсү болсо - пикир.
    Эң башында "Бисмиллах" деп айтуу - бул зикир.
    Акырында "Альхамдулиллах" деп айтуу - шүгүр.
    Ал эми ортосундагы болсо, ушул кымбат баалуу укмуштуудай өнөрлөр болуп эсептелген белектер - Жалгыз жана эч кимге, эч нерсеге муктаж болбогон Аллах Тааланын кудутеттүү мужизалары жана ырайымынын тартуулаган сыйлыктары болгондугун ойлонуу жана түшүнүү - бул пикир болуп эсептелет.
    Бир падышанын кымбат баалуу белегин сага алып келген бечара бир адамдын бутунан өөп, белектин чыныгы ээсин тааныбоо кандай гана акмакчылык болсо, дал ошол сыяктуу сыртынан караганда белектерди берип жаткан сыңары көрүнгөн нерселерди мактап, аларды сүйүп жана алардын чыныгы ээси болгон Аллах Тааланы унутуу да андан миң эселеген акмакчылык болуп саналат.
    Эй, напси!
    Ушундай акмак болгуң келбесе Аллахтын аты менен бер...
    Аллахтын аты менен ал...
    Аллахтын аты менен башта...
    Аллахтын аты менен иште.
    Саламатта бол.
    Кыска Сөздөр - 8