Комментарии
- 9 фев 2015 15:09Айжамал МатмусаеваАллах сиздерден ыраазы болсун амин!
- 9 фев 2015 16:01جَزَاكََ اللہُُ خَیْرًاАллах баардык момун мусулман бир тууганымдан ыраазы болсун
- 10 фев 2015 12:26Зульфия АлымсейитоваАллах эн мееримдуу ырайымдуу
- 3 июл 2015 22:36Нурчик ГаныевАллах жалгыз
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Хадистер (КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ)
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят:
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
«Аллах Тааланын жүздөн бир кем токсон тогуз Аты бар. Ким аны жаттаса бейишке кирет. Аллахтан башка кудай жок.
Ал♥
1) Ар-Рохман - Мээримдүү; 2) Ар-Рохиим - Ырайымдуу; 3) Аль-Маалик
- Чыныгы падыша; 4) Аль-Куддус - Ар бир кемчиликтен таза; 5) Ас-Салаам - Ар-бир аапаттан Сактоочу, 6) Апь-Му‘мин - Бардык нерселерге
амандык, тынчтык, бейпилдик Берүүчү; 7) Аль-Мухаймин-Макулуктардын үстүнөн күзөтүп туруучу; 8) Апь-Азииз - Ыззат жана
кудурет Ээси; 9) Аль-Жаббаар - Каалоосу мажбур түрдө таасир этүүчү;
10) Аль-Мутакаббир - Улуулук Ээси; 11) Аль-Хоолик - Ар бир нерсени
жаратуучу; 12) Аль-Баариу - Ар бир нерсени өлчөп жоктон бар кылган;
13) Аль-Мусаввир - Сүрөт берүүчү; 14) Апь-Гоффар - Күнөөлөрдү өтө
көп кечирүүчү; 15) Аль-Коххар - Ааламдагы бардык макулуктарды
Өзүнүн кудурети менен баш ийдирүүчү; 16) Аль-Ваххаб - Белек берүүчү;
17) Ар-Роззак - Бардык макулуктарга ырыскы жеткирип берүүчү;
18) Аль-Фаттах - Бардыгына рахмат эшиктерин ачуучу; 19) Аль- Алиим
- Өте билимдүү; 20) Аль-Кобииз - Ырыскыны азайтуучу; 21) Аль-Баасит
- Ырыскыны көбөйтүүчү; 22) Аль-Хоофиз - Каапырлардын мертебесин
төмөндөтүүчү; 23) Ар- Роофи - Момундардын мертебесин кетөрүүчү;
24) Аль-Муиз - Мартабалуу кылуучу; 25) Аль-Музиллу - Кор кылуучу,
26) Ас-Саами - Жашыруун же ашкере болгон добуштардын
баарын угуп туруучу; 27) Аль-Басиир - Бардык нерсени көрүүчү;
28) Аль-Хакам - Эң жакшы өкүм чыгаруучу; 29) Аль- Адл - Адилеттик
кылуучу; 30) Аль-Латииф - Сырларды билүүчү; 31) Аль-Хобир - Кабардар; 32) Аль-Халиим - Пенделерине жумшак; 33) Аль-Азиим
- Улук, Бийик; 34) Аль-Гофуур - Толук кечирүүчү; 35) Аш-Шакуур
- Аз эле ибадатка да көп ажыр сооп берүүчү; 36) Аль-Алиййу - Эң
улук мартабалуу; 37) Аль-Кабиир - Улук; 38) Аль-Хафииз - Өз паанасында сактоочу, коргоочу; 39) Аль-Мукиит - Материалдык
жана рухий азык берүүчү; 40) Аль-Хасииб - Барына жетиштүү;
41) Аль-Жалил - Улук, Айбаттуу, 42) Аль-Кариим - Жоомарт,
43) Ар-Рокииб - Пенделерди ар даиым күзөтүп туруучу; 44) Аль-
Мужииб - Кабыл кулуучу; 45) Аль-Васииу - Өтө кең; 46) Аль- Хакиим -
Чексиз даанышмандык жана акыл Ээси; 47) Аль-Вадууд - Сүйүүчү;
48) Аль-Мажиид - Улуу урматтуу; 49) Аль-Бааис - Кайра тирилтүүчү;
50) Аш-Шахиид - Көрүп билип туруучу; 51) Аль-Хакк - Чындыгында
бар; 52) Аль-Вакиил - Бардык иштерди өзүнүн кепилдигине алуучу;
53) Аль-Ковий - Чыныгы күчтүү; 54) Аль-Матиин - Бекем күч кубаттуу;
55) Апь-Валий - Жардам берүүчү дос; 56) Аль-Хамиид - Мактоого
татыктуу; 57) Апь-Мухсий - Эсептеп туруучу; 58) Аль-Мубди
- Биринчи жолу пайда кылуучу; 59) Аль-Муьиид - Кайрадан жаратуучу;
60) Аль- Мухйи - Тирилтүүчү; 61) Аль-Мумиит - Өлтурүүчү; 62) Аль- Хайй - Түбөлүк тирүү; 63) Аль-Коййум - Бардык нерсени тургузуучу жана
башкаруучу; 64) Аль-Ваажид - Каалаган нерсени табуучу; 65) Аль-
Маажид - Өтө улуу; 66) Аль-Ваахид - Жападан жалгыз; 67) Аль-Ахад -
Жалгыз; 68) Ас-Сомад - Эч кимге жана эч нерсеге муктаж болбоочу;
69) Аль-Коодир - Кудуреттүү; 70) Аль-Муктадир - Өтө кудуреттүү;
71) Аль-Мукоддим - Өзүнө жакын кылуучу; 72) Аль-Муаххир - Өзүнөн узак кылуучу; 73) Аль-Аввал - Баардык нерселерден мурдагы;
74) Аль-Аахир - Түбөлүктүү акыры жок; 75) Аз- Зоохир - Далилдер
менен ачык ашкере; 76) Аль-Баатин - Зат жагынан жашыруун;
77) Аль-Валий - Бардык макулуктарды башкаруучу өкүмдар;
78) Аль- Мута'али - Өтө улуу; 79) Аль- Барру - Жакшылык кылуучу;
80) Ат-Тавваб - пенделерине тообону жеңил кылып берүүчү жана ошол
тооболорду кабыл кылуучу; 81) Аль-Мунтаким - Өч алуучу; 82) Ал-Афувру - Каталарды жууп жиберүүчү; 83) Ар-Роуф - Өтө мээрбан;
84) Мааликул-Мулк - Ааламдагы бардык нерселердин Ээси; 85)
Зулжалаали вал Икроом - Улуулук жана урмат Ээси; 86) Аль-
Муксид - Акыретте ыза чеккендерге зулум кылуучулардан
акысын алып берүү менен бирге Адилеттүү; 87) Аль-Жамии - Топтоочу;
88) Аль-Гоний - Бай; 89) Аль-Мугни - Камсыз кылуучу; 90) Аль-
Маани'у - Кайтаруучу; 91) Аз- Зоорру - Зыян жеткирүүчү; 92) Ан-Наафи'у
- Пайда берүүчү; 93) Ан- Нуур - Жарык кылуучу; 94) Аль-Хаади - Туура жолго баштоочу; 95) Аль-Бадии'у - Үлгүсүз жаратуучу; 96) Аль-Баакии -
Түбөлүк калуучу; 97) Аль-Ваарис - Мурас алуучу; 98) Ар-Рошиид
- Туура жол көрсөтүүчү; 99) Ас-Собуур - Сабырдуу».
(Тирмизи).
Түшүндүрмө:
Аллах Тааланын ысым-сыпаттары Куранда жана башка риваяттарда
көп кездешет.
Ошолордун ичинен ушул хадисте токсон тогузу айтылган.
(«Музаахир хак»).